Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ажырашканда кыйынчылык чечилеби?

Ажырашканда кыйынчылык чечилеби?

Ыйык Китептин көзкарашы

Ажырашканда кыйынчылык чечилеби?

УЛУУ БРИТАНИЯДА алгы сөзүн айтып, ыйык каадаларынын бирин аткара баштаган дин кызматчысынын алдында аял менен эркек, аларды тегеректеп бала-бакыра, жакын достору турат. Алар баш кошкону жаткандарбы? Кайдан. Бул каада алардын ажырашуусуна байланыштуу өткөрүлүп жатат. Ооба, учурда ажырашуу кеңири тараган көрүнүштөрдүн бирине айлангандыктан, айрым чиркөөлөр «талак каадасын» аткарып калышты!

Силер да ажырашуу тууралуу ойлонуп жүрөсүңөрбү? Ажырашканда жашооңор чынында эле оңолобу? Балким, өмүрлүк жарыңар менен бактылуу жашап кетиш үчүн кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоого болоттур?

«Экөө бир дене болот»

Алгачкы түгөй баш кошкондо, Кудай адам «аялы менен биригип», «экөө бир дене болорун» айткан (Башталыш 2:24). Демек, нике түбөлүк түйүн болууга тийиш эле. Ошол себептүү кийин Ыйса да, Жазма боюнча, «ойноштук кылуу» себеп болгондо гана ажырашып, кайра жаңы никеге турууга жол берилерин белгилеген (Матай 19:3—9) *.

Бул жубайлар бири-бирине болгон берилгендигин сакташы керектигин баса көрсөтөт. А бирок экөөнүн ортосунда чоң кыйынчылыктар пайда болсочу?

Ажырашуу туура чечимби?

Ыйса: «Акылмандуулук өз иштери менен акталды» — деп, бизге бардыгын таразалап иш кылууга жардам болорлук принцип берген (Матай 11:19). Бүгүнкү күндө болор-болбос себептерден улам ажырашуу көндүм ишке айланып калган. Анын натыйжалары эмнени көрсөтүүдө?

«Ажырашуунун пайдасы өткөрө макталат»,— дейт Чикаго университетинин профессор-социологу жана бактысыз никелерди изилдеген адистер тобунун башчысы Линда Уэйт. Ошондой эле Оксфорд университетинин профессору Майкл Аргайл 11 жыл бою миңдеген адамдарды сурамжылоодон улам «ажырашып кеткендер же эки башка жашашкандар коомдогу эң бактысыз адамдар экенин» байкаган. Эмне үчүн?

Себеби ажырашуу айрым кыйынчылыктарды чечкен күндө да, силер бөгөттөй албаган башка бир катар кесепеттүү натыйжаларды алып келиши ыктымал. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, адатта, ажырашкан адам депрессиянын белгилеринен арылып кетпейт же өзүн-өзү көбүрөөк сыйлап калбайт.

Жомоктогудай бактылуу үй-бүлөлөрдөн болбосоңор да, жарың менен калууну чечсең, көп ийгиликке жетесиң. Ошенткендердин көбү кийин бактылуу жашап калышкан. «Көйгөйлөрдүн көбү акырындык менен чечилип, жубайлардын өз ара мамилеси оңоло баштайт»,— дейт профессор Уэйт. Ырасында эле, бир изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, үй-бүлөлүк жашоодо өзүлөрүн «абдан бактысыз» сезгенине карабай ажырашпаган 10 адамдын дээрлик 8и беш жылдан кийин «бактылуу үй-бүлөдө жашап жатышканын» айтышкан. Андыктан орчундуу кыйынчылыктарга туш болгон кездерде да ажырашууга шашылбагандар акылдуулук кылышат.

Кандай иш-аракеттерди жасоого болот?

Ажырашууну ойлонгондор өзүлөрүнөн: «Никеден күткөнүм чыныгы жашоодон алыс кыялга негизделген эмеспи?» — деп сурап көрүшү абзел. Китептер менен кинолор калыптаган көзкараш боюнча, көптөр үй-бүлөлүк жашоону аял-эркек бири-бирин сүйүп, шаңдуу той берип үйлөнүп, жомоктогудай бак-таалайга бөлөнүп жашап калуу деп элестетишет. Ал эми баш кошкондон кийин элестеткендери ордунан чыкпай калганын көргөн соң бири-биринен көңүлү калып, чатакташа башташы ыктымал. Жагдай улам курчуп, ичке түшүнбөстүк менен таарынычтар толо берет. Ортодогу сүйүү муздап, ачуулануу жана жек көрүү сезими менен алмашыла баштайт. Айрымдарга андайда ажырашуудан башка арга жоктой сезилиши мүмкүн (Накыл сөздөр 13:12).

Терс сезимдерге алдыргандын ордуна, никесин ыйык тутуп ынтымактуу жашаган өмүрлүк жарлар менен пикир алышкыла. Кудай жолунда жүргөндөр «бири-бирине кайрат берип, акыл-насаат айтууга» чакырылат (1 Тесалоникалыктарга 5:11). Үй-бүлөлүк турмушта кыйынчылыктарга кабылып жаткандар ишенимдештеринин жөлөк-таягына муктаж.

Кудайга жаккан сапаттардын мааниси

Элчи Пабыл: «Боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту кийгиле»,— деп чакырган (Колостуктарга 3:12). Кудайга жаккан сапаттарды чагылдыруу менен татаал жагдайларда үй-бүлөдөгү биримдикти сактап калууга болот.

Пабыл: «Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле, эгерде бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо... кечиргиле»,— деп жазган (Колостуктарга 3:13). «Кечиримдүүлүк — бакыт менен тыгыз байланышкан сапат»,— дейт Мичиган университетинин психологу Кристофер Петерсон.

Боорукердик көрсөтүү, назик мамиле жасоо, кечиримдүү болуу «жеткилеңдиктин куру» болгон сүйүүнүн өрчүшүн шарттайт (Колостуктарга 3:14). Бир кездерде силер да бири-бириңерди жакшы көрүп, өзүңөрдү бактылуу сезгениңер күмөнсүз. Анда ошол сезимдериңерди кайрадан жандандыра аласыңарбы? Кандай татаал жагдайга туш келбегиле, үмүтүңөрдү үзбөөгө негиз бар. Үй-бүлөңөрдү бузбай, Ыйык Китептин кеп-кеңештерин колдонуу менен силер өзүңөр ойлогондон да бактылуу боло аласыңар. Андан тышкары, үй-бүлөңөрдү сактап калыш үчүн жасаган ар бир аракетиңер никенин Негиздөөчүсү Жахаба Кудайды сүйүнтөт (Накыл сөздөр 15:20).

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Жахабанын Күбөлөрү бейкүнөө тараптын ойноштук кылган жары менен ажырашууну же ажырашпоону чечүүгө болгон жекече укугун сыйлашат. (Карагыла: «Ойгонгула!», 1999-жыл, 22-апрель, 5—9-беттер, ор.)