Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Атактан алда канча баалуу нерсе

Атактан алда канча баалуу нерсе

Атактан алда канча баалуу нерсе

АЙТЫП БЕРГЕН — ЧАРЛЗ СИНУТКО

1957-жылы мага 13 жумага келишим түзүү сунуш кылынды. Келишим боюнча, мен Лас-Вегаста (АКШ, Невада штаты) ырдап, жумасына миң доллар алып турмакмын. Эгер бардыгы ойдогудай чыкса, дагы 50 жума иштемекмин. Демек, дагы 50 миң доллар тапмакмын, ал убакта ал аябагандай чоң акча эле. Эмнеликтен мынчалык бүйүр кызыткан иш сунуш кылынганын жана эмне себептен аны кабыл алышты же албашты чечүү мен үчүн кыйынга турганын айтып берейин.

АТАМ украин. Ал 1910-жылы Чыгыш Европада төрөлгөн. Чоң энем 1913-жылы Кошмо Штаттарга күйөөсүнө келгенде, атамды кошо ала келиптир. Анан атам 1935-жылы үйлөнүп, бир жылдан кийин Амбрижде (Пенсильвания штаты) мен төрөлүптүрмүн. Ошол кездерде атамдын эки агасы Жахабанын Күбөлөрүнүн катарына кошулган экен.

Мен, менден кийин төрөлгөн үч иним кичинебизде, үй-бүлөбүз Нью-Каслга (Пенсильвания) жакын жерде турчу. Апам Жахабанын Күбөлөрү менен бир аз Ыйык Китеп изилдеп жүрдү. Анткен менен ал кезде апам да, атам да Жахабанын Күбөсү болгон жок. Бирок атам агаларын каалаган динин тутууга толук укуктуу деп эсептечү. Атам бизди журт сүйөр адам катары тарбияласа да, адам каалаган динин тандоого укуктуу дечү.

Ырчылык кесип

Ата-энем менин ырга шыгым бар деп эсептегендиктен, ийгиликке жетишим үчүн колунан келгендин баарын жасашты. Алты-жети жашка келип калганымда, атам түнкү клубдун бар-тактасына чыгарып койчу, мен гитаранын коштоосу менен «Энеке» деген ырды аткарып берер элем. Анын саптары ошол сөздү түзгөн тамгалар менен башталчу. Мээрман эненин сапаттарын санап өткөн ар бир сөзгө басым жасалып олтуруп, аягы: «Тамгаларын кураштырсаң, „эне“ деген сөз чыгат. Ай-ааламда бул сөз мага, бардыгынан эң кымбат»,— деген сезим козгогон сөздөр менен бүтчү. Бардагы кызуу болуп алышкан эркектер ыйлап, атамдын калпагына акча салып калышчу.

Алгач 1945-жылы радиого Нью-Каслда «WKST» станциясында «кантри» стилинде ырдап чыктым. Кийин ырларымды көбөйтүп, жуманын эң мыкты он ыры берилүүчү жумалык «Хит-парадда» — кеңири трансляцияланган радиоберүүдө — берилген «атактуу» ырлардан ырдай баштадым. Андан соң 1950-жылы Пол Уайтмендин телеберүүсүнө чыктым. Анын аранжировкалоосу менен даярдалган Жорж Гершвиндин «Блюз стилиндеги рапсодиялары» азыркыга чейин белгилүү. Арадан көп өтпөй атам Пенсильваниядагы үйүбүздү сатып, атагымдын чыгышына үмүттөнүп Лос-Анжелеске жакын, Калифорнияга, көчүп кеттик.

Атамдын тырышчаактыгынан улам, көп өтпөй Пасаденада өзүмдүн жума сайынкы радиоберүүм жана Голливудда жумасына жарым саат чыгуучу телеберүүм пайда болду. Ошол эле учурда «Капитол Рикордз» студиясында Тед Дейлдин жетектөөсү астындагы 100 музыканттан турган оркестрдин коштоосунда жазылып, Си-Би-Эс радиостанциясында ырдап жүрдүм. 1955-жылы Калифорниянын түндүгүндө Тахо көлүнө гастролго жөнөдүм. Дал ошондо жашоомдогу максаттарыма жаңыча көзкараш менен карадым.

Жаңы көзкараш

Болжол менен ошол кезде атамдын Пенсильваниядан Калифорнияга көчүп келген улуу агасы, Жон * байкем, мага «Кудай акыйкат болсун» * деп аталган китеп берди. Аны Тахого алып алгам. Түн бир жарымда барып аяктаган акыркы концертибизден кийин, уктаар алдында көңүлүмдү башкага бурайын деп, ошол китепти окуп кирдим. Андан эчактан бери ойлондуруп келген ыйык китептик суроолорго жооп ала баштаганыма бирде таң калып, бирде сүйүнүп жаттым.

Көп өтпөй мен иштеген түнкү клубда жумуштан кийин эмгектештерим менен өлгөндөн кийин жашоо, Кудай эмне үчүн зулумдукка жол берет, адамзат өзүн жана жерди ойрон кылып жибереби деген сыяктуу темаларда сүйлөшө баштадым; кээде маегибиз таң аткыча созулуп кетчү. Болжол менен 2 айдан кийин, 1955-жылы 9-июлда, Лос-Анжелестеги «Ригли Филд» стадионунда өткөн Жахабанын Күбөлөрүнүн облустук жыйынында өзүмдүн Жахаба Кудайга кызмат кылуу үчүн арналганымды көрсөтүп чөмүлдүм.

Андан жарым жыл өтүп-өтпөй 1955-жылы Рождество күнү эртең менен Хенри Расселл аттуу Күбө шоу-бизнес менен иришкен Жек Маккойдукуна чогуу барып келүүгө чакырды. Хенри өзү Эн-би-сиде дирижёр болуп иштечү. Барсак — жаңы эле Рождествого арналган белек-бечкектерин ачып жатышыптыр. Ошого карабастан келерибиз менен, аялы, үч баласы менен олтура калып, айткандарыбызга кулак төшөштү. Көп өтпөй Жек үй-бүлөсү менен Жахабанын Күбөсү болду.

Болжол менен ошол маалда мен апам менен Ыйык Китеп изилдей баштадым — ал Ыйык Китептеги чындыкты чын дили менен кабыл алды. Натыйжада, Жахабанын Күбөсү болуп, пионерлик кызматка киришти, башкача айтканда, негизги убактысын жакшы кабар айтуу ишине арнады. Кийин үч иним да чөмүлтүлүп, бир канча убак бою пионер болуп кызмат кылып жүрүштү. Өзүм болсо 1956-жылы сентябрдан тартып пионер болдум. Ал кезде 20да элем.

Жумушка байланыштуу чечим

Ошол маалда продюсеримдин досу Жорж Мёрфи мени менен иштеп, атагымдын чыгышына салымын кошмой болду. Жорж 1930—1940-жылдары көптөгөн тасмаларга тартылган. Мёрфинин тааныштарынын аркасы менен 1956-жылдын декабрында мен Си-би-эс телестудиясында Жек Глисондун телеберүүсүнө чыктым. Бул ийгиликке алып баруучу маанилүү кадамдардын бири эле: эсептер боюнча, анын телеберүүсүн 20 миллион көрарман көрчү. Нью-Йоркко жасаган ошол жолку сапарымда мен Жахабанын Күбөлөрүнүн Бруклиндеги бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгына биринчи жолу бардым.

Глисондун телеберүүсүнө чыккандан кийин «Метро-Голдвин-Майер» киностудиялары менен жети жылдык келишим түздүм. «ТВ вестерн» сериалында дайым тартылып туруу сунуш кылынган. Бирок бара-бара абийирим тынчсыздандыра баштады, анткени мен кумарпоз, көзгө атар каармандын ролун ойноп, адепсиздик менен ыпылас жүрүм-турумду жагымдуу нерседей чагылдырышым керек болчу. Ошон үчүн ал иштен чыгып кеттим. Шоу-бизнестегилер анымды акылдан адашкандык катары кабыл алышты.

Дал ошол тушта жогоруда айтып кеткен Лас-Вегаста иштөө жөнүндөгү бүйүр кызыткан сунуш келип түштү. Ал жумушка жыйналышыбызга кыдыруучу көзөмөлчү келер жумада чыгыш керек эле. Эгер ошондо кирип калбасам, жумуштан кол жуумакмын. Абдан бушайман болдум: атам «уулум качан чоң акча табат» деп күтүп жүргөн эле да. Анын үстүнө, атамды ырчылык кесибим үчүн жумшаган иш-аракетинин үзүрүн көрүүгө татыктуу деп эсептечүмүн.

Ошентип, жыйналышта төрагалык кылуучу көзөмөлчүбүз Карл Паркка бардым. Ал өзү да бир кездерде музыка менен иришип, 1920-жылдары Нью-Йорктогу «WBBR» радиостанциясында скрипкада ойногон. Ага алиги сунушту кабыл алсам, өмүр бою акчаны ойлобой пионер болуп кызмат кыла аларымды түшүндүрдүм. Ал: «Мен сага „минт“ же „тигинт“ дей албайм. Жөн гана бир чечимге келүүгө жардам берейин»,— деди. «Ушул жумада жыйналышыбызга элчи Пабыл келе турган болсо, кетип калат белең?» — деп сурады. Анан: «Сенин оюңча, Ыйса эмне кылышыңды каалайт?» — деди.

Бардыгы айдан ачык болду да калды. Атама Лас-Вегаска барбайм деген чечимимди айтканымда, «менин бүт жашоомо бүлгүн салдың» деди. Ошол кечте атам өлтүрөм деп, мени тапанча менен күтүп олтуруптур, бирок келсем — көп ичип алганынанбы, айтор, уктап калган экен. Анан машине туруучу жайга кирип, машиненин түтүнү менен ууланып өлмөк болуптур. Мен тез жардам чакыра койгондуктан, сактап калууга жетишип калышты.

Атамдын андайын угуп жыйналыштагылардын көбү андан коркушчу, ал эми райондук көзөмөлчүбүз Рой Дауэлл корккон жок. Рой атама келгенде, атам мен төрөлгөндө жашоомо коркунуч туулганын, ошондо эгер балам тирүү калса, сага кызмат кылууга берем деп Кудайга убада бергенин учкай айтып кеткен экен. Рой анан атаман: «Бир күнү Кудай убадаңды аткар деп талап кылар убак келерин ойлогон эмес белеңиз?» — деп сураптыр. Атам айран-таң боло түшкөн экен. «Атүгүл Кудайдын өз Уулу кабар айтууга убактысын толук бөлгөн, анан сиздин уулуңуз да ошентсе эмне үчүн болбосун?» — деп сураптыр Рой. Ошондон кийин атам жасаган тандоомо моюн сунду көрүнөт.

Ал ортодо, 1957-жылдын январында, Канададан Шерли Лардж пионерлик кызматындагы өнөктөш кызы менен досторуна конокко келген экен. Алар менен үймө-үй кабар айтканда, Шерли экөөбүз таанышып калдык. Көп өтпөй Шерли мени менен Перл Бейли экөөбүз ырдаган «Холливуд Боул» амфитеатрына барды.

Чечимиме карманышым

1957-жылдын сентябрында атайын пионер катары дайындалып, Айова штатына жөнөтүлдүм. Атам ал жакка кызмат кылганы барарымды укканда кармана албай ыйлап жиберди. Менин азыркы баалаган нерселеримди, жаңы көзкараштарымды түшүнө албай жатты. Ошентип, Голливудга бардым да, бардык келишимдеримди бузмак болдум. Алардын бири белгилүү дирижёр, хордун жетекчиси Фред Уэринг менен түзүлгөн эле. Ал мага эгер келишимдин шарттарын аткарбасам, экинчи эч качан ырчы болуп иштей албасымды билдирди. Ага музыкага байланыштуу мансаптан Жахаба Кудайга кылган кызматымды кеңейтиш үчүн баш тартып жатканымды түшүндүрдүм.

Уэринг мырзага иштин жайын узакка түшүндүрдүм — ал сыпаа гана угуп олтурду. Анан берген жообу абдан таңыркатты. «Уулум, мындай көрүнүктүү мансапты таштап жатканыңа өкүнбөй койбойм. Бирок мен өмүр бою музыка менен иришип келаткан соң, жакшы билем, жашоо деген музыка менен эле чектелбейт. Кудай сага батасын берсин»,— деди. Ошондогу кубанып, көзүмө жаш толуп үйгө келгеним азыр да эсимде, себеби жашоомду толугу менен Жахабага кызмат кылууга арнашыма эми эч нерсе тоскоолдук кылмак эмес да.

«Ишенимиң кайда?»

Өнөгүм Жо Трифф менен Айова штатындагы 1 200гө жакын адам жашаган Строберри-Пойнт шаарында кызмат кыла баштадым. Ошондо Шерли биздикине конокко келип, экөөбүз үйлөнүү жөнүндө сүйлөшүп калдык. Экөөбүздүн тең чогулткан акчабыз жок. Менин тапкан акчамды атам башкарчу. Ошон үчүн мындай дедим: «Мен сага үйлөнгүм келет, а бирок экөөбүз кайсы каражатка жашайбыз? Менин атайын пионер болуп алган жөлөкпулум айына 40 доллар гана». Шерли өзүнө мүнөздүү токтоолук, бирок ачыктык менен минтип жооп берди: «Чарлз, ишенимиң кайда? Ыйса Падышалыкты жана анын адилеттигин издесек, муктаж болгон нерселерибиздин баары берилет дебеди беле?» (Матай 6:33). Ошентип, иш чечилип калды. 1957-жылы 16-ноябрда баш коштук.

Строберри-Пойнттун чет жагында жашаган бир фермер менен ыйык китептик изилдөө өткөрчүмүн. Анын токойдо узуну-туурасы үч жарым метрден келген жыгач үйү бар эле. Ал ичине электр өткөрүлбөгөн, суу киргизилбеген, дааратканасы жок үй болчу, кожоюну ошого кирип, бекер жашай берүүнү сунуш кылды. Биз шарты начар жерде жашаарыбызга кайыл болдук: баары бир кызмат менен үйдө токтобогон соң, конуп кетер жайыбыз болсо эле жетет, мейли дедик.

Сууну жакын жердеги булактан алып келчүмүн. Үй ичин от жагып жылытарлык мешибиз бар болчу. Шамчырак менен окучубуз. Шерли керосин менен күйгөн мешке тамак жасачу. Эски бир дагарага жуунчубуз. Түнкүсүн карышкырлар улуйт. Бирок ошолордун баарына карабастан экөөбүз бирге жашап, Жахабага жарчыларга муктаждык бар жерде кызмат кылып жатканыбызга бактылуу болуп жүрдүк. Бизден 100 километр ары жайгашкан Декорада (Айова штаты) Билл Маленфант аялы Сандра менен (азыр Бруклиндеги бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкта кызмат кылышат) атайын пионерлер болуп кызмат кылышчу. Алар кез-кезде биздикине келип, эртеден кечке чогуу кабар айтып кетишчү. Кийин Строберри-Пойнтто орто эсеп менен 25 жарчыдан турган жыйналыш уюшулду.

Кыдыруучулук кызмат

1960-жылы майда райондук кызматка (кыдыруучулук кызматтын түрү) чакырылдык. Биздин Түндүк Каролинадагы биринчи районубузга Роли, Гринсборо, Дарем шаарлары жана башка көптөгөн айылдар кирчү. Жашоо шартыбыз кадимкидей оңолду, себеби көбүнесе электр киргизилген, суу түтүктөрү, дааратканасы бар үйлөрдө конуп калдык. Андай ыңгайлуулуктары короосунда жайгашкандар «абайлагыла, жолдон калкан тумшук жылан же чырылдак жыландар чыгып калышы мүмкүн» деп эскерткенде, коркуп калчубуз.

1963-жылдын башында бөлөк районго — Флоридага — которулдук. Ал жактан жүрөгүмдүн кабы катуу сезгенгендиктен, аз жерден калдым. Ошондо Тампа шаарынан Боб менен Жинни Макилер болбосо, тирүү каларым күмөн эле *. Алар мени өзүнүн врачына көрсөтүшүп, атүгүл дарыланууга кеткен акчанын баарын төлөп беришти.

Жашымда үйрөнгөнүмдүн пайдасы

1963-жылы жайында Нью-Йоркто Жахабанын Күбөлөрүнүн чоң жыйыны өтмөк, мени ошол жакка жардам берүүгө чакырып калышты. Милтон Хеншель Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү катары Ларри Кингге радиодон дилмаек бериш үчүн бармак экен, чогуу бардым. Кинг азыр да телекөрсөтүүнүн алып баруучусу катары белгилүү. Ал абдан сылык-сыпаа маектешти. Программа бүткөн соң, биздин иш-аракеттерибизге байланыштуу көп суроо берип, дагы бир сааттай сүйлөшүп олтурду.

Ошол эле жылдын жайында Харолд Кинг (ал кезде Кытайдын коммунисттик түрмөсүнөн жаңы эле бошонгон миссионер) Күбөлөрдүн башкы башкармалыгына конок катары келген экен. Анан бир күнү кечинде ал 700гө жакын адамдын алдында башынан өткөндөрдү жана төрттөн ашуун жыл бир кишилик камерада олтуруу ишенимин кандайча бекемдегенин айтып берди. Түрмөдөн Кинг Ыйык Китеп жана кабар айтуу кызматы жөнүндө ырларды жазган экен.

Ошол эстен кеткис кечте Одри Норр, Карл Клейн, тажрыйбалуу Күбө жана дасыккан тенор Фредерик Френцтер менен кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрүнүн ыр китебине кирген «Үйдөн үйгө» деп аталган ырды ырдадык. Ал кезде Жахабанын Күбөлөрү жүргүзгөн ишти жетектеп турган Нейтан Норр менден ошол ырды кийинки жумада Янки стадионунда өтө турган «Түбөлүк жакшы кабар» аттуу жыйында ырдап берүүнү суранды — ырдап бердим.

Кыдыруучулук кызматта болгон окуялар

Биз Чикагодо (Иллинойс штаты) кызмат кылып жүргөн кездерде болгон эки окуя эсимде калыптыр. Бир жолу райондук жыйында Шерли 1940-жылдардын ортосунда ага жана энесине чындыкты айтып берген Вера Стьюартты жолуктуруптур. Анда Шерли 11де экен, Кудайдын Ыйык Китепте жазылган убадалары абдан кызыктыргандыктан, Верадан: «Ал жаңы заманда мен да жашасам болобу?» — деп сураптыр. «Эмне үчүн болбосун, Шерли?» — деп жооп бериптир Вера. Ошондогу ушинтип айткандарын экөө тең сөзмө-сөз эстеп калышкан экен. Вера менен биринчи жолу кездешкенден кийин эле Шерли Жахабага кызмат кылууну бекем чечиптир.

Экинчиси. Бир Күбө менден 1958-жылы кышында эшигимдин алдына бирөөнүн 25 килограмм картошка таштап кеткени эсимде бар-жогун сурап калды. Эсимде болбой анан. Ошол кечте тыш бороон-чапкын болуп, үйүбүзгө араң жеттик! Келсек — мүшөк турат. Ким таштап кеткенин билбесек да, Жахабага ыраазычылыгыбызды билдирдик. Ошондо кар укмуштуудай калың жаап салып, беш күн үйдөн чыга албай калдык. А бирок үйдөн картошкадан куймак куюп, отко кактап, кууруп, эзип, суюк тамакка кошуп жыргап жеп жаттык! Жээрге башка тамагыбыз да жок болчу. Ал Күбө бизди да, биздин турган жерибизди да билген эмес экен. Болгону «жакын жерде бир пионерлер жашайт, азыр кыйналып жатышат» дегенди угуптур. Анын айтымында, кандайдыр түрткү алып, жаш жубайлардын кайда жашаарын сураштырып билиптир. Фермерлердин кошуна-колоңдору туурасында билбегени барбы, бат эле биздин үй тарапка жол көрсөтүшкөн экен. Тигинтип борошо уруп жатса да, ал картошкасын биздикине жеткирип кетиптир.

Чечимиме өкүнбөйм

Ошентип, 33 жыл кыдыруучулук кызматты аткардым. Бирок 1993-жылы денсоолугумдун начарлаганына байланыштуу ал кызматтан бошонууга туура келди. Шерли экөөбүз денсоолукка байланыштуу саат нормасынан бошотулган атайын пионер катары кызмат кыла баштадык, азыр да ошол кызматтабыз. Баягыдай кыдыруучулук ишке күчүм жетпей калганына ичим ачышат; бирок күчүмдү дал ошондой кызматка бергениме сүйүнөм.

Үч иним башка тандоо жасашып, байлыктын артынан түшүштү. Азыр алардын бири да Жахабага кызмат кылбайт. Атам 1958-жылы чөмүлтүлдү. Апам экөө көп сандаган адамдарга Жахабаны таанып-билип, ага жашоосун арнап, чөмүлтүлүүгө жардам беришти. Экөө тең 1999-жылы көз жумду. Менин дүйнөлүк атак-даңк менен байлыктан баш тартышым атам үчүн да, апам экөө Ыйык Китептеги чындыкты жеткирген көптөгөн башка адамдар үчүн да өмүр алууга мүмкүнчүлүк түздү көрүнөт. Ошондо башкача чечим кабыл алсам, азыр Жахабага кызмат кылат белем, жокпу, деп ойлоп калам.

Райондук кызматты токтотконумдан беш жылдай өткөндөн кийин денсоолугум бир аз жакшырды, ошон үчүн кызматымды кеңейте алдым. Азыр Калифорния штатындагы Дезерт-Хот-Спрингс шаарындагы жыйналыштардын биринде төрагалык кылуучу көзөмөлчү болуп кызмат кылып жатам. Мага райондук көзөмөлчүнүн ордуна жыйналыштарга баруу, атайын комитеттерде кызмат кылуу, кээде Пионердик кызмат мектебин өткөрүү артыкчылыктары берилет.

Шерлим болсо ушул күнгө чейин эң жакын досум. Ал жанымда жүргөндө менден бактылуу адам жок. Биз ар качан ишенимди бекемдеген рухий темаларда сүйлөшөбүз, Ыйык Китептин негизиндеги маектерибиз бизди абдан жандандырат. Мен ушул күнгө чейин мындан 47 жыл мурун Шерлинин токтоо гана: «Чарлз, ишенимиң кайда?» — деп сураганын ыраазычылык менен эстейм. Эгер Кудай жолундагы жаш жубайлар бири-бирине ушундай суроо беришсе, канчасы биз көргөн толук убакыттуу кызматтын кубанычын көрүп, биз алган баталарды алар эле!

[Шилтемелер]

^ 11-абз. Жон Синутко өмүрүнүн акырына чейин Жахабанын берилген Күбөсү бойдон калган. Ал 1996-жылы 92 жашында кайтыш болду.

^ 11-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, учурда басылбайт.

^ 32-абз. «Ойгонгула!» журналынын 1975-жылдын 22-февралындагы (англ.) санынын 12—16-беттеринде Боб Маки шал оорусу менен кантип күрөшкөнүн айтып берген.

[18-беттеги сүрөт]

Жон байкемдин чөмүлтүлгөн жылы түшкөн сүрөтү (1935-жыл).

[21-беттеги сүрөт]

Жыгач үйүбүз.

[21-беттеги сүрөт]

Өмүрү өткөнчө ишенимдүү калышкан ата-энемдин 1975-жылы түшкөн сүрөтү.

Шерли экөөбүздүн азыркыбыз.