Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бейиштин төрү»

«Бейиштин төрү»

«Бейиштин төрү»

Кот-д’Ивуардагы кабарчыбыздан

ЖЕР каймактап бүткөндөн кийинки шибери жайкалган, жан-жаныбары беймарал жайылган, адамдын колу тие элек токойду көргүң келет беле? Андай токойлор азыр да барбы? Учурда Либерия менен чектеш Кот-д’Ивуардын түштүк-батышындагы корукка алынган Тай улуттук багы дал ошондой бейиш төрүнө салыштырарлык.

Ал — бир кездерде азыркы Гана, Кот-д’Ивуар, Либерия жана Сьерра-Леоне өлкөлөрүнө кулач жайган тропик токойлорунун көлөмдүүсү. Аянты Батыш Африканын тропик токойлорунун жарымынан көбүн камтыйт. Жаратылыштын бермети болгон ал бак 1926-жылдан тартып айлана-чөйрөнү коргоонун жаңы ыкмалары кабыл алынгандыктан сакталып калган. Эмесе, токой «кыдырып», андагы жашоо менен таанышуу үчүн, айтылуу улуттук бакка «сапар» тарталы.

Кереметтүү токой

Беренде-куштардын мукам үнү, маймылдардын кыйкырык-сүрөөнү жаңырган түнт токойдун кылым карыта заңкайган бактарын аралай жөнөдүк. Тобо! Бийиктиги тим эле 60 метрге жетип, көк тирейт. Бизди ээрчитип бараткан киши Тайдын жалпы аянты 3 500 квадрат километр экенин айтты. Мында өсүмдүктөрдүн 1 300дөн ашуун түрү өсөт, алардын жарымынан көбү Батыш Африканын ушул аймагында гана кездешет.

Жогоруда айтылгандай, бу токойдогу өсүмдүктөрдүн түрү да, саны да арбын. Алардын арасынан кызыл дарак, кара дарак, пиптадения, макоре жана башка баалуу бак-дарактарды жолуктурууга болот. Айрым учурда бизге бактардын жерден бир метрдей чыгып, 15 метрге жайылган алп тамырларынан аттап өтүүгө туура келип жатты. Бул тамырлар кээ бир жандыктарга ар кыл жырткычтан, нөшөрдөн коргонууга мүмкүнчүлүк берет экен.

Токой ичиндеги бактардын бутак-баштары бири-бирине чырмалышып өскөндүктөн, жерге жарык дээрлик өтпөй, жапыз өсүмдүктөрдүн өсүшү кыйындайт. Ал эми чырмоок сымал жармашып же оролуп өсүүчү өсүмдүктөргө кирген лианалар жана эпифиттер болсо, тескерисинче, жакшы өсөт. Айрым өсүмдүктөр бакка оролуп өскөндөн тышкары, аны кысып өлтүрүп таштайт. Жол баштап бараткан киши калдайган бактын сөңгөгүнө оролуп алган «муунткуч» фикусту көрсөттү. Акыры, ал бак туруштук бере албай калганда өлөт экен.

Тай багы ар кандай азык заттар менен дары өсүмдүктөргө да бай. Жол көрсөтүүчүбүз бул жакта өскөн бир бактын кабыгынан кру элдери безгекти айыктыруучу дары жасашарын айтты. Ошондой эле мында мөмөсүндө кадимки канттан миң эсе таттуу белогу бар бир бак өсөт экен.

Жер жайнаган жандыктар

Бир маалда төбө жактан жалбырактар шуудурап калды. Көрсө, ызы-чуулуу диана жана мона мартышкаларынын чоң үйүрү жүрүптүр. Алар бутактан бутакка секирип, «тааныштарына» коркунуч тууралуу кабарлап, ач айкырык салып киришти. Биз алардын ичинен бетинде жол-жол кеткен ак тагы бар бирөөнү кызыга карап туруп калсак — ал да бизди тиктеди. Токойдо мөмө-жемиштер, жаңгактар арбын болгондуктан, мартышкалар менен шимпанзелер жана канаттуу куштар алардан каалашынча жейт. Кээде маймылдар менен канаттуулардын чуру-чуу түшүп, «табакташ» болуп бир бактын үстүндө азыктанып олтурушканын көрүүгө болот экен.

Тай багында сүт эмүүчүлөрдүн 50 түрү жашайт. Алардын көбү ушул аймакта гана кездешет. Мында жаныштар, токой пилдери, бонго, чачы кулак доңуз, чоң токой доңузу, антилопа, кабылан жана кидик бегемоттор бар. Кичирээк жаныбарлардан виверралар, алтын мадыл, токой генетасы, мангуст, кескелдирик, галаго жолугат.

Жол көрсөтүүчүбүз ар кандай жаныбарлардын изин көрсөтүп келатты. Мына, бу жерде дукерлердин — түштүк Африка жапалдаш антилопаларынын — изи калган. Тайды антилопанын жети түрү мекендейт. Алардын ичинде сейрек кездешүүчү токой дукери, зебра-дукер, Ожильби дукери бар. Мындайыраакта өсүмдүк тамырын издеп жер казып кеткен чоң токой доңуздарынын издери жатат. Дагы бир аз баса түшүп, кумурскалар жана термиттер менен азыктанган чоң кескелдириктин, түрпүлүү сойлоочу жаныбардын, ийинине жолуктук. Аны эки «бөлмөлүү» кылып, эки кескелдирик казыптыр. Узундугу 40 метр, тереңдиги 5 метр келет. Кескелдириктер чабытка түнкүсүн чыгып, ийнине таң атканда гана кайтып келишет. Алар тырмоок сымал манжалары менен термиттердин уясын бузуп, аларды жабышкаак тили менен кармап жейт.

Жол көрсөтүп жүргөн киши ары жакта жүргөн шимпанзелердин тобун байкай калды. Алардын ээлеген аймагы 20 квадрат километрге жетерлик. Жалпы жону, бул токойдо 2 000 шимпанзе бар экен. Биз бу маймылдардын жаңгак чагып жеш үчүн жанына таш, таяк ала жүрөрүн уккан элек. Чын эле, бизден 5 метр арыраакта шимпанзе олтуруган экен, карап калдык. Ал колундагы таягы менен жаңгак чагам деп, өзүнчө убара болуп жатты.

Көз кычуусун кандырган канаттуу-куштар

Эртеси кайыкка түшүп, Хана дарыясы менен сүзүп жөнөдүк. Жол баштап жүргөндөр калагын жай шилтеп, жолду карай улам бир канаттуу-куш менен тааныштырып баратышты. Чаркырап керик куштун — кара цератогимнанын — үнү жаңырат; учканда анын канатынын какканы да шуулдап угулары белгилүү. Тайды керик куштун жети түрү уялайт экен. Жалпысынан, мында канаттуулардын 200дөн ашуун түрү бар. Алардын арасында көк каргалар тукумундагы канаттуулардын алты түрү, шумкарлар, туракалар же бананчылар, тоту куштар, бактектер, көгүчкөндөр, жылкычы чилдер, шимикчилер, чымынчылар кездешет. Канат-жүнү кооз жүгөндүү Африка трогону да жүрөт. Анын эркектери жалтылдак жашыл жонун, кызыл төшүн, агала куйругун көйрөңдөнө көрсөткөнсүйт. Андан тышкары, таажылуу бананчы, мадагаскар жашыл бактеги, боз тоту куш, көк төш альциона, жез чагылышкан жашыл жүндүү ибис сыяктуу көптөгөн кооз түстүү канаттууларды көрдүк. Канаттууларга кызыккандар Тай багына келсе, көз кычуусу чындап кана тургандай!

Жээктен айбанаттардын изи көзүбүзгө чалынды. Алардын бири кидик бегемоттуку экен. Ал бегемотту өзүнүн атактуу «тууганынын» чакан «көчүрмөсү» десек болгудай. Көлөмү чоңураак чочконукундай бар. Бирок чоң бегемоттон айырмаланып, ал сууда азыраак жүрөт жана сейилге жалгыздан чыгат. Аны Батыш Африкадан гана кездештирүүгө болот. Нил эчки эмээрин — крокодилге окшош чоң чаар кескелдирикти — да жолуктурдук. Тай багында крокодилдин — 3 түрү, жыландын 34 түрү кездешет экен; кескелдирик, курт-кумурска дегендер сансыз. Алар үчүн бул токойдон өтөр жайлуу жер жок. Бул жандыктардын дагы канчалаган түрү али ачыла элек.

Өкүнүчтүүсү, планетабыздын токойлуу аянттары тарып баратат. Мындай жагдай чынында тынчсыздандырбай койбойт. Мунун башкы себептери — айыл чарба талааларынын кеңейтилиши, токойду өндүрүштүк максаттарда кыюу. Жердин келечеги Жаратканыбыздын кубаттуу колунда экенин билүү кандай гана жубатат! (Забур 95:12, 13).

[22-беттеги карта]

Сьерра-Леоне

Либерия

Кот-д’Ивуар

Тай улуттук багы

Гана

[15-беттеги сүрөт]

Жерден чыгып турган тамырлар.

Кызыл дарак.

[15-беттеги сүрөт]

Пилдин баласы.

[15-беттеги сүрөт]

Африка алтын мадылы.

[15-беттеги сүрөт]

Кара жон дукер.

[15-беттеги сүрөт]

Зебра-дукер.

[15-беттеги сүрөт]

Африка жанышы.

[16-беттеги сүрөт]

Африка трогону.

[16-беттеги сүрөт]

Африка суу бүркүтү.

[16-беттеги сүрөт]

Көк төш альциона.

[16-беттеги сүрөт]

Африка ибиси.

[16-беттеги сүрөт]

Таажылуу бананчы.

[16-беттеги сүрөт]

Нил эчки эмээри.

[16-беттеги сүрөт]

Кидик бегемот.

[16-беттеги сүрөт]

Жыгаччы курбака.

[16-беттеги сүрөт]

Узун куйрук кескелдирик.

[16-беттеги сүрөт]

Узун тумшук мангуст.

[17-беттеги сүрөт]

Мона мартышкасы.

[17-беттеги сүрөт]

Кара-жээрде маймыл.

[17-беттеги сүрөт]

Шимпанзе.

[17-беттеги сүрөт]

Ак тумшук мартышка.

[17-беттеги сүрөт]

Кабылан.

[17-беттеги сүрөт]

Чачы кулак доңуз.

[16, 17-беттердеги сүрөт]

Африка циветтасы.

[14-беттеги сүрөттүн булагы]

Parc National de Taï

[15-беттеги сүрөттүн булагы]

Golden cat: © Art Wolfe/Photo Researchers, Inc.; all other photos except elephant: Parc National de Taï

[16-беттеги сүрөттүн булагы]

Ibis: © Joe McDonald/Visuals Unlimited; kingfisher: Keith Warmington; hippo: © NHPA/Anthony Bannister; narina trogon: © P&H Harris; all other photos: Parc National de Taï

[17-беттеги сүрөттүн булагы]

Pig: © Ken Lucas/Visuals Unlimited; all other photos except chimp and leopard: Parc National de Taï