Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакын адамың психикалык ооруга чалдыкса...

Жакын адамың психикалык ооруга чалдыкса...

Жакын адамың психикалык ооруга чалдыкса...

АЛ КҮНҮ эртең менен Жонсондордун үй-бүлөсүндө бардыгы күндөгүдөй эле башталган *. Атасы, энеси жана эки баласы эчак ойгонуп, кийинип, күнүмдүк иштерге киришкени жатышкан. Гейл он төрттөгү уулу Мэтке мектепке баруучу автобуска кечигерин эскертти. Бирок андан кийинки болгондорду эч ким күткөн эмес. Мэт боёк толтурулган балонду ала коюп, уктоочу бөлмөнүн дубалдарын боёп жиберген, анан машине турчу жайды өрттөп ийүүгө, ал гана эмес чатырга чыгып, асынып өлүүгө аракеттенген — ушулардын баары жарым саат аралыгында болуп өткөн!

Гейл күйөөсү Фрэнк экөө машинесине түшүп, Мэтти алып кеткен тез жардамдын артынан жөнөштү. Бир паста эмне болуп кеткенин түшүнө албай баратышты. Кайгылуусу, бул балаанын башы гана болчу. Мындай көрүнүштөр кийин дагы көп ирет кайталанып, Мэтти психикалык оорунун «сазы» соруп баратты. Беш жыл ичинде анын нечен ирет психиатрларга көрүнгөнүн айтпай эле коёлу, тартпаган азабы калган жок: бир канча жолу өзүн өлтүрүүгө аракеттенди, эки ирет камакка алынды, жети жолу психиатриялык ооруканага жатып чыкты... Муну көргөн тааныштары менен туугандары көбүнчө эмне дешти, эмне кылышты билбей кала турган.

Айрым эсептер боюнча, дүйнө жүзүндө ар бир төртүнчү адам өмүрүнүн кайсы бир мезгилинде психикалык оору менен ооруйт. Мындай тынчсыздандырарлык көрсөткүчтөн айкын көрүнүп тургандай, же ата-энеңдин, же балдарыңдын, же биртуугандарыңдын, же досторуңдун ичинен кимдир бирөө мээ ишинин бузулуусунан келип чыккан оорудан жапа чегип жатышы толук ыктымал *. Эгер андай оору менен жакының ооруп жатса, эмне кылсаң болот?

Белгилерин айыра тааны. Психикалык бузулуунун бары дароо билинбеши мүмкүн. Жакындары менен туугандары ал оорунун белгилерин гормоналдык өзгөрүүлөрдүн, башка оору-сыркоонун, мүнөз өзгөчөлүгүнүн, жашоодогу кыйынчылыктардын таасири деп ойлошу ыктымал. Мэттин энеси анын кандайдыр башкача болуп жүргөнүн байкачу. Бирок күйөөсү экөө тең уулунун көңүлүнүн өзгөрүлө беришин өспүрүм курактан көрүшчү. Уйкунун, тамактануунун же жүрүм-турумдун кескин өзгөрүшү кээде олуттуу коркунучтун белгиси болушу этимал. Андайда адистерге көрүнүү дарылоонун натыйжалуу ыкмасын тандап, ооруган адамдын жашоосун жеңилдетүүгө жардам берет.

Көбүрөөк маалымат ал. Адатта, психикалык бузулуудан жапа тарткан адамга өзүнүн эмне болуп жатканын аныктап-түшүнүү кыйын. Ошон үчүн ишенимдүү булактардан жаңы маалымат алып туруу сага жакыныңдын абалын түшүнүүгө жардам берет. Маалымдар болуу башкалар менен эркинирээк сүйлөшүп, жагдайды жөндүү түшүндүрүп берүүгө өбөлгө түзөт. Мисалы, Гейл кайненеси менен кайнатасына медициналык китепчелерди бергенде, алар небересинин абалы туурасында көбүрөөк билип, колкабыш көрсөтө башташкан.

Дарыланууга чара көр. Атүгүл создугуп кеткен психикалык бузулуунун кээсин тийиштүү түрдө дарыласа, натыйжа берип, ооруган адамдын жашоосу жеңилдеп, салыштырмалуу бир калыпка түшүшү мүмкүн. Өкүнүчтүүсү, көптөр зарыл жардам албай жылдар бою кыйналып жүрө берет. Жүрөгү ооруганда кардиологго кайрылуу керек болгондой эле, психикалык бузулуу маалында андай абал менен кантип күрөшүү керектигин билген адиске кайрылуу зарыл. Анткени психиатр дайым кабыл алып турса көңүлдүн өзгөрмөлүүлүгүн, тынчсыздануу сезимин, бурмаланган ой жүргүртүүлөрдү азайтууга көмөктөшкөн дары жазып бере алат *.

Оорулууну жардам алууга көндүр. Психикалык бузулууга чалдыккан адам жардамга муктаж экенин аңдабашы мүмкүн. Ошон үчүн сен ага врачка көрүнүүнү, кандайдыр бир пайдалуу макалаларды окууну же андай бузулуу менен ийгиликтүү күрөшкөн адам менен сүйлөшүп көрүүнү кеңеш кылсаң болот. Ооруп жаткан жакының, балким, тил албайттыр. Бирок, эгер ал өзүнө же башкаларга зыян келтирип алышы ыктымал болсо, демилгени колго алганың абзел.

Аны күнөөлөдөн кач. Окумуштуулар мээ ишинин бузулуусун чакырган генетикалык, чөйрөлүк жана коомдук себептердин татаал айкалышын али толук түшүнө элек. Психикалык бузулуунун өрчүшүнө бир катар себептер, мисалы, баштын травмасы, спирт ичимдиктерин же баңгизаттарды кыянат колдонуу, тышкы жагымсыз кырдаалдардын таасири, биохимиялык баланстын бузулушу, тукум куучулук жана башкалар алып келет. Андай адамга ооруп калганына өзү күнөөлүү деп айтууга болбойт. Кайра колдон келишинче жөлөк-таяк көрсөтүп, кайраттандырыш керек.

Көптү күтпө. Оорулуу адамдан алы жеткенден көптү талап кыла берсек, көңүлү чөгүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, анын чабалдыгын ашыкча белгилей берсек, өзүн эч нерсеге жараксыз сезе башташы ыктымал. Андан көптү күтпө. Албетте, ошол эле учурда, туура эмес жүрүм-турумду көз жаздымга калтыруу да натуура. Психикалык бузулуусу бар адам, башка адамдар сыяктуу эле, кетирген каталарынан бирдемеге үйрөнө алат. Эгерде ал ээ-жаа бербей, өтө чыр болуп кетсе, анын өзүн жана айланадагыларды коргош үчүн, укуктук же кандайдыр башка чектөөлөрдү коюу талап кылынышы ыктымал.

Пикирлеш. Пикир алышуунун да өтө маанилүү экенин унутпа. Ал оорулуу адам айткандарыңды кээде туура эмес түшүнүп жаткандай сезилсе да зарыл. Андай адамдын кандай жооп кайтарарын алдын ала билип болбойт, ошондуктан анын эмоциялары айрым учурларда орунсуз көрүнүшү ыктымал. Ошентсе да аны айткан сөздөрү үчүн кодулай берсе, ал өзүн күнөөлүү сезип, ал түгүл көңүлү катуу чөгүп кетиши мүмкүн. Айтар сөзүң жок болсо, олтур да, угуп бер. Аны айыптаба, кайра сезимдерин түшүнүүгө аракеттен. Өзүңдү колуңа карма. Эгер ага дайым кам көрөрүңдү көрсөтсөң, экөөңөр тең пайда аласыңар. Мэт менен ошондой болгон. Бир нече жылдан кийин ал «жардамдан баш тартып жатканында жардам бергендерге» ыраазычылыгын билдирген.

Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө да көңүл бөл. Үй-бүлөдө баары жапа чегип жаткан адамга гана көңүл бурушса, башкалары дээрлик кароосуз калышы мүмкүн. Мэттин эжеси Эми өзүн «инисинин оорусунун көлөкөсүндө» калгандай сезген. Өзүнө көңүл бурдурбаш үчүн, ал жетишкендиктерин жашырчу. Ошол эле учурда, ага ата-энеси, инисинин кемчиликтеринин ордун толтуруш үчүн, андан көптү талап кылып жаткандай сезиле берген. Мындай жагдайда көңүл аз бурулуп калган балдардын кээси ар кандай кыйынчылыктарды туудуруу менен өзүнүн бар экенин эстетүүгө аракеттенет. Ошондуктан айтылган жагдайга туш болгон үй-бүлө, үйүндөгүлөрдүн эч кимиси көңүл буруусуз калбашы үчүн, жардамга муктаж. Мисалы, Жонсондордун үй-бүлөсү Мэттин оорусу менен алышып жатканда, Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналышындагы достору жардам көрсөтүп, Эмиге өзгөчө көңүл бурушкан.

Психикалык саламаттыкты чыңда. Оорулуунун психикалык абалын чыңдоо үчүн өзүнчө программа түзүп алуу зарыл. Ага тамактануунун тартиби, түрдүүлүгү, дене тарбия көнүгүүлөрү, уйку жана пикир алышууларды киргизүү керек. Ооруган адам досторунун чакан тобунда пикирлешсе, өзүн эркинирээк сезет. Эсиңде болсун, спирт ичимдиктери оорунун белгилерин күчөтүп, кабыл алып жаткан дарылардын таасирин төмөндөтүшү мүмкүн. Жонсондордун үй-бүлөсү азыр психикалык денсоолуктарын чыңдоого аракеттенишет. Бул алардын ар бирине, өзгөчө, Мэтке жакшы таасир этүүдө.

Өзүңө кам көр. Психикалык жактан ооруган адамды багуу оңой иш эмес, ошондуктан өзүңдүн сак-саламаттыгыңа да доо кетиши мүмкүн. Андыктан денелик, эмоциялык жана рухий муктаждыктарыңа кам көрүшүң өтө маанилүү. Жонсондор — Жахабанын Күбөлөрү. Гейл үй-бүлөсүнө алиги оор жагдайда ишеним абдан жардам бергенине ынанган. «Жыйналыш жолугушуулары мага туруштук берүүгө жардам берди. Ал жакка барганда жүрөк өйүткөн кыйынчылыктарымды унутуп, көңүлүмдү маанилүүрөөк нерселерге, алдыдагы үмүткө бурчумун. Кудайдан жубатуу сурап тиленгендиктен, дайым кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп, түпөйүл санааларыман арыла түшчүмүн. Жахабанын жардамы менен жан-дүйнөмдү биздин жагдайда жетүүгө мүмкүн эместей сезилген тынчтык уялады»,— дейт ал.

Азыр Мэт чоңойгон, жашоого болгон көзкарашы да өзгөргөн. «Башыман өткөндөрдөн улам мен жакшы жагына өзгөрүлдүм дей алам»,— дейт Мэт. Эжеси Эми да андан маанилүү нерселерге үйрөнгөнүнө шектенбейт. «Мен башкаларга көп сын такпай калдым,— дейт ал.— Адамдын өзүн тигинтип же минтип алып жүрүшүнө чынында эмне себеп болуп жатканын эч качан билбейсиң. Аны Жахаба Кудай гана толук билет».

Эгер сенин да жакын адамың психикалык оорудан кыйналып жатса, ал айткандарын угушуңа, жөлөк-таяк көрсөтүшүңө жана айыптабашыңа муктаж экенин унутпа. Ошондо ага оорусу менен күрөшүүгө, ал гана эмес, жашоодон кубаныч алууга жардам бересиң.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 4-абз. Айрымдар «мээ ишинин бузулуусу» деген терминди колдонушат, себеби ал кемсинтүү мүнөзүндө айтылбайт жана оорунун нейробиологиялык себеби бар экенин билдирет.

^ 7-абз. Ошол эле учурда, абалды жеңилдеткенден тышкары, дарынын кошумча таасири да болушу мүмкүн. «Ойгонгула!» журналы дарылануунун тигил же бул жолдорун жактабайт. Ыйсанын жолдоочулары тандаган дарылануу ыкмасынын ыйык китептик принциптерге каршы келер-келбесин текшериши керек.

[21-беттеги кутуча]

Психикалык бузулуунун айрым белгилери

Эгер жакын адамыңда төмөнкүдөй белгилер байкалса, балким, терапевт же психиатр менен кеңешип көрүшү зарылдыр.

• Көңүл чөгөттүктүн же туталануунун узакка созулушу.

• Түнт мүнөздүүлүк жана элден четтөө.

• Көңүлүнүн чукул өзгөрө бериши.

• Катуу ачуулануу.

• Зөөкүрлүк.

• Ичимдикти жана баңгизатты кыянат колдонуу.

• Өтө коркуу, кооптонуу жана тынчсыздануу.

• Толуп кетүүдөн өтө коркуу.

• Тамак ичүү же уктоо адаттарынын кескин бузулуусу.

• Түнкүсүн дайым жаман түш көрүү.

• Башаламан ойлор.

• Кабыл алуунун бурмаланышы жана галлюцинациялар.

• Өлүм жана өзүн-өзү өлтүрүү туурасындагы ойлор.

• Кыйынчылыктарды көтөрө албоо жана күнүмдүк иштерди аткара албоо.

• Айкын көйгөйлөрдүн барын тануу.

• Эч себепсиз пайда болгондой сезилген көптөгөн оору-сыркоолор.

[30-беттеги сүрөт]

Айтар сөзүң жокто, олтур да, угуп бер.