Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жаратканыңды эсиңден чыгарба»

«Жаратканыңды эсиңден чыгарба»

«Жаратканыңды эсиңден чыгарба»

«Оор күндөр келгенге чейин, „Мен жашоого ыраазы эмесмин“ дей турган жылдар келгенге чейин, жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба» (Насаатчы 12:1).

ЫЙЫК КИТЕПТЕН алынган бул аят адамды ойлонтпой койбойт. Өспүрүм курак — экинчи кайталангыс курак. Кийин жаштыгыңды же кубанып, же өкүнүп эскересиң. Сен жаштыгыңды кандай өткөрсөм дейсиң? Келечегиң кең болуш үчүн эмне кыла аласың?

Жогоруда айтылгандай, Ыйык Китеп: «Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деп чакырат. Ан үчүн эмне кылышың керек? Кудайдын өз Сөзүндө, Ыйык Китепте, берген мыйзамдары менен принциптерине карман. Албетте, бул сокур ишенимге жетектелип катаал жашоо өткөрүп, жыргал аттуунун баарынан баш тартышың керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, Жаратканыңды эсиңен чыгарбасаң, ары маңыздуу, ары бактылуу жашоо өткөрө аласың. Кандайча?

Мындай мисал алып көрөлү. Сага бирөө машине тартуулап, аны айдоого укук алдың дейли. Бул сага кубаныч жана өзүнчө эркиндик берери шексиз. Эми каалаган жериңе «чаап» бара берсең болот! Бирок ошону менен кошо олуттуу жоопкерчилик да артылат: машине айдап баратканыңда жол эрежелерин сактап, белгишамга (светофорго) жана эскертүүчү белгилерге көңүл бурушуң, ылдамдык чектөөлөрүн эске алышың керек. Мындай талаптар машине айдоодон алган канааттанууңа бөгөт болобу? Жок, кайра сени коргойт. Өмүрдү тобокелге салып, кырсыкка кабылуунун эмнеси жагымдуу болсун.

Жаратканыбыз Жахаба Кудайдын берген эркиндиги жөнүндө да ушуну айтууга болот. Ал сага чоңойгонуңда жашооңду каалаганыңдай өткөрүүгө жол берет (Мыйзам 30:19; Накыл сөздөр 27:11). Ойлоп көрчү, ал бизге кандай гана ишеним көрсөтөт! Ошол эле учурда, айтылган эркиндик орчундуу жоопкерчилик менен коштолот. Өзүнүн Сөзүнө Жахаба «жол эрежелерин», башкача айтканда, анын каалоосу боюнча кантип жашашыбыз керектигин көрсөткөн эрежелерди жаздырган. Алар кубанычыңа тоскоолдук болобу? Эч качан. Кайра сени азыркы жаштардын көбү кабылып жаткан көйгөй, кайгылардан коргойт.

Жашы отуздан ашкан Фредерико ушул айтылгандардын калетсиздигин өз тажрыйбасынан улам аңдаган. Мектепте окуп жүргөндө башка балдардын ал качууга тийишмин деп билген иш-аракеттердин баарын жасап жатышканын көрчү. «Алар жакшы көңүл ачып жаткандай көрүнчү,— дейт ал,— бирок мен аларды өзүлөрүн чындап бактылуу сезет деп эсептечү эмесмин». Азыр Фредерико өткөндү эстеп, жашында Ыйык Китептин эрежелерине карманганына абдан сүйүнөт. «Албетте, мен деле, башка жаштардай болуп, татаал жагдайларга, ой-сезимдерге кабылчумун,— дейт ал.— Бирок мен үчүн Ыйык Китеп бекем калкан болчу. Эгер жардам керек болсо, ишенимдештерим ар дайым жанымда болушчу. Ыйык Китептин кеңештерин колдонуу мага зор бакыт берип келет!»

Жахаба Кудай сени чындап бактылуу болсун дейт. Ал ичтен бушайман болуп, үмүтсүздүк сезимин жашырыш үчүн калп каткырып жашашыңды каалабайт. «Жаш чагыңда кубан, жаш улан [же кыз], жаш күнүңдө жүрөгүң кубанычтын даамын татып калсын»,— деп айтылган Ыйык Китепте. Бирок ошол эле учурда мындай эскертүү берилген: «Бирок билип кой, ошонун баары үчүн Кудай сени сотко тартат» (Насаатчы 11:9).

Жаратканыңдын сага берген эркиндигин туура колдонуп, Аны эсиңен чыгарба. Ошондо сени да Жаратканың эсинен чыгарбасына жана жашооңду нукура бакытка толтурарына шектенбесең болот. Ыйык Китепте: «Теңирдин батасы гана байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт»,— делген (Накыл сөздөр 10:22).

Жаштарга өспүрүм курактын кыйынчылыктары менен күрөшүүгө жардам берүү максатында Жахабанын Күбөлөрү тарабынан 320 беттүү «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» (ор.) деген китеп чыгарылган. Учурда ал 77 тилге которулуп, 34 миллионго жакын нускада басылып чыкты. Аны силер да алгыңар келсе, жакын жерде жашаган Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот.

[8, 9-беттеги сүрөттөр]

Өспүрүм курак кубаныч алып келиши үчүн...

Кудайдын Сөзүн окууга убакыт бөл,

кабар айтууга катыш,

жаман чөйрөдөн оолак бол,

ата-энең менен тыгыз мамиледе бол.

[Булак]

Brochure cover: Pictorial Archive (Near Eastern History) Est.