Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келбетибиз эси-дартыбызды ээлеп алса...

Келбетибиз эси-дартыбызды ээлеп алса...

Келбетибиз эси-дартыбызды ээлеп алса...

КҮЗГҮДӨН каранганда көбүбүз оңдоп-түзөөнү талап кылган жактарыбызды байкайбыз. Кийимибиздин, чачыбыздын бир жерин оңдоп же бети-башыбызды боёп, анан күнүмдүк иштерге киришебиз. Минтип сырткы келбетибизге көңүл буруп, өзүбүздү таза-тыкан алып жүрүү орундуу, ал тургай зарыл. Бирок сырткы келбет айрымдардын эси-дартын толугу менен бийлеп алып, дене кемтигине тынчсыздануу — ДКТ — (кээде дисморфофобия же дисморфомания) деп аталган патологиялык абалга өтүп кетет.

Бир медициналык маалымдамадагы аныктама боюнча, ал «өзүнүн денелик кемтигине өтө маани берүү, анын айынан санаа тартуу» менен коштолот. «Андай сезим адамдын башкалар менен пикирлешүүсүнө, иштеген ишине жана жашоосунун башка тармактарына терс таасир тийгизет» * («The Merck Manual of Diagnosis and Therapy»). Анткени ага кабылгандар кандайдыр бир кемтигим бар деп өздөрүн ишендирип алышкандыктан же болор-болбос денелик кемтигине өтө маани бере бергендиктен, өзүлөрүнө «кейпи суук» сезилет.

Түштүк Флорида (АКШ) университетинин профессору Кевин Томпсондун айтымында, ДКТ сейрек кездешет, «ал жер калкынын 1, 2 пайызында гана болот. Андан жапа тарткандардын 10—15 пайызы психиатрлардан амбулаториялык жол менен жардам алышууда». Бирок Томпсон: «Изилдөөчүлөрдүн байкоосунда, диагностика ыкмаларынын көбөйүшүнөн жана адамдардын сырткы келбетке көңүл буруусунун жогорулашынан улам андай абалга дуушарлангандар көбөйүп барат»,— деп белгилейт. Алардын арасында бардык курактагы адамдар кездешкени менен, адатта, өспүрүмдөр басымдуулук кылат. Айтылган абалга чалдыккан чоң адамдардын арасында эркектер да, аялдар да бар. Ага салыштырмалуу, тамактануу адатынын бузулуусуна кабылгандардын ичинде аялдар көп.

Адамдын эси-дартынын баарын сырткы келбети ээлеп алышы анын дене кемтигине өтө тынчсызданарын көрсөтөт. Бул дартка чалдыккандар, адатта, кайра-кайра күзгүгө карана берет жана айрым учурларда башкалардан оолактай баштайт. Жогоруда айтылган эмгектердин биринде «келбетине абдан нааразы болуу жана организмдин ишинин бузулушу кээде бейтапканага жатып калууга жана өзүн-өзү өлтүрүүгө кайра-кайра аракеттенүүгө алып келери» белгиленген. Андыктан мындай илдетке чалдыккандардын кээсинин косметикалык операция жасатууну каалашары таңыркатпайт. ДКТ туурасындагы китептин автору, врач Кэтрин Филлипс мындай дейт: «Дегинкиси, мен операция жасоону кеңеш кылбайм, себеби бычак тийген жерди кайрадан калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Ал эми ДКТдан жапа тарткандар, адатта, сырткы келбетине ошондо да ыраазы болушпайт» *.

Кээде ДКТ бала кезде эле байкалат. Бир журналда «тишим сары, ичим „былчык“, чачым жаман деп ойлогон» алты жашар бала жөнүндө айтылган. «Анын андай „кемтиктерин“ башка бир да адам байкачу эмес. Эртең менен бала күзгүнүн жанында чачын тарап бир сааттан ашуун турчу. Эгер „жаткыра“ албаса, башын сууга малып алып, кайра башынан тарап кирчү. Ошону үчүн ал мектепке көп кечикчү» («George Street Journal» *). Бир күнү дабагердин бөлмөсүнө келгенде да, өзүн көрүш үчүн, бала эңкейип, олтургучтун темир тетигине карана калган.

Көзкарашыңды дүйнө калыпташына жол бербе

Гезит-журналдардын бетиндеги «ойдогудай келбет», «жаркын элес» жөнүндө ой-түшүнүктөрдү калыптаган сүрөттөр жана теле жарнамалар коомду көчкүдөй каптоодо. Сатуучулардын көздөгөнү маалым: алар кандайдыр бир бейнени үлгү катары көрсөтүп койсо, ошого төп келиш үчүн, адамдар жанын карч уруп тапкан акчасын корото берерин билишет. Ошол эле учурда курбу-курдаштары кысым көрсөтсө же туугандары менен достору тарабынан ойлонбой айтылган бирин-экин сөз укса, адам сырткы келбети үчүн өтө тынчсыздана башташы этимал *. Албетте, мындай тынчсыздануу дайым эле психикалык бузулуунун белгиси боло бербейт.

Чөлкөмдө жок сулуу болбосом, башкаларга жакпайм деп ойлоо туура эмес. Дегинкиси, адамдар досту келбетине карап тандабайт. Албетте, адамдын келбети башында кандайдыр таасир калтырышы мүмкүн, бирок бара-бара анын кулк-мүнөзү, адептүү жүрүм-туруму жана баалуулуктары гана достукка бекем негиз түзө алат. Бул жерден адамды китепке салыштырса болчудай. Эгер китептин мукабасы кооз, бирок ичинде жазылгандары кызыксыз болсо, бат эле тажап кетесиң. Ал эми мукабасы жупуну көрүнгөнү менен, ичиндегилери кызыктуу болсо, адам аны окубай таштап коёру күмөн. Андыктан биринчи кезекте өзүңдүн мүнөзүңө көңүл бурганың дурустур? Кудайдын Сөзү Ыйык Китеп бизди дал ушуга чакырат (Накыл сөздөр 11:22; Колостуктарга 3:8; 1 Петир 3:3, 4).

Анын үстүнө, келбетибиздин жыл өткөн сайын өзгөрүлөрүн унутпайлы. Эгер өмүр, достук жана бак-таалайга ажарлуу чырай гана жеткирсе, келечегибиз кандай гана көңүлсүз болмок! Бирок биз ары кубанычтуу, ары бактылуу келечекке жете алабыз. Канткенде?

Өчпөс сулуулук

Накыл сөздөр 16:31де: «Даңктын таажысы — чындык жолу менен жүргөн ак чач»,— делген. Жахаба Кудайдын жана анын принциптери боюнча жашагандардын баарынын көз алдында Кудайга болгон берилгендигин сактаган адамдар улгайса да сулуу: алар көп жылдар бою Кудайга дилгирлик, берилгендик менен кызмат кылып келишкендиктен, чачына ак киргенде, чыныгы сулуулуктун таажысын кийген болот. Андай асыл адамдар сүйүүбүз менен сыйыбызга татыктуу (Лебилер 19:32).

Мындан тышкары, Кудайдын убадасы боюнча, Анын ишенимдүү кызматчыларына: жаштарына да, карыларына да тийген күнөөнүн залакасы келе жаткан жаңы заманда толук жоюлат. Алар күндөн күнгө денесинде жүрүп жаткан жакшы өзгөрүүлөрдү көрүп-сезе берет да, акыры, денелик жактан жеткилеңдикке жетишет (Аюб 33:25; Аян 21:3, 4). Кандай гана кереметтүү келечек! Ошол адамдардын арасында сен да болгуң келеби? Анда көзкарашыңды дүйнөнүн маңызсыз, көп учурда ташбоор рухунун калыпташына жол бербе. Кайра, адамдардагы чыныгы сулуулукту көрүүгө аракеттен. Бул сага ары кубанычтуу, ары сүйкүмдүү адамдардан болууга жардам берет (Накыл сөздөр 31:30).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. «Сырткы келбети үчүн өтө тынчсыздануу — бир катар психикалык бузулууларда кеңири байкалган белги»,— деп маалымдалат бир журналда («The Medical Journal of Australia»). Андай бузулууларга депрессия, жадатма невроз жана тамактануу адатынын анорексия өңдүү бузулуулары кирет. Ошондуктан кимдир бирөөнүн дене кемтигине тынчсыздануудан жапа тартып жатканын аныктоо татаал.

^ 5-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2002-жылдын 22-августундагы (ор.) санына чыккан «Жаштардын суроолору» рубрикасындагы «Косметикалык операция жасатсам кантет?» макаласын карагыла. Олуттуу психикалык бузулуудан жапа тартып жаткан адамга адистин жардамы керек болушу мүмкүн.

^ 6-абз. Браун атындагы университет (Род-Айленд, АКШ) тарабынан чыгарылган.

^ 8-абз. Толугураак маалымат алыш үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» (ор.) аттуу китептин «Сырткы келбет канчалык маани ойнойт?» деген бөлүмүн карагыла.