Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Никеге чейинки жыныстык мамиленин эмнеси жаман?

Никеге чейинки жыныстык мамиленин эмнеси жаман?

Жаштардын суроолору:

Никеге чейинки жыныстык мамиленин эмнеси жаман?

«Кээде, өзгөчө, өзүмдүн эч ким менен катнашта боло элегимди ойлогонумда, никеге чейинки байланыштын туура эмес экенине шектенип кетем» (Жордон) *.

«Жыныстык катышуу деген кандай болорун татып көргүм келет. Менимче, мындай сезим баарында эле болсо керек,— дейт Келли.— Каякты караба, бардыгы секске барып такалат го».

ЖОРДОН менен Келлиникине окшогон ой-каалоолор кээде сенде да пайда болобу? Азыр заман башка: никеге чейин жыныстык катышта болууну натуура деп эсептеген көзкараштар жана салттар жоюлуп барат (Эврейлерге 13:4). Азиядагы бир өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодон көрүнгөндөй, 15—24 жаштагы эркек балдардын басымдуу бөлүгү никеге чейин жыныстык байланышка тыюу салынбайт деп эсептемек түгүл, өзүлөрүнөн ошондой байланышта болуу күтүлөт деген ойдо. Андыктан дүйнөдөгү жаштардын көбү жыныстык жашоону 19га чыга элегинде башташары таңыркатабы?

Жыныстык катнашка барбаганы менен, секстин түрлөрүнө кирген башка иш-аракеттерди жасагандар, мисалы, бири-биринин жыныстык органдарын кармап-сылагандар да бар. (Мындай адат мастурбация деп да аталат). «Нью-Йорк таймс» гезитинин билдирүүсү боюнча, «ооз менен катнашуу жыныстык катнашуунун негизги жолдоруна өтүп, жаштардын басымдуу бөлүгүнүн арасында колдоого алынууда. Себеби, алардын көзкарашы боюнча, ал кадимки жыныстык катнаштан айырмаланып, өтө жакындашууну талап кылбайт, коопсузураак... бойго бүтүүдөн коргойт жана кыздыкты сактайт».

Кудайга ишенгендер никеге чейинки жыныстык катнашууларга кандай көзкарашта болууга тийиш? Ал эми секстин башка түрлөрү туурасында эмне дешке болот? Аларга Кудай кандай көзкарашта? Алар коопсузураакпы? Чынында эле тазалыкты же кыздыкты сактап калууга мүмкүнчүлүк береби?

Бузуктукка эмнелер кирет?

Бул суроолорго адамзаттын Жаратканы Жахаба Кудайдан гана ишенимдүү жооп алууга болот. Ал өзүнүн Сөзүндө мындай көрсөтмө берет: «Бузуктуктан качкыла» (1 Корунттуктарга 6:18, «Мукаддас»). Бул эмнени билдирет? «Бузуктук» деп которулган грек сөзү кадимки жыныстык катнашууну гана эмес, жыныстык органдар колдонулган ар кандай жосунсуз иш-аракеттерди да камтыйт. Демек, никеде турбаган эки адам ооз аркылуу катнашып же бири-биринин жыныстык органдарын кармалап-сыласа, алар бузуктук жасаган болот.

Анткендер Кудайдын алдында тазалыгын же кыздыгын сактаган болушабы? Кыздык деген түшүнүк, Ыйык Китеп боюнча, адеп-ахлактык тазалыкка карата колдонулат (2 Корунттуктарга 11:2—6). Ошол эле учурда, ал түз мааниде да айтылат. Мисалы, Ыйык Китепте Ребека тууралуу «эркек жакындабаган кыз эле» деп айтылган (Башталыш 24:16). Бул жерде «жакындоо» деп которулган байыркы эврей сөзү жалаң гана аял менен эркектин ортосундагы кадимки жыныстык катышууга байланыштуу эмес, башка иш-аракеттерге карата да колдонулганын белгилей кетиш керек (Башталыш 19:5). Демек, бузуктукка кирген кандай иштер жасалбасын, Ыйык Китеп боюнча, кыздык же тазалык бузулат.

Ыйык Китеп Кудайга ишенгендерди бузуктуктан гана эмес, ага алып бара турган ар кандай ыпылас жүрүм-турумдан качууга чакырат * (Колостуктарга 3:5). Албетте, айрымдар сени Ыйык Китепке негизделген көзкарашка карманганың үчүн шылдыңдашы мүмкүн. Кудайга ишенген жана жогоруда оюн билдирген Келли аттуу кыз мындай дейт: «Жогорку класстарда окуп жүргөнүмдө мага: „Кандай жыргалдан кур калып жатканыңды билбейсиң!“ — дей беришчү». Бирок никеге чейинки жыныстык катнаш — «убактылуу, күнөөлүү жыргалчылык» (Эврейлерге 11:25). Ал денелик, эмоциялык жана рухий жактан зыян тарттырат.

Кесепеттери

Ыйык Китепте Сулайман падышанын бир жолу бузуктук жасоого азгырылган жаш жигитти көргөнү айтылат. Сулайман аны «союлууга бара жаткан өгүзгө» салыштырган. Андай өгүз эмне болорун билбейт көрүнөт. Никеге чейин жыныстык байланышта болгон жаштар да ошол сыяктуу десек болот, анткени анын кесепеттүү натыйжалары болорун көбүнесе этибар алышпайт. Сулайман алиги жигит тууралуу: «Тор анын өлүмү үчүн жайылганын да билбейт»,— деген (Накыл сөздөр 7:22, 23). Ооба, андай жүрүм-турум керек болсо өмүрүңө коркунуч туудурат!

Алсак, жыл сайын миллиондогон жаштар жыныстык жол менен таралуучу ооруларды жугузуп алышууда. «Герпес жугузуп алганымды билгенде, дал боло түштүм. Бул азаптуу оору эми өмүр бою кетпейт экен»,— деп өкүнөт Лидия. Дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жугузуп алгандардын (күнүнө 6 000 адам) жарымынан көбү 15—24 жашта.

Никеге чейинки жыныстык байланыштардын кесепеттерин, адатта, аялдар көбүрөөк тартышат. Мисалы, алардын арасында жыныстык жол менен таралуучу ооруларды (алардын ичинде ВИЧ инфекциясын) жугузуп алуу коркунучу жогору. А эгер өспүрүм кыздын боюна бүтүп кала турган болсо, өзүнүн да, болочок баласынын да денсоолугуна коркунуч туулат. Эмнеге? Анткени анын жаш организми кошбойлуулук маалын коопсуз өткөрүүгө даяр эмес болушу ыктымал.

Жаш эне денсоолукка байланыштуу кыйынчылыктарга кабылбаган күндө да, эне болуунун оор жүгүн көтөрүүгө мажбур болот. Өзүн, баласын багуу алгач ойлогонунан алда канча кыйын экенин түшүнгөн жаш энелер аз эмес.

Мындан тышкары, никеге чейинки жыныстык катнашуу рухий жана эмоциялык жактан залал келтирерин унутпаш керек. Ойноштук кылып күнөө кетиргенден кийин Дөөт Кудай менен болгон достугунан жана рухийлигинен ажырап кала жаздаган (Забур 50-бап). Ал рухий жактан кайрадан бутуна туруп кетсе да, күнөөсүнүн кесепеттерин өмүрү өткөнчө тарткан.

Мындай жагдайга бүгүнкү күндө жаштар да көп кабылат. Мисалы, Шерри 17 эле жашында бир бала менен жыныстык катнашта боло баштаган. Ага «жигити» аны сүйүп жүргөндөй көрүнгөн. Андан бери көп жыл өтсө да, Шерри ошол кылганын өкүт менен эстейт. «Мен ыйык китептик көрсөтмөлөрдү баалаган эмес экенмин, ошонумдун ачуу кесепетин көрдүм. Баарынан жаманы Жахабанын жактыруусунан айрылганым болду»,— дейт ал. «Никеге чейин жыныстык катнашка барганым — эң чоң катам. Тазалыгымды кайра кайтарып алыш үчүн бардыгын берет элем»,— дейт Триш. Ооба, эмоциялык жарааттар жүрөктү өйүп, жылдар бою айыкпай кыйнашы мүмкүн.

Өзүн башкара билүүгө үйрөнүү

Сандра аттуу кыз: «Кудай жыныстык каалоолорду никеге чейин канааттандырууга болбосун билип туруп, эмне үчүн өспүрүмдөргө андай каалоо берип койгон?» — деп маанилүү суроо берет. Жаш кезде жыныстык каалоолор бөтөнчө күчтүү болушу мүмкүн (1 Корунттуктарга 7:36). Кээде өспүрүмдөрдүн жыныстык сезимдери эч себепсиз козголо берет. Бул каарып-тооруй турган нерсе эмес. Анткени ал — организмде жыныстык жетилүү жүрүп жатканынын табигый белгиси *.

Жахабанын эрки боюнча, жыныстык мамилелер адамдарга ыракат алып келиши керек болчу. Ошонун аркасында анын ой-ниети аткарылып, жер адамзат тукумуна толмок (Башталыш 1:28). Бирок Кудай адамдардын көбөйүү органдарын натуура колдонушун каалаган эмес. «Ар ким өз денесин ыйык жана таза сактай билсин»,— деп айтылган Ыйык Китепте (1 Тесалоникалыктарга 4:4). Ар бир жыныстык каалообузду орундата берүү ачууланган сайын бирөөнү ура берүүгө барабар болмок.

Жыныстык мамилелер — Кудайдын белеги. Бирок ал белекти өз убагы келгенде гана — никеге тургандан кийин — пайдалана баштоого болот. Эгер жыныстык каалоолорубузду никеге тура электе канааттандырууга умтулсак, Кудай өзүн кандай сезет? Аны билиш үчүн мындай мисал келтирели. Сен досуңа бир белек сатып алдың дейли. Бирок бере элегиңде эле, досуңдун аны уурдап кеткенин билип каласың. Капа болбой коёт белең? Анда адамдар никеге тура элегинде жыныстык мамиледе болуп, Кудайдын алар үчүн даярдап койгон белегин барктабасын көрсөтүшкөндө, Ал өзүн кандай сезерин элестетчи.

Жыныстык каалоо пайда болгон кездерде эмне кылышың керек? Кыскасын айтканда, өзүңдү башкара билүүгө үйрөнүшүң зарыл. Таза жүргөндөрдү Жахаба ырайымынан ажыратпасын өзүңө кайра-кайра эстетип жүр (Забур 83:12). Жордон мындай дейт: «Башыма никеге чейинки катнаштын жаман жери деле жок деген сыяктуу ой келгенин байкап калсам, дароо анын рухийлигиме кандай таасир этерин элестетем. Мен күнөө деп эсептелген ыракаттардын бири да Жахаба менен болгон мамилеме тең келе албасын түшүнөм». Албетте, өзүңдү башкара билүүгө үйрөнүү оңой эмес. Бирок, Адриан эскерткендей, «ошондо гана таза абийирге ээ болуп, Жахаба менен болгон жакшы мамилеңди сактайсың. Көңүлүңдү маанилүү нерселерге эч тоскоолдуксуз бура аласың. Абийириң айыптап кыйналбайсың» (Забур 15:11).

«Ойноштук кылуунун» бардык түрлөрүнөн оолак болууга көптөгөн орчундуу себептер бар (1 Тесалоникалыктарга 4:3). Бирок ал дайым эле оңой боло бербейт. Ушул рубрикага чыга турган эмки макалада «өзүңдү таза сактоонун» жолдору каралат (1 Тиметейге 5:22).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 11-абз. Бузуктук, ыпыластык жана бузуку жүрүм-турум «Ойгонгула!» журналынын 1993-жылдын 8-ноябрындагы (ор.) санына чыккан «Жаштардын суроолору» рубрикасында «„Аша чаап кетүү“ кай жерден башталат?» аттуу макалада талкууланган.

^ 20-абз. «Ойгонгула!» журналынын 1990-жылдын 8-февралындагы санынын «Жаштардын суроолору» рубрикасындагы «Денем эмне болуп жатат?» (англ.) аттуу макаладан кошумча маалымат алууга болот. Ошондой эле ушул журналдын 4—7-беттериндеги «Эмне болуп жатам?» деген макаланы карагыла.

[13-беттеги сүрөт]

Бузуктуктун тигил же бул түрүн жасап жүргөн адамды Кудай таза деп эсептейби?

Кудайдан корккон жаштар никеге чейин жыныстык байланышка барса, абийири кыйнайт.

[14-беттеги сүрөт]

Никеге чейин жыныстык катнашта болгондор оору жугузуп алышы ыктымал.