Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баарыбызга таанымал жашылча

Баарыбызга таанымал жашылча

Баарыбызга таанымал жашылча

Мексикадагы кабарчыбыздан

Пиязсыз тамактын даамы чыгабы?! Бул бөтөнчө жашылча суюк тамактарга, түрлүү салаттарга, деги койчу, дээрлик бардык тамакка кошулат. Ал медициналык максатта да пайдаланылат. Кээде пияз биздин көз жашыбызды да төктүрөт.

Жапайы сарымсак, неаполитандык пияз, афлатун пиязы дегендерди мындай коёлу, кадимки пияздын өзү эле кандай кооз гүл ачат! Ал эми тамак-ашка көбүнчө анын башы колдонулат.

Пияз — байыртан өстүрүлүп келаткан жашылчалардын бири. Буга Ыйык Китептеги бир билдирүү далил. Анда болжол менен б.з.ч. 1513-жылы ысрайылдыктардын Мисирде кулчулукта жүргөндө жеген пиязын эстешкени айтылат (Сандар 11:5).

Эмне үчүн пияз дүйнө жүзүндөгү бардык элдердин жактыруусуна ээ? Курамындагы күкүрт кошундулары ага өзгөчө жыт, ачуу даам берип турат; ал эми бизди ыйлаткан заттын пайда болушун сульфен кислотасы шарттайт.

Даамынан тышкары...

Пияз денсоолукка абдан пайдалуу. Ал кальций, фосфор жана аскорбин кислотасына (С витамине) бай. Дарылык касиетинен улам да аны эчактан баалап келишкен. Бүгүнкү күндө деле ал көптөгөн оорулар, мисалы, суук тийүү, ларингит, атеросклероз, жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет жана астма менен күрөшүүдө колдонулат. Пияз антисептикалык касиетке ээ жана сезгенүүгө каршы күрөшүүгө да жардам берет. Ал холестириндин деңгээлин азайтат жана тромбоздун (кандын уюшу), рактын пайда болуу ыктымалдыгын төмөндөтөт.

Пияздын өңү ар кандай: ак, сары, күрөң, жашыл, кызгылт жана кызгылт көк болот. Ал чийки, куурулган, корсерваланган, маринаддалган, кургатылган жана күкүм түрүндө пайдаланылат. Ошондуктан пиязды, көз жашыбызды канча төктүрбөсүн, кантип сонун жашылча дебей коёбуз?