Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бала чагыман Кудайды сүйүүгө үйрөтүлгөм

Бала чагыман Кудайды сүйүүгө үйрөтүлгөм

Бала чагыман Кудайды сүйүүгө үйрөтүлгөм

АЙТЫП БЕРГЕН — АНАТОЛИЙ МЕЛЬНИК

Көптөрдүн мени «ата» деп коюшу мага өзгөчө жагымдуу угулат. Ал сөз жүрөгүмө абдан жакын, анткени алдында милдетим чоң, сүйүктүү таятамды эстетет. Макул көрсөңөр, ошол таятам тууралуу жана таенем экөөнүн үй-бүлөбүзгө, дагы башка көптөгөн адамдарга кандай жардам бергенин айтып берейин.

МЕНИН тегим Молдавиянын түндүгүндөгү Глина деген айылдан болот. 1920-жылдары жаратылышы кооз, адырлуу жергебизге Румыниядан пилигримдер, башкача айтканда, кыдыруучу кызматчылар, келишкен экен. Апамдын ата-энеси ошондо Ыйык Китептеги жакшы кабарды дароо кабыл алышыптыр. Анан 1927-жылы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрүнүн (ал кезде Жахабанын Күбөлөрү ошентип аталчу) катарына кошулушкан экен. 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында чакан айылыбызда жыйналыш уюшулуп калган.

Мен төрөлгөн кезде, 1936-жылы, атаман башка туугандарыбыздын баары Жахабанын Күбөсү экен. Атам анда православие чиркөөсүнө барып жүрүптүр. Кийин Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында жашоонун маңызы тууралуу ойлонуп, акыры, Жаратканыбыз Жахаба Кудайга арналып, чөмүлдүрүлдү. Үй-бүлөбүздүн рухий жактан өсүшүндө таятамдын мээнети чоң. Ал киши Ыйык Китепти абдан жакшы көрчү, анан жүздөгөн аяттарды жатка биле турган. Сөздү эмнеден баштабасын, аягын Ыйык Китепке кайрып келчү.

Таятам мени алдына олтургузуп алып, ыйык китептик окуяларды көп айтып берчү. Анын Жахабага болгон сүйүүмдү өрчүтүү үчүн жасаган аракеттерине көптөн көп ыраазы болуп келем! Биринчи жолу кабар айтканы да ошо таятам менен чыккам. Анда сегизде элем. Ыйык Китепти колубузга кармап алып, экөөбүз айылдаштарыбызга Жахаба деген ким экенин, аны менен канткенде жакын мамиле түзүүгө болорун көрсөтүп жүрдүк.

Коммунисттер тарабынан куугунтукталуу

1947-жылы коммунисттик идеологиянын таасири астында жана православие чиркөөсүнүн шыкагы менен өкмөт Молдавиядагы Жахабанын Күбөлөрүн куугунтукка ала баштады. Жергиликтүү милиция менен КГБнын кызматчылары үйүбүзгө нечен жолу келип, кабар айтуу ишин кимдер жетектээрин, адабияттын кай жактан келерин, жыйналыштарыбыз каерде өткөрүлөрүн билиш үчүн сурак жүргүзүшкөнү эсимде. Алардын максаты, өзүлөрүнүн айтымында, «өлкөдө коммунизмдин курулушуна тоскоолдук кылып жаткан» Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин токтотуу болгон.

А кезде атам Ыйык Китептеги чындыкты абдан жакшы көрүп калган. Ал билимдүү адам эле. Таятам экөө тергөөчүнүн суроолоруна ким-кимдер ишенимдештерибиз экенин билдирип койбош үчүн кантип жооп берүүнү билишчү. Алар ишенимдештеринин камын ойлогон, кайраттуу адамдардан болушкан. Апам болсо жоош, бир мүнөз адам эле.

1948-жылы атам камакка алынды. Ага кандай айып коюлганын бизге айтышкан да жок. Ага катаал тартиптеги түрмөдө — жети жыл олтуруу, андан кийин дагы эки жылга сүргүнгө айдалуу өкүмү чыгарылды. Атамды үйдөн 7 000 километр алыс, тээ Четки Түндүккө, Магадан облусуна алып кетишти. Ошо бойдон тогуз жыл жүз көрүшкөн жокпуз. Атамсыз жашоо оңой болгон жок, бирок таятам дайым мага баш-көз болуп жүрдү.

Сүргүндө

1949-жылы 6-июнь түнү үйгө эки солдат, бир офицер кирип келди да, үйдөн чыгып, машинеге олтурууну буйрушту. Жыйынып-теринүүгө эки саат беришти. Башкасын түшүндүрүшкөн жок. Болгону, сүргүнгө айдалып жатканыбызды, үйүбүзгө экинчи кайтып келбесибизди айтып коюшту. Ошентип, мени, апамды, таятам менен таенемди жана башка ишенимдештерибизди Сибирге айдашты. Ал кезде 13тө эле болчумун. Бир нече аптадан кийин түнт токойлуу, саздактуу тайгага келип жеттик. Ал жак көнгөн жергебизден таптакыр айырмаланчу. Кээде туруп ыйлачубуз. Бирок Жахаба бизди таштабасына шек саначу эмеспиз.

Бизди алып келген чакан кыштакта 10 кепе бар экен. Калган Күбөлөрдү тайгадагы башка кыштактарга бөлүштүрүштү. Жергиликтүү калкты коркутуп, бизден оолактатыш үчүн, өкмөттөгүлөр аларга Күбөлөрдү кишижегичтер деп коюшуптур. А бирок эл көп өтпөй анын калп экенин түшүнүп, бизден коркпой калды.

Алгач эскилиги жеткен бир үйдө эки ай жашап турдук. Бирок ызгаардуу кыш кирип келгиче, ылайыктуураак үй куруп алыш керек болчу. Таятам менен таенем апам экөөбүзгө жарымына чейин жердин астына кеткен кепе казып, жылуулап алууга жардам беришти. Анда үч жылдан ашуун жашадык. Бизге атайы уруксат берилмейин (бирок андай уруксат алуу мүмкүн эмес болчу), кыштактын чегинен чыгууга катуу тыюу салынган.

Кийин мага мектепке барууга уруксат беришти. Диний көзкарашым жалпыда кабыл алынган көзкараштан айырмалангандыктан, мугалимдер менен курдаштарым көп суроо беришчү. Мектептен кантип кабар айтканымды таятама айтып бергенимде, анын көздөрүнөн ыраазы болуп турганы байкалар эле.

Көбүрөөк эркиндикке ээ болуу

Сталин 1953-жылы дүйнөдөн кайткандан кийин, жашообуз бир аз жеңилдей түшкөнсүдү. Бизге кыштактан чыгууга уруксат берилип, башка кыштактардагы жыйналыштарга катышып, сүргүнгө айдалган башка Күбөлөр менен пикирлешүүгө мүмкүнчүлүк ачылды. Элдин көңүлүн бурбаш үчүн, чакан топ болуп чогулуп жүрдүк. Жолугушуу өткөн жерге жетиш үчүн кээде 30 километрдей жөө басууга туура келчү; суук 40 градуска жетип турса да, тизеден келген карды малтап жөнөгөн учурларыбыз да болгон. Анан үйгө эртеси күнү гана кайтып келчүбүз. Жолдон туздалган бадыраң, бир-эки кетим кант жейбиз — болгону ошо. Ага карабастан, бир кездерде Дөөт падыша сүйүнгөндөй, төбөбүз көккө жете кубанабыз! (Забур 121:1).

1955-жылы Жахабага арналганымды билдирип чөмүлтүлдүм. Андан көп өтпөй коңшу кыштактагы жыйналыштан коңур чачтуу Лидия деген карапайым кыз менен таанышып калдым. Анын үй-бүлөсү да, биздикине окшоп, Күбө болушканы үчүн Молдавиядан сүргүнгө айдалган экен. Лидия мукам үндүү ырчы кыз эле. Ал ошол кезде колдонулган ыр китебибиздеги 337 ырдын дээрлик баарын жатка билчү. Мени ошонусу абдан таасирлентти, анткени биздин обондор менен ырларды абдан жакшы көрчүмүн. 1956-жылы Лидия экөөбүз баш кошууну чечтик.

Мен атама кат жазып жибердим (ал кезде анын Магаданда мөөнөтүн өтөп жатканын билип калганбыз). Атамдын макулдугун алдык да, тоюбузду өткөрдүк. Андан көп өтпөй атам бошонуп келди. Ал лагердин өтө начар шарттарында өзү жана башка биртуугандар Жахабанын жардамы менен кантип аман калышканын айтып берер эле. Аларды укканда ишенимибиз бекемделчү.

Атам бошонуп келгенден көп өтпөй башыбызга чоң кайгы түштү. Апам үйдү сырдаш үчүн сырга аралаштырууга олифа даярдап жаткан. Май кайнабаткан чоң идиш көмкөрүлүп кетип, ичиндегиси жаба төгүлгөндүктөн, апам катуу күйүп, ошол бойдон ооруканадан көз жумду. Бул, албетте, үй-бүлөбүз үчүн оор жоготуу болду. Кийин атам, күйүтү бир аз басылганда, кошуна кыштактагы Татьяна деген Күбөгө үйлөндү.

Кызматыбызды кеңейтүү

Лидия экөөбүз 1958-жылы Кизактан 100 километрдей аралыктагы Лебяжье деген чоңураак кыштакка көчүп бардык. Башка өлкөлөрдөгү ишенимдештерибиз үймө-үй кыдырып кабар айтышарын окучубуз, биз да ошентип кызмат кылып көрүүнү чечтик. «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарына тыюу салынган болчу, бирок аларды жашыруун жол менен башка жактан алып турчубуз. Анан жооптуу биртуугандар адабиятты орус тилинде гана алабыз деп калышты, ага чейин молдаван тилинде да алчубуз. Андыктан орус тилин ыклас коюп үйрөнө баштадык. Ошондо изилдеген макалалардын аталыштары гана эмес, айрым негизги ойлору да али эсимде.

Өзүбүздү камсыз кылыш үчүн Лидия экөөбүз тең иштедик: ал — элеватордо иштейт, мен вагон менен алып келинген карагайларды түшүрөм. Жумуш оор, маянасы абдан аз. Күбөлөрдү акниет жумушчулар катары баалашканы менен, бизге эч кандай жеңилдиктер (льгота) же сыйакы (премия) дегендер берилчү эмес. Бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрү үчүн «коммунизм куруп жаткан коомдо орун жок» деп ачык эле айтышчу. Бирок биз Ыйсанын: «Мен сыяктуу эле, алар да бул дүйнөдөн эмес»,— деген сөздөрү бизге тийиштүү аткарылып жатканына сүйүнчүбүз (Жакан 17:16).

Жаңы сыноолор

1959-жылы биринчи кызыбыз Валя төрөлдү. Көп өтпөй куугунтук кайрадан башталды. Бир энциклопедияда «1959—1964-жылдарда жаңы диний репрессиялардын уюштуруучусу Министрлер Советинин төрагасы Никита Хрущев болгону» белгиленген («Британ энциклопедиясы»). Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматчыларынын айтымында, Совет өкмөтүнүн максаты дин аттуунун баарын, өзгөчө, Жахабанын Күбөлөрүн түп-тамыры менен жок кылуу болгон.

Валяга 11 ай толуп калганда, мени аскер кызматына чакырышты — баруудан баш тарттым. Антип бейтараптуулук сактагандыгым үчүн кесилдим. Бир жолу Лидия түрмөгө мени көргөнү келгенде, КГБнын полковниги ага: «Бизге Кремлден эки жылдын ичинде Советтер Союзунда бир да Жахабанын Күбөсү калбоого тийиш деген түз көрсөтмө келип түштү»,— дептир. «Ишенимиңерден баш тартышыңар керек,— деп эскерткен экен ал,— антпесе, түрмөгө түшөсүңөр». Полковник аялдарды «алсыз жан» деп эсептегендиктен, ушинтип койсом, коркуп калышат деп ойлогон көрүнөт.

Аз убакыт ичинде дээрлик бардык эркек биртуугандар түрмөгө, тарбия-эмгек лагерлерине камалды. Ал эми аял-кыздар кабар айтуу ишин уланта беришти. Алар өздөрүнүн коопсуздугун тобокелге салып, түрмө менен лагерлерге жашыруун адабият алып келип турушчу. Лидия болсо дагы башка сыноолорго кабылды. Иштеген жеринде, менин жоктугуман пайдаланып, ордумду ээлеп алууга умтулган эркектер болду. Ага күйөөң эми эркиндикке чыкпайт, кайра келбейт дешчү экен — бирок мен келдим!

Бошонуп Казакстанга көчүшүбүз

Түрмөдө үч жыл олтурганымдан кийин, 1963-жылы, ишим кайрадан каралып, эркиндикке чыгарылдым. Бирок эч жакка каттала албай койдук. Ал эми катталмайын, жумушка кире алмак эмесмин. Ал кезде жашаган жериңде каттоого турбасаң, жумушка орношо алчу эмессиң. Жахабадан жардам сурап чын жүрөктөн тилендик да, Казакстандын түндүгүндөгү Петропавловск шаарына көчүп кетүүнү чечтик. Бирок ал жактын бийликтерине биз тууралуу маалымат жетип калгандыктан, жашаганга да, иштегенге да уруксат бербей коюшту. Ал жактагы 50гө жакын ишенимдешибиз да ушул сыяктуу каршылыкка кабылышыптыр.

Андыктан дагы бир түгөй менен — алар да Күбөлөр эле — түштүгүрөөк жактагы Щучинск деген чакан шаарга көчүп бардык. Ал жерде Күбөлөр жок болчу, ошондуктан бийликтегилер кабар айтуу ишибиз тууралуу эч нерсе билишчү эмес экен. Иван экөөбүз бир жума бою жумуш издедик, аялдарыбыз болсо темиржол вокзалында калышчу, ошол жерге конуп да жүрдүк. Акыры, айнек заводуна жумушка орноштук. Ал эми жашаганга эки керебет гана батарлык бир бөлмө таптык. Анда эки үй-бүлө жашачубуз. Бирок биз ошого да ыраазы элек.

Иван экөөбүз акниеттүүлүк менен эмгектендик, ошон үчүн башчыларыбыз бизди сыйлай баштады. Ал жактан мени кайрадан аскер комиссариаты чакыртты. А кезде заводдун деректири менин абийирим аскердик ишке үйрөнүүгө жол бербээрин билип калган. Күткөн эмес элек, бирок ал аскер комиссариатынын башкармасына чалып, Иван экөөбүздү «баалуу адистер», ошондуктан заводго абдан керек деп коюптур. Ошентип, бизге ордубузда калууга уруксат беришти.

Балдарыбызды чоңойтуу жана элге кызмат кылуу

1966-жылы экинчи кызыбыз Лиля төрөлдү. Бир жылдан кийин Казакстандын түштүгүндөгү Өзбекстанга чектеш жайгашкан Белые воды шаарына көчүп бардык. Ал жакта Күбөлөрдүн чакан тобу бар эле. Андан тез эле жыйналыш уюшулуп, мен жыйналыштын төрагалык кылуучу көзөмөлчүсү болуп дайындалдым. 1969-жылы Олег аттуу уулдуу болдук, эки жылдан кийин кичүү кызыбыз Наташа төрөлдү. Лидия экөөбүз балдар Жахабанын берген мурасы экенин унутчу эмеспиз (Забур 126:3). Ошондуктан экөөбүз балдарыбыз Жахабага карата сүйүү өрчүтүшү үчүн эмне кылышыбыз керектиги тууралуу көп сүйлөшчүбүз.

Эркек биртуугандардын көбү 1970-жылдарга чейин лагерлерде олтурушту. Көп жыйналыштар жардамга, рухий жетекчиликке муктаж болуп жатты. Ошондуктан балдарды тарбиялоо көбүнесе Лидиянын мойнуна артылып, кээде эненин да, атанын да милдетин өзү аткарган учурлары болду. Мен болсо кыдыруучу көзөмөлчү болуп дайындалып, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы жыйналыштарды кыдырчумун. Ошол эле учурда, үй-бүлөмдү камсыз кылыш үчүн иштеп да жүрдүм. Лидия менен балдарым болсо мага көп көмөк көрсөтүштү.

Кээде бир нече жумалап үйдөн алыс кетүүгө туура келсе да, балдарыма аталык мээримимди көрсөтүп, рухий жактан өсүүгө жардам берүүгө аракеттенчүмүн. Лидия экөөбүз Жахабадан балдарыбызды бекемдешин сурап көп тиленчүбүз. Алар менен адамдардан коркуу сезимин кантип жеңүүгө жана Кудай менен кантип өз ара жакын мамиле өрчүтүүгө болорун талкуулачубуз. Ошондо сүйүктүү аялымдын жардамы болбосо, кыдыруучу көзөмөлчүлүк милдетимди аткара алмагым күмөн. Лидия жана башка рухий эже-карындаштарыбыз алиги полковник айткандай «алсыз жан» эмес, ишенимдин бекем түркүгү болушту (Филипиликтерге 4:13).

Балдарыбыз чоңойгон кезде, 1988-жылы, райондук көзөмөлчү болуп дайындалдым. Районума Орто Азиядагы республикалардын көбү кирди. Ал эми 1991-жылы Советтер Союзунда Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу ишине расмий түрдө уруксат берилгенде, ал республикаларга көптөгөн шыктуу, рухий жактан жетилген эркек биртуугандар дайындалды. Азыр ал жактарда 14 кыдыруучу көзөмөлчү кызмат кылып жатат. Өткөн жылы ал беш республикада Ыйсанын Эскерүү кечесине 50 000ден ашуун адам катышты!

Күтүлбөгөн чакырык

1998-жылы жазында бизге күтүүсүздөн Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы филиалынан телефон чалып калышты. «Анатолий, Лидия экөөңөр толук убакыттагы кызмат тууралуу ойлонуп көрдүңөр беле?» — деп сурашты менден. Албетте, ойлонгонбуз, бирок балдарыбызга байланыштуу гана. Ал кезде уулубуз Олегдин Орусиядагы филиалда кызмат кылганына беш жылдай болуп калган.

Мындай чакыруу алганыбызды Лидияга айтканымда, ал: «Анда үйүбүздү, короо-жайыбызды эмне кылабыз? Оокат-соокаттарыбыздычы?» — деп сурады. Биз тилендик да, бардыгын талкуулап чыгып, чакырууну кабыл алууну чечтик. Ошентип, Алматыдан анча алыс эмес Есик (Казакстан) деген шаарда жайгашкан Жахабанын Күбөлөрүнүн диний борборунда кызмат кыла баштадык. Азыр ал борбордо Ыйык Китепке негизделген адабияттарыбыз жергиликтүү калк сүйлөгөн айрым тилдерге которулууда.

Үй-бүлөбүз азыркы кезде

Балдарыбызды чындыкта тарбиялоого жардам бергени үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз! Улуу кызыбыз Валентина турмушка чыгып, 1993-жылы Германиянын Ингельхайм деген шаарына көчүп кетти. Алардын үч баласы бар, баары тең — Жахабанын Күбөсү.

Экинчи кызыбыз Лиля да үй-бүлөлүү. Алар Белые воды шаарында турушат. Күйөөсү жыйналышта аксакал болуп кызмат кылат, алар да эки баласын Кудайды сүйүүгө үйрөтүп жатышат. Олег москвалык Наташа деген ишенимдешибизге үйлөнүп, Санкт-Петербургдун жанында жайгашкан филиалда кызмат кылып жүрөт. Кичүү кызыбыз Наташа да 1995-жылы турмушка чыкты. Азыр күйөөсү менен Германияда орус тилиндеги жыйналышта кызмат кылып жатат.

Кээде чоң үй-бүлөбүз менен чогулуп калабыз. Балдарыбыз өзүлөрүнүн балдарына биздин Жахабага болгон берилгендигибизди кантип сактап калганыбызды, аларды чыныгы Кудайды сүйүүгө жана ага кызмат кылууга кантип үйрөткөнүбүздү айтып беришет. Андай маектер неберелеримди канчалык бекемдээрин көрөм. Кенже неберемди карап отуруп, өзүмдүн кичине кезим эсиме түшөт. Ал алдыма олтуруп, ыйык китептик окуялардан айтып берүүнү сураганда, көзүмөн жаш кылгырып кетет. Бир кездерде өзүмдүн да таятамдын алдында олтурганымды, анын Жаратканыбызды сүйүүгө үйрөткөнүн, Ага кызмат кылууга болгон каалоомду өрчүткөнүн эстейм.

[19-беттеги кошумча]

Молдавиядагы үйүбүздүн жанында ата-энем менен (атам кесилер алдында).

[20-беттеги сүрөт]

Лидия менен сүргүндө жүргөндө, 1959-жыл.

[21-беттеги сүрөт]

Лидия кызыбыз Валентина менен (мен түрмөдөгү кезде).

[23-беттеги сүрөт]

Балдарыбыз жана неберелерибиз менен — баарыбыз Жахабага кызмат кылып жүрөбүз!

Лидия экөөбүздүн азыркыбыз.