Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштарга жардам берүү жана аларды коргоо

Жаштарга жардам берүү жана аларды коргоо

Жаштарга жардам берүү жана аларды коргоо

ЭНЕ сүтү али оозунан кете элек, турмушка да чыга элек кыздын кошбой болуп калышы — өкүнүчтүү көрүнүш. Анткен менен өспүрүмдөр арасындагы кошбойлуулук дүйнөлүк көйгөйгө айланды. Анын баарыбызга тиешеси бар десек күчөткөндүк болбос. Мындай жагдай Кудайдын: «Ойноштук кылуудан качкыла»,— деген буйругунун канчалык акылман экенин дагы бир ирет айкындайт (1 Корунттуктарга 6:18).

Тилекке каршы, кээде Кудайдын жол-жоболорун билген айрым кыздар да ал буйрукка көңүл бурбай, жыныстык бузукулукка барып, кошбойлуу болуп калышат. Кудайдын эли буга кандай карайт? Эгер тизгининен жаңылган кыз күнөөсү үчүн өкүнүп жатса, ага ата-энеси менен жыйналыштагылар сүйүү менен жардам берип, жөлөк-таяк болууга тийиш.

Мурунку макалаларда айтылган Николду эстейли. Ата-энеси аны Кудай жолунда тарбиялап келишкен. Ошондуктан анын күйөөгө чыга элегинде кошбойлуу болуп калышы баары үчүн күтүлбөгөн окуя болгон. Ошого карабастан, Николдун айтымында, жыйналыштагы «биртуугандар алардын үйүнө келип, Ыйык Китепти изилдөөгө, Жахабага бекем жармашууга түрткү беришкен».

Албетте, Жахабанын Күбөлөрү бузуку жүрүм-турумду туура көрүшпөйт. Бирок алар күнөө кетиргендердин ыйык китептик принциптерди колдонуу менен «акыл-оюн жаңыртып», өзгөрүлө аларын билишет (Римдиктерге 12:2). Күнөөсү үчүн өкүнгөндөрдү Кудай кечирерине да эч шектенишпейт (Эфестиктерге 1:7). Ошондой эле никесиз төрөлгөн баланын эч кандай айыбы жок экенин түшүнүшкөндүктөн аны жээришпейт, кайра башка балдарга жасаган мээримдүү, жылуу-жумшак мамилесин ага да жасашат (Колостуктарга 3:12).

Жалгыз бой бир эне Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал ыйык китептик кабарды кабыл алып, көп өтпөй жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү жасаган. «Баары мага, балдарыма чын ниеттен кызыгуу көрсөтүштү. Алар тамак-аш, кийим-кече, зарыл кездерде акча-тыйын жагынан да жардам берип жатышты. Кийин кабар айтуу ишине катыша баштаганымда, балдарымды карап турушчу. Алар Жахабага чыныгы сүйүү өрчүтүшүм үчүн менден жардамын аяшкан жок»,— дейт ал Жахабанын Күбөлөрү тууралуу.

Көйгөйдүн алдын алуу

Ооба, жардам берүү маанилүү. А бирок көйгөйдүн алдын алып, жаштарга андай ишке барбоого жардам берүү алда канча жакшы эмеспи. Ошол себептүү Жахабанын Күбөлөрү балдарын сүйүү өкүм сүргөн чөйрөдө өстүрүп-чоңойтууга умтулушат. Өспүрүмдөрдү ЖИКС (СПИД) — жуктурулган иммункем синдромун — жугузуп алуу же бойго бүтүп калуу ыктымалдыгы менен коркутуу жетишсиз экенин түшүнгөндүктөн, балдарына Жахаба Кудайга жана анын мыйзамдарына карата чыныгы сүйүү өрчүтүүгө жардамдашууга умтулушат (Забур 118:97). Алар балдарга жыныстык мамилеге байланыштуу суроолорду түшүндүрүп берүү зарыл деп эсептешет. Ошол эле учурда, балдарды ымыркай кезинен Ыйык Китептеги адеп-ахлак принциптерине үйрөтүү андан да маанилүү экенин жакшы билишет (2 Тиметейге 3:15). Падышалык залында рухий акыл-насаат берилсе да, ата-энелерге балдары менен үйдөн да Ыйык Китепти окуп-изилдөө сунуш кылынат. Ата-энелерге балдарын адеп-ахлактык жактан тарбиялоого жардам берүү үчүн ар кандай адабияттар чыгарылып турат. Алардын бири — «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» * (ор.) аттуу китеп.

Ыйык Китептин бийик адеп-ахлак нормалары менен дүйнөдө өкүм сүргөн жеңил-желпи, бейадеп көзкараштардын айырмасы асман менен жердей. Адеп нормаларына кармануу көптөгөн кыздар менен алардын болочок балдарын өспүрүмдүк кошбойлуулуктун азабын тартуудан сактайт.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

[12-беттеги сүрөт]

Жыйналыштагылар жалгыз бой энелерге мээримдүүлүк жана түшүнүктүүлүк менен мамиле кылышат.