Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Камакта жүрүшкөнү менен, эркин

Камакта жүрүшкөнү менен, эркин

Камакта жүрүшкөнү менен, эркин

Мексикадагы кабарчыбыздан

МЕКСИКАНЫН батышынан токсон километр ары Тынч океанда Лас-Трес-Мариас аралдары орун алган *. Алардын бири Мария-Мадреде 1905-жылдан бери Мексиканын федералдык колониясы жайгашкан. Бир кездерде ал аралга айдалуудан өткөн коркунучтуу жаза жок эле. Азыр болсо кесилгендер жакшы жүрүм-туруму үчүн ошол жакка которууну өзүлөрү суранышат!

Анын бир себеби кесилгендердин кээсине үй-бүлөсү менен чогуу жашоого уруксат берилгендигинде. Кесилгендер темир тор абакта эмес, чакан үйлөрдө жашашат. Анын үстүнө, арал чакан шаарлардай эле ар кандай ыңгайлуулуктар менен камсыз кылынган. Андагылар телефон, телеграф, телекөрсөтүү жана почта кызматтарынан пайдаланып, сырткы дүйнө менен байланыша алышат. Балдарга билим берүү үчүн баштапкы класстар да бар, бирок жогорку класстарда окуш үчүн, алар материкке кайтып барууга тийиш. Аралга келип-кетүү катуу текшерүүгө алынганы менен, жумасына бир жолу тамак-аш жүктөлгөн кеме менен «коноктор» келип турат.

Ал эми түзөтүү иши кандайча жүргүзүлөт? Камактагылар өзүлөрүн колонос (испан тилинде «көчүп келгендер») деп атап коюшат. «Колоностор» күнүнө бир нече сааттан иштешет. Бул аларга кийин бошонгондо коом менен жуурулушуп кетүүгө жардам берет. Андан тышкары, тапкан акысы алардын түрмөдө камсыз кылынышына жумшалат. Ошондой эле колоностор өз алдынча кандай иш жасашты өзүлөрү тандашат: кааласа — жер иштетет, кааласа — кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ошону менен өзүлөрүнө бир аз акча таап ала алышат. Бирок аралда такыр тартип жок эмес, бар. Камактагыларды эртең менен дайыма санакка алып турушат; ал эми кечинде саат тогуздан кийин эшикке чыгууга тыюу салынган.

Аралга рухий эркиндиктин келиши

Үй-бүлөсү Жахабанын Күбөлөрү болгон бир адам 1985-жылдары камакта олтурганда рухий жардам сурагандыктан, аны менен кат аркылуу ыйык китептик изилдөө өткөрүлө баштаган. Анан бара-бара Ыйык Китеп изилдегендердин тобу пайда болуп, жыйналыш өткөрүлүп калган. Кийин аралга бийликтегилердин уруксаты менен Жахабанын Күбөлөрү байма-бай келе башташкан. Ал жакка жетүү үчүн алар материктеги Масатландан чыгып, түнү менен 13 саат жол жүрүшөт. Мунун аркасында бир нече жылдын ичинде камактагылардан 40ка жакын адам Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты изилдеп, чөмүлтүлүп, мөөнөтү аяктаган соң, бошонуп чыгышкан. Бул макала жазылып жаткан маалда аралда 6 Күбө бар болчу жана жыйналыш жолугушууларына орто эсеп менен 25 киши келип жаткан.

Бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнүн жасаган аракеттерин баалашат. Ал эми камактагылардын ичинен бирөө Күбө болсо, башкалары аны сыйлай башташат. Жакында түзөтүү колониясынын башкармасынын орун басары камактагыларга келген Күбөлөрдүн бири менен минтип ой бөлүшкөн: «Бизди унутпай келип турганыңар, камактагылардын денсоолугуна, адеп-ахлактыгына кам көрүп, аларга көңүл буруп жатканыңар — абдан жакшы иш! Биз болсо силерден колдон келген жардамыбызды аябайбыз». Андан сырткары, ал биртуугандарга чогулууга уруксат берилген имаратты оңдотууга даяр экендигин билдирген.

Колонияда он жыл олтурган бир Күбө мындай дейт: «Келген биртуугандар менден бияктан кеткиң келеби деп сурашканда, кызматымды ушул жерде уланткым келерин айтам. Мен аралды өзүмө берилген аймак катары эсептейм, анткени бул жакта жарчылар абдан керек. Бирок, албетте, мен жыйындарга барып тургум, биртуугандар менен баарлашкым да келет». Жакшы жүрүм-туруму үчүн бул биртууган эмки жылы бошотулмак болду.

Билдирүүлөр боюнча, Лас-Трес-Мариас аралдарындагы түзөтүү иши кыйла натыйжалуу жүрүп жаткандай. Анткен менен туткундагы адамдарга «боштондук», «камактагыларга зындандын ачылышын», башкача айтканда, чыныгы рухий эркиндикти Падышалык жөнүндөгү кабар алып келет (Лука 4:18; Ышайа 61:1).

[Шилтеме]

^ 3-абз. Лас-Трес-Мариас (мааниси — «Үч Мария») деп аталганы менен, расмий түрдө бул архипелагга төрт арал кирет. Алардын үчөөндө эл отурукташкан эмес.

[21-беттеги сүрөт/кутуча]

Баңгиликтен бошонуу жана аксакал болуу

Гильермо баңгизат сатып, колдонгону үчүн түрмөгө түшкөн. Ал аралга жөнөтүлгөндөн кийин деле баңгизат колдоно берген. Анан баңгизат үчүн узак мөөнөткө камалгандардын кээси негедир өзүлөрүн тыкан, кубанычтуу, үлгүлүү алып жүрөрүн байкаган. Алардын Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китеп изилдешерин билгенде, Гильермо жыйналышка катышып көрүүгө макул болгон. Ошентип аны менен ыйык китептик изилдөө өткөрүлө баштаган.

Гильермо жашоосунда чоң өзгөрүү жасап, көп өтпөй түрмөдөн бошотулган. Ал бошонору менен ыйык китептик изилдөөсүн улантуу үчүн Жахабанын Күбөлөрүн издеп тапкан. Азыр ал жыйналышта аксакал катары кызмат кылат. Учурда анын туугандарынын ичинен 17 адам — Жахабанын Күбөсү. «Жахабаны билгениме, жаман адаттарыман арылганыма аябай сүйүнөм. Мурунку досторумдун көбү баңгизаттын азабынан өлгөн. Баңгиликтин мээме тийгизген кесепетинен улам мага бир нерсени эстеп калуу кыйын болчу. Бирок Жахабанын Күбөлөрү колдонгон окутуу ыкмасы эстутумумду бир топ жакшыртууга жардам берди. Врачтар абдан таң калышты, анткени алар мындай ийгилик жасаарыма күмөн санашчу. Ыйык Китептеги чындыктын өзүмө жана үй-бүлөмө тийгизген пайдасын сөз менен айтып бүтө албаймын. Биз мурун бири-бирибизге жылуу мамиле кылчу эмеспиз, азыр болсо абдан ынтымактуубуз»,— дейт ал.

[28-беттеги сүрөт]

Мария-Мадре а.

Лас-Трес- Мариас а-ры

Масатлан

[20-беттеги сүрөт]

«Колоностор» үй-бүлөлөрү менен Мария-Мадредеги Падышалык залынын жанында.