Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга жакындоонун жолу

Кудайга жакындоонун жолу

Кудайга жакындоонун жолу

Көптөргө «Жахабага жакында» деген китепти окуп чыгуу сунуш кылынган. Аны окуган бир аял минтип ой бөлүшөт: «Китепти жаңы эле окуп бүттүм. Эч бир китеп мынчалык таасир калтырган эмес эле. Жахабанын чынында эле абдан мээримдүү, камкор, боорукер Ата экенин көрсөткөн ойлор үчүн ырахмат».

Дагы бир аял өзүнүн кандай сезимде болгонун мындайча айткан: «Бу жаңы китеп Атамдын улуу ойлорун жана баарыбызга төгүп жаткан мээримин аңдоого, Аны дагы да жакын билүүгө мүмкүнчүлүк берди. Колуңа баалуу ташты, мисалы, кооз алмазды алып, аны жай айлантып, улам бир кырын суктана карап жаткан өңдүү, бу китептин биринен бири кызыктуу бөлүмдөрүн окуп олтуруп ушундай бир таасирленесиң».

«„Жахабага жакында“ аттуу китепти азыр эле окуп бүттүм. Анын акыркы эки абзацын окуп жатканда, жандүйнөм ушунчалык кастарлоо сезимине, сүйүүгө толуп чыккандыктан, токтой калып тилендим. Жахабага болгон ыраазычылыгым чексиз тереңдеди!» — дейт дагы бир аял.

Эгер 320 беттен турган ал китепти окуп чыксаңар, силер да ушул сыяктуу сезимде болосуңар деп ойлойбуз. Аны алыш үчүн, төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жиберсеңер болот.

□ «Жахабага жакында» деген китепти алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.