Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Никеге чейин тазалыгымды кантип сактай алам?

Никеге чейин тазалыгымды кантип сактай алам?

Жаштардын суроолору:

Никеге чейин тазалыгымды кантип сактай алам?

«19 жашымда мектептеги бир бала менен жыныстык байланышка баргам. Ошондон кийин аябай уялып, кыйналдым. Өзүмдү барып турган пас адамдай сезип калгам» (Лейси) *.

«ОЙНОШТУК кылуудан качкыла»,— деп айтылат Ыйык Китепте (1 Корунттуктарга 6:18). Ошого карабастан учурда бул чакырыкка жараша жашап, никеге чейин жыныстык катнашка барбаган улан-кыздар чанда гана кездешет көрүнөт. Ал эми жаштардын көбү, Лейсиге окшоп, каалоосуна алдырган соң, абийири айыптап кыйналат.

Жыныстык каалоолорду ооздуктоо оңой эмес экени чын. Бир китепте жыныстык жетилүү маалында гормондук өзгөрүүлөрдөн улам «өтө күчтүү жыныстык каалоолор ойгонору» маалымдалат («Adolescent Development»). Пол аттуу улан: «Кээде менде жыныстык байланыш жөнүндөгү ойлор себепсиз эле пайда боло берет»,— деген.

Бирок педиатрия профессору Хауард Кулин «[өспүрүмдөр] кылган иштердин баарын гормондорго шылтап коюу барып турган жаңылыштык экенин» белгилеп, ага коомчулукка байланыштуу себептер да таасир этерин түшүндүрөт. Коомдук себептер, өзгөчө, курбу-курдаштардын кысымы кээде чынында эле күчтүү болот.

Өзүнүн китебинде Патришия Херш «жаштардын өз алдынча коом түзүп алганын» айтат. «Ал жаштардын кадимки эле тобу эмес. Чоң адамдардан бөлүнгөн, көзкарашы, жүрүм-турум маданияты жана эрежелери менен бөтөнчөлөнгөн топ»,— дейт Херш («A Tribe Apart»). Бирок дал ошол «жүрүм-турум маданияты» жана «эрежелер» жаштарды жыныстык каалоолорун башкарууга эмес, тескерисинче, аткарууга алып келүүдө. Ошол себептүү жыныстык бузукулукка барбоо көптөр үчүн оңой эмес.

Бирок Кудайга ишенген жаштар акылдуулук кылып, бузукулуктун бардык түрлөрүнөн чечкиндүүлүк менен сактанышат, себеби алардын Кудай жактырбаган «күнөөкөр табияттын иштерине» кирерин түшүнүшөт * (Галаттыктарга 5:19). Сен канткенде курдаштарыңдын кысымына каршы туруп, адеп-ахлактык тазалыгыңды сактай аласың?

Акылдуу адамдар менен достош

Айлана-чөйрөдөгүлөр терс таасир тийгизген күндө да, туура ой жүгүрткөн досторуң менен пикир алышуу сага көп пайда алып келери шексиз. «Акылдуу адамдардын арасында дайыма болгон адам акылдуу болот»,— деген аятта дал ошондой ой камтылган (Накыл сөздөр 13:20; 1 Корунттуктарга 15:33). Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) билдирүүсүндө белгиленгендей, «сак-саламаттыгына кызыкдар ата-энеси, башка чоң адамдар жана курбулары менен тыгыз пикирлешкен» жана «жашоосунда туруктуулук менен жүрүм-турумдун белгилүү бир чектөөлөрү бар өспүрүмдөр... жыныстык жашоону эрте баштоодон дээрлик алыс болушат».

Ата-эне менен жакын пикирлешүүнүн пайдасы чоң. «Мен атам менен апам жардам бергендиктен кысымга туруштук берип, тазалыгымды сактап калдым»,— дейт Жозеф. Ооба, Кудайдан корккон ата-энең сага Ыйык Китепте көрсөтүлгөн жолдон чыкпоо үчүн зарыл жетекчилик бере алат (Эфестиктерге 6:2, 3). Алар адеп-ахлактык тазалыгыңды сактоого болгон чечкиндүүлүгүңдөн жазбоого көмөктөшө алышат.

Алгач, балким, ата-энең менен жыныстык жашоого байланыштуу нерселер тууралуу сүйлөшүүдөн тартынаттырсың. А бирок алардын сени канчалык түшүнөрүн көргөндө таң каласың. Себеби алар өзүлөрү да бир кездерде жаш болушкан да. Ошондуктан Соня өзү теңдүү жаштарга: «Ата-энеңерге кайрылгыла, алар менен жыныстык мамиле тууралуу ачык сүйлөшүүдөн коркпогула»,— деп кеңеш берет.

А эгер эне-атаң ыйык китептик жол-жоболорго карманышпасачы? Албетте, сен аларды сыйлайсың. Ошол эле учурда керектүү жетекчиликти башкалардан алсаң болот. Жогоруда сөздөрү келтирилген Пол: «Бул боюнча мага жыйналыштагы жетилген жубайлар көптү түшүндүрүп беришти»,— дейт. Энеси чындыкта эмес Кенжи да ошол сыяктуу ой айтат: «Кеңеш керек болгондо, жетилген, рухий ишенимдештериме кайрылам. Ал эми адеп-ахлактык эрежелерге бекем карманбагандардан, мейли, алар өздөрүнүн диний көзкараштары меники менен бирдей деп ырасташса да, оолак болом».

Жыйналышта кимдер менен пикир алышарыңды байкоо да талап кылынышы мүмкүн. Себеби, Ыйык Китепте эскертилгендей, адатта, чоң топ болгон жерде өзүлөрүн татыксыз алып жүргөн адамдар болбой койбойт (2 Тиметейге 2:20). Жыйналышыңдагы жаштардын кээси «эки жүздүү» экенин байкасаң, эмне кылышың керек? (Забур 25:4). Андайлар менен жакын пикир алышпа, ынакташпа. Тескерисинче, адептик тазалыгыңды сактоого болгон чечкиндүүлүгүңдү бекемдей ала тургандар менен достош.

Зыяндуу таасирлерден сактан

Жыныстык каалоолорду ачыктан ачык же жашыруун ойготкон таасирлерден сак бол. Аларды китеп-журнал, музыкалык клиптер менен кинотасмалардан жана видеооюндар менен Интернеттен көп кездештирүүгө болот. Маалымат каражаттарында никеге чейин жыныстык байланышта болуу эң бир сонун, ыракаттуу, абдан коопсуз иш катары көрсөтүлөт. Бул кандай натыйжага алып келет? «Мен жыныстык катнаш менен эркектердин ортосундагы жыныстык байланыш өөн эмес нерседей талкууланган телешоу көрчүмүн,— дейт жогоруда сөзү келтирилген Кенжи.— Ошондуктан андай нерселерге Жахабанын канчалык олуттуу караарын унута баштагам».

Чынында, көптөрдүн кызыгуусуна ээ болгон көңүл ачуу программаларында никеге чейинки катнаштын жагымсыз жыйынтыктары: күтүүсүз кошбойлуулук, өтө эрте баш кошуу, жыныстык жол менен таралуучу оорулар көбүнесе жашырылып коюлат. Ошондуктан «жаманды жакшы деп, жакшыны жаман дегендерге» алданба (Ышайа 5:20).

Накыл сөздөр 14:15теги: «Акылсыз адам ар кандай сөзгө ишене берет, ал эми акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт»,— дегендерди эсиңен чыгарба. Эгер китеп окуп же Интернетти колдонуп, же телевизор көрүп жатканда жыныстык каалоолорду козгогон жерлери бар экенин байкасаң, ал китепти дароо жап, компьютерди өчүр же телевизорду башка каналга котор! Анан көңүлүңдү жакшы, таза ойлорго бур (Филипиликтерге 4:8). Ошенткенде туура эмес ой-каалоолордун жүрөгүңө тамыр байлап алышына жол бербейсиң (Жакып 1:14, 15).

Кооптуу жагдайлардан оолак бол

Бирөө менен сүйлөшүп жүрөсүңбү? Анда сенден сак болуу талап кылынат. Себеби Ыйык Китеп: «Адамдын жүрөгү баарынан анткор, ал өтө бузулган»,— деп эскертет (Жеремия 17:9). Сезимдерди көрсөтүү чектен ашып кетип, бузукулук жасоого алып келиши ыктымал. Ошон үчүн сак болууну унутпай, жаныңарда үчүнчү адам жүрүшүнө кам көргүлө же бийик адеп-ахлак нормаларына кармангандардын чөйрөсүндө жолугушкула. Бузукулук жасоо азгырыгы пайда болушу мүмкүн болгон жерлерде экөөң жалгыз калбагыла.

Балким, силер жакында баш кошобуз дегендиктен бири-бириңерге болгон сезимиңерди ачык-айрым көрсөтүүнү натуура көрбөйт чыгарсыңар. Бирок БДССУнун билдирүүсүндө мындай маалымат берилет: «Баш кошор убактысы жакындап калганда, эски салт-санааларды сактаган өлкөлөрдө да аялдардын көбү никеге чейинки катнашка барат шекилдүү» *. Ошондуктан сезимдерди билдирүүдө чектен чыкпоо талап. Аны менен өзүңөрдү бөөдө кыйынчылыктардан коргойсуңар.

ирок андай иштердин алдын алууга болот. Ан үчүн бир катар сактык чараларын көрүү талап: коркунучту алдын ала байкай бил, ага шарт түзүүчү жагдайлардан кач, эгер кооптонуу пайда болсо, тезинен тийиштүү иш-аракеттерди жаса *.

Жүрөгүңдү «бекемде»

Бул макалада берилген кеңештер сага адеп-ахлактык тазалыгыңды сактоого жардам берерине үмүттөнөбүз. Бирок өзүңдү кандай алып жүрөрүң, баарынан мурда, өз жүрөгүңөн көзкаранды. Ыйса «ойноштук кылуунун... жүрөктө пайда болорун» белгилеген (Матай 15:19). Ошондуктан адеп-ахлактыкка байланыштуу суроолор боюнча жүрөгүңдүн эки анжы болушуна жол бербе! (Забур 12:2; 118:113).

Эгерде адептик тазалыгыңды сактоого болгон чечкиндүүлүгүң солгундап баратканын же жүрөгүң натуура нерселерди жактырып жатканын байкасаң, Дөөттөй болуп тилен. Ал: «Сенин ысымыңдан коркуп туруш үчүн, жүрөгүмдү бекемде»,— деп суранган (Забур 85:11). Анан тиленүүңө жараша иш кылып, Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды изилдеп-оку жана алардан билгендериңди иш жүзүндө колдон (Жакып 1:22). Лидия мындай дейт: «Мен „ойноштук кылуучу, нике бузуучу... Кудайдын Падышачылыгында мураска ээ болбойт“ дегенди унутпайм. Бул мени бузукулук жасоодон сактайт» (Эфестиктерге 5:5).

Никеге чейинки жыныстык байланыштан сактануу оңой-олтоң болбошу мүмкүн, бирок Жахабанын жардамы менен сен адеп-ахлактык тазалыгыңды сактап, өзүңдү да, өзгөнү да ашыкча кайгы, кыйынчылыктардан оолак болтурасың (Накыл сөздөр 5:8—12).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 8-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2004-жыл, октябрь— декабрдагы санына чыккан «Жаштардын суроолору» рубрикасындагы «Никеге чейинки жыныстык мамиленин эмнеси жаман?» аттуу макаланы карагыла.

^ 21-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» (ор.) китебинин 29-бөлүмүн карагыла.

Тилекке каршы, жыныстык катнашка бирөөнүн мажбурлоосу менен барган жаштар, өзгөчө, кыздар көп. Бир изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, «АКШда 15 жашка чыга элек өспүрүм кыздардын 60 пайызы жыныстык байланышка бирөөнүн кысымы менен барган». Керт башынын каалоосуна жетиш үчүн бузуку адамдар көбүнчө күч колдонот (Насаатчы 4:1). Мисалы, Ыйык Китепте Дөөт падышанын Амнон аттуу уулу аталаш карындашы Тамарды «сүйүп калып», митаамдык менен зордуктап койгону айтылган (2 Шемуел 13:1, 10—16).

^ 22-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2000-жыл, 22-августтагы санына чыккан «Жаштардын суроолору» рубрикасындагы «Тийишүүгө кантип каршы турууга болот?» (ор.) жана 2004-жыл, 22-июндагы санына чыккан «Сүйлөшкөн адамымдын жаман мамилесин кантип токтото алам?» (ор.) аттуу макалалардан кошумча кеңеш табууга болот.

[17-беттеги сүрөт]

Ой-сезимдериңди ата-энеңе айтсаң, адеп-ахлактыктыгыңды сактай аласың.

[18-беттеги сүрөт]

Адеп-ахлак нормаларына кармангандардын чөйрөсүндө жолугушкула.