Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Теракттан калган жарааттар

Теракттан калган жарааттар

Теракттан калган жарааттар

ИСПАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

2004-жылы 11-мартта Мадридде (Испания) темиржол станцияларынын үчөөндө абаны солкулдаткан жарылуу болуп өттү. Эл ташыган төрт поездде 10 бомба бирдей жарылгандыктан, жалпы жону, 190 адам набыт болуп, 1 800ү жаракат алды.

Жардыруу эртең менен, поезддерге эл жыкжыйма толгон маалда, болуп өткөндүктөн жабыркагандар өзгөчө көп болду. Ошол окуяга туш болгон Ароа минтип айтып берди: «Жарылуунун күчүнөн бир вагон жерден бир метрче көтөрүлүп кайра түштү. Өзүм олтурган вагондон түшкөнүмдө — жоо чабышкан майданды көргөндөй эле болдум. Мынчалык кандуу көрүнүштү өз көзүң менен көргөн жаман экен...». Төрт поезддин он вагонундагы жардыруулардын баарынын натыйжасы ошондой болгон. Террористтер вагондорго жардыруучу затка толтурулган рюкзактарды калтырып кетип, анан жантелефондордун жардамы менен ишке келтиришкен.

Жүргүнчүлөрдүн айрымдары үрөйдү учурган ал окуяны унута алышканы менен, Ароага окшоп, эмоциялык жактан да, денелик жактан да олуттуу жаракат алгандар көп. «Жардыруудан кийин кулагым дээрлик укпай калды. Андан да жаманы, түрү укмуш алиги окуя эсимен кетпей жатат»,— дейт Ароа.

«Дагы жакшы, мен Жахабанын Күбөсү болгондуктан, көп сооронуч-жардам алдым. Ишенимдештеримдин дүйнөнүн булуң-бурчунан телефон чалып, кат жазып жатышканы мени чыныгы эларалык биртуугандыгым бар экенине ынандырды. Андан тышкары, Ыйык Китеп эмне себептен азыр мындай мыкаачылыктар жасалып жатканын түшүнүүгө жардам берет. Иштеген жеримдегилердин кээсине, Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар боюнча, „акыркы убакта“ адамдардын ташбоор, элдешпес болорун түшүндүрүп бердим. Толук убакыттуу кызмат да жүрөгүмдөгү жараатты басаңдатууга абдан жардам берди»,— дейт ал (2 Тиметейге 3:1—3).

Олуттуу жараат алган жүргүнчүлөрдүн бири — Педро. Ал өзү бараткан вагондо жарылган бомбадан 4 метрче арыраакта турган. Жарылуу толкуну урганда жыгылып кеткендиктен Педро башынан катуу жаракат алган. Андан тышкары, анын дем алуу жолдору да жабыркаган. Ал беш күн интенсивдүү терапия бөлүмүндө жаткандан кийин гана өзүнө келе баштаган. Ооруканага көптөгөн ишенимдештеринин келиши ага кайрат берип, оорукана кызматкерлерин таң калтырган. Бир медайым: «Ооруган адамга мынча көп адам келип, мынча көп белек-бечкек берилгенин 26 жылдан бери биринчи көрүшүм»,— деген. Ал эми Педро өзү оорукананын кызматкерлерине ыраазы экенин айтат: «Абдан мыкты иштешти. Мага да аябай жардам беришти».

Жүргүнчүлөрдүн арасында Испанияга жаңыдан көчүп келгендер да болгон. Мануэль аттуу кубалык жигит «Аточа» вокзалында биринчи бомба жарылганда жарадар болуп, экинчиси жарылганда эс-учун жоготуп койгон. «Платформада жүзтөмөнүмөн жатканда, дүрбөлөң түшүп качкан эл мени тебелеп өтө беришиптир. Эсиме келсем — эки кабыргам сынып, бутум жаракат алып, бир кулагым укпай калыптыр»,— дейт ал.

«Полиция, медицина жана өрт өчүрүү кызматкерлери бир нече мүнөт өтүп-өтпөй жетип келип, бизге жардам көрсөтө башташты. Мындай учурларда эмне кылышты жакшы билишет экен, алардын ыкчам, билгичтик менен иштеп жатышы элдин дүрбөлөңүн басаңдатты,— дейт Мануэль.— Алар мага боорукерлик менен мамиле кылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүштү».

Окуянын узакка созулган таасири

Ароа менен Мануэль эмоциялык жактан да жараат алышкан. «Жакында эле поездге киргенде жүрөгүм оозума кептеле түштү. Кайра чыгып кетишке арасыз болдум. Эми коомдук унааларга түшкөн сайын рюкзак же чоң сумка көтөргөн бирөөлөрдү көрсөм, шектенип карай берчү болдум. Менин Испанияда жакын туугандарым жок, бирок башка жабыркагандарга салыштырмалуу көп жубатуу алдым: жүздөгөн Күбөлөр телефон чалышты. Ал эми бир үй-бүлө, жалгызсырабасын деп, мага бир нече күн өзүлөрүнүкүндө жашап турууну сунуш кылды. Эларалык биртуугандыктын ушунчалык баалуу жардамынан улам өзүмө келе баштадым»,— дейт ал.

Серхио денелик жактан жаракат албаганы менен, көргөндөрү кайра-кайра көз алдына келе бергендиктен кыйналат. Ал поездде баратканда, алдыңкы жана арткы вагондордо бомба жарылган. Серихо да, Мануэлдей болуп, үй-бүлөсүнүн жана ишенимдештеринин көрсөткөн сүйүүсү жана жубатуусу үчүн абдан ыраазы. «Мен алардын сүйүүсүн көргөндөн тышкары, өзүмдү бири-бирине абдан жан тарткан чоң үй-бүлөнүн мүчөсүндөй сездим. Алар мага күндө кам көрүп жатышты. Телефон чалган көптөгөн биртуугандарыма сезимдеримди билдире алдым. Чынын айтсам, мурун бирөөгө мынчалык ачыла алчу эмесмин»,— дейт ал.

Жүргүнчүлөрдүн кээси башка нерседен улам кыйналат. Мисалы, Диего жарылбай калган төрт бомбанын биринин жанында олтурганын билген эмес. Ал поездден аман-эсен түшкөн. Бирок ал: «Ошондо жарадар болгондорго жардам бербегеним үчүн абийирим айыптайт. Жүздөгөн адамдар станциядан туш тарапка качканда, мен да качып жөнөгөм...» — деп кайгырат.

Окуя бразилиялык Рамон аттуу жаш жигитке катуу таасир эткендиктен, ал кыймылдоого араң жарап калган. Ошого карабастан Рамон эки күндөн кийин эле Падышалык жөнүндө жакшы кабар таратууга киришүүнү чечкен. Кабардан ал чыныгы динди издеп жүргөн португалдык бир кишиге жолуккан; Ыйык Китепти изилдей баштагандан тартып ал киши жыйналыштарга келип жатат. «Башкаларга рухий жардам бергенде өзүң да жеңилдене түшөсүң»,— дейт Рамон.

Албетте, бул окуяны башынан өткөргөндөрдүн денелик да, эмоциялык да жаракаты айыгышы үчүн убакыт керек. Тилекке каршы, азыр андай зордук-зомбулук кай жерде болбосун жасалышы мүмкүн. Кырсык баскан маалдарда рухий сооротуу чоң жардам берет, бирок Кудайдын Падышалыгы гана зордук-зомбулукту толугу менен жок кылат (Аян 21:3, 4).

[15-беттеги кутуча]

КЫРСЫК МААЛЫНДА РУХИЙ ЖАРДАМ АЛУУ

Мануэль Суарес:

«Ооруканага жеткирилер алдында Накыл сөздөр 18:10догу: „Теңирдин ысымы — бекем мунара: адил адам ага качып кирип, коопсуз болот“,— деген сөздөрдү эстеп жаттым».

Ароа Сан-Хуан:

«Мындайды башыңан өткөргөндө акыркы убакта жашап жатканыбызды, ошон үчүн рухий нерселерге көңүл коюу керектигин ого бетер айкын түшүнөт экенсиң. Толук убакыттуу кызматтын жардамы менен абалым аз-аздан оңолуп келатат».

Фермин Хесус Мозас:

«Башыман жаракат алсам да, башка жүргүнчүлөргө жардам берип, кайраттандыра алдым. Менимче, мен тирилүүгө болгон үмүттөн улам кайратымды сактадым».

Педро Карраскилья:

«Көкүрөк тушум катуу жабыркап интенсивдүү терапия бөлүмүндө жатканымда 1 Тиметейге 6:19дагы „түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнаш“ керек деген сөздөр улам эсиме келип жатты. Бул аятта Кудай аны жакшы көргөндөргө Бейиштен орун берүүнү убадалаган. Биз дал ошого үмүттөнүп жашап келет эмеспизби».

[13-беттеги сүрөт]

Үстүндө: «Аточа» станциясынын жанындагы темиржолдо жабыркагандарга жардам берилүүдө.

Оңдо: Кырсык болгон жерде пайда болгон эстелик.

[Булак]

Top: CORDON PRESS