Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чогуу жашап көрүү үй-бүлө курууга бекем негиз салабы?

Чогуу жашап көрүү үй-бүлө курууга бекем негиз салабы?

Чогуу жашап көрүү үй-бүлө курууга бекем негиз салабы?

БӨЛӨК жыныстагы эки адамдын никеге турбай чогуу жашашы, бир басылмада белгиленгендей, «өнүккөн өлкөлөрдө катардагы көрүнүштөрдүн бирине айланды» («Journal of Marriage and Family»). «Никеге турбай чогуу жашагандардын жарымдайынын көзкарашы боюнча, андай жашоо үйлөнөрдөн мурун эки адамдын бири-бирине төп келер-келбесин аныктоого жардам берет». Андыктан айрымдар, жогорудагы булакта белгиленгендей, алдын ала чогуу жашоо «ар кандай келишпестиктерди жоюп, болочок үй-бүлөнүн бекемирээк болушуна шарт түзөт» деп ойлошот.

«А бирок,— деп баса көрсөтүлөт ошол эле булакта,— далилдер иштин жайы тескерисинче болорун айгинелөөдө». «Чогуу жашап көрүп, анан баш кошкондордун үй-бүлөсүндө бирге убакыт өткөрүү, чогуу иш жасоо, бири-бирин жөлөп-таёо, көйгөйлөрдү чечүү — аз, ал эми өз ара келишпестик, кыйынчылык көп болору байкалат... Мындан тышкары, андай үй-бүлөлөрдө ажырашуу ыктымалдыгы никеге тургандан кийин жашай баштагандардыкына салыштырмалуу жогору».

Мындай изилдөөлөрдөн айкын болгондой, адамга туура көрүнгөн иштер, чынында, таптакыр натуура болуп чыгышы мүмкүн. Бул Жеремия 10:23төгү: «Өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес»,— деген сөздөрдүн төгүнсүздүгүн тастыктайт. Ошол себептүү никеге байланыштуу эң сонун кеңештер камтылган Кудайдын Сөзүнө, Ыйык Китепке, кайрылуу — кандай гана акылмандык! (2 Тиметейге 3:16). Алсак, никедеги мамилелер тууралуу Ыйык Китепте: «Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот»,— деп айтылган (Башталыш 2:24; Матай 19:5).

Адамдардын өзгөрмөлүү жана көп учурда ишенимсиз ой-түшүнүктөрүнө эмес, Кудайдын ушул көрсөтмөсүнө карманганда, чынында, бактылуу жана бекем үй-бүлө күтүүгө болот (Накыл сөздөр 3:5, 6).