Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн тукум курут болуп баратышат?

Эмне үчүн тукум курут болуп баратышат?

Эмне үчүн тукум курут болуп баратышат?

ИНДИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

АЙБАТТУУ бенгал жолборсу, көк жал сымал ит, индия турналары, байыркы ташбакалар жана индия пили — булар Индиядагы тукум курут болуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын айрымдары гана. Мисалга кургакта жашоочу эң ири сүт эмүүчү жаныбардын, пилдин, жагдайын алалы.

Пилдин азуу тиши азыр да чоң сурамга ээ. Анын башкы керектөөчүсү — Жапония, аны менен катар Кытай турат. Анткени аталган өлкөлөрдө азуудан жасалган таякчалар тамак-аш ичүүдө кеңири пайдаланып келет. Бул индия пилдерине канчалык кесепетин тийгизүүдө?

Мындан бир канча убакыт мурун «Таймс оф Индиа» басылмасында төмөнкүдөй маалымат берилген: «Африка пилдеринен айырмаланып, индия пилдеринин эркектеринин гана, ошондо да алардын айрымдарынын эле азуу тиштери болот. Андыктан башкы «бута» — азуулуу чоң пилдер. Расмий эсептөөлөр боюнча, Индияда жылына жүзгө жакын [эркек пил] өлтүрүлөт. Ошол себептүү алардын эркек менен ургаачыларынын сан жагынан өз ара катышы бузулууда». Ушундай абалдан улам бул түр үчүн тукум курут болуу коркунучу күчөп барат.

Бир тутам «жипчелери» үчүн...

Кургакта жашаган ири сүт эмүүчүлөрдүн экинчисинин — кериктин — жагдайын да алалы. Жалгыз мүйүздүү керик же индия кериги Индия менен Непалда гана коргоого алынган. Индиянын түндүк-чыгышындагы Ассам штатында Побитара коругу орун алган. Анын аянты өтө кичине: болгону, 38 квадрат километр; ал кериктер үчүн кыйла тардык кылат. Ошондуктан алар жан-жакадагы айыл-чарба талааларына кезип кетип, ууланып өлүшү же атып өлтүрүлүшү ыктымал.

Ал жакта мыйзамсыз аңчылык кылгандар керикти өлтүрүүнүн амалдуу жолун таап алышкан. Побитара коругунун баш жагынан кубаттуулугу 11 000 киловаттка жеткен эки электр зымы өтөт. Аңчылар алиги зымдарга узун бамбук таяктын жардамы менен жерге жеткидей кылып зым арта салып коюшат. Ага кабылган керик эмне болорун биолог Вивек Менон минтип сүрөттөйт: «Кубаттуу электр тогу денесинен өткөндө, эки ирет оор күрсүнүүгө араң жараган жаныбар күү менен келип жерге кулайт... Кайран алп бир капталына жыгылган бойдон бир секундага жетер-жетпес убакыт ичинде жан берет».

Мындай бакубат жаныбар салмагы бир килограммга да жетпеген мүйүзү үчүн өлтүрүлүп жатса, каңырык кантип түтөбөй коёт?! «Жипчелерден» турган, түзүлүшү боюнча адамдын тырмагына окшош мүйүзүнүн коммерциялык дүйнөдө өтө бааланышынан улам кериктер ошентип чоң коркунучка кабылууда.

«Шахтуш» жүн үчүн...

Сындуу бөкөндөн «шахтуш» деп аталган жүн алынат. Андай жүндөн токулган жоолук ушунчалык сапаттуу болгондуктан, кичинекей шакектин ортосунан өтүп кетет. Мындай жоолук — дүйнөдөгү эң кымбат оромолдордун бири, себеби баасы кээде 16 000 АКШ долларынан ары барат. Демек, андай жүн берген бөкөндүн тагдыры эмне болору айтпаса да түшүнүктүү.

«Бир „шахтуш“ жоолук, эң аз дегенде, беш сымбаттуу бөкөндү өлтүрүү дегенди билдирет,— деп белгиленет «Индиан экспресс» басылмасында.— Тибет тайпак тоосунда жылына 20 000ге жакын бөкөнгө мыйзамсыз аңчылык жасалары маалым. Буга аларды коргоого алган мыйзамдар да бөгөт боло алган жок. Андан тышкары, 1979-жылы „шахтуш“ жүнүн сатууга тыюу салынган. Ошого карабастан, сындуу бөкөндөрдүн саны улам азайып барат».

Териси менен сөөгү үчүн...

Индиянын жолборстору жана башка жапайы мышыктары үчүн да коркунуч туулууда. Индиядан башка жерлерде жолборстун айрым түрчөлөрү — мисалы, туран, ява жана бали жолборстору — эчак жок болгон деп эсептелет. Жыйырманчы кылымдын башында Индиянын токойлорун 40 000ге жакын жолборс мекендеген. Ал эми андан бери алардын саны кескин азайды. Ага адамдар себепкер, анткени алар жолборстордун жашаган чөйрөсүнө бүлгүн салып, аларды териси жана дарылык касиети бар деп эсептелип, Кытай медицинасында колдонулган сөөгүнүн айрым бөлүктөрү үчүн өлтүрүүдө.

Алардын жашаган чөйрөсүнүн тарышынын таасири тууралуу бир китепте мындай делген: «Жолборстордун саны жашаган токойлорунун аянты кеңейгенде гана көбөйөт. Токойлор кеңейбесе, жолборстор өзүлөрүнүн көбөйүүсүн азык менен аймак үчүн күрөш аркылуу чектөөгө алышат» («The Secret Life of Tigers»).

Индиядагы башка жапайы мышыктардын тагдыры эмне болуп жатат? Мисалы, Гужарат штатындагы Жунагадх айбанаттар паркына барган бир киши бош темир торго келип такалган. Анын жанында гужарат тилинде: «Кара кулак шердин бул түрү Индияда 1950-жылдардан бери жолуга элек»,— деп жазылып, Азия кара кулак шеринин сүрөтү турган.

Келечек кандай болот?

Келечек Индиянын жаныбарларына жакшылык алып келчүдөй эмес. Адам жерди, анын эч бир теңдешсиз жаратылышын өзүмчүлдүк менен бүлдүрүп жатканына тарых күбө. Мунун аягы эмне менен бүтөт? Кудайдын ишенимдүү Сөзү Ыйык Китепте: «Бутпарастар ачууланышты. Ошон үчүн Сенин... жерди кыйраткандарды жок кыла турган убагың келди»,— деген пайгамбарлыктын жакында аткарылары айтылат (Аян 11:18).

Жер баа жеткис жаратылышты бүлдүрүп жаткандардан тазаланганда эмне болот? Кереметтүү убак башталат! Адамдардын айынан эч качан эч кандай жаныбар тукум курут болбойт. Ыйса Машайак үйрөткөн тиленүүдө айтылган Падышалыктын башкаруусу алдында дал ошондой шарт өкүм сүрөт (Ышайа 11:6—9; Матай 6:10).

[26-беттеги сүрөт]

Индиянын тукум курут болуп бараткан жаныбарлары:

Индия турнасы.

Бенгал жолборсу.

Индия пили.

Жалгыз мүйүздүү керик.

Сындуу бөкөн.

[Булак]

Crane: Cortesía del Zoo de la Casa de Campo, Madrid; antelope: © Xi Zhi Nong/naturepl.com