Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өспүрүмдөр кошбойлуулугу — дүйнөлүк көйгөй

Өспүрүмдөр кошбойлуулугу — дүйнөлүк көйгөй

Өспүрүмдөр кошбойлуулугу — дүйнөлүк көйгөй

ӨСПҮРҮМ кыздардын кошбойлуулугун учурда «эпидемия» деп атап калышты. Ал эми кошбойлуулуктун жаш кызга кандай сокку болорун ойлоп көргөндө, иштин канчалык олуттуу экенин айкыныраак түшүнөсүң. Кыздын жашоосунда бир катар чоң өзгөрүүлөр болуп өтөт. Бул анын өзүнө да, тууган-туушкандары менен жакындарына да орчундуу таасир тийгизет.

Ыйык Китепте өспүрүмдүк кездин жаштыктын толукшуп турган маалы экени айтылган. Ал кезде жыныстык сезимдер өзгөчө күчтүү болот (1 Корунттуктарга 7:36, «ЖД»). Бирок сактануу ыкмаларынын колдонулбагандыгын өспүрүмдүк кошбойлуулуктун бирден бир себеби деп эсептөө — жаңылыштык. Далилдер бул көйгөй коомдук жана эмоциялык бир катар шарттардын чиелешкен түйүнүнөн келип чыгарын көрсөтүүдө.

Көйгөйдүн көрөңгөсү

Изилдөөлөрдөн көрүнгөндөй, өспүрүм энелердин көбү ата-энеси ажырашып кеткен үй-бүлөлөрдөн. Боюнда бар өспүрүм кыздардын көпчүлүгүнөн: «Өмүр бою жакшы үй-бүлөдө жашасам дечүмүн»,— дегенди угууга болот. Үй-бүлөдө жакшы мамилелердин жоктугу кызды балалуу болууга түртүшү ыктымал. Өспүрүм энелерге социалдык жардам берүү программасы аркылуу адистер андай жаш аялдардын, адатта, «энеси менен жакшы мамиледе эмес экенин, ал эми атасы менен эч кандай байланышы жок» экенин аныкташкан. Толук эмес үй-бүлөдө чоңоюп, 18 жашында төрөгөн Анита энеси аны материалдык жактан камсыз кылууга болушунча аракеттенсе да, атанын мээримине зар болгондуктан, эмоциялык муктаждыгы толук канааттандырылбаганын сезчү экенин эстейт.

Зордуктоонун айынан балалуу болгон кыздар да бар. Алардын айрымдары, көкүрөгүндөгү жараат кийин ырбап кеткендиктен, өзүлөрүн жаман алып жүрө башташы мүмкүн. Мисалы, Жасминди 15 жашында зордуктап кетишкен. «Ошондон кийин,— дейт ал,— баары эмне болсо, ошо болсун дедим. Анан 19 жашымда боюма бүтүп калды». Зордукталган кыз өзүн адам санынан чыккандай сезе башташы мүмкүн. «Өзүмө жакшылык ыраа көрбөй калгам»,— дейт Жасмин. Анита да зордукталган, ал мындай дейт: «Жетиден он бир жашыма чейин бир өспүрүм бала асылып жүрдү. Өзүмдү жек көрчүмүн, жекирчүмүн». Ал 17 жашында кошбойлуу болуп калган.

Өзүнө өтө ишенүүдөн жана жыныстык мамилеге өтө кызыгуудан улам балаага кириптер болгон кыздар да бар. «Мен жообун билбеген суроо жоктой сезилчү мага, „баарын билем, бардыгы колуман келет“ дечүмүн. Ошо „бардыгы колуман келетим“ мени кошбойлуу болууга алып келген»,— дейт алгы макалада айтылган Николь. Жашында никесиз балалуу болгон Кэрол да өз кызыгуусунан улам жыныстык катнашка барган. «Мага ал жакта мен татып көрө элек бир нерсе бардай сезилчү»,— дейт ал.

Кээде жыныстык байланыштын натыйжасын айкын билбөө да көйгөйгө себеп болот. Карен Роулингсон менен Стивен Маккейдин айтымында, Улуу Британиядагы жаштарга «жыныстык жакындашуунун натыйжасы жөнүндө жана бойго бүтүү деген кандай болору туурасында... так билим жетишпейт». Жаштардын кээси жыныстык катнаш менен кошбойлуулук тыгыз байланышта экенин түшүнө бербейт көрүнөт. Бир сурамжылоо маалында өспүрүм энелер «боюнда болуп калганын билгенде, өзүлөрү бойго бүтүүдөн сактоочу каражаттарды колдонушпаса да, таң калышканын же деңдароо болушканын көп айтышкан».

Өспүрүмдөр арасындагы кошбойлуулуктун көбөйүшүнө алып келген башкы себептердин бири — жыныстык катнашка болгон көзкараштын өзгөрүшү. Биз адамдар Кудайга караганда, ыракатты сүйгөн учурда жашап жатабыз (2 Тиметейге 3:1—4). Австралиялык изилдөөчүлөр Эйлза Бёрнс жана Кэт Скотт «никеден тышкаркы жыныстык байланышка каршы колдонулган коомдук, диний жана экономикалык чаралардын азайып баратканын» белгилешет. Азыр кай бир жерлерде күйөөсү жок төрөө мурдагыдай уят иш катары каралбай калган. Айрым жактарда өспүрүмдөр балалуу болууну, кала берсе, коомдогу ордунун туруктуу болушун шарттаган жетишкендик катары карашат.

Эмоциялык жарааттар

Өспүрүм куракта эне болуу жаштардын кыялданган-элестеткенинен асман менен жердей айырмаланат. Боюнда болуп калганын билген кыз түрлүү сезимдердин чеңгелинде калат. Көп кыздар эне болорун билгенде «башка чапкандай» болгонун же коркуп кеткенин айтышкан. «Андайда туталануу, өзүн күнөөлүү сезүү, болгонду кабыл алгысы келбөө — кадимки көрүнүш»,— дешет Америка балдар жана өспүрүмдөр психологиясы боюнча академиясынын адистери. Болгонду кабыл алгысы келбөөнүн натыйжасы кооптуу: кыз зарыл медициналык жардам албай калышы ыктымал.

Эльвиния өзүнүн «шатыра-шатман жашоосунун» аягы эмне менен бүткөнүн билгенде «коркуп кеткенин» айткан. Боюнда болуп калган кыздардын көбү жүрөкзаадасын эч кимге айта алышпайт же айтуудан уялышат. Ошон үчүн кээси өзүлөрүн күнөөлүү сезгендиктен, корккондуктан көңүл чөгөт болору түшүнүктүү. Атүгүл көбү терең депрессияга кабылат. «Мага жашасам да, өлсөм да баары бир болуп калган»,— дейт Жасмин *.

Боюна болуп калганын адегенде кандай кабыл албасын, кыз өзүнө жана баласына байланыштуу бир катар олуттуу чечимдерди кабыл алууга тийиш. Ал канткенде туура чечим чыгара алат? Бул эмки макалада талкууланат.

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Өзүн өзү өлтүрүүнү каалоо менен кантип күрөшүүгө болору «Ойгонгула!» журналынын 2001-жыл, 22-октябрдагы (ор.) санына чыккан «Өмүр — баалуу нерсе» аттуу катар макалаларда каралган.

[7-беттеги кутуча]

Тынчсыздандырарлык көрсөткүчтөр

Төмөндөгү билдирүү, негизинен, Кошмо Штаттардагы жагдайды маалымдаганы менен, дүйнө жүзүндөгү өспүрүмдөр кошбойлуулуктан улам кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын көрсөтөт.

● Он кыздын төртөө 20га чыга элегинде кошбойлуу болууда. Бул жылына 900 000ден ашуун кыз кошбойлуу болорун көрсөтөт.

● Өспүрүм энелердин 40 пайызы — 18 жашка чыга элек кыздар.

● Өспүрүмдөр төрөгөн балдарга катаал жана кайдыгер мамиле улуураак ата-энелердин балдарына караганда көбүрөөк жасалат.

● 18ге чыга элек он эненин төртөө гана мектепти бүтүрөт.

● Аталардын орто эсеп менен 80 пайызы балдарынын жашы жете элек энеси менен баш кошпойт.

● Өспүрүм энелер менен алардын балдарынын аталары баш кошкон учурлар болгону менен, андай никелердин 30 пайызы гана бекем; жашы 25тен жогору аялдар менен баш кошкондордун никесине караганда өспүрүм кыздар менен түзүлгөн никелер эки эсе көп бузулат.

● Өспүрүм энелер төрөгөн балдардын арасында ара, салмагы кем төрөлгөн ымыркайлар көбүрөөк. Бул балдардын чарчап, сокур же дүлөй болуп калышына, дем алуу жолдорунун ооруларына же психикалык ооруларга кабылышына, балдардын церебралдык шалы, дислексия, гиперактивдүүлүк сыяктуу дарттарга чалдыгышына, акыл-эс жагынан жай өрчүшүнө себеп болушу ыктымал.

[Булак]

Not Just Another Single Issue: Teen Pregnancy Prevention’s Link to Other Critical Social Issues, The National Campaign to Prevent Teen Pregnancy, February 2002.

[7-беттеги сүрөт/кутуча]

Өспүрүмдөр кошбойлуулугу — дүйнөлүк көйгөй

БРАЗИЛИЯ: «1998-жылы Бразилиянын Мамлекеттик саламаттык сактоо системасынын мекемелеринде жашы 19га жете элек 698 439 кыз төрөдү... алардын 31 857си — 10—14 жаштагы секелек кыздар. Бул бала төрөө үчүн өтө эле жаш курак экенине кошулат чыгарсыңар» («Фолья ди Сан-Паулу», 1999-жыл, 25-август).

УЛУУ БРИТАНИЯ: «Батыш Европада өспүрүмдөр арасындагы төрөт жагынан Улуу Британия биринчи орунда турат... Англияда 1997-жылы 90 000ге жакын өспүрүм кыз кошбойлуу болгон. Орто эсеп менен алардын 60 пайызы (56 000) төрөгөн; 90 пайызы (болжол менен 50 000) — никесиз төрөгөндөр» («Жалгыз бой эне-аталардын үй-бүлөсү», 2002-жыл).

МАЛАЙЗИЯ: «1998-жылдан тарта никесиз төрөлгөн балдардын саны өстү; алардын энелеринин көбү — өспүрүм курактагы кыздар» («Нью-Стрейтс таймс», 1 апрель, 2002-жыл).

ОРУСИЯ: «Былтыр Орусияда төрөлгөн балдардын болжол менен үчтөн бир бөлүгүн никесиз төрөлгөндөр түздү. Бул он жыл мурункуга салыштырмалуу эки эсе көп. Расмий эсеп боюнча, мындай жагдай өлкөдө Экинчи дүйнөлүк согуштан бери болгон эмес. Ал балдардын 40тан ашуун пайызын өспүрүмдөр төрөгөн» («Московское время», 2001-жыл, 29-ноябрь).

КОШМО ШТАТТАР: «Акыркы жылдарда өспүрүмдөр арасындагы кошбойлуулуктун азайганы чын, бирок ошондо да өспүрүм кыздардын 40 пайызы 20 жашка чыкканча, жок эле дегенде, бир жолу кошбойлуу болот» («Балалыкка эмне болду? Кошмо Штаттардагы өспүрүмдөр арасындагы кошбойлуулук көйгөйү», 1997-жыл).

[5-беттеги сүрөт]

Ата-энеси ажырашып кеткен өспүрүмдөр арасында кошбойлуулук көбүрөөк кездешет.

[6-беттеги сүрөт]

Жаштардын кээси жыныстык катнаш менен кошбойлуулуктун байланышы барын түшүнбөйт көрүнөт.

[6-беттеги сүрөт]

Кошбой кыздын жана туугандарынын жашоосу кескин өзгөрөт.