Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өспүрүм энелердин кыйынчылыктары

Өспүрүм энелердин кыйынчылыктары

Өспүрүм энелердин кыйынчылыктары

ӨСПҮРҮМ кезде кошбойлуу болуп калган кыз, адатта, чоң адамдар туш болуучу көйгөйлөр менен алпурушууга аргасыз болот. «Мен өзүмдү 40 жаштагы аялдай, эч качан бала болуп көрбөгөндөй сезем»,— дейт бир өспүрүм эне. Боюнда болуп калганын билгенде кыз, албетте, сестенет, бушайман болот.

Эгер сен боюнда болуп калган өспүрүм кыздардын бири болсоң, сенде да жогоркудай сезимдер болушу мүмкүн. Андай терс ой-санааларга жеңдирип, эч нерсе жасабай койбо. «Шамалды караган адам эгин экпейт,— деп айтылат Ыйык Китепте,— булутту караган адам түшүм жыйнабайт» (Насаатчы 7:8; 11:4). Аба ырайына кайгырып, колун куушуруп олтура берген дыйкан тийиштүү чараларды көрө албай калат. Сен да мүңкүрөп, зарыл кадамдарды жасабай калба. Эртедир-кечтир алдыга бет алышың, өз «жүгүңдү», жоопкерчилигиңди көтөрүшүң керек (Галаттыктарга 6:5).

Кандай чечим кабыл аласың? Балким, сага кимдир бирөө боюңан алдырып салууну кеңеш кылаттыр. Бирок бул Кудайга жагууну каалагандар үчүн жакшы чечим эмес, себеби Ыйык Китепте бойдон алдыруу Кудайдын мыйзамын бузгандыкка жатары айкын көрсөтүлөт (Чыгуу 20:13; 21:22, 23; Забур 138:14—16). Кудай алдында баланын өмүрү, мейли, ал төрөлө элек болсун же никесиз бойго бүткөн болсун, баалуу.

Балким, балаңдын атасына турмушка чыгып, балаңарды чогуу чоңойтсоңорчу? Бул, албетте, жагдайды бир аз жеңилдетиши мүмкүн. Бирок жаш ата өзүн баласын багууга милдеттүү сезген күндө да, аны менен баш кошуу дайым эле даанышмандык боло бербейт *. Уландын жыныстык жактан жетилгени анын жакшы күйөө жана ата болууга эмоциялык, акыл-эс жагынан даяр экенин, ошондой эле аялын, балдарын материалдык жактан камсыз кыла аларын көрсөтпөйт. Андан тышкары, ал сенин диний көзкарашыңа ортоктош болбосо, аны менен баш кошуу Кудайдын «Теңирге ишенген адам» менен гана үй-бүлө куруу керектиги жөнүндөгү талабын бузгандык болот (1 Корунттуктарга 7:39). Көптөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, эрте, а балким, өтө кыска мөөнөткө баш кошуу жүрөк оорунун үстүнө жүрөк оору, кайгынын үстүнө кайгы гана кошот.

Же баланы башкаларга багып алууга берген жакшыбы? Бул бойдон алдырууга караганда түзүгүрөөк болгону менен, жакшылап ойлонуп көр: кандай кыйынчылыктар болбосун, балаңды тарбиялап-өстүрүүгө өзүңдүн деле мүмкүнчүлүгүң жетет.

Кыйынчылыктарды жеңүү

Баланы жалгыз чоңойтуу, чындыгында, оңойго турбайт. Анткен менен ыйык китептик принциптерге карманууга бардык аракетиңди жумшап, Кудайдан күч-кубат жана жетекчилик сурап, көптөгөн кыйынчылыктарды жеңе аласың. Ан үчүн төмөнкү кадамдарды жасоо жардам берет.

Кудай менен болгон мамилеңди калыбына келтир. Никеге чейин жыныстык катнашта болуу Кудайдын бийик адеп-ахлак нормаларын бузгандыкка жана Кудайга каршы күнөө кылгандыкка жатарын түшүн (Галаттыктарга 5:19—21; 1 Тесалоникалыктарга 4:3, 4). Ошондуктан биринчи маанилүү кадам — бул күнөө жасаганыңа өкүнүү жана Кудайдан кечирим суроо (Забур 31:5; 1 Жакан 2:1, 2). Албетте, өзүңдү анын жардамына татыксыз сезишиң мүмкүн. Бирок Жахаба күнөө жасаганына өкүнгөндөрдү кечирүүнү убадалайт жана аларга жардам берет (Ышайа 55:6, 7). Ышайа 1:18де Жахаба: «Эгерде силердин күнөөлөрүңөр кыпкызыл [оор, олуттуу] болсо, Мен аны аппак кардай агартам [толук тазалайм]»,— дейт. Ыйык Китеп күнөө кетиргендерди жыйналыштагы аксакалдардан рухий жардам алууга да үндөйт (Жакып 5:14, 15).

Никеге чейинки жыныстык байланышыңды токтот. Ан үчүн балаңдын атасы менен болгон мамилеңди токтотуу талап кылынышы мүмкүн. Болбосо, Кудайга жакпаган иштерди жасоону уланта бересиң. Эсиңен чыгарба, Кудайдын мыйзамдары катуу болсо да, бизди коргоо үчүн берилген. «Кудайдын айткандары чын чыгарын түшүндүм. Ал бизге жакшылык гана каалайт экен»,— дейт буга чейинки макалаларда айтылган Николь (Ышайа 48:17, 18).

Бардыгын ата-энеңе айтып бер. Ата-энеңди урушат деп корккондуктан, болгонду айтып берүүгө даабай жаткандырсың. Албетте, боюңда болуп калганын билгенде алар ачууланат, зээни кейийт. Өзүлөрүн ата-энелик милдетин толук аткарбай калгандай сезиши, сенин туура эмес жүрүм-турумуң үчүн өзүлөрүн күнөөлөшү ыктымал. А бирок Кудай менен болгон мамилелерин чындап баалашса, ачуулары бара-бара басылаттыр. Алар — сенин ата-энең, ошондуктан ката кетирсең да, сени мурдагыдай эле жакшы көрүшөт. Күнөө кетиргениңди түшүнүп, өкүнгөнүң аларга адашкан уулун кечирген атадай болуп сени кечирүүгө түрткү берет (Лука 15:11—32).

Ыраазычылык көрсөт. Адатта, ата-эне, тууган-туушкандар менен достор чоң жардам, жөлөк көрсөтөт. Мисалы, ата-энең медициналык жардам алышыңа кам көрүшү мүмкүн. Төрөгөнүңдө бала багууну үйрөтөрү, керек маалда балаңды карап турары күмөнсүз. Николь: «Төрөгөн мен болсом да, апам аябай жардам берди»,— дейт энеси жөнүндө. Дос-тааныштарың да ар кандай, айталы, кийим-кечек, керектүү буюм-тайым жагынан жардам бериши ыктымал (Накыл сөздөр 17:17). Ыйык Китеп кеңеш кылгандай, алардын кылган жакшылыктарына ыраазы экениңди көрсөт (Колостуктарга 3:15). Досторуңа ырахмат айтышың алардын камкордугун баалап, алардын жардамын кадимки, арзыбас нерседей кабыл албаганыңды билдирет.

Энелик милдеттериңди аткарууга үйрөн. Албетте, өмүр бою ата-энеңдин же досторуңдун колун карап, жардам үмүт этип жашагың келбейттир. Ошондуктан балаңды өзүң багып кетишиң үчүн жана үй иштерин аткара алышың үчүн керектүү жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтө башта. Бала өстүрүү оңой эмес: аны тамактандыруу, денсоолугуна кам көрүү, багуу жана башка ушул сыяктуу көп нерселерди билүү талап. Ыйык Китепте жашап калган аялдарга жаш аялдарды «үйгө камкор» болууга үйрөтүү кеңеш кылынат (Титке 2:5). Андыктан апаң же, балким, жыйналыштагы башка улуу адамдар бул жагынан сага көптү үйрөтө алаттыр.

Акчаны кармай бил. Ыйык Китепте акчанын коргоо берери белгиленген (Насаатчы 7:12, «Мукаддас»). Баланын төрөлүшү менен ар кандай чыгым кошулат.

Балким, сен биринчи кезекте социалдык жөлөкпулга таянаттырсың. А бирок жаш эне көбүнчө ата-энесинен көзкаранды болууга аргасыз болот. Эгер сенин да жагдайың ошондой болсо, чыгымдарыңды мүмкүн болушунча азайтууга аракеттен. Албетте, балаңа аны-муну сатып бергиң келеттир, бирок аларды арзандатылган дүкөндөн же «секонд-хэнд» дүкөндөрүнөн сатып алсаң, акчаң үнөмдөлөт.

Билим алууга аракеттен. «Акылдуулар билимин сакташат»,— деп айтылат Накыл сөздөр 10:14тө. Бул сөздөр биринчи кезекте ыйык китептик билимге тийиштүү айтылганы менен, аларды кадимки билимге карата колдонууга да болот. Жашоого акча табыш үчүн кандайдыр бир кесипке ээ болуу жакшы.

Албетте, бала багып жатып окуу оңой болбос. Ошентсе да орто билим алуунун мааниси чоң: ансыз өзүңө да, балаңа да жакыр, начар шартта жашоого жана бирөөдөн көзкаранды болууга, аз маяна алууга, чала тоют болуп күн көрүүгө туура келип калышы этимал. Андыктан бир аз мүмкүнчүлүгүң болсо да, окууңду улант. Николдун апасы андан мектепти бүтүрүүнү талап кылган. Ошонун аркасында Николь азыр юристтин жардамчысы болуп иштеп, өзүн өзү камсыз кылат.

Балким, кандай окууну бүтүрүп алсаң болорун билип көрөттүрсүң. Эгер күндүзгү класс менен окуу кыйын болсо, үйдөн же кечки класстан окууга болоттур.

Кыйынчылыктарды жеңе аласың

Баланы күйөөсү жок тарбиялоо, өзгөчө, жаш эне үчүн абдан кыйын. Бирок кыйынчылыктарды жеңүүгө болот. Чыдамкай, чечкиндүү болуп, Жахаба Кудайдын жардамына таянсаң, сен жакшы эне боло аласың. Жалгыз бой энелердин балдары да жакшы адамдардан болуп чоңоюшат. Ал эми балаңдын берген акыл-насаатыңды кабыл алып жатканын, Кудайды жакшы көрө баштаганын көргөнүңдө чындап кубанарың шексиз (Эфестиктерге 6:4).

Николь мындай дейт: «Канча кыйынчылыктарды баштан өткөрсөм да, Кудайдын жардамы менен кызымды боорукер, сылык жана жоопкерчиликтүү адам кылып чоңойтконума сүйүнөм. Аны карап олтуруп уйкусуз өткөргөн түндөрүмдү эстегенден тышкары, жүрөгүм кубанычка толуп чыгат».

Өспүрүм энелерге жана алардын балдарына чоң адамдар кандай мамиле кылышы керек? Өспүрүмдөр арасындагы кошбойлуулуктун алдын алууга жана жаштарды эмоциялык жараат алуудан сактоого болобу?

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Үйлөнө элек жаш аталардын милдети жана кыйынчылыктары «Ойгонгула!» журналынын 2000-жыл, 22-апрель жана 22-майдагы сандарындагы (ор.) «Жаштардын суроолору» рубрикасында талкууланган.

[9-беттеги сүрөт]

Өспүрүм энелер бала багууда көп кыйынчылыктарга кабылат.

[10-беттеги сүрөт]

Турмушка эрте чыгуу кыйынчылыкты жойбойт.

Аксакалдар өспүрүмдөргө Кудай менен болгон мамилесин оңдоого жардам бере алат.

[11-беттеги сүрөт]

Жалгыз бой энелерге мектепти бүтүрүү абдан зарыл.