Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өтө эрте эне болуу

Өтө эрте эне болуу

Өтө эрте эне болуу

«Мен жылдыздуу бир жигит менен сүйлөшчүмүн. Анын акчасы бар болгондуктан, каалаган жагыбызга барып, көңүл ача алчубуз. Айызым келбей калганда, „бүттү“ дедим. Апама кантип айтам? Кантип эле ушинтип калсын?.. Ал кезде мен болгону 16да элем. Эмне кылышты билбей башым каткан» (Николь).

АЗЫР Николь * 30дан ашкан тың келин. Үчтүн энеси. Балдарынын улуусу 20да. Биринчи баласын никесиз төрөгөн. Жалгыз бой өспүрүм энелердин көбүндөй эле, ал олуттуу чечим кабыл алууга аргасыз болуп, өзүн чоң өзгөрүүнүн, бүдөмүк келечектин алдында тургандай сезип сестенген.

Николь өспүрүм маалында, өзү менен тең балдар-кыздардын ойлогону кийим-кечек менен үй тапшырмасы гана болгон кезде, башынан өткөргөн сезимдери тууралуу көп сүйлөшкүсү келбейт. Ал алгач нес болуп, анан болгондун чын экенине ишене албай, коркуп, ачууланып, айласы кетип абдан кыйналган. Ошентсе да анын жагдайы таптакыр үмүтсүз болгон эмес. Анткени ата-энеси адеп-ахлактык жол-жоболорду үйрөтүүгө аракеттенген мээримдүү адамдардан болушкан. Ошондо Николь адеп-ахлак эрежелерин капарга албай койгонунун кесепетин тартса да, кийинчерээк аларды кайра колдонуп, ары үзүрлүү, ары маңыздуу жашоо өткөрө баштаган. Андыктан ал «үмүттү таптакыр үзүп коюу туура эмес» деген тыянакка келген.

Өкүнүчтүүсү, Николдукундай үй-бүлө же оң маанай өспүрүм эненин баарында эле боло бербейт. Ошондуктан көптөрү өзүлөрүн күтүүсүздөн пайда болгон жакырчылыктын торунан эч качан чыга албачудай сезе баштайт. Кай бирлерине зордукталуудан, зордук-зомбулук көрүүдөн улам алган эмоциялык жарааттын таасири менен күрөшүүгө туура келет.

Ушул өңдүү жагдайлар жаш эненин ичиндеги балага терс таасир тийгизбейт деп айтыш кыйын. Бир китепте маалымдалгандай, жаш энелердин балдары «адатта, салмагы кем төрөлөт, оору-сыркоого бат чалдыгышат, алардын чарчап калган же тийиштүү медициналык тейлөө албаган учурлары көп жана азыктануусу начар, жетишсиз болот. Алар катаал мамилеге көбүрөөк кабылышат жана улуураак энелердин балдарына салыштырмалуу кеч өсүп-өрчүшөт» («Teen Moms—The Pain and the Promise»). Ошондой эле өспүрүм кезинде төрөгөн энелердин кыздарынын да эрте эне болуу ыктымалдыгы жогору.

Өспүрүмдөр арасында бойго бүтүү көйгөйү канчалык кулач жайган? Канткенде өспүрүм энелер бала багууга байланыштуу кыйынчылыктарды жеңе алышат? Жаштарга андай оор жагдайга кабылбоого жардам берүүнүн жолу барбы? Кийинки макалаларда ушул суроолор каралат.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Бул катар макалаларда айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.