Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бир чакырымдан» да көп жол жүргөнүмө бактылуумун

«Бир чакырымдан» да көп жол жүргөнүмө бактылуумун

«Бир чакырымдан» да көп жол жүргөнүмө бактылуумун

АЙТЫП БЕРГЕН — КЛЕР ВАВИ

МАДАГАСКАР — тоолуу, жыш тропик токойлуу арал. Ал Африканын чыгышындагы Мозамбик мамлекетинен 400 километрчелик аралыкта жайгашкан. Мен аралдын күн чыгыш тарабындагы Бетуку-2 деген чакан айылда төрөлгөм. Анан 15 жашымда, 1987-жылы, Маханоро шаарына окууга кеттим.

Маханородо Селестин байкемдин үйүндө турчумун. Ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдечү. Арадан эки жыл өтүп мен да Күбө болдум. Ошондуктан колдон келсе, бардык күчүмдү Жахабага кызмат кылууга арноону чечтим.

Максатыма жетүүнүн аракетинде

Менин алгачкы максаттарымдын бири Бетуку-2деги туугандарыма жардам берүү болду. Ал тууралуу дайым Жахабага тилене бердим. Бирок айылга окуудан эс алган маалдарда гана барууга мүмкүнчүлүгүм бар эле, анын үстүнө, жол да оор болчу. Жалпы жону, 100 километр, 40 километрин машине менен жүрсөң, 60 километрин тоонун кууш жолу менен жөө басасың.

Тик боор менен, кээде жалгыз таман гана батарлык тар жол менен жүрүп олтурууга туура келчү. Таңзаарда чыгып, каш карайгыча бассам, адатта, 40 километрдей жол жүрүп койчумун. Жаныма алган жүгүм 15 килограммга бара турган; алардын кайсы бирин — башыма, кээсин — жонума, калганын колума көтөрүп алчумун. Ташыганым — негизинен, туугандарыма, кызыккан адамдарга деп алган ыйык китептик адабияттар. Ошон үчүн айылдагылар мени «качан болсо ташынып жүргөн кыз» деп атап алышкан.

Канчалык ниет кылсам да, туугандарым жаңы ишенимиме дароо кызыга коюшкан жок. Бирок кайра ойлорун өзгөртүп, көп суроо бере башташканынан кээде түнкү саат экиге чейин сүйлөшүп олтуруп калчубуз.

Өзгөчө жолугушуу

1990-жылы 24-декабрда Бетуку-2ге эс алууга бардым. Жакындарым: «Буйруса Рождествону чогуу тосот экенбиз» — деп, келгениме сүйүнүп кетишти. Бирок ал майрамды белгилебей турганымды түшүндүргөнүмдө, кабактары чытый түштү. Айылдагылар бири-бири менен абдан тыгыз карым-катнашта, ошондуктан жакындарым бу «жоругумду» башкаларга кантип түшүндүрүштү билбей бушайман болушту. Бардыгын өзүм түшүндүрүп берүүнү туура көрдүм. Бирок кантип түшүндүрөм?

Өтө жаш болгондуктан аябай толкундандым. Көзкарашымды эртеси айылдагылардын баары чиркөөгө чогулуп келгенде түшүндүрсөм, туура болор бекен деп ойлоп, Жахабадан жетекчилик сурап, көпкө жалындуу тилендим. Анан чиркөөдө кызмат кылган Поль байкемен: «Эртең чиркөөдөн Рождествону эмне үчүн майрамдабай турганымды түшүндүрүп берсем, туура болобу, кандай дейсиз?» — деп сурадым. Ал башкалар менен кеңешип көрсө — «макул» дешиптир.

Ошентип, эртеси чиркөө кызматы аяктаганда, мени чакыртып жиберишкен экен, Жахабага тиленип, ыйык китептик адабияттардан көбүрөөк алып алып бардым. Башында бир-эки ооз сөз айттым да, анан баарына мага Ыйык Китепти терең урматтоону үйрөтүшкөнү үчүн ыраазы экенимди билдирдим. Шаарга баргандан кийин да Ыйык Китепти изилдөөнү улантып, мурун билбеген дагы көп нерселерди билгенимди айттым.

Учурдан пайдаланып, Ыйык Китепте жер бети бейишке айланып, адамдар түбөлүк жашаары убадаланганын (Забур 36:29; Аян 21:3, 4), эмне үчүн айрым ишенимдүү адамдар асманга алынарын (Жакан 14:2, 3; Аян 5:9, 10; 14:1, 3), өлгөндөр, Ыйык Китептин окуусу боюнча, уйкуга окшогон абалда жатышкандыктан, кыйналышпаганын (Насаатчы 9:5, 10; Жакан 11:11—14, 38—44) түшүндүрдүм. Ошондой эле Рождество бутпарастардын ишениминен келип чыккандыктан, Ыйсанын алгачкы жолдоочулары аны белгилешпегенин айттым.

Сөзүмдү аяктаганда, көптөр айткандарымдын калетсиздигине кошулушту. Айрымдар кошумча суроо да беришти. Анан алып келген адабияттарымды көрсөтүп, аларды Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти изилдөө үчүн чыгарышканын түшүндүрдүм. Ошондой эле Ыйык Китепти изилдегиси келгендердин баарына жардам берүүгө даяр экенимди билдирдим. Адабият алгандар көп болду.

Кубанычтуу жолугушуу

Жаныма чоочун бир аял келип: «Менин башка айылда жашаган сиңдим да сенин диниңде»,— деди. «Кайсы айылда?» — дедим мен таң кала.

«Андраномафанада»,— деди аял. Ал айыл биздикинен 30 километрдей ары.

Бул айланадагы Күбөлөрдүн баары бири-бирин тааныгандыктан, сиңдиси башка динде болушу керек дедим мен. Бирок аял чиркөөдө айткандарымды сиңдисинен да укканын айтып ишендиргенинен, анын аты-жөнүн, дарегин сурадым да, дароо жолго чыкмай болдум. Бирок апам бир-эки күн үйдө тура тур деп көндүрдү: жол оор эле, жетер жеткиче жөө жүрүп олтуруш керек болчу. Эки күндөн кийин Чарлз байкем менен Андраномафанага жол тарттык.

Ал айылга келер замат: «Бу жакта Жахабанын Күбөлөрү барбы?» — деп сураштырып кирдик. Бирок католиктер, элүүнчү күнчүлөр менен евангелисттердин гана барын укканда, ындыным өчө түштү.

Аңгыча бир аял: «Жахабанын Күбөлөрүн издеп жүргөн болсоңор, силерге Марселинанын үй-бүлөсү керек»,— деп калды. Мен издеген аялдын аты дал ошондой эле!

Бирөө Марселинаны чакырганы кетти. Көп өтпөй Марселина келди, бирок жүзүнөн тынчсызданып жатканы байкалып турду. Айылдагылардын баары жаныбызга жарданып чогулуп алышкан: бизди Марселинаны суракка алганы келген бийлик кызматкерлери дешкен көрүнөт. Кийин билсем, айылдаштары алардын үй-бүлөсүн «ата-бабалары тааныбаган» дин тутканы үчүн куугунтукка алышыптыр.

Марселина бизди элден четкерээк алып чыкты да, өзүбүзчө сүйлөштүк. «Чын эле Жахабанын Күбөсүсүңбү?» — деген суроомо «ооба» деп жооп берди ал. Анан үйүнө барып, «Күзөт мунарасы» журналынын эски сандарын жана «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» аттуу китепти алып келди. Ал китепти Жахабанын Күбөлөрү мурун кызыгуучулар менен ыйык китептик изилдөө өткөрүүдө колдонушчу. Баарынын эскилиги жетиптир. «Өткөн жекшембиде кайсы журналды изилдедиңер?» — деп сурадым.

«Болгону эле ушу,— деди Марселина,— ушуларды кайра-кайра изилдей беребиз». Ошондон кийин гана ага өзүмдүн Жахабанын Күбөсү экенимди айттым. Муну укканда сүйүнгөнүн айтпа! Анан алардын жыйналышын өткөрүп жүргөн киши менен жолуккум келерин билдиргенимде, анын алардыкынан да алыс башка айылда жашаарын айтты.

Дагы бир кубанычтуу жолугушуу

Эртеси күнү Марселина экөөбүз алиги кишиникине жөнөдүк. Ал бизди көрүп таң калып да, кубанып да кетти. Көрсө, ал түндүк-чыгыш тараптагы 200 километр ары Туамасина шаарында жүргөндө Күбө болгон экен. Бирок жумушсуз калып, үй-бүлөсү менен кайра көчүп келгенине бир нече жыл болуптур. Келери менен кабар айтып, ыйык китептик изилдөөлөрдү, жыйналыштарды өткөрө баштаптыр.

Ал өзү да, үй-бүлөсү да мен ала барган «Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көрүп аябай кубанышты. «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» китебин да көрсөттүм, ал кезде ыйык китептик изилдөөлөрдү көбүнчө ошол китеп менен өткөрүп калганбыз. Алар аны көрө элек экен. Кийинки жекшембиде Андраномафанага кайра келип, алардын жыйналышына катыштым. Анан ал биртууганга Күбөлөрдүн Антананариву башкалаасындагы филиалы менен байланышууну кеңеш кылдым, себеби ал жактагылар бул кичинекей топтун барын билишчү эмес.

Ошентип, 1991-жылдан тартып мен дээрлик ай сайын Маханурудан Андраномафанага «Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын жана башка адабияттарды жеткирип бара баштадым. Бир тарабы эле 130 километр, анын 90 километри — таштак, тик боорлуу, жыш токойлуу жол. Анын үстүнө, жаан жааса — жол тайгак, баткак болуп калат.

Адабият алгандардын саны өскөн сайын, ташыган жүгүм оордой берди. Ар бир барып-келген сайын чарчап, колу-бутум талмоорсуп турса да, ушундай бир канааттанып, кубанчумун. Топтогулардын жаңы адабият алганда сүйүнүшкөнүн жана Ыйык Китептен билгендерин кандай кабыл алып жатышканын көрүү мен үчүн, чынында, ыракат болчу.

Толук убакыттуу кызматты баштоо

1992-жылдын 1-сентябрында пионер болуп дайындалдым; Күбөлөр кабар айтуу ишине убактысын толук бөлгөн жарчыларды «пионер» дешет. Кызматымды Маханурудан баштадым, ал эми Бетуку-2деги туугандарым менен кат аркылуу байланышып жүрдүм. Бара-бара алар Ыйык Китепти кат аркылуу изилдей баштагандыктан, айылга келип аларга Ыйык Китеп изилдөөгө жардам беришимди сурашты. Мен даяр элем, бирок адегенде алардын Ыйык Китепти изилдеп, рухий жактан өсүүгө болгон каалоолору канчалык күчтүү экенин билгим келди. Ошондуктан бир канча убакыт бою Махануруда кабар айта бердим.

1993-жылдын аяк ченинде мени Антананаривудагы пионерлер үчүн уюштурулган эки жумалык окууга чакырышты. Аны бүткөндө атайын пионер болууну сунуш кылышты. Демек, муктаждык бар жакка жиберилип калышым мүмкүн эле. Жыйналыштан алыс жашашкан Бетуку-2деги туугандарыма Ыйык Китепти изилдөөгө жардам бергим келип жүргөндүктөн, арсар болуп жаттым. Акыры, Маханаруга кайра барып, пионерлик кызматымды уланта берүүнү чечтим.

Жыйналышыбызга райондук көзөмөлчү келгенде, үйгө барып кызмат кылууну каалаарымды айтып кеңешип көрдүм. Ал кезде Андраномафанада жыйналыш уюшулуп калган, көзөмөлчү ошол жыйналышта кызмат кылып, Бетуку-2де кабар айта берүүнү кеңеш кылды. 1994-жылдын 1-сентябрынан тартып өз айылымда кызмат кыла баштадым. Ошол эле айда диний окутуучу болуп жүргөн Поль байкем мени менен облустук жыйынга барып келди. Көп өтпөй Андраномафанада кабар айтуу кызматына — 30 адам катышып, ал эми жекшемби күндөрү жыйналышка келгендердин саны орто эсеп менен 65 адамга жетип калды.

Азыр да жөө басам

Бетуку-2ге келгенимде, биртуугандарымдын төртөө кабар айтуу ишине катыша баштады, көп өтпөй чөмүлтүлүштү. Айлыма кайткандан кийин адабият-журналдарды алып келиш үчүн Анусибеге үзбөй барып жүрдүм. Ал жакка бир тарабына эле 50 километрдей жөө басыш керек эле. Ооба, сапарым жеңил эмес болчу, бирок жергебиздеги рухий өсүштү көрүүдөн алган кубанычым бардыгын жаап кетчү.

Бүгүнкү күндө Бетуку-2де эң сонун жыйналыш бар, жекшемби күндөрү жыйналышка орто эсеп менен 45 адам келет. Жакын туугандарымдын баары Күбө болушкан жана көбү жалпы пионер болуп кызмат кылууда. Кенже иним — атайын пионер. Ал эми 2001-жылдын сентябрынан тартып мен да Антанамбау-Манампуци айылына атайын пионер болуп дайындалдым. Бетуку-2ден болсо кызматымдын жемишин көрүп, кубаныч менен кеттим.

1987-жылы мен чындык менен жаңыдан тааныша баштаганда Мадагаскарда 3 000ге жетип-жетпеген Жахабанын Күбөсү бар эле, бүгүн — 14 000ден ашуун. Алардын көбүнө окшоп, мен да кызматымды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн баалайм жана башкаларга жардам бериш үчүн «бир чакырымдан» да көп жол жүрүүгө даярмын. Ошондой эле иш-аракеттериме батасын берип жатканы үчүн Жахаба Кудайга абдан ыраазымын.

[24-беттеги сүрөт]

60 километр алыстыктагы айылыма көтөрүп барган жүгүм 15 килограммдан ашып кетчү.

[25-беттеги сүрөт]

Поль байкем.

[26-беттеги сүрөт]

Чарлз байкем.

Туугандарымдын кээ бирлери менен. Азыр баары — Жахабанын Күбөсү.