Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жантелефон доспу же каспы?

Жантелефон доспу же каспы?

Жантелефон доспу же каспы?

АВСТРАЛИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

МЫНДАН бир нече жыл мурун «жантелефон» деген сөз колдонууда жок эле. Анткени телефонду күчтүү же машинесине койдуруп алган адам гана жанына алып жүрө алмак. Ал кезде анын батарейкалары кыйла оор боло турган. Телефондордун көлөмү бут кийимдин коробкасынан да чоң болуп, баасы бир канча миң долларга жеткен.

Бүгүн дүйнөдө баш-аягы 1,35 миллиардга жакын жантелефон бар. Кээ бир өлкөлөрдө аны жергиликтүү калктын жарымынан көбү колдонот. Андай телефондордун көбү алаканыңа эле батып кетет. Кээде ал бекер берилет *. «Алар колдонулуп жаткан телевизор менен компьютерлердин жалпы санынан да көп колдонулууда»,— деп билдирет Австралиянын «Буллетин» журналы. Азыр 20дан ашуун өлкөдө жантелефон үйдө турган телефондон да көп. Өнөр-жай тармагында иштеген бир адис жантелефонду техниканын керемети гана эмес, «коомдогу жаңы агым» деп мүнөздөйт.

Жантелефон же чөнтөк телефон коомго кандай таасир тийгизип жатат? Ал адамга доспу же каспы?

Бизнеске «дос»

Жантелефон сатып алгандардын саны өскөн сайын, аны сатуучулардын иши өркүндөп жатат. Бир ири фирма тарабынан мындай билдирүү жарыяланган: «Жантелефон электроника шаймандарынын базарынын эбегейсиз чоң бөлүгүн ээлейт». Башкача айтканда, мурун бир да электроника буюму азыркы жантелефончолук сурамга ээ болуп көрбөгөн.

Алсак, Австралияда 20 миллион киши жашаса, анын 15 миллиондон ашууну жантелефон колдонот. Ошол эле өлкөдөгү байланыш компанияларынын бири акыркы жыл ичинде кардарлары жантелефон аркылуу 7,5 миллиард жолу сүйлөшкөнүн билдирген. Дүйнө жүзү боюнча телекоммуникациялык компаниялардын жантелефон аркылуу түшкөн жылдык кирешеси миллиарддаган долларларга барат. Ошондуктан жантелефон эмне үчүн ири бизнестин «досу» экенин түшүнүү кыйын эмес.

Жаңы тил

Заманбап технологиялык мүмкүнчүлүктөрдөн улам жантелефон аркылуу миллиондогон маалыматтар оозеки эмес, жазуу түрүндө жеткирилүүдө. Барган сайын көптөр, айрыкча, жаштар Кыска Билдирүүлөр Кызматын (англисче кыскартылышы — SMS) пайдаланышат. Ал аркылуу башкалардын жантелефонуна кыска билдирүү жазып жиберүүгө болот. Акчаны да азыраак «жейт». Сөздөрдү чакан клавиатурада жазыш керек болгондуктан, SMSти колдонгондор сөздөрдү кыскартып, тамгалар менен сандарды аралаштырып жазышат. Ар бир тамганы терип отурганга караганда сүйлөшүп койгон жеңил болсо да, дүйнө жүзүндө айына 30 миллиарддай SMS-билдирүүлөр жиберилет.

Ал билдирүүлөрдө эмнелер жазылат? Британияда жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, 18—24 жаштагы жаштардын 42 пайызы SMSти — бири-бирине тийишүү үчүн, 20 пайызы жолугушууга чакыруу үчүн колдонот. Ал эми 13 пайызы өз ара мамилелерин үзүш үчүн колдонушат.

Айрым социологдор SMS-билдирүүлөрдөгү сөздөр менен сүйлөмдөрдүн кыскартылган түрдө жазылышы жаштардын сабаттуулугуна терс таасир тийгизет деп тынчсызданууда. Башкалар болсо SMSти көп пайдалануу жаңы муундун жазууга болгон кызыгуусун өстүрөт деп, жогоруда айтылган ойлорго каршы чыгууда. «Сан-геральд» гезитинде Австралия сөздүгүн түзгөн уюмдун өкүлү мындай деген: «Бизде [кандайдыр бир тилдин] жаңы түрүн чыгарууга такай эле мүмкүнчүлүк боло бербейт... Жаштар SMS-билдирүүлөрдү жиберүү менен жана Интернетти колдонуу менен кат көп жазып калышты. [Алар] пикирлешүүнүн мындай жаңы ыкмасын өздөштүрүш үчүн тапан жана сөз жасоого жөндөмдүү болууга тийиш».

Кайсы жактардан «кас»?

Жантелефон пикирлешүү үчүн жана бизнесте пайдалуу шайман болгону менен, иштегендердин көбүнө кээде «дос» эмес эле, жумушка кишендеп койгон «кас» сезилет. Бир байкоодон билингендей, жарнама агенттигинде иштегендердин 80 пайызы, курулушта иштегендердин 60 пайызы дайыма өзүлөрүн «чоңдору» же кардарлары менен «байланышын жоготпоого» милдеттүү сезишет. Кайда жүрбө, эмне менен алек болуп жатпа, бирөөлөр чалса, жооп берүүгө туура келгендиктен көптөр бушайман болушат. Бир изилдөөчү айткандай, бул «алаксытуунун жаңы түрүнө» айланды. Андыктан инженерлер ресторандар менен театрларды курууга колдонуу үчүн жантелефондун сигналын өткөрбөгөн курулуш материалдарын ойлоп чыгарууда («Эмнелерди эске алуу керек?» деген кутучаны карагыла).

Кайда болсун тажатып шыңгырай берген бул түзүлүш келечекте коомчулуктун душманы болот көрүнөт. Канаданын изилдөөчүлөрү тарабынан автоунаа айдап баратып жантелефон колдонуу мас абалда айдоо менен бирдей кооптуу экени аныкталган. Батыш Австралия университетине караштуу Травматалогиялык изилдөө борборунун профессору Марк Стивенсон түшүндүргөндөй, машине айдап баратып жаныңдагы бирөө менен сүйлөшүүгө караганда, жантелефон менен сүйлөшүү кыйла татаал. Мындай коркунучтарга жана жол эрежесин бузгандыгы үчүн жазапул төлөөрүнө карабастан, Австралиядагы айдоочулардын бешөөнүн бири машине айдап баратканда SMS-билдирүү жазып, ал эми үчөөнүн бири бирөөгө чалып же чалган адамга жооп бере берген.

Жантелефондун орунсуз колдонулушу самолёттун учушуна да коркунуч туудурушу ыктымал. Жаңы самолёттордун электр өткөргүчтөрү жантелефондун сигналдарынан корголуп турганы менен, айрым самолёттор телефондордон келген толкундарга сезгич келери белгиленет. «Нью сайентист» журналында маалымдалгандай, «эки самолёттун ичинде сыноо жүргүзгөн соң, Улуу Британиянын Жарандар Авиациясынын Башкармалыгы (ЖАБ), жантелефон бөлүп чыгарган нурлануу коопсуз учуу үчүн мааниси зор электрондук жабдууларга таасир тийгизерин далилдеген». Негизги коркунучту баса белгилеп, ЖАБдын өкүлү төмөндөгүлөрдү айткан: «Жантелефондор базалык станциясынан алыстаган сайын көбүрөөк нурлануу бөлүп чыгара баштайт. Самолёт өйдө көтөрүлгөндө, нурлануунун күчү да жогорулай берет, натыйжада учуунун эң жооптуу учурунда самолёттун көрсөткүчтөрүнүн ишине жасалган тоскоолдуктар ого бетер күчөйт. Жантелефон сыяктуу электрондук буюмдарды өчүрүп коюу жөнүндөгү эскертүүлөргө жүргүнчүлөрдүн көңүл бурбай коюшу учуу маалында бир катар кыйынчылыктарды алып келгени Австралияда жүргүзүлгөн бир изилдөөдөн аныкталган.

Жантелефон жана рак оорусу

Жантелефондон жана базалык станциядан чыккан нурлануу рак оорусун пайда кылабы же кылбайбы деген суроонун айланасындагы талаш-тартыш алигече басыла элек. Жантелефонду жүз миллиондогон адамдар колдонгондуктан, колдонуучулардын аз гана пайызы ооруга чалдыга турган болсо да, алардын жалпы саны аз болмок эмес. Ошон үчүн жантелефондун адамдын терисине тийгизген таасирине байланыштуу бир катар терең илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ал аркылуу эмнелер аныкталды?

Жантелефондор боюнча көзкарандысыз эксперттик топ (IEGMP) тарабынан төмөнкүдөй билдирүү жарыяланган: «Бүгүнкү күндө бизге белгилүү маалыматтардын негизинде эксперттик топ калк жантелефонду көп чочулабай колдоно берсе болот деген тыянакка келди». «Нью Сайентист» журналында да мындай билдирүү жасалган: «Буга чейин жантелефондор тууралуу ар кандай божомолдор айтылып келсе да, бар далилдердин басымдуусу жантелефондон чыккан нурлануу денсоолукка байкалуу зыян келтирбегендигин айгинелейт. Бул изилдөөлөрдү кайра башынан жүргүзүү оңой эмес».

Бирок шектенүүлөр дале жоюлбагандыктан, утур жаңы изилдөөлөргө миллиондогон долларлар сарпталууда. Ал эми жыйынтыктоочу тыянак жасалгыча, IEGMP эксперттик тобу төмөнкүдөй кеңеш берет: «[Жантелефон менен] колдон келишинче кыска сүйлөшкүлө. Энергия жутуу деңгээли төмөн (SAR) телефондорду колдонгула. Кулакчын же микрофон жана башка нерселер менен жабдылган телефонду колдонгула, бирок алардын энергия жутуу кубаттуулугу төмөн болууга тийиш». Ата-энелерге «кичине балдарына жана 16 жашка чыга элек өспүрүмдөргө жантелефон колдонууда чек коюу» да кеңеш кылынат. Анткени балдардын нерв системасы али өрчүп келаткандыктан, аларга «ар кандай белгисиз оорулар бат жармашат».

Ооба, талаш-тартыш көп. Ал эми жантелефондун экономикага жана коомго эбегейсиз таасир тийгизгени тийгизген. Телевизор менен компьютерге окшоп, жантелефон же бизге кул болот, же биз ага кул болобуз. Демек, анын сага «дос» же «кас» болору өзүңдөн көзкаранды.

[Шилтеме]

^ 4-абз. Кээ бир байланыш менен камсыздандыруучу компаниялар белгилүү бир мөөнөт бою кандайдыр бир сумманын айланасында сүйлөшүүгө келишим түзгөндөргө бекер жантелефон берет.

[19-беттеги кутуча/сүрөт]

ЭМНЕЛЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ КЕРЕК?

1. Жантелефонду коомдук жайда колдонуп жатсаңар, акырын сүйлөгүлө: анын микрофону абдан сезгич келет; эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканыңар да башкаларды кызыктырбашы мүмкүн.

2. Диний жыйналыштарда, ишкер жолугушууларда, кинотеатр, ресторан сыяктуу жайларда жүргөндө телефонду өчүрүп, же виброшыңгырга которуп койгула.

3. Машине айдап баратканда жантелефонду колго алып сүйлөшпөгүлө.

[18-беттеги сүрөт]

Дүйнө жүзүндө айына 30 миллиарддай SMS-билдирүү жиберилет.

[20-беттеги сүрөт]

Автоунаа айдап баратып жантелефон колдонуу мас абалда айдоо менен бирдей кооптуу.