Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жумшактык кемчиликпи?

Жумшактык кемчиликпи?

Ыйык Китептин көзкарашы

Жумшактык кемчиликпи?

«Теңирдин кулуна урушуп-талашууга болбойт, тескерисинче, ал бардыгына кичи пейилдик менен мамиле кылуусу... зарыл» (2 Тиметейге 2:24).

ЭНЕБИЗДИН курсагында жаткан кезибизде эле өрчүп келаткан терибизде сезгичтик пайда болот. Төрөлгөнүбүздөн тартып биз энебиздин назик эркелетүүсүн талап кыла баштайбыз. Бала чагыбызда ата-энебиздин сүйүүсү биз үчүн чоң мааниге ээ: алардан жетиштүү сүйүү көрсөк — көбүрөөк жылмаябыз, эмоциялык жактан жакшы өрчүйбүз, атүгүл башкалар менен бат тил табышуу жөндөмүн өрчүтөбүз.

Бирок Ыйык Китепте акыркы убакта адамдардын «ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, ыймансыз, таш боор» болушары айтылган. Боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу сапаттар азаймак, анткени адамдар «өзүн өзү сүйүүчү» жана «кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн» болушмак (2 Тиметейге 3:1—3).

Көптөр азыркы заманда орой жана мерез болбосоң, оокатың өтпөйт деген ойдо. Алар жумшактыкты кемчилик катары көрүшөт. Чынында эле ошондойбу?

Жумшак мүнөздүүлүк жана күч

Ыйык Китепте Жахаба Кудай «майдандын баатыры» катары сүрөттөлөт (Чыгуу 15:3). Ал — чексиз күч-кубаттын Булагы (Забур 61:12; Римдиктерге 1:20). Ошончолук күчтүү болсо да, ал ишенимдүү Аюбга «аябай ырайымдуу жана боорукер» мамиле кылып, батасын берген (Жакып 5:11). Кудай ысрайыл элине да «өзүнүн курсагынан чыккан уулун» аяган энедей ары жылуу, ары назик мамиле жасаган (Ышайа 49:15).

Ыйса да күчтүү инсан болгон, ошол эле учурда, ага да жумшактык мүнөздүү болчу. Мисалы, ал ошол кездеги экижүздүү диний жетекчилердин айыбын ашкерелөөдөн корккон эмес (Матай 23:1—33). Ошондой эле ачкөз акча алмаштыруучуларды чечкиндүүлүк менен ийбадатканадан кууп чыккан (Матай 21:12, 13). Бирок ал бузукулук менен ачкөздүктү жек көргөндүктөн каардуу, зулум болуп кетти беле? Эч качан! Анын жумшак адам болгону баарына маалым. Ыйса өзүн атүгүл «балапандарын канатынын астына чогулткан» тоокко салыштырган (Лука 13:34).

Сүрдүүлүкпү же ички күчпү?

Кудайдын кызматчылары Ыйсадан үлгү алып, «Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүүгө» чакырылат (Эфестиктерге 4:20—24). Биз, чоңойгон сайын сырткы кабыгын таштап турган деңиз крабындай болуп, «эски табиятыбызды жаман иштери менен бирге чечип салышыбыз» керек (Колостуктарга 3:9). Крабдын териси бир канча убакыттан кийин эле кайрадан катуулана баштайт. Андан айырмаланып, биз ар дайым жумшак мүнөздүүлүккө таандык «боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту... чыдамдуулукту кийишибиз» зарыл (Колостуктарга 3:12). Ошондуктан биз жумшак мүнөздүүлүгүбүз менен айырмаланып турушубуз керек.

Мындай оң сапаттар кемчилик да, бошоңдук да эмес. Тескерисинче, аларды өрчүтүү үчүн «Анын [Жахабанын] Руху аркылуу ички дүйнөнү бекемдөө» талап кылынат (Эфестиктерге 3:16). Мисалы, Ли аттуу бир киши мындай дейт: «Мен ташбоор адам элем. Денемдин ар кайсы жерине тагылган сөйкө сөрөйлөрүм да өңүмдү ого бетер суук, сүрдүү көрсөтчү. Көп акча табуу үчүн башкаларды коркутуп, зордук-зомбулук көрсөтүүдөн кайра тартчу эмесмин. Аёо дегенди билгим да келчү эмес». Бирок ал чогуу иштеген бир адамдын жардамы менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Анан Жахаба Кудайды таанып-билген сайын, аны жакшы көрө берген. Ошондуктан «эски табиятынан» арылып, өзүн өзү башкарууга үйрөнгөн. Азыр ал сүйүүсү менен башкаларга Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берип жүрөт.

Бир кездерде элчи Пабыл да максатына жетиш үчүн башкаларды «кордогон» (1 Тиметейге 1:13; Элчилер 9:1, 2). Бирок Жахаба Кудайдын жана Ыйса Машайактын өзүнө көрсөткөн ырайымдуулугу менен сүйүүсүнөн алардыкындай сапаттарды чагылдырууга түрткү алган (1 Корунттуктарга 11:1). Пабыл Ыйсаны жолдогондордон талап кылынган принциптерге бек карманса да, башкаларга жумшак мамиле кылууга үйрөнгөн. Ал ишенимдештерине назик сезимдерин көрсөтүүдөн тартынган эмес (Элчилер 20:31, 36—38; Филемонго 12).

Жумшак болуу үчүн күч жумшоо

Линин да, элчи Пабылдын да мисалынан көрүнүп тургандай, башкаларга жумшак мамиле кылууга үйрөнгөн адам алсыз, бошоң мүнөз эмес. Тескерисинче, акыл-оюбузду жана жүрүм-турумубузду өзгөртүп, «жамандыкка жамандык менен жооп берүүгө» болгон пенделик ийкемдүүлүктү жеңиш үчүн, чыныгы эрк-күч талап кылынат (Римдиктерге 12:2, 17).

Ыйык Китепти дайыма окуп, Жахаба Кудай менен уулу Ыйса Машайактын бизге көрсөтүп келаткан сүйүүсү жана ырайымы жөнүндө ой жүгүртүү менен биз да башкаларга жумшак, аёо мамиле кылууга үйрөнөбүз. Ошондо Кудайдын Сөзүнө жүрөгүбүздү жумшартууга жол беребиз (2 Жылнаама 34:26, 27; Эврейлерге 4:12). Кандай үй-бүлөдө өсүп-чоңойбойлу же мурун башыбыздан кандай катаал жашоо өткөрбөйлү, «бардыгына кичи пейилдик менен», жумшак мамиле кылууга үйрөнүү — алыбыздан келерлик иш (2 Тиметейге 2:24).

[12-беттеги сүрөт]

Жакшы ата балдарына жумшак мамиле кылат.