Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Корковадо Коста-Риканын «бермети»

Корковадо Коста-Риканын «бермети»

Корковадо Коста-Риканын «бермети»

Коста-Рикадагы кабарчыбыздан

ТАБИЯТТЫН «бермети»... Минтип Тынч океандын жээгиндеги Оса жарым аралында, Борбордук Америкага кирген Коста-Риканын түштүгүндө жайгашкан Корковадо улуттук багын айтууга болот. Адамдын колу дээрлик тийбеген ал тропик токою түркүн өсүмдүктөрү, жан-жаныбарлары менен кызыктуу.

Бул — укмуштуудай адеми бак, анткени анын жапайы сулуулугу али да сакталуу. Ал Борбордук Американын көлөмдүү тропик токойлорунун биринен орун алган. Ичинен ресторан, мейманкана же белек-бечкек сатылган дүкөндөрдү көрбөйсүң. Бу теребелде токойчулардын бир нече үйүнүн турганы, саякатчыларга арналган жолкөрсөткүчтө «токойлордогу мыкты жолдордун бири» деп белгиленген чыйырдын жатканы гана болбосо, адамдардын барынан башка эч нерсе кабар бербейт.

Токойдун улуттук бакка айланышы

1970-жылдардын башында тропик токойлуу бул аймакты улуттук бакка айлантуу маселесине орчундуу көңүл бурула баштаган. Бирок ал ойду жүзөгө ашырыш үчүн, каражат жана жумушчулар талап кылынган. Андан тышкары, 1970-жылдардын ортосунда дагы бир катар кыйынчылыктар пайда болгон: болочок бактын аймагына эл отурукташа баштаган. Ошол эле учурда, тактай-жыгач чыгаруучу бир уюм токойдун чоң аянтын ээликке алып, жыгач материалдарын даярдоо ишине киришүүнү пландаштырып жаткан. Анын үстүнө, токойдо аңчылык кылгандар да көбөйгөн.

Ошентсе да бир катар өлкөлөрдүн токойду сактап калуунун маанилүүлүгүн түшүнгөн көптөгөн окумуштуулары менен биологдорунун кийлигишүүсү менен Коста-Риканын бийлиги 1975-жылдын 31-октябрында Корковадо улуттук багы негизделерин жарыя кылган. Ошондон тартып токой кыюу иштери жана аңчылык токтотулган.

Корковадонун байлыгы

Аянты 54 000 гектарга жеткен бу токойдо, бери дегенде, 8 экосистема бар. Мында бактардын 500 түрү өсөт, алардын эң чоңу — кебез багы. Анын жоондугу — үч метрге, бийиктиги 70тен ашуун метрге барат.

Силер канаттууларга байкоо жүргүзүүнү жакшы көрөсүңөрбү? Анда Корковадодон канаттуу-куштардын 400гө жакын түрүн жолуктурууга болот. Бул жерде кызыл ара тотукуштары өлкө боюнча эң көп кездешет. Алар барпырап учуп жөнөгөндө, сансыз жоогазын ачыла түшкөн сымал, ачык асманды кызыл-тазыл боёк чалат.

А балким, силер башка жаныбарларга көбүрөөк кызыгаттырсыңар? Андай болсо, Корковадодо жерде-сууда жашоочулардын жана сойлоочулардын 116 түрү, алардын ичинде оюк баш чаар жылан да кездешет. Бирок ал жыланды көпкө карап турууга же жакындан карап көрүүгө аракеттенбегиле: ал өтө жаалдуу келет! Жерде-сууда жашоочу жаныбарлардын арасында айнек-бака кездешет, аны тунук бир нерсенин үстүнө коюп алып караса, ичеги-карынынан өйдө көрүнөт.

Бакты сүт эмүүчүлөрдүн 140 түрү мекендейт. Мисалы, Америка кабыланы, оцелот, маймылдардын — төрт түрү, кумурскачылардын — үч түрү, илендилердин — эки түрү жана чопкутчандардын эки түрү бар. Ошондой эле курт-кумурскалардын 10 000ге чукул түрү кездешет.

Биолог жана Корковадо багынын табиятын коргоо программасынын координатору Шарли Рамирес Карвахаль «Ойгонгула!» журналынын кабарчысына Америка кабыландарына жана башка жаныбарларга радиокабылдагыч менен жабдылган каргы тагыларын билдирди. Алардын жардамы менен окумуштуулар жаныбарлардын азыктануусун жана таралган аянтын аныкташмакчы. Алынган маалымат жооптуу кызматчыларга жаныбарларга азык жетиштүү болушу үчүн бактын аянтын кеңейтүүнүн зарылдыгы бар-жогун аныктоого өбөлгө түзөт. Бакты кеңейтүү, бир чети, жаныбарларды генетикалык коркунучтан — жакын түрлөрдүн кошулуп, төлдөшүнөн — сактамак.

Корковадо өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн түрдүүлүгү менен гана чектелбейт. Бул жакта бир кездерде англис деңиз саякатчысы сэр Френсис Дрейктин казынасынын бир бөлүгү сакталып коюлган белгилүү Сальсипуэдес үңкүрү бар. Корковадонун түндүк тарабынан бир нече километр эле арыраакта Дрейк кысыгы жайгашкан. Дрейк ал жерге 1579-жылы жер шарын кыдырып саякаттап жүргөндө келген дешет.

Бу жактын сулуулугу алтын издегендердин айынан зыян тартып кала жаздаган учурлар болгон. Мындан салмагы бир килограммга барган уюган таза алтын табылгандыктан, 1930-жылдарда алтын издөө дүрбөлөңү башталган. Кийинчерээк, 1960-жылдары — экинчи, ал эми улуттук бактын уюшулганынан дагы бир нече жылдан кийин үчүнчү дүрбөлөң чыккан. Анын шарданы менен алтын издөөнү максат кылган жүздөгөн адамдар көчүп келген. Бирок 1986-жылы Корковадодогу кен казуу иштерине бийлик тарабынан тыюу салынган.

Албетте, Корковадо да көйгөйлөрдөн тышкары калган жок. Бактын директорунун орунбасары Херардо Чавес кабарчыбызга жетекчилерге ар кандай иш-чараларды каржылоого жана токой ресурстарын сактоого байланыштуу дайымкы иш-аракеттерден тышкары, башка да кыйынчылыктар менен күрөшүүгө туура келип жатканын билдирген. Андай кыйынчылыктардын кээси — бактын чегинен тышкаркы токойлордун бүлдүрүлүп жатышы жана мыйзамсыз түрдө аңчылык кылуунун көбөйүшү. Корковадо мындан ары да сакталышы үчүн, жакынкы аралыкта ушул көйгөйлөрдүн баары чечилүүгө тийиш.

Корковадо улуттук багы жер жүзүндөгү адамдын колу тие элек аймактардын бири болуп келет. Ал азыр да, келечекте да жапайы жаратылыштын сулуулугун баалаган адамдардын көкүрөк кычуусун кандыра бермекчи. Ал эми Кудайдын элине бул бак жер жүзү бүтүндөй бейишке айланганда кандай кооз болорун элестеттирет (Лука 23:43).

[14-беттеги карта]

Корковадо улуттук багы.

[15-беттеги сүрөт]

Тропик токою.

[Булак]

Steve Pace

[15-беттеги сүрөт]

Токойдогу козукарындар.

[Булак]

©kevinschafer.com

[16, 17-беттеги сүрөттөр]

Тропик токою океанга келип такалат.

[16, 17-беттеги сүрөттөр]

Даракчы бака.

[16, 17-беттеги сүрөттөр]

Шаркыратманын жанында турган саякатчы.

[17-беттеги сүрөт]

Маймылдар.

[17-беттеги сүрөт]

Оцелот.

[17-беттеги сүрөт]

Момот.

[17-беттеги сүрөт]

Иленди.

[17-беттеги сүрөт]

Кызыл ара.

[17-беттеги сүрөттүн булагы]

Beach: Barbara Magnuson/Larry Kimball; frog: © Michael and Patricia Fogden; waterfall: ©kevinschafer.com; all other photos: Steve Pace