Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Коёндор менен курбакалар багынбас баскынчылар

Коёндор менен курбакалар багынбас баскынчылар

Коёндор менен курбакалар багынбас баскынчылар

АВСТРАЛИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

СОГУШ жүргөн жер жабыр тартып, түшүмсүз такырга айланган. Бир кездерде кулпунуп турган талаанын көркү кеткен, кай жагын караба — казылган чуңкурлар. Ар кай жерде набыт болгон жоокерлердин өлүк денелери жатат. Алар аскер формасын да, оор өтүк да кийишкен эмес, атүгүл курал-жарак да алышкан эмес. Болгону, үлпүлдөгөн жумшак жүндөн тон кийип, өтө курч тиштери менен куралданган. Австралияга «чабуул койгон» ал жортуулчулар — жапайы коёндор.

Жер жайнаган коёндор

Европа жапайы коёндорунун Австралияга жасаган жортуулу 1859-жылы материктин түштүк-чыгыш бөлүгүн багындырып алуу менен башталган. Башында коёндорду жергиликтүү аңчылардын көңүлүн ачыш үчүн алып келишкен, бирок көп өтпөй аларга спорт кызыкчылыгы үчүн эмес, өтө тез өсүп бараткан санын азайтуу үчүн аңчылык кылып калышкан. Европа коёндору Улуу Британияны 900 жылда басып алган болсо, аянты боюнча Европанын аянтынын жарымынан чоң келген Австралияны 50 эле жылдын ичинде ээлеп алышкан.

Коён-«аскерлердин» ийгилиги алардын бөтөнчө көп төлдөшү менен түшүндүрүлөт: бир ургаачы коён жылына 40тан ашуун бөжөк тууйт. Алар Австралиянын ичин көздөй «жортуул» жасап, жылына 100 километрдей аймакты өзүнө «каратып» ала беришкен. Бул, Табият илимий бюросунун отчётунда белгиленгендей, «сүт эмүүчүлөрдүн тарыхтагы эң тез ылдамдык менен таралышына себеп болгон». Ал эми бул каргашалуу натыйжаларды алып келди.

Коёндор жергиликтүү жаныбарлар азыктанган өсүмдүктөрдүн баарын жеп, алардын ийиндерин ээлеп алышат. Коёндордун айынан Австралия жергиликтүү жаныбарларынын көп түрүнөн ажырады. Андан сырткары, бул зыянкечтер токойлордун жок болуп баратышына да жооптуу. Бир изилдөөчү түшүндүргөндөй, «алар жаш бак-шактарды жеп салышкандыктан, чоң бактардын „ордун басар жаш муун“ калбай, жер такырланат». Эгерде коёндор кичине аралга киришсе, алаамат болору бышык. Мисалы, «Лайсан аралына коёндор 1903-жылы алып барылган, 1936-жылы алардын айынан жергиликтүү канаттуулардын үч түрү жана өсүмдүктөрдүн 26 түрүнөн 22 түрү жок болуп кеткен... 1923-жылы арал анда-санда куу дарактар сербейген ээн талаага айланган да калган»,— деп айтылат Табият илимий бюросунун отчётунда.

Массалык кыйратуучу курал

Коёндордон арылуу үчүн австралиялыктар атып да, ууландырып да, капкан коюп да көрүштү. Жадагалса алардан коргонуу үчүн Батыш Австралия штатын түндүктөн түштүккө чейин кесип өткөн узундугу 1 830 километрлик белгилүү тор тосмо тургузулган *. Бирок бардыгы куру убаракерчиликтей, жортуулчулар менен күрөшүүдөн эч кандай майнап чыкпачудай көрүнгөн.

1950-жылы австралиялыктар «бактериологиялык курал» — миксоматоз вирусун — колдонуп, «душмандын» мизин майтарууга өтүштү. Чиркейлер менен бүргөлөр тараткан ал вирус ошол кезде саны 600 миллиондон ашып кеткен коёндордун көбүн жок кылган. Ал коёндорду гана ооруга чалдыктырып, 2 жылдын ичинде алардын 500 миллионун кырган. Бирок көп өтпөй эле аларда вируска каршы иммунитет пайда болуп, тирүү калгандары өчү бардай көбөйө баштаган. Алардын саны 1990-жылдары 300 миллионго жеткендиктен, жаңы курал талап кылынган.

«Чыгаша болбой, киреше жок»

1995-жылы экинчи ирет коёндорго каршы «бактериологиялык курал» — геморрагиялык вирус — колдонулган. Бул вирус биринчи жолу 1984-жылы Кытайдан чыккан. Ал 1998-жылы Европага жайылып кетип, коён баккандарга чоң зыян келтирген. Андан, мисалы, Италиянын 30 миллион бакма коёну кырылган. Ал эми австралиялык фермерлер аны көптөн күткөн куткаруу чарасындай көрүшкөн, себеби «бактериологиялык согуштун» биринчи 2 айында эле 10 миллион коён кырылган. Сыягы, бул ылаң коёндорго гана жугат. Аны жуктуруп алган соң, алар 30—40 саат өтүп өлө баштайт. Бул вирустан 2003-жылга чейин Австралиянын кургак аймактарын мекендеген коёндордун 85 пайызы өлгөн.

Сук зыянкечтер азайгандан бери 5 жылдай убакыт ичинде Түштүк Австралия Улуттук багындагы орхидейлердин саны 8 эсе көбөйдү. «Экос» журналында маалымдалгандай, ал штаттагы «өзгөчө, вирустан коёндор көп кырылган жерлеринде... жергиликтүү бадалдардын өсүшү калыбына келе баштаганы байкалууда». Коёндор азайгандыктан, түлкү жана жапайы мышык сыяктуу жырткычтардын саны да азайды. Коёндор өлкөнүн экономикасына жылына 600 миллион австралия долларындагы зыян алып келгендиктен, экологдор менен фермерлер жаңы куралдын натыйжалуулугуна сүйүнүп жатышат. Бирок ындыны өчпөгөн коён-«аскерлерге» ал вирус кандай таасир тийгизерин убакыт көрсөтөт.

«Эргулдун» ээ бербей кетиши

Окумуштуулар жапайы коёндун саны азайганына сүйүнгөнү менен, андан да коркунучтуу душман — курбака — бар. Бул зыянкеч материкке уурданып келип алган эмес, аларды, коёндорду алып келгендей эле, адамдар өзүлөрү алып келген. Эмне үчүн?

XX кылымдын башында балкамыш коңузунун 2 түрү азыркы тапта Австралияга жылына 2 миллиард доллар киреше алып келген балкамыш өндүрүшүнө коркунуч туудурган. Ал коңуздар курбаканын сүйүктүү азыгы болгондуктан, 1935-жылы курбакага үмүт артып, коңуздарды ошол «эргул» кырат дешкен. Кээ бир окумуштуулардын эскертүүлөрүнө карабастан, Австралияга Түштүк Америкадан курбакаларды алып келип, Квинсленддин балкамыш талааларына коё беришкен.

Бирок эркиндикке чыккан курбака өзүнүн адаттарын түп-тамырынан бери өзгөртүп, мурунку «сүйгөн тамагына», балкамыш коңуздарына, таптакыр көңүл бурбай калган. Курбака бардык өрчүү баскычтарында: урук кезинен чоңойгонго дейре уулуу болот. Кичинекей көнөкбаштан чоң курбакага айланганга чейин алардын денесинде уулуу зат бөлүп чыгара турган безчелер пайда болот. Уусу кандайдыр бир себептен улам курбаканын тынчы кеткен маалда бөлүнүп чыгат. Ал кескелдириктерди, жыландарды, жапайы иттерди, жадагалса аны капысынан жутуп алган крокодилдерди өлтүрөрү белгилүү. Курбакалар бөтөнчө тез көбөйөт. Алар Австралияга кеңири жайылып кеткендиктен, азыр аларды алгач коё берилген жеринен 900 километр алыстыктан да жолуктурууга болот. Өз мекени болгон Венесуэлладагыга караганда, курбакалар Австралияда 10 эсе көп кездешет. Египеттеги жазанын учурундагыдай болуп, алар жер-суунун баарына жык толуп, атүгүл үйдүн ичине чейин кирип келип, дааратканага жашынып алышат. Жыл сайын алар 30 километр жерди басып алып отуруп, Австралиянын Түндүк аймагындагы, табият эстеликтеринин бири катары эсептелген Какаду улуттук багына да жетип калышты. Ал бак курбакалар үчүн тим эле бейиштин өзү болбойбу! Австралиянын өкмөтү багынбас баскынчыларды токтотуунун аракетинде миллиондогон долларларды коротууда. Тилекке каршы, азырынча жакшылыктын жышааны көрүнбөйт. Күрөш али бүтө элек, бирок бүгүнкү күндө курбакалар күчтүүлүк кылууда.

Күрөшкө эмне алып келди?

Адамдын колу тийбеген чөйрөдө организмдер өз ара толук шайкештикте, алардын санын жөнгө салган жаратылыш мыйзамдарына баш ийип жашашат. Бирок табияттагы өз ара байланыш жана өз ара чектөөлөр бузулса, бир караганда эч коркунучсуз сезилген организмдер да көбөйүп кетип, калыбына келгис зыян алып келиши мүмкүн.

Европанын биринчи көчмөндөрү Австралияга алып келген өсүмдүктөр менен жаныбарлардын көбөйүп-жайылышы кандай залал чакырарын күн мурун көрө билишкен эмес. Албетте, алардын көбүнүн пайдасы чоң. Мисалы, бүгүн австралиялыктардын тиричилиги качандыр бир кездерде башка өлкөлөрдөн алып келинген кой жана бодо мал багуудан, буудай, шалы жана башка көптөгөн өсүмдүктөрдү өстүрүүдөн көзкаранды. Ошентсе да коёндор жана курбакалар менен болгон окуя Жердин тирилик системасына кийлигишүүдө өтө этият болуунун маанилүүлүгүн айкын көрсөтөт.

[Шилтеме]

^ 9-абз. Карагыла: «Ойгонгула!», 2003-жыл, 8-февраль, 14-бет (ор.).

[26-беттеги сүрөт]

Ээ бербей кеткен «эрдем» курбака баскынчылыгын улантууда.

[Булак]

U.S. Geological Survey/photo by Hardin Waddle

[26-беттеги сүрөт]

Уордан аралындагы чаңкаган коёндор (Түштүк Австралия, Спенсер булуңу).

[Булак]

By courtesy of the CSIRO

[25-беттеги сүрөттүн булагы]

Rabbits: Department of Agriculture, Western Australia; toad: David Hancock/© SkyScans