Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сезимдеримди кантип башкара алам?

Сезимдеримди кантип башкара алам?

Жаштардын суроолору:

Сезимдеримди кантип башкара алам?

«Ата-энеме ачуум келгенде, оюма келгендин баарын айтып салам. Анан өзүмө келгиче алардын көзүнө көрүнбөй турам» (Кейт, 13 жаш).

«Качан болсо тынчсыздана берем. Ошон үчүн кээде аябай кыйналам» (Иван, 19 жаш).

АДАМДЫН сезимдери зор күчкө ээ. Ойлогон ойлорубуз менен жасаган иштерибизди дал ошо сезимдерибиз башкарат. Алардын түрткүсү менен жакшы да, жаман да иштерди жасайбыз. Кээде алар бизди толук бийлеп алгандай да сезилет. «Өзүмө качан болсо нааразымын,— дейт 20 жаштагы Жейкоб.— Оюмдагыны көбүнчө ишке ашыра албай калам. Кээде ыйлагандан башка айла таппайм. Туталанып, ачуумду айланамдагылардан чыгарган учурларым да болот. Көп учурда сезимдеримди башкара албай калам».

Бирок келечекте жетилген, жоопкерчиликтүү адам болуш үчүн ой-сезимдериңди башкара билишиң зарыл. Айрым адистердин ою боюнча, адамдын билимдүүлүгүнөн сезимдерин башкара билиши баалуу. Ыйык Китепте да ой-сезимди башкарууга чоң маани берилген. Мисалы, Накыл сөздөр 25:28де: «Өз рухун башкара албаган адам ураган, дубалы жок шаарга окшош»,— деп айтылат. Эмне үчүн сезимдерди башкаруу, кармануу оңой эмес?

Жаштардын кыйынчылыгы

Сезимдерди башкаруу бардык жаштагы, бардык маданияттардагы адамдар үчүн кыйынга турат. Анткен менен ал өспүрүм куракта бөтөнчө кыйын. «Көпчүлүк өспүрүмдөрдүн ичинде түрлүү сезимдер чиеленишет: бирде толкунданса, бирде сүйүнөт, бирде сестенет... Көптөр бир нерсе тууралуу ойлонуп жатканда ар кандай сезимдердин чеңгелинде калат... Азыр эле өзүн мындай сезип турса, көз ачып-жумгуча таптакыр башкача сезип калышы мүмкүн»,— деп белгиленет Рут Белдин китебинде («Changing Bodies, Changing Lives»).

Жаштардын тажрыйбасы да аз болот (Накыл сөздөр 1:4). Ошондуктан алар үчүн жаңы жагдайга туш болгондо толкундануу, калтааруу кадимки көрүнүштөрдөн. Бактыга жараша, Жаратканыбыз сенин сезимдериңди жакшы түшүнөт, кандай «ойлордон» улам бушайман болуп жатканыңды да жакшы билет (Забур 138:23). Ал өзүнүн Сөзүнө ушул жактардан жардам бере турган принциптерди жаздырып койгон.

Сезимдерди башкаруунун сыры

Сезимдерди башкара билиш үчүн, ойлорду башкарууга үйрөнүш керек. Терс ойлор адамдын күчүн алып, күрөшүүгө болгон каалоосун өчүрөт (Накыл сөздөр 24:10). Анда жакшы ойлорду ойлоого, сезимиңди башкарууга канткенде үйрөнө аласың?

Анын бир жолу — көңүлүңдү чөктүргөн жана кайсы бир ишти аткара аларыңа ишенүүгө тоскоолдук кылган терс ойлорду четке кагуу. Ыйык Китептеги кеңешке карманып, «чындыкка» байланыштуу, «адилеттүү» нерселерге көңүл буруу менен терс ойлорду жакшы ойлор менен жеңе аласың (Филипиликтерге 4:8). Албетте, бул иш жүзүндө кыйынга турушу мүмкүн, бирок аракет кылсаң — берекетке жетесиң.

Мисалы, Жасмин аттуу жаш кызды алалы. «Жаңы жумуш, жаңы жоопкерчилик — баары бир маалда башыма үйүлүп, кыйналып кеттим. Ал түгүл, эч кандай сезим көрсөтө да, сезе да албай калдым. Менде эс-учумду жыйып алууга да мүмкүнчүлүк жок»,— дейт ал. Кээде жаштар ушул сыяктуу сезимде болот, кандайдыр бир ишти аткара аларына шектенишет. Ыйык Китепте өзүнө артылган жоопкерчиликтерди эң сонун аткара билген Тиметей аттуу жаш жигит тууралуу айтылган. Кыязы, ал да кээде милдеттерин тийиштүү түрдө аткарып жатканына шектенчү көрүнөт (1 Тиметейге 4:11—16; 2 Тиметейге 1:6, 7).

Жаңы, белгисиз жагдайга туш болгондо сен да тынсызданышың мүмкүн. Башыңа: «Муну эч качан жасай албайм»,— деген сыяктуу ойлор келиши ыктымал. Бирок андай күмөн саноолорду четке кагып, керектүү ишти аткара аларыңа шектенбе. Ан үчүн даярдык көр. Билбеген жерлериңди билгендерден сура, кеңештерди колдон (Накыл сөздөр 1:5, 7).

Ал иш тууралуу канчалык көп билип алсаң, тынсызданууң ошончолук азаят. «Тишим өтпөйт» деп мүңкүрөй бербе, антпесе, ындының өчүп, көздөгөнүңдү ишке ашыра албай каласың. Бир жолу элчи Пабылды сынга алышканда, ал: «Сөзгө чечен болбосом да, билимим бар»,— деп жооп берген (2 Корунттуктарга 10:10; 11:6). Сен да ошол сыяктуу эле күчтүү жактарыңды унутпа, ал эми алсыздыктарыңды жеңүүгө Кудайдан жардам сура. Ошондо өзүңдү ишенимдүү сезе баштайсың. Кудай байыркы кызматчыларына жардам бергендей эле, сага да жардам берет (Чыгуу 4:10).

Алдыга жеңил, ишке ашары шексиз максаттарды коюу жана бары-жоктун баары колуңан келбесин эске алуу сезимдериңди башкарууга өбөлгө түзөт. Өзүңдү «иштин көзүн билген» бирөө менен салыштыра берүүдөн сактан. Ыйык Китепте Галаттыктарга 6:4тө: «Ар ким өзүнүн ишин текшерсин,— деп жакшы кеңеш берилген,— ошондо ал башка бирөө тарабынан эмес, өзү тарабынан мактоого ээ болот».

Ачууну басуу

Ачууну ооздуктай билүү да оңой иштерден эмес. Жогоруда сөздөрү келтирилген Кейтке окшоп, жаштардын көбү ачууга алдырган маалда жүрөк орутар сөз айтып же жаман иш жасап жиберет.

Ооба, кээде ачууланбай коё албайсың. Бирок биринчи киши өлтүргөн Кабыл эсиңдеби? Анын «аябай ачуусу келгенин» көргөндө Кудай ага олуттуу күнөө жасап жибериши мүмкүн экенин эскерткен. Анан: «Ал [күнөө] сени өзүнө тартып жатат, бирок сен ага үстөмдүк кыл»,— деген (Башталыш 4:5—7). Кабыл Кудайдын кеңешине кулак какпай койгон. Ал эми сен Кудайдын жардамы менен ачууңду ооздуктасаң, күнөө жасоодон оолак болосуң!

Жүрүп олтуруп эле баары ойлорду текшере-башкара билүүгө келип такалат. Ыйык Китепте: «Акыл-эстүүлүк адамды каардануудан токтотот, ал үчүн даңк — бирөөнүн кылмышына кечиримдүү болуу»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 19:11). Сени кимдир бирөө капаланткан болсо, анын эмнеден улам ошенткенин түшүнүүгө аракеттен. Ал сени атайылап таарынткысы келдиби? Же байкабай, эч кандай арам ою жок эле ошентип алдыбы? Башкалардын жагдайын эске алып, катасын кечирсек, Кудайдын ырайымдуулугун чагылдырып, ачууга алдырбайбыз.

А эгер ачууланууңа орчундуу негиз бар болсочу? «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле»,— деп айтылат Жазмада (Эфестиктерге 4:26). Эгер зарыл десең, таарынткан адам менен сүйлөшүп көр (Матай 5:23, 24). Же, балким, ишти жөн гана унутуп, ачууңду басып, жашоону уланта берүү жакшыдыр.

Ачууңду ооздуктаар-ооздуктабасыңа досторуң да таасир тийгизиши мүмкүн. «Ачуулуу адам менен достошпо, ачуусу чукул адам менен катташпа,— деп кеңеш кылынат Ыйык Китепте,— болбосо алардын жолун үйрөнүп аласың жана өз жаныңа сыйыртмак саласың» (Накыл сөздөр 22:24, 25).

Ал эми ачуусун ооздуктоого умтулган адамдардын арасында болсоң, өзүңдү башкара билүүгө үйрөнөсүң. Жахабанын Күбөлөрүнүн арасында андай жетилген адамдар көп, алардын көбү сенден улуу жана тажрыйбалуу. Айрымдары менен таанышып көрүп, кыйынчылыктарды кандайча чечишерин байка. Эгерде «ойлонулган», жакшы кеңеш керек болсо, аларга кайрыл (Накыл сөздөр 24:6). «Мен Кудайдын Сөзүндө айтылгандарды эсиме салып турган жетилген досторумду абдан баалайм. Чечкиндүү болуу мага кыйын болсо да, Жахаба мени жакшы көрөрүн ойлогонумда өзүмдү башкаруу, колго алуу оңой»,— дейт жогоруда айтылган Жейкоб.

Дагы башка кадамдар

Дене тарбия көнүгүүлөрү жөнүндөгү бир белгилүү китепте мындай деп белгиленген: «Көп сандаган изилдөөлөрдөн аныкталгандай, кыймыл-аракет жасалганда, адамдын көңүлүнө таасир эткен биохимиялык реакциялар жүрөт. Жасалган кыймыл-аракетке жараша денедеги гормондор менен кычкылтектин деңгээли өзгөрүп турат». Ооба, дене тарбия көнүгүүлөрүнүн пайдалуулугу эчак далилденген. «Денени машыктыруунун бир аз пайдасы бар» экени Ыйык Китепте да белгиленген (1 Тиметейге 4:8, «Азыркы англисче котормо»). Балким, маал-маалы менен көнүгүүлөрдү жасап жүрүүнү адат кылып алсаң болоттур? Ал көңүлүңдү көтөрүшү мүмкүн. Денсоолук үчүн туура тамактануунун да мааниси чоң.

Ошондой эле кандай музыка угуп, кандай көңүл ачууларды тандаарың тууралуу да ойлонуп көр. «Психикалык оорулар боюнча Гарвард бюллетенине» чыккан изилдөөнүн жыйынтыгында мындай делген: «Зордук-зомбулуктарды көргөн адам... кыжырланып, ичине заар толуп чыгат... Зордук-зомбулук камтылган фильмдерди көрүп жаткан адамдарда ачуусун козгогон ойлор пайда болгону жана артериялык кан басымы жогорулаганы байкалган». Ошондуктан эмнени угуп, эмнени көрүштү акылдуулук менен танда (Забур 1:1—3; 1 Корунттуктарга 15:33).

Сезимдериңди башкарууга үйрөнүүнүн эң негизги жолу — Жараткан менен өз ара тыгыз мамиле өрчүтүү. Ал ар бирибизди тиленип жатканда ой-сезимдерибизди билдирүүгө чакырат. «Эч нерсе тууралуу кам санабагыла,— деген элчи Пабыл.— Ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла. Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Ыйса Машайак аркылуу сактайт». Ооба, ошондо эркиң күчтүү болуп, жашоодогу кыйынчылыктарга туруштук бере аласың. Пабыл: «Мага күч-кубат берген Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам»,— деген (Филипиликтерге 4:6, 7, 13).

Малика аттуу кыз мындай дейт: «Мен тилене эле бериш керек экенин түшүндүм. Жахабанын мага ар дайым кам көрөрүн билем, ошон үчүн тынчсызданбайм, сезимдеримди башкара алам». Демек, Кудайдын жардамы менен сен да сезимдериңди башкара аласың.

[19-беттеги кыстырма]

Сезимдерди башкара билиш үчүн, ойлорду башкарууга үйрөнүш керек

[30-беттеги сүрөт]

Улуураак адамдар менен пикирлешсең, сезимдериңди ооздуктоого үйрөнөсүң.