Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Таасирге бат алдырган көрөрмандар

Таасирге бат алдырган көрөрмандар

Таасирге бат алдырган көрөрмандар

ФИНЛЯНДИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

УЧУРДА кино, телевизор, видео, DVD, компьютердик оюндар жана Интернет көптөгөн балдардын жашоосунда негизги орунду ээлейт. Жакында Финляндиянын Тасмаларды классификациялоо кеңеши тарабынан жарыяланган билдирүүдө «кичине балдар менен өспүрүмдөр маалымат каражаттарын колдонууга, айрым эсептер боюнча, үй-бүлөсүндөгүлөр менен өткөргөн убактысынан 20—30 эсе көп убакыт коротору» белгиленген *. Кейиштүүсү, ошондон улам балдар көптөгөн зыяндуу маалымат алууда.

Айрым өлкөлөрдө балдарды коргоону көздөгөн мамлекет башчылары телекөрсөтүүлөргө жаш боюнча чектөөлөр менен белгилер коюлушун талап кылышат. Бирок билдирүүлөрдөн аныкталгандай, андай белгилерди бардык эле балдар менен ата-энелер түшүнө бербейт же ага көп көңүл бурушпайт. Анын үстүнө, кинотеатрларда, видеотасмалар сатылган дүкөндөрдүн көбүндө жаш боюнча коюлган чектөөлөргө көз салган эч ким жок. Айрым телеберүүлөр менен тасмаларга андай белги коюлган да эмес.

Сурамжылоого катышкан бир мугалим мындай деген: «Окуучулар кан төгүү менен коштолгон зордук-зомбулугу жок кинолор тууралуу сүйлөшкүсү деле келбейт окшойт». Чынында, көптөгөн видеотасмалар менен компьютердик оюндарда, жадагалса балдарга арналган мультфильмдерде да, залал тийгизерлик маалыматтар камтылат.

Билдирүүдө белгиленгендей, «балдардын кандай фильм, кандай телеберүү көрүп жатканына көз салууга биринчи кезекте» үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү жооптуу. Андыктан билдирүү: «Биздин, чоң адамдардын, балдарды маалымат каражаттарынын терс таасиринен коргоп калууга эркибиз, күчүбүз, каражатыбыз жетеби?!» — деген ойлондурарлык суроо менен аяктайт.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. «Телеберүүлөргө жаш боюнча чектөө коюу жана балдарды коргоо» деген билдирүү 340ка жакын окуучунун, ата-энелердин жана мугалимдердин арасында жүргүзүлгөн изилдөөгө негизделген.