Тоолорду ким сактап калат?
Тоолорду ким сактап калат?
БИШКЕК шаарында 2002-жылы төрт күндүк Глобалдык тоо саммити болуп өттү. Ал тоолордун экологиясына байланыштуу көйгөйлөр каралган биринчи эларалык жолугушуу болду. Саммиттин демилгечилери 2002-жылдан тартып тоолорго маанилүүлүгүн түшүнүү менен мамиле кылуунун жаңы доору башталарына үмүт артышат.
Саммитте тоонун жаратылышын коргоонун башкы жоболору камтылган Бишкек тоо платформасы бир добуштан кабыл алынды. Анын себеби — тоолуу аймактардын калкынын жашоо деңгээлин көтөрүү, тоо экосистемасын коргоо жана тоонун ресурстарын туура колдонуу.
Бул багытта азын-оолак ийгиликтер жасалды. Жаныбарлар менен өсүмдүктөргө бай аймактарды коргоо максатында дүйнө жүзү боюнча улуттук бактар түзүлүүдө. Табият коргоо уюмдары көп жерлерде олуттуу экологиялык кырсыктын болушуна кандайдыр бир деңгээлде бөгөт коюп жатат. Бишкектеги саммитте Кыргызстандын тоолоруна ядролук калдыктарды көмүүнү чечкиндүү түрдө токтотуу маселеси каралды. Андай өтө уулуу заттар Орто Азиянын калкынын 20 пайызы пайдаланган суу запастарын булгоо коркунучун туудурат.
Анткен менен дүйнө жүзүндөгү тоолордун баарын коргоо оңой-олтоң иштерден эмес. Алсак, 1995-жылы Канаданын бийликтери Британия Колумбиясындагы тропик токоюнун калган бөлүгүн коргоо максатында Токой кодексин кабыл алышкан. Бирок жүргүзүлгөн изилдөө айкындагандай, тактай-жыгач чыгаруучу уюмдар ал кодексти назарга алган эмес: алар жадагалса эң тик боорлордогу токойлорду да жапырт кыя берген. Өнөр жай кызматкерлери кодекске кармануу алар үчүн өтө оор болгонун билдирип арызданышкандыктан, 1997-жылы кодекске жеңилдетүү киргизилген.
Табият коргоо иш-чараларынын жүрүшүнө коммерциялык кызыкчылыктардан тышкары да бир катар шарт-жагдайлар тоскоолдук болууда. Бишкек саммитинин корутунду сөзүндө согуш, жакырчылык жана ачарчылык тоо экосистемасынын бүлдүрүлүшүнүн башкы себептери болуп келатканы баса көрсөтүлгөн. Бул себептер жоюлмайын, тоолордун, жалпы жер шарынын кыйратылышы токтобойт.
Кудай жаратуусуна көңүлкош карабайт
Тоолорго байланыштуу жагдай азыр өкүнүчтүү болсо да, жакшылыктан үмүт үзбөөгө негиз бар. Кудурети күчтүү Кудай жаратуусуна көңүлкош карабайт. «Тоо чокулары да Аныкы»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Забур 94:4). Ал тоодогу жаныбарларга да кам көрөт. Забур 49:10, 11-аяттарда Жахаба: «Токойдогу жаныбардын баары Меники, тоодогу миңдеген мал да Меники. Тоодогу бардык куштарды билем, талаадагы жаныбарлар Менин алдымда»,— дейт.
Кудай ар тараптан зыян тартып жаткан Жерибизди сактап кала алабы? Албетте! Ыйык Китепте анын «түбөлүк кыйрабай турган ...падышалыкты орнотуп» койгону айтылган (Даниел 2:44). Ал Падышалыктын Падышасы болуп Ыйса Машайак дайындалган. Ыйса жердин жана андагы адамдардын жыргалчылыгына өзгөчө кызыкдар (Накыл сөздөр 8:31). Ал башкарган кезде жер жүзүнө тынчтык орнойт жана жерге келтирилген бардык зыяндын орду толот (Аян 11:18).
Ушундай шарттардын өкүм сүрүшүн кааласаңар, Кудайдын Падышалыгынын келиши жөнүндө шектенүүсүз тилене бергиле (Матай 6:9, 10). Андай тиленүүлөрүңөр жоопсуз калбайт. Кудайдын Падышалыгы жакында жердеги жамандыкты жана анын кесепеттерин биротоло жок кылат. Ошондо тоолор да, каймана тил менен айтканда, кубанып-шаттанат (Забур 97:8).