Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тоолор зыян тартууда

Тоолор зыян тартууда

Тоолор зыян тартууда

«Ар бирибиз дүйнөдөгү тоолуу аймактардын табигый байлыктарын келерки муундар да колдонушуна кызыкдарбыз»

(Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан).

БАРААНДУУ, кебелбес жана залкар тоолор... Жаратылыштын бул алптары эмнеден зыян тартышы мүмкүн? Айрымдарга алардын зыян тартарына ишенүү да кыйын. Анткен менен жагдай чынында тынчсыздандырарлык. Табият коргоо тармагындагы адистер тоонун экосистемасына доо кетирип жаткан бир нече олуттуу көйгөйгө көңүл бурдурат. Анын үстүнө, жагдай жаман жагына гана ооп барат. Ал эмне болгон көйгөйлөр?

ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ. Дүйнөнүн тоо массивдеринин орто эсеп менен төрттөн бир бөлүгү 30 жыл алдыга пландаштырылган тоо-кен, жол салуу, дамба куруу, суу түтүктөрүн өткөрүү иштеринен жана башка долбоорлордон улам зыянга учураганы турат. Жолдордун курулушу тоо боорлорундагы топурактын эрозиясын чакырып, токойлордун кыйылышына алып келет. Бул жагдайды ого бетер татаалдантат. Жыл сайын жерден, көбүнесе тоодон он миллиондогон тонна кен казылат, анын натыйжасында чыккан калдыктын көлөмү андан да көп *.

ДҮЙНӨДӨГҮ ЖЫЛУУЛУКТУН ЖОГОРУЛАШЫ. «Уорлдуотч» институтунун билдирүүсү боюнча, «тарыхтагы эң жылуу тогуз жыл 1990-жылдардан тартып байкалган». Анын таасири өзгөчө тоолуу аймактарга тийүүдө. Тоодогу карлардын, мөңгүлөрдүн эриши, айрым окумуштуулардын ою боюнча, баарынан мурда, суу ресурстарына таасир этет жана чоң көчкүлөрдүн жүрүшүнө алып келет. Гималайдагы ондогон мөңгү-көлдөр жээгинен чыгып, чоң сел жүрүп кетиши мүмкүн. Мындай окуялар акыркы он жылдыктын ичинде далай жолу болгон.

ЖЕР ИШТЕТҮҮ. Элдин санынын өсүшү дың жерлерди иштетүүгө алып келүүдө. Жүргүзүлгөн изилдөөдөн аныкталгандай, Африканын тоолуу аймактарынын жарымдайы айыл чарба иштерин жүргүзүүгө жана мал жаюуга (10 пайызы эгин себүүгө, 34 пайызы мал жаюуга) берилген. Айыл чарбалык максатта иштетүүгө тоонун боорлору көбүнесе жараксыз *. Мал көп жайылса да чөп зыян тартат. Жакында жүргүзүлгөн изилдөөдөн улам тоолуу аймактардын 3 гана пайызында айыл чарба иштерин жүргүзүүгө болору, ошондо гана андагы экосистемага зыян келбеси аныкталды.

СОГУШ. Акыркы маалда көбөйүп кеткен жарандык согуштардан, жоокесептер коруктарга база куруп алгандыктан, тоолорго зыян келип жатат. БУУнун эсеби боюнча, Африканын тоолуу аймактарынын 67 пайызында согуш аракеттери жүргөн. Кээде андай бийик тоолуу аймактар баңгизат чыгаруу жайларына айлангандыктан, куралдуу араздашуулар чыгып айлана-чөйрө жабыр тартат.

Кошумча чаралар керекпи?

Тоонун экологиясына кийлигишүүнүн кесепеттери азыртадан эле сезилүүдө. Суунун жетишсиздиги, көчкү, сел — булар ошол кесепеттердин айрымдары гана. Андыктан бийлик жетекчилери тарабынан иш-чаралар көрүлө баштады. Мисалы, айрым жерлерде бак-дарак олтургузулуп, токойлордун кыйылышына тыюу салынууда. Кооз жерлерди жана жоюлуп бараткан түрлөр өскөн аймактарды сактап калуу үчүн улуттук бактар жана коруктар түзүлүп жатат.

Бирок корукка алынган жерлер да зыян тартууда. («Коруктар — табигый калыбында сакталган аймактар» деген кутучаны карагыла.) Жоголуп бараткан түрлөрдүн тизмесине улам бир түрдүн кошулуп жатышы тоолуу аймактардын экологиясын коргоо үчүн алдыда дагы көп күрөш жүргүзүүгө туура келерин айкындайт. Адистер ал көйгөйлөрдү түшүнгөнү менен, жапайы табиятты коргоо боюнча иш-чара жүргүзүү али толук күч ала элек. «Мени илим тармагындагы билимибиз сүйүнтөт,— дейт белгилүү биолог Эдвард Уилсон,— а бирок өсүмдүктөр менен жаныбарлардын бай дүйнөсүн бүлдүрүп жатканыбыз капалантат».

Жаратылыштагы түрлөрдүн сакталышы канчалык маанилүү? Биологдордун көбүнүн ою боюнча, түрлөрдүн көптүгү адамзат үчүн зор мааниге ээ. Алар түрдүү өсүмдүктөрдүн «мекени» болгон Мадагаскардын бийик тоолорунда өскөн кызгылт бөрү гүлдү мисал келтиришет. Ал гүлдөн ак кандуулук менен күрөшүүгө жардам берүүчү дары жасалат. Анд тоолорунда байыртадан малярияга каршы хинин жана башка дарыларды жасоодо колдонулуп келаткан хин дарагы өсөт. Ошентип, тоо өсүмдүктөрү миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калган. Ооба, адамдар тоо өсүмдүктөрүнүн кээсин башка жактарда өстүрүүгө үйрөнүшкөн. Ошентсе да алардын кемип баратышы али изилдене элек, баалуу дары же азык боло турган түрлөрү жок болуп кетишине себеп болушу ыктымал. Мына, ушул жагдай да тынчсыздандырбай койбойт.

Бул кесепеттүү багытты бөгөттөөгө болобу? Келтирилген зыяндын ордун толтуруу мүмкүнбү? Тоо жаратылышынын сулуулугу, андагы түрлөр сакталып калабы?

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Бир шакектик алтын алыш үчүн, орто эсеп менен үч тонна топурак иштетилет.

^ 7-абз. Ошол эле учурда бир канча кылымдардан бери тоолуктар айлана-чөйрөгө зыян келтирбей жер иштетип келишет.

[7-беттеги кутуча]

Тоо жаныбарлары

Тоо арстаны деп да аталган пума, аталышынан көрүнгөндөй, негизинен тоолуу аймактарда — Аскалуу тоолордо жана Андда — кездешет. Ири жырткычтардын көбү катары ал адамдардан сактанып, алыс кетип калган.

Кидик панда Гималайда, тагыраак айтканда, Эвересттин этегинде гана жашайт. Ал адамдардан алыс жашаганы менен, азыктанган бамбук токойлорунун бүлдүрүлүшүнөн улам тиричилик үчүн күрөшүүгө аргасыз.

[Булак]

Cortesía del Zoo de la Casa de Campo, Madrid

Күрөң аюу бир кездерде Европа, Азия жана Түндүк Америкада көп кездешчү. Учурда чанда гана Европанын тоолуу алыс аймактарында жолугат. Бирок аны Канададагы Аскалуу тоолордон, Аляска менен Сибирден салыштырмалуу көбүрөөк көрүүгө болот. Акыркы жүз жылдын ичинде АКШда анын саны 99 пайызга азайды.

Бүркүт — Түндүк жарым шардагы тоолорду мекендеген «асман төрөсү». Тилекке каршы, аны мурун «кара жолтой куш» деп эсептешкендиктен, азыр Европа боюнча 5 000ге жакын гана түгөйү калган.

Ири панда, кытайлык биолог Тань Сяндын айтуусунда, «бийик тоо менен терең ойдуңсуз, жыш бамбук токойсуз жана шар аккан дарыясыз жашай албайт». Жүргүзүлгөн эсеп боюнча, табигый чөйрөдө 1 600дөн аз панда калды.

[8, 9-беттеги кутуча]

Коруктар табигый калыбында сакталган аймактар

Йосемити улуттук багы (АКШ, Калифорния штаты) натуралист Жон Мюирдин талыкпас аракети менен 1890-жылы түзүлгөн. Жыл сайын аны көрүүгө куштар болуп келген элдин саны төрт миллионго барат. Бактын жетекчилери туристтердин ыңгайлыгын да, тоонун табигый калыбында сакталышын да эске алууга умтулат.

Анддагы (Эквадор) Подокарпус улуттук багынын тумандуу токоюнан көптөгөн өсүмдүктөр менен жаныбарлар: канаттуулардын 600дөн ашуун түрү, өсүмдүктөрдүн кеминде 4 000 түрү жолугат. Дарылык касиети бар хинин алгач ушул жактан табылган. Бул бак да токойдун башаламан кыйылышынан жана мыйзамсыз аңчылыктан зыянга учуроодо.

Килиманжаро (Танзания) — дүйнөдөгү ири жанар тоолуу массивдердин бири жана Африкадагы бийик чоку. Анын этеги — пилдердин жайыты, шалбааларында өсүмдүктөрдүн сейрек түрлөрү, мисалы, чоң лобелия жана кайчы гүлдүүлөрдүн бир түрү жолугат. Табияттын бул бурчуна да мыйзамсыз аңчылык, токойдун кыйылышы жана мал жаюу коркунуч туудурууда.

Тейде улуттук багы Канария аралдарында. Андагы өзгөчө өсүмдүктөр кагыраган жанар тоолуу аралды кадимкидей жандандырат. Мындай аралдардын экосистемасы, адатта, морт келет; башка жактан алып келинген түрлөр андагы экологиялык теңсалмактуулукту бат эле бузуп жибериши ыктымал.

Пиреней жана Ордеса улуттук багы (Франция жана Испания). Бул жактарда жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн көп түрү жайылган. Европадагы тоо кыркаларынын көбүндөй эле, Пиреней лыжа тебүүгө ылайыкташтырылган курорттордун жана башка туристтик жайлардын көптүгүнөн зыян тартууда. Жер иштетүүнүн кылымдардан бери колдонулуп келген ыкмаларынын унутта калышы да бул чөйрөгө терс таасир тийгизип жатат.

Сораксан улуттук багы — Корея Республикасынын атактуу багы. Анын залкар гранит зоолору жана токойлуу боорлору күзүндө айрыкча кооз. Бирок бак өз атагынан зыян тартат: дем алыш күндөрү бу жактын чыйырларында шаардын көчөлөрүнөн бетер эл көп болот.

[10-беттеги сүрөт/кутуча]

Тоо өсүмдүктөрү

Echium wildpretii. Бул укмуш гүл жазында бир нече жуманын ичинде эле адамдын боюнчалык өсүп чыгат. Ал Канария аралдарындагы эки жанар тоодо гана, 1 800 метр бийиктиктен кездешет. Дегинкиси, тоо өсүмдүктөрүнүн көбүн айрым жерлерден гана табууга болот.

Альп жана Пиреней тоолорунда кой тикендин Carlina acaulis деген түрү өсөт. Жайдын аяк ченинде ал гүлдөгөндө, сарала түскө боёлгон шалбаалар шире «ичип» «тойлогон» аары, чымын-чиркейлерге толуп кетет.

Чекилдектин Iris xiphioides деген түрү. Бул назик тоо гүлүнүн аргын сорттору кооздук үчүн өстүрүлөт. Азыр бакчада өстүрүлгөн гүлдөрдүн көбү тоодогу жапайы түрүнөн алынган.

Тоо жашырма аларманы — бийик тоолордо аска-таштын жаракасына жармашып өскөн өсүмдүктөрдүн бири. Мекени — Европанын түштүгү. Ал — ары чыдамдуу, ары байымдуу өсүмдүк.

Бромель тукумундагы өсүмдүктөр. Бул тукумдагы өсүмдүктөр менен орхидейлер тумандуу тропик токойлорунда жакшы өсөт. Аларды 4 500 метрге чейинки бийиктиктен да көрүүгө болот.

Чекилдектин Iris unguicularis түрү Жер ортолук деңиздин өсүмдүктөргө бай аймактарында — Эр-Риф жана Атлас (Түндүк Африка) тоолорунда — өсөт.

[6-беттеги сүрөт]

Индонезиядагы Маоке тоосунун жанынан коло жана алтын казуу.

[Булак]

© Rob Huibers/Panos Pictures

[8-беттеги сүрөт]

Кызгылт бөрү гүл