Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тоолор эмне үчүн керек?

Тоолор эмне үчүн керек?

Тоолор эмне үчүн керек?

«Тоого чыгып, анын баянын угуп көргүлөчү. Андагы көшүлгөн табияттын бейкуттугу, күндүн мээримдүү нуру жалбырактарга сиңген сыңары, көөдөнүңөргө сиңип кирет. Жан сергитип абада желаргы согуп турса же кубат берип долу шамал чыга келсе, күзүндө күбүлүп, алыска учуп кеткен жалбырактар өңдүү, санааларыңдын бири да калбас» (ЖОН МЮИР, АМЕРИКАЛЫК ЖАЗУУЧУ ЖАНА НАТУРАЛИСТ).

ЖОН Мюирдин мындан бир кылымдан ашуун убакыт мурун айтканындай, тоолор бизде түрлүү сезимдерди жаратат. Алардын бакубат сүрү таасирлентип, жапайы жаратылышы суктандырып, мемиреген зор тынчтыгы жан-дүйнөңдү балкытат. Табияттын сулуулугун көрүп, жарпын жазып келиш үчүн, жыл сайын миллиондогон адамдар тоого чыгат. Андыктан БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) аткаруучу башкармасы Клаус Топфер: «Эзелтеден тоолор адам баласынын ой-кыялын толкутуп, ага шык берип келген»,— дейт.

Бирок учурда тоолордун телегейи тегиз деп ырастоодон алыспыз. Миңдеген жылдар бою тоолордун бийиктиги, обочолонуп турушу аларды адамдын ачкөздүгүнөн коргоп келген. Ал эми азыр алар ар тараптан зыян тартууда. ООНдун жакындагы билдирүүсүндө аянтынын кенен бөлүгүн тоо түзгөн айрым аймактардын жапайы жаратылышы айыл чарба иштеринен, инфрастуктуранын өнүгүшүнөн жана башка себептерден улам ургалдуу бүлдүрүлүп жатканы белгиленген.

Тоолор жер бетинин басымдуу бөлүгүн ээлейт. Дүйнөдөгү калктын, кеминде, жарымынын жашоосу тоонун ресурстарынан көзкаранды. Тоолуу аймактарды миллиондогон адамдар мекендейт. Тоолор табигый чеп гана эмес. Адамзаттын жашоосу үчүн алардын мааниси зор. Келгиле, мунун себебин карап көрөлү.

Эмне себептен мааниси зор?

СУУ САКТАГЫЧТАР. Ири дарыялар дал ошо тоолордон жаралып, көлмөлөргө куят. Түндүк Американын суусу мол Колорадо жана Рио-Гранде дарыялары дээрлик толугу менен Аскалуу тоолордон көзкаранды. Түштүк жана Чыгыш Азияда Жер калкынын дээрлик жарымы отурукташкан. Алардын басымдуу бөлүгүнүн жашоосу Гималай, Тибет тайпак тоосу, Памир жана Кара-Корум сыяктуу эң ири жана бийик тоо массивдерине түшкөн кар, жаан-чачын менен тыгыз байланышта.

«Тоолор — биздин планетабыздын суу мунаралары,— деген Клаус Топфер.— Ошондуктан аларды жалпы адамзаттын жыргалчылыгы үчүн сактап калууга тийишпиз. Бийик чокулардагы жагдай түздүктөргө, тузсуз суулуу көлмөлөргө, ал эмес деңиздерге сөзсүз таасир этет». Тоолуу аймактардын көбүндө кышкысын жааган карлар чогулуп, жазы-жайы акырындык менен эрип, сууга айланат. Кургак аймактарда сугатка жүздөгөн километр алыстыктагы тоолордогу кардын суусу жумшалат. Көптөгөн тоолордун жыш токойлуу жондору жаандын суусун бат эле сиңирип алгандыктан, кыян жүрүп кетпейт. Ал суу акырындык менен дарыяларга барып кошулат.

ЖАПАЙЫ ТАБИЯТ КЕНЧИ. Тоонун алыстыгы жана бийиктиги, анын үстүнө, жеринин иштетүүгө ыңгайсыздыгы аны адамдын кол салуусунан кандайдыр бир деңгээлде коргоп келген. Ошондуктан түздүктөрдө эчак жок болгон жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн көп түрү тоодо сакталуу. Мисалы, Малайзиядагы Кинабалу улуттук багын алалы. Аянты боюнча Нью-Йорктон кичирээк келген ошол тоолуу аймакта өсүмдүктөрдүн 4 500 түрү өсөт. Бул жалпы АКШда өскөн бардык белгилүү өсүмдүктөрдүн төрттөн бир бөлүгүнөн көп. Кытайдагы чоң панданын, Анддагы кондор кушунун, Орто Азиядагы кабыландын жашаган жери да тоо. Аталган жаныбарлардын жана тукум курут болуп бараткан дагы көптөгөн жаныбарлардын тиричилиги тоо менен түздөн-түз байланышта.

«Нэшнл жиогрэфик» журналында маалымдалгандай, экологдордун эсебинде «жердеги өсүмдүктөр менен омурткалуу жаныбарлардын үчтөн бир бөлүгүнөн ашууну жер кыртышынын 2 пайызына гана таралган». Табияты бай, адамдын колу тийбеген аймактарды кээде «жер соорусу» деп атап коюшат. Андай жерлердин, өзгөчө, тоолуу аймактардын, табигый чөйрөсүндө бизге көп пайда берген жапайы айбанаттар менен өсүмдүктөр мол. Тоодо азыр да баалуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жапайы түрлөрү өсөт. Алардын айрымдарын гана мисалга алсак, Мексика тайпак тоосунда ушул күнгө чейин — жүгөрүнүн, Перудагы Анд тоолорунун тилкесинде — картошка менен помидордун, Кавказда буудайдын «ата-теги» кездешет.

ЭС АЛУУ ЖАНА ТАБИЯТ. Тоонун жаратылышы бөтөнчө кооз эмеспи: күркүрөгөн шаркыратмалары, мелмилдеген көлдөрү, тукаба тулаңдуу төрлөрү... Жердеги бардык коруктардын үчтөн бир бөлүгү тоодо. Ал жактарга эл көп барат.

«Жердин түбүндөгү» улуттук бактарга да дүйнө жүзүнөн из суутпай, миллиондогон адамдар барып турат. Көптөр тээ Аляскадагы (Түндүк Америка) Денали багындагы Мак-Кинли чокусун көрүш үчүн алыс жол жүрүүгө кайыл. Туристтер Килиманжаро менен Меру өңдүү залкар тоолорду жана алардын этегинде жайылган жапайы жаныбарлардын үйүрлөрүн көрүү максатында Чыгыш Африкадагы Жаракалар зонасына да барышат. Тоо аймагынын тургундары болсо көбүнесе туристтердин эсебинен жашашат. Бирок көзөмөлдөнбөгөн туризм корукка алынган жерлердин морт экосистемасына зыян келтириши ыктымал.

Тоолуктардын топтогон билими

Миңдеген жылдардан бери тоо эли катаал шарттарда жашоого ыңгайланышып-үйрөнүп келген. Алар тектир курууну өздөштүрүп алышкан; бул эки миң жылдан бери тоолуу аймактарда жер иштетүүнүн башкы ыкмасы болуп келатат. Тоолуктар бийик жерлерге байыр алган ламалар менен топоздорду колго үйрөтүп алышкан. Ар бирибиздин жашообуз үчүн мааниси зор тоолорду коргоодо тоолуктардын кылымдардан бери топтогон билими баа жеткис.

«Жаратылыштын адам бүлдүрө элек кең жерлеринин бирден-бир кароолчулары — бардык континенттердеги тоо элдери,— деген «Уорлдуотч» институтунун кызматкери Алан Дернинг.— Алардын топтогон билими... азыркы илимий китепканалардын жыйнактарынан кем эмес». Мындай билимдин кенчи, тоонун табигый байлыгы сыяктуу эле, коргоого муктаж.

ЮНЕП 2002-жылды Тоо жылы деп жарыялаган. Тоолордун жашообузда ойногон маанисин баса көрсөтүш үчүн, «Биз баарыбыз тоонун тургундарыбыз!» деген ураан кабыл алынган. Мунун максаты жалпы дүйнө жүзүнө тоолорду коргоо зарыл экенин туюнтуу эле.

Тоолорго байланыштуу тынчсыздануулар негиздүү. 2002-жылы Бишкек шаарында болуп өткөн Глобалдык тоо саммитинин өзөк сөзүндө тоо көбүнчө табият байлыктарынын түпсүз кампасы деп эсептелип келгендиктен, тоо тургундарынын жакырлыгына жана тоонун экосистемасын коргоого аз көңүл бурулары айтылган.

Тоо жана анын тургундары кандай кыйынчылык-көйгөйлөргө туш болууда? Бул ар бирибизге кандай таасир тийгизет?