Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азыркы жаштардын көйгөйлөрү

Азыркы жаштардын көйгөйлөрү

Азыркы жаштардын көйгөйлөрү

ӨСПҮРҮМ кез, кээде шарт-жагдай бардык жагынан шайма-шай болуп турса да, оңой болбойт. Ал куракта жаштар түрлүү жаңы сезимдер, ой-санаалар менен күрөшөт. Күнүгө мугалимдери менен курбу-курдаштары аларга толгон-токой талаптарды коёт. Андан сырткары, телекөрсөтүү, видеотасма, музыка жана Интернет эбегейсиз таасир тийгизет. БУУнун докладдарынын биринде белгиленгендей, өспүрүм курак, адатта, «стресс жана кооптонуу менен коштолот».

Анын үстүнө, жаштардын тажрыйбасы өтө эле тайкы болгондуктан, жашоодогу кыйынчылыктар менен тийиштүү түрдө күрөшө билишпейт (Накыл сөздөр 1:4). Жакшы колдоо көрсөтүлбөсө, алар оңой эле тескери жолго ооп кетиши ыктымал. БУУнун докладында мындай делген: «Изилдөөлөрдөн аныкталгандай, адатта, адамдар баңгизаттарды өспүрүм куракта же жаңыдан эресеге жеткен кезде колдоно башташат». Зордук-зомбулук, башаламан жыныстык катнаштар жана башка терс жүрүм-турумдар тууралуу да ушуну айтууга болот.

Мындай көрүнүш коомдун «жакыр» катмарына же кайсы бир улутка гана таандык деп ойлогон ата-энелер катуу жаңылышат. Жаш муундун кыйынчылыктары экономикалык, коомдук жана улуттук чектерди «көзүнө илбейт». «Эгер жаш кылмышкер дегенде, оюңарга кедей аймакта жашаган, энеси мамлекеттик жөлөкпул менен күн көргөн, кара расадагы 17 жашар баланын элеси келсе, жашоодон артта калыптырсыңар. Азыркы бейбаш бала ак расадагы, үй-бүлөсү материалдык жактан орто же жакшы камсыздандырылган, 16 жашка чыга элек (керек болсо, андан да жаш) бала, ал турсун, кыз болушу мүмкүн»,— деп жазат Скотт Уолтер.

Эмне үчүн начар жолго түшкөн жаштар мынчалык көп? Мурунку муундун жаштары деле кыйынчылыктарга, азгырыктарга кабылышчу эмес беле? Кабылышчу. Бирок биз азыр Ыйык Китепте «акыркы убактын оор күндөрү» деп белгиленген мезгилде жашап жатканыбызды унутпайлы (2 Тиметейге 3:1—5). Ошондуктан азыркы доордун кырдаалы менен кыйынчылыктары эмки жаштарга өзгөчө оорчулук келтирүүдө. Келгиле, ошол кыйынчылыктардын айрымдарына токтолуп кетели.

Үй-бүлөдөгү өзгөрүүлөр

Үй-бүлөдө эмнелер өзгөрдү? Психология боюнча бир журналда мындай делген: «Америкадагы ар бир үчүнчү бала 18ге чыга элегинде ата-энесинин ажырашуусуна күбө болот» («Journal of Instructional Psychology»). Батыш өлкөлөрүндө да ушундай жагдай байкалууда. Үй-бүлөсүнүн бузулушун балдар өтө оор көтөрөт. «Негизинен, ата-энеси жаңыдан ажырашкан балдардын окуудагы жетишкендиги жана тартиби толук (атасы же энеси өгөй болсо да) үй-бүлөлөрдөгү же көптөн бери жалгыз бой атасы же энеси тарбиялап келаткан балдардыкына караганда начар болот... Андан сырткары, ажырашуу баланын эмоциялык теңсалмактуулугуна жана өзүн сыйлоо сезимине доо кетирбей койбойт».

Аялдардын иштеши кадимки көрүнүшкө айланып баратканы да үй-бүлө түзүлүшүнө залал тийгизүүдө. Жапонияда өспүрүмдүк кылмышкерлик боюнча жүргүзүлгөн бир изилдөөдөн ата-эненин бири үйдө олтурган үй-бүлөлөрдөгүгө караганда атасы да, энеси да иштеген үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоо татаалыраак экени аныкталган.

Албетте, кээде ата-эненин экөө тең иштеши зарыл болот. Ата-энеси экөөлөп акча таап келсе, балдары материалдык жактан жакшы камсыз кылынаттыр. Бирок бул «аңгектен качсаң — дөңгөккө» дегендей натыйжа бериши ыктымал. Миллиондогон балдар мектептен ээн үйлөрүнө кайтышат. Ал эми кечинде келген ата-энеси же суй жыгыла чарчаган болот, же оюнун баары али жумушта болот. Натыйжада өспүрүмдөрдүн көбүнө ата-эне тараптан жетиштүү көңүл бөлүнбөй калат. Ошол себептүү бир өспүрүм: «Биз эч качан чогуу убакыт өткөрбөйбүз»,— деп нааразы болгон.

Адистердин ою боюнча, мындай жагдай жаштарга жакшы таасир тийгизбейт. «Менимче, ата-энелердин акыркы отуз жыл аралыгында алган багыты балдардын обочолонушуна, тил табыша билбешине, начар окушуна жана ээн баш болушуна алып келүүдө,— дейт доктор Роберт Шоу.— Ал эми ата-энелер коом таңуулап жаткан дүнүйөкорлуктун, мансаптын артынан сая түшүп, убактысы акча табууга, анан аны коротууга кеткендиктен, балдары менен өз ара тыгыз мамиле өрчүтүүгө убакыт бөлө албай калышат».

Өспүрүмдөрдүн сак-саламаттыгына коркунуч туудурган дагы бир жагдай бар. Атасы да, энеси да иштесе, балдар көбүнесе убактыларын өзүлөрү билгендей өткөрөт. Ал эми көзөмөлдүн жетишсиздиги бир топ кыйынчылыктарды туудурат.

Тарбиялоого болгон көзкараштын өзгөрүшү

Тарбиялоого байланыштуу көзкараш да өзгөрдү. Албетте, мунун залакасы жаштарга тийбей койбойт. Рон Таффелдин айтканы ырас: көп ата-эне «ата-энелик милдеттеринен баш тартып койгон». Ошол себептүү жаштар дээрлик же таптакыр эреже-жетектөөсүз өсүп жатат, демек, жүрүм-турумун туура жакка багыттап туруучу эч кандай «ооздугу» жок.

Бала кезиндеги жагымсыз окуялар эсинде калган ата-эне кээде балдарына башкача тарбия бергиси келип, аларга катаал башкаруучу эмес, дос болууну туура көрүшөт. «Мен өтө эле жумшак болчумун,— дейт бир эне.— Ата-энем мени абдан катуу кармачу, ошондуктан балдарыма андай мамиле кылгым келчү эмес. Көрсө, жаңылышкан экенмин».

Андай көзкараштагы айрым ата-энелер эмнеге барышат? «Ю-эс-эй тудей» гезити маалымдагандай, «жакында жүргүзүлгөн сурамжылоодо Нью-Йорк, Техас, Флорида жана Калифорнияда баңгиликтен дарыланып жаткан 600гө жакын өспүрүмдөрдүн 20 пайызы ата-энеси менен бирге (ичкиликтен сырткары) баңгизат колдонушканын, ал эми 5 пайызы биринчи жолу баңгизатты, көбүнесе марихуананы атасы же энеси бергенин айтышкан». Эмне үчүн ата-энелер мындай акылга сыйбас ишке барат? Бир эне мындай деп түшүндүргөн: «Кызыма аны менин көзүмчө, үйдөн жасаганың жакшы дедим». Ал эми айрымдар балдары менен чогуу баңгизат колдонушса, алар менен ынак мамиле өрчүтөбүз деп ойлошот көрүнөт.

Көгүлтүр экрандын таасири

Маалымат каражаттарынын таасири да эбегейсиз. Изилдөөчү Марита Моллдун айтымында, бир сурамжылоодон АКШдагы өспүрүм телевизордун же компьютердин алдында күнүнө 4 саат 48 мүнөт өткөрөрү белгилүү болгон.

Мунун эмнеси жаман? «Сайенс» журналына чыккан макалада «Кошмо Штаттардагы беделдүү алты уюм», алардын бири — Америка медицина ассоциациясы, маалымат каражаттары аркылуу көрсөтүлүп жаткан зордук-зомбулук менен балдардын бейжай жүрүм-турумунун ортосунда түздөн-түз байланыш бар экенин бир ооздон ырасташканы айтылган. «Бул боюнча адистердин пикири бирдей болсо да,— деп белгиленет аталган гезитте,— көрүнүктүү телеберүүлөр менен басылмалар экрандан көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун жашоодо ишке ашырыларын жалпы коомчулукка айкын жеткирбейт көрүнөт».

Маселен, музыкалык клиптерди алалы. Аларда жыныстык мамилелер канчалык ачык, көркөмдөлүп көрсөтүлөрүн көргөн ата-энелердин төбө чачы тик турат. Андай клиптер балдарга таасир этеби? Беш жүз студенттин катышуусу менен жүргүзүлгөн бир изилдөөдөн «сөздөрүндө зордук-зомбулук камтылган ырлар терс ойлор менен сезимдерди пайда кылары» аныкталган. Жакында жүргүзүлгөн дагы бир изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, «гангста-рэптин жыныстык байланыш жана зордук-зомбулук камтылган клиптерин көп көргөн өспүрүмдөр көргөндөрүн иш жүзүнө ашырууга жакын болот». Беш жүздөн ашуун кыз катышкан ал изилдөөдөн гангста-рэптин клиби дегенде «ичкен ашын жерге таштаган» кыздар мугалимин сабоого, жыныстык өнөктөрүн алмаштыра берүүгө жакын болору жана полицияга көп түшөрү аныкталган.

Өспүрүм жана компьютер

Акыркы жылдарда жаш акылды калыптоодо компьютер омоктуу орун ээлеп калды. «Соңку он жылдыктарда үйдө колдонулуучу компьютерлердин саны кескин көбөйдү,— деп маалымдалат „Педиатрия“ деген журналда.— [АКШда] Мектеп жашындагы (6—17 жаштагы) балдар бар үй-бүлөлөрдүн үчтөн эки бөлүгүндө компьютер колдонулат... 1998-жылы 3—17 жаштагы балдардын 55 пайызынын үйүндө компьютер бар болсо, 2000-жылы ал сан 65 пайызга өскөн». Мындай көрүнүш башка өлкөлөрдө да байкалат.

Анткен менен үйүндө компьютер жок болсо эле, жаштар аны колдонбой калбайт. Бир изилдөөчүнүн ырастоосунда, «5—17 жаштагы балдардын орто эсеп менен 90 пайызы компьютер колдонот жана 59 пайызы Интернетке „кирет“». Бул жаштарга маалыматтын чексиз мейкиндигине жол ачат. Албетте, компьютердин, чоң адамдын көзөмөлү жана жоопкерчилик менен колдонулса, пайдасы жок эмес. Бирок, өкүнүчтүүсү, көп ата-энелер балдарына толук эркиндик берип койгон.

Буга далил катары Марита Молл бир журналда Интернетти пайдаланууга байланыштуу сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарган. Анын билдирүүсүндө, 2001-жылы «ата-энелердин 71 пайызы балдарынын Интернетти кандай колдонорун „жакшы же эң сонун“ билебиз деген ойдо болгон. Ал эми ошол эле сурамжылоодо балдардын 70 пайызы алардын Интернетте эмне кылып жатканын ата-энеси „анча же таптакыр билбей“ турганын айтышкан». Изилдөөдө белгиленгендей, «9—10 жаштагы балдардын 30 пайызы „жаштарга тыюу салынган“ сайттарга „киришкен“. Чынында, көйгөй азаймак түгүл, күчөп барат: 11—12 жаштагылардын — 58, 13—14 жаштагылардын — 70, ал эми 15—17 жаштагылардын 72 пайызы да ошентишерин билдиришкен. Интернетти үйдөн колдонуу боюнча жүргүзүлгөн дагы бир сурамжылоо Улуу Британиядагы ар бир жетинчи ата-эне баласы Интернеттен эмнелерди көрүп жүргөнү тууралуу таптакыр беймаалым экенин көрсөткөн» («Phi Delta Kappan»).

Интернетти кароосуз колдонушкан жаштар порнографиянын торуна түшүшү ыктымал. Бирок андан да башка коркунучтар бар. Жогоруда сөзү келтирилген Рон Таффел: «Балдарыбыз мектептен жана кибермейкиндиктен дос табышат. Биз болсо алардын кимдер менен убакыт өткөрүп жүргөнүн жөндөп билбейбиз»,— деп муңканат.

Ооба, эмки жаштар мурунку муундар кабылбаган кыйынчылыктарга, сыноолорго туш болууда. Андыктан өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумунун сестентери таңыркатабы?! Аларга кантип жардам берүүгө болот?

[6-беттеги сүрөт]

«Менимче, ата-энелердин акыркы отуз жыл аралыгында алган багыты балдардын обочолонушуна, тил табыша билбешине, начар окушуна жана ээн баш болушуна алып келүүдө» (РОБЕРТ ШОУ).

[7-беттеги сүрөт]

Аялдардын иштеши кадимки көрүнүшкө айланып баратканы да үй-бүлөгө залал тийгизүүдө.

Кароосуз калган балдар балаага кабылышы мүмкүн.

[8-беттеги сүрөт]

Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, клиптердеги зомбулук менен жашоодогу зомбулук түздөн-түз байланышта.

[9-беттеги сүрөт]

Балаңар Интернеттен эмнелерди көрүп жүргөнүн билесиңерби?