Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азыркы жаштар үчүн жардам

Азыркы жаштар үчүн жардам

Азыркы жаштар үчүн жардам

АЗЫРКЫ жаштар адамды кээде жүрөксүнткөн дүйнөдө өсүп жатышат. Айрымдары ата-энесинин ажырашуусуна күбө болууда. Башкалары мектептеги тааныштарынын баңгиликтин же кылмышкерликтин кооптуу жолуна түшкөнүн көрүшөт. Өзүлөрү курактуу кыздар менен балдардын жыныстык жактан асылууларына кабылгандары да аз эмес. Ошондой эле дээрлик ар бир өспүрүмдүн аны башкалар түшүнбөй жаткандай сезген, жалгызсыраган, көңүлү чөккөн учурлары болот.

Андай оор маалда аларга эмне жардам берет? «Балдар адеп-ахлактуулукту калыптаган туруктуу булакка муктаж,— деп жазат Роберт Шоу.— Аларга дос тандоодо жана чечим чыгарууда ишенимдүү жетекчилик берип, башкаларга боорукердик менен мамиле кылууга үйрөтө турган өзүнчө „кемеказык“ керек». Адеп-ахлактыкты калыптаган эң сонун булак — Ыйык Китеп, себеби анда Жаратканыбыздын ойлору камтылган. Азыркы оор учурда туруштук берүү үчүн эмнеге муктаж экенибизди Жахаба Кудайдан жакшы билген ким бар?!

Эскирбеген, пайдалуу жетекчилик

Ыйык китептик принциптер эскирген эмес, алардын пайдасы азыр да зор. Алар жаштарга ар кыл тузактардан сактанууга көмөк кылгысы келген ата-энелерге жана башкаларга баа жеткис жардам берет.

Мисалы, Ыйык Китепте: «Өспүрүмдүн жүрөгүнө акылсыздык жабышат»,— деп туура айтылат. Же башка котормодо айтылгандай, «балдар эси жоктук, бейкамдык менен иш жасоого жакын» (Накыл сөздөр 22:15, «Today’s English Version»). Айрым өспүрүмдөр өзүнүн жашынан эрте эс тарткандай сезилет, а бирок аларда тажрыйба аз. Ошондуктан бул курактагы балдарга тартынчаактык, тынчсыздануу сезимдери жана түрлүү каалоолор менен күрөшүүгө туура келет (2 Тиметейге 2:22). Аларга кантип жардам берүүгө болот?

Ыйык Китеп ата-эне менен балдарды бири-бири менен ар дайым пикирлешүүгө чакырат. Ата-энелерге: «Аларды [Кудайдын көрсөтмөлөрүн] үйдө отурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт»,— деп айтылат (Мыйзам 6:6, 7). Андай пикир алмашуу, биринчиден, жаштарды Кудайдын жолуна салат (Ышайа 48:17, 18). Экинчиден, ата-энеге балдарына акыл айтып турууга шарт түзөт. Пикирлешүү балдардын түнт болуп, жалгызсыроого жакын болгон өспүрүм маалында айрыкча маанилүү.

Албетте, дээрлик бардык өспүрүмдөр кээде өзүн эч кимге кереги жоктой сезет. Бирок айрымдарында андай сезим өнөкөт жалгызсыроого өтүп кетет. Өспүрүмдөр жөнүндөгү бир китепте мындай деп айтылган: «Андай балдар мектептен дос табуу кыйын экенин, сүйлөшкөнгө эч кимиси жоктугун, өзүлөрү курбуларына жакпасын, кыйналып жатканда эч кимге кайрыла албасын жана жалгызсыраарын айтышат» *.

Ата-энелер жана башкалар балдарга жүрөк өйүгөн санааларын жеңүүгө кантип жардам бере алышат? «Баланын жүрөгүндө эмне бар экенин билүүнүн жалгыз жолу — анын өзүнөн суроо»,— деп жазат жаштарга арналган журналдын редактору. Албетте, бала ичиндегисин айта башташы үчүн, убакыт жана чыдамдуулук керек. Бирок аракетибиздин акыбети кайтпай койбойт (Накыл сөздөр 20:5).

Акылга сыярлык чектөөлөрдү коюу

Пикир алмашуудан сырткары, балдар акылга сыярлык чектөөлөргө муктаж, муну алар өзүлөрү да жүрөгүнүн түпкүрүндө каалашат. Ыйык Китепте: «Өз эркине коюлган уул энесин уятка калтырат»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 29:15). Адистердин ырастоосу боюнча, өспүрүмдүк кылмышкерликке убагында ачык-даана чектөө берилбегендик алып келет. «Эгер дайыма баланын көзүнүн агы менен айлана берсе, ал эч качан „жок“ деген сөздү укпаса, башка адамдардын да жекече жашоосу, сезими, муктаждыгы менен каалоолору болорун ошо бойдон түшүнбөй калат. Эгер боор ооруганды билбесе, башкаларга сүйүү көрсөтүүнү үйрөнбөйт дагы»,— дейт Роберт Шоу.

Бул ойго ээнбаш өспүрүмдөр менен көптөн бери иштешип келаткан Стэнтон Сэйменоу да кошулат. «Айрым ата-энелер балдарга толук эркиндик бериш керек деген ойдо. Кандайдыр бир тартип эрежелери менен талаптар балага оордук келтирет, балалыгынан ажыратат дешет. Бирок андай көзкараш жакшыга алып барбашы ыктымал. Алар кичинесинен тартипке салынбаган бала чоңойгондо өзүн бир калыпта кармай албай кыйналарын аңдашпайт»,— дейт Сэйменоу.

Анда ата-энеден балдарын катуу кармоо гана талап кылынабы? Жок. Чектөө коюу туура тарбия берүүнүн чети гана. Ашкере катуулук үйдө жагымсыз жагдайдын пайда болушуна алып келет. «Аталар, балдарыңарды кыжырлантпагыла, алардын көңүлү чөкпөгүдөй болсун»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Колосалыктарга 3:21; Эфестиктерге 6:4).

Ошондуктан ата-эне маал-маалы менен, өзгөчө, балдары эс тартып баратса, тарбиялоо ыкмаларын текшерип турушу керек. Балким, айрым эреже-талаптарды жумшартыш же өзгөртүш керектир. Бирок бул жерде баланын канчалык жоопкерчиликтүү экенин да эске алуу абзел (Филипиликтерге 4:5).

Өз ара мамилени бекемдөө

Мындан мурунку макалада белгиленгендей, Ыйык Китепте Кудай азыркы дүйнөнүн иштерине кийлигишер алдында өзгөчө «оор күндөр келери» айтылган. Азыр бардыгы дүйнөнүн «акыркы убагында» жашап жатканыбызды далилдеп турат. Чоң адамдар сыяктуу эле, жаштар да «өзүн өзү сүйүүчү... элдешпес... өзүн өзү кармай албаган» адамдар көбөйгөн маалда жашап жатышат (2 Тиметейге 3:1—5) *.

Баласы менен болгон мамилеси салкындай түшкөнүн байкаган ата-эне аны менен аз-аздан сүйлөшө берсе, акырындык менен жагдай жакшы жагына өзгөрүшү мүмкүн. Бактыга жараша, балдарына жакшы таасир тийгизип, алардын жашоосуна катышууга бүт күч-аракетин жумшаган ата-энелер көп.

Балдарды тарбиялоодо ыйык китептик принциптердин жардамы баа жеткис. Алар көптөгөн ата-энелерге өз милдетинин канчалык маанилүү экенин түшүнүүгө, ал эми балдарга көптөгөн тузактардан сактанууга жардам берди (Мыйзам 6:6—9; Забур 118:9). Ыйык Китепти Жаратканыбыз Жахаба Кудай бергендиктен, анда азыркы жаштар муктаж болгон эң сонун жетекчилик камтылганына шектенбесек болот *.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Ошол эле булакта кез-кезде жалгызсыраган балдарга караганда андай сезими өнөкөт түргө айланып кеткен балдар көбүрөөк жана узакка жалгызсыраары белгиленет. Алар «кемчилигим көп болгондуктан досторум жок, дайым ошондой болот... мындай жагдай жакшы жакка өзгөрөрү күмөн, өзгөрбөйт дагы деп эсептешет».

^ 16-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» аттуу китептин 11-бөлүмүн карагыла.

^ 18-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» (ор.) аттуу китеп жаштарга жакшы жардам берет. Ал 39 бөлүмдөн турат. Алардын ар биринде терең суроолор каралган. Мисалы, «Чыныгы досторду кантип табууга болот?», «Курбулардын кысымына кантип туруштук берүүгө болот?», «Жалгыздыкты кантип жеңе алам?», «Бирөө менен сүйлөшө баштоого даярмынбы?», «Эмне үчүн баңгизат колдонуу туура эмес?», «Никеге тура электе жыныстык катнашта болуу туурабы?».

[10-беттеги сүрөт]

Сен үчүн тынчсызданган чоң адамдан кеңеш изде.