Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай бир жыныстагы адамдардын никелешүүсүн туура көрөбү?

Кудай бир жыныстагы адамдардын никелешүүсүн туура көрөбү?

Ыйык Китептин көзкарашы

Кудай бир жыныстагы адамдардын никелешүүсүн туура көрөбү?

ЧИРКӨӨ каадасы аткарылып жатат. Епископтук чиркөөнүн атактуу диний кызматчысынын алдында кол кармашкан эки эркек турат. Алар «Кудайдын жана чиркөөнүн алдында... келишим» түзүп жатышат. Алтын менен саймаланган аземдүү ак кийим кийген епископ эл алдында ал эки эркектин келишимине батасын берди. Анан баш кошкондор кучакташып, өбүшкөндө, келгендердин баары ордуларынан туруп, дүркүрөтө кол чаап калышты. Бул каадага катышкан епископтун айтымында, мындай гомосексуалдык мамилелер «ак, ошондуктан алкоого... ыйык деп аталууга татыктуу».

Бирок бир жыныстагы адамдардын баш кошушуна кескин түрдө каршы чыккан диний жетекчилер да бар. «[Епископтун] чечими бизди абдан тынчсыздандырууда,— дейт Американын Епископтук чиркөөлөрүнүн эскичил тобунун өкүлү Синтия Браст.— Бир жыныстагы адамдардын никесине бата берүү нике менен жыныстык мамилелерге тийиштүү ыйык китептик ачык-айкын окууларга карама-каршы келет». Ал мындай мамилелер «ак никеде баш кошкон аял менен эркектин ортосунда гана болууга тийиш экенин» белгилеген.

Буга байланыштуу кызуу талаш-тартыштар диний чөйрөдөн тышкары да жүрүүдө. Мисалы, бир катар өлкөлөрдө бул боюнча саясий талаштар да жүргөн. Себеби бир жыныстагы адамдардын никесинин мыйзам түрүндө катталышы коомдук, саясий жана экономикалык тармактарга, алар менен катар, пенсия, медициналык камсыздандыруу, салык маселелерине тийиштиги бар.

Жарандык укукка, юридикалык жактан таанууга байланышкан маселелер көп учурда кыйла татаал болот жана коомдо карама-каршы пикирлердин пайда болушуна алып келет. Кудайдын чыныгы кызматчылары саясий талаштарда бейтараптуулук сактоого умтулушат (Жакан 17:16) *. Анткен менен Ыйык Китепти баалагандардын кээси бир жыныстагы адамдардын баш кошуусуна жана гомосексуализмге кандай мамиле кылышты билишпейт. Силер андай никеге кандай карайсыңар? Кудай никеге карата кандай талап койгон? Силердин жүрүм-турумуңар Кудай менен болгон мамилеңерге кандай таасир тийгизет?

Адеп-ахлактык талаптарды Жараткан бекитет

Бийликтер никеге байланыштуу мыйзам чыгара электе эле, Жаратканыбыз тараптан бекитилген эреже-тартип бар болчу. Ыйык Китептин биринчи китебинде: «Адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот»,— деп айтылган (Башталыш 2:24). Вайндын «Ыйык китептик сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгүндө» белгиленгендей, «аял» деген сөз байыркы эврей тилинде, «аял жынысындагы адам» дегенди билдирет. Ыйса да никеде эркек менен аял гана баш кошууга тийиш экенин баса көрсөткөн (Матай 19:4).

Ошондуктан, Кудайдын ниети боюнча, нике — эркек менен аялды бириктирген ажырагыс, бекем түйүн. Эркек менен аял бири-бирин толуктап тургудай, өз ара эмоциялык, рухий, жыныстык муктаждыктары менен каалоолорун канааттандыра алгыдай кылып жаратылган.

Содом жана Амор шаарлары жөнүндөгү ыйык китептик билдирүү Кудайдын гомосексуализмге карата кандай көзкарашта экенин көрсөтөт. «Содом менен Амордун күнөөсү абдан оор,— деген Кудай,— алардан кордук көргөндөрдүн ыйы катуу» (Башталыш 18:20). Ал шаарлардын эли канчалык бузулганын ишенимдүү Лотко эки конок келгенде болгон окуя айкын көрсөтөт. «Содомдуктардын жаш-карысы дебей, шаардын бардык тегерек-четинен келген эл үйдү тегеректеп алышты. Лотту чакырып, ага мындай дешти: „Сага түнөккө келген кишилер кайда? Аларды бизге чыгарып бер. Биз аларга жакындайбыз“» (Башталыш 19:4, 5). «Содомдун тургундары болсо Теңирдин алдында күнөөгө баткан жаман адамдар эле»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Башталыш 13:13).

Ал шаардагы эркектер «бири-бирине кумарын арттырып... бири-бири менен ыпылас ишке барышкан» (Римдиктерге 1:27). Алар «бөлөк дененин артынан ээрчиген» (Жүйүт 7). Гомосексуалисттердин укугун коргоо өнөктүктөрү жүргүзүлгөн өлкөлөрдө гомосексуализмди «бейтабигый» жүрүм-турум деп айтууга каршы чыккандар бардыр. Бирок кандай иштер табигый экенин Кудай чечет, туурабы? Байыркы убакта ал өз элине: «Аял менен жаткандай, эркек менен жатпа,— деп буйрук кылган,— бул жийиркеничтүү» (Лебилер 18:22).

Кудайдын алдында жооптуубуз

Кудайдын гомосексуализмди туура көрбөсү жана ага көз жумду мамиле кылбасы Ыйык Китептен таасын көрүнөт. Ал «ушундай кылгандарды кубаттаган» адамдарды да жактырбайт (Римдиктерге 1:32). Андан тышкары, бир жыныстагы адамдар никесин мыйзамдуу түрдө каттатышса эле, алардын гомосексуалдык мамилелери туура болуп калбайт. Кудайдын: «Никеңер адал болсун»,— деген талабы андай байланыштарга тыюу салат, анткени ал Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү (Эврейлерге 13:4).

Ал эми Кудайдын жардамы менен ар бир адам «ойноштук кылуудан алыс болууга», «өз денесин ыйык жана таза сактоого» үйрөнө алат (1 Тесалоникалыктарга 4:3, 4). Албетте, кээде ал оңой болбошу ыктымал. Мурун гомосексуалист болгон Нейтан *: «Ал адаттан эч качан кутула албайт болушум керек деп ойлочумун»,— дейт. Бирок Нейтан Кудайдын рухунун жардамы менен өзгөрө алган (1 Корунттуктарга 6:11). Ал Жахабанын кандай кыйынчылык болбосун чече аларына жана ыйык китептик талаптарга жараша оңолуп бата алгысы келгендерге керектүү күч, жардам бере аларына өз тажрыйбасынан ынанган (Забур 45:2).

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Өлкөнүн мыйзамы Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китеп боюнча калыптанган абийирлерине каршы келсе да, алар ал мыйзамды өзгөртүү максатында жүргүзүлгөн кыймылдарга же саясий жүрүштөргө катышпайт.

^ 14-абз. Ысмы өзгөртүлдү.

[26-сүрөттүн булагы]

Photo by Chris Hondros/Getty Images