Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Помидор деген «жашылчаны» ким билбейт?!

Помидор деген «жашылчаны» ким билбейт?!

Помидор деген «жашылчаны» ким билбейт?!

УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

«ПОМИДОР жок болсо эмне кылмакмын?!» — дейт испаниялык бир аял. Анын айтканына дүйнө жүзүндөгү ашпозчулардын көбү кошулат. Помидор дээрлик бардык элдердин тамак-ашында колдонулат. Ал эми бакчасы барлар аны башка жашылча-жемиштерге караганда көбүрөөк өстүрүшөт. Помидор жашылчабы же жемишпи?

Ботаника боюнча, помидор — уруктуу жемиш. Ошентсе да көптөр аны жашылча деп эсептешет, анткени ал биринчи жана экинчи тамактарга, ар кандай салаттарга кошулат. Бу даамдуу жемиштин тарыхы менен азын-оолак таанышып кетели.

Кызыктуу тарыхы

Байыркы убактарда помидорду мексикалык ацтектер өстүрүп, тамак-ашка колдонушкан. Он алтынчы кылымдын башында испан конкистадорлору аны мекенине ала кетишкен. Алар ацтектердин науатль тилиндеги томатль деген сөзүнөн улам аны томате деп атап калышкан. Көп өтпөй ал жемиш Италиядагы, Түндүк Африкадагы жана Ортоңку Чыгыштагы испан анклавдарынын тургундарынын сүйүктүү азыгына айланган.

Ошол эле кылымдын ортолорунда помидор Европанын түндүгүнө жетет. Башында ал жактын тургундары аны уулуу деп эсептешкендиктен, кооздук үчүн гана өстүрүшкөн. Бирок бара-бара бул итжүзүмдөр тукумуна кирген өсүмдүктүн жыттуу жалбырактары менен сабагы гана уулуу, ал эми мөмөсү зыянсыз экени аныкталган.

Европага алгач алып келинген помидордун өңү сары болсо керек, себеби италиялыктар аны помодоро («алтын алма») деп атап коюшкан. Англистер болсо томат же «сүйүү алмасы» дешкен. Ошентип, помидор Европадан Атлантика аркылуу узак «жол жүрүп» олтуруп Түндүк Америкага кайтып келген да, XIX кылымда ал жактын айыл чарбасынын баалуу өсүмдүктөрүнүн бирине айланган.

Түрдүүлүгү жана кеңири таралышы

Бирөөдөн: «Помидордун өңү кандай?» — деп сурап көрсөңөр, «кызыл» деген жооп аларыңар шексиз. А бирок анын өңү сары, сары кызыл, пушту, кочкул, күрөң, ак, жашыл, жадесе ала-була болорун билесиңерби? Ошондой эле алардын баары эле тоголок боло бербейт: жалпак, сүйрү, алмурут сымалы бар. Ал эми көлөмү болсо буурчактай майда же эркек кишинин муштумундай чоң болушу мүмкүн.

Помидор Четки Түндүктөгү Исландиядан алыскы түштүктөгү Жаңы Зеландияга чейин өсөт. Анын негизги өндүрүүчүлөрү — Кошмо Штаттар жана Европанын түштүгүндөгү өлкөлөр. Мээлүүн климаттуу өлкөлөрдө аны чүмбөттө, жылытылмада өстүрүшсө, кургак климаттуу өлкөлөрдө гидропоникалык жол менен, башкача айтканда, топураксыз, азыктандыруучу эритмелерди колдонуп өстүрүшөт.

Помидор — көптөгөн бакчылардын жакшы көргөн өсүмдүгү. Аны өстүрүү оңой. Анын үстүнө, бир нече эле көчөтү чакан үй-бүлөгө жетерлик мөмө берет. Эгерде орун аз болсо, тар жерде өсө берүүчү же чакан идишке отургузуп, терезенин сыртына өстүрүү үчүн аргындаштырып чыгарылган сортторун тандап алсаңар болот.

Пайдалуу кеңештер

Төмөн температурада помидордун даамы кайта түшөт, ошондуктан аны муздаткычта сактабоо дурус. Батыраак бышсын десеңер, аны бышкан помидорлор же банан менен бир идишке салып, бөлмө температурасында кармоо керек. Ошондой эле бир нече күнгө калың кагазга ороп же терезеге күнгө коюп койсоңор да болот.

Помидор денсоолукка пайдалуу. Ал А, С жана Е витаминдерине бай, анда калий, кальций жана минералдык туздар бар. Изилдөөчүлөр анда ликопен деген күчтүү антикычкылданткыч көп экенин аныкташкан. Ал антикычкылданткыч айрым оорулардын, алардын ичинде рактын жана жүрөк ооруларынын пайда болуу ыктымалдыгын төмөндөтөт деп божомолдонот. Помидордун курамынын 93—95 пайызы — суу, ал эми колориясы абдан аз. Бул салмагына тынчсыздангандарды сүйүнтүшү мүмкүн.

Бардык түрү даамдуу

Помидордун кандайын тандаган жакшы? Адатта, кызылы салаттарга, суюк тамактарга, соустарга кошулат. Кызыл, сары кызыл, сары алча сымал майда түрлөрүндө кант көп болгондуктан таттуу келет, аларды чийки жеген жакшы. Эгер пицца же кесмеге соус жасагыңар келсе, сүйрү, катууларын тандаганыңар жакшы. Чоң, эттүү помидорду оюп, ичине туурамжы салууга же электр мешке бышырууга болот. Быша элек көгү же ала-буласы да тамак менен желет. Деги эле помидордун ширин даамы, өңү жашылчалардан, жумурткадан, кесмеден, эттен жана балыктан даярдалган тамак-аштардын даамын чыгарып, өңүн ачат. Эгер силер жашаган жакта помидор сатылбаса, жабылган же маринаддалгандары табылаттыр.

Ар бир ашпозчунун помидордон жасаган өзүнчө тамагы бар. Ошентсе да силер, балким, төмөндө сунуш кылынгандардын бирин жактыраттырсыңар.

1. Бул түстүү жеңил салатты даярдоого көп убакыт кетпейт. Тегерек кылып кесилген помидорду, моцарелла сыры менен авокадону кезектештирип тизгиле. Үстүнө бир аз зайтун майын куюп, кара мурчтан сээп, райкандын жалбырагы менен кооздоп койгула.

2. Грек салатын даярдоо үчүн, чарчылап тууралган помидорго фета сыры, тууралган кызыл пияз, зайтун мөмөсү кошулат. Үстүнө туз, мурч, лимондун ширеси аралаштырылган зайтун майын куюп коюу керек.

3. Мексика сальсасын даярдаш үчүн, жаңы үзүлгөн помидор, пияз, жашыл ачуу чили калемпири, кориандр же кинза жана бир аз лайманын ширеси кошулуп, баары аралаштырылат.

4. Жөнөкөй, бирок даамдуу томат соусун даярдоо үчүн, бир нече помидорду туурап, бир чымчым кант, бир аз зайтун майын, майдаланган бир тиш сарымсак, бир аз туз, мурч жана башка татымалдарды (мисалы, райкандын жалбырагы, лавр жалбырагы же ореган) кошуп, отко коюп, кайнап чыккандан кийин, отту азайтып, соус коюулангыча 20 мүнөттөй кайнаткыла. Бул соус кесменин үстүнө куюлат.

Помидор биз үчүн жаратылган түркүн түрлүү азык-заттардын бири гана.