Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепке кызыгуу туудурган

Ыйык Китепке кызыгуу туудурган

Ыйык Китепке кызыгуу туудурган

Орусияда коммунисттик бийлик башкарып турган кезде Ыйык Китепти окуу колдоого алынчу эмес. Ал эми акыркы жылдары өлкөдө Ыйык Китептин миллиондогон нускалары таралды. Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы филиалына келген кат Ыйык Китепке элдин эмне үчүн кызыга баштаганынын бир себебин көрсөтөт. Аны Волгоградда (Иосиф Сталиндин атынан ондогон жылдар бою Сталинград деп аталган чоң шаарда) жашаган Сергей аттуу үй-бүлөлүү киши жазган.

«Жакында үйүмө силердин кишилер келишти,— дейт ал.— Алар менден Кудайга ишенер-ишенбесимди сылык сурашканда, ар бир адам бир аз да болсо ишенет болуш керек деп жооп бердим. Анан аялым, балам бар экенин угушканда, бири сумкасынан „Үй-бүлөлүк бакыттын сыры“ аттуу китепти алып чыгып, мага берди».

Сергей аны окуп чыккан. «Мага аябай жакты,— дейт ал.— Китепти акылдуу, иштин жөнүн билген кишилер жазганы көрүнүп турат. Дегинкиси, өзүм динге жакын деле эмесмин. Бирок силер мага чынчыл адамдар көрүнөсүңөр. Китептин аягында дарегиңер көрсөтүлгөн экен...» Сергей ал дарек боюнча кат жазып, Ыйык Китеп сураган.

«Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» китебинде үй-бүлө бактылуу болушу үчүн эмне кылуу керектиги каралган. Андагы кеңештер Ыйык Китепке негизделген. Китепте төмөнкүдөй кызыктуу темалар талкууланат: «Баланы ымыркай кезинен тарбиялагыла», «Үй-бүлөңөрдү зыяндуу таасирлерден коргогула» жана «Үй-бүлөңөрдүн ынтымагын сактагыла».

Ал китепти алууну кааласаңар, төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жибергиле.

□ «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» дегене китепти алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.