Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Өзүмдүн динимди... көбүрөөк билгим келген»

«Өзүмдүн динимди... көбүрөөк билгим келген»

«Өзүмдүн динимди... көбүрөөк билгим келген»

СИЯРАГА, Американын Флорида штатында жашаган 12 жашар окуучуга, тарых сабагынан классынын алдына чыгып сөз сүйлөө тапшырылган. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн нацисттик Германияда кандай куугунтук көргөнүн айтып берүүнү чечкен. «Мен өзүмдүн динимди, анын тарыхын көбүрөөк билгим келген,— дейт Сияра,— ошондуктан ушул теманы тандап алып, Жахабанын Күбөлөрүнүн Холокост маалында эмнелерге туш болгонун изилдедим».

Бул тема боюнча терең изилдөө жүргүзүп чыккан соң, Сияра жыгачтан кызгылт көк түстөгү пирамида жасаган. Ал пирамида концлагерде Жахабанын Күбөлөрүн айырмалаш үчүн кийимдерине тигилген белгини — кызгылт көк үч бурчтукту — элестеткен. Сияра пирамиданын ар бир тарабына ар кандай сүрөттөрдү, жазууларды чаптап чыккан. Арасында Жахабанын Күбөсү болгон Вольфганг Куссеровдун өлүм жазасына тартылар алдында жазган ишенимди бекемдээрлик каты да бар эле. (Карагыла: «Ойгонгула!», 1995-жыл, 8-декабрь, 5-бет, ор.)

Сияра Жахабанын Күбөлөрү, камактагы башка адамдардан айырмаланып, каалаган маалында дининен баш тартканын билдирген арызга кол коюу менен бошонуп кете алышмактыгын белгилеген. Бирок алардын көбү андай жол менен эркиндикке чыгуудан баш тартып, Кудайга берилгендигин сакташкан.

Сияра ушул теманы тандоодон чоң пайда алганын, өз дини тууралуу көбүрөөк билгенин айтат. «Ал кезде Германияда Жахабанын Күбөлөрү аз болсо да, куугунтукка чыдоого жардам берген бекем ишенимге ээ болушкан»,— дейт ал.

Эгерде сен да мектеп жашындагы Күбө болсоң, өз ишенимиң тууралуу айтып берүүгө мүмкүнчүлүк издейсиңби?