Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ажалдан сактаган кубулуу

Ажалдан сактаган кубулуу

Ажалдан сактаган кубулуу

ИСПАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

КУРТ-КУМУРСКАЛАР күнүгө эки көйгөй менен алышып келет. Бири — жетиштүү азык табуу, экинчиси — бирөөгө жем болуп калбоо. Алар — канаттуулардын, бакалардын жана кескелдириктердин эң сүйүктүү тамагы. Ошондуктан аман калуу үчүн курт-кумурскалардын көбү курчап турган чөйрөсүнө жараша өзгөрүп, байкалбай калат.

Курт-кумурскалардын кээ бир түрлөрүнүн көзгө көрүнбөй калууга жардам берген укмуштуудай кубулуу жөндөмү бар. Анын натыйжалуулугу адам ойлоп тапкан маскировкалардан алда канча ашып түшөт. Буга мисал катары төмөнкү таң каларлык үч жандыкты алып көрөлү.

Каллималар. Бул көпөлөктөрдүн канаттарынын алды бозомук күрөң болгондуктан, куураган жалбырактан айырмаланбайт. Мындан сырткары, канаттарындагы сүрөтү куураган жалбырактын тарамыштары менен сабагына окшош келет. Ошондуктан каллима жалбыракка конгондо, жашыл жалбырактын үстүнө куураган жалбырак түшүп калгандай болуп көрүнөт да, ал эч нерседен коркпой эс ала берет.

Чегирткелер. Булардын кээ бири куураган жалбыракка эмес, жашыл жалбыракка түспөлдөш болгондуктан аман калат. Бир эмгекте: «Алар формасы же түсү жагынан эле эмес, канаттарындагы сүрөтү менен да окшош. Анын канаттарында жалбырактын тарамыштарындай болгон сызыктар жана козукарындар каптаган жалбыракка түшкөн тактарга окшогон тактар бар»,— деп белгиленген. Эгерде бул жерде берилген сүрөттү жакыныраак карасаңар, чегирткенин канаттарында аны чыныгы жалбыракка окшоштурган майда тактар бар экенин көрөсүңөр.

Бүкүр коңуздар. Бул майда жандыктар оңой менен көрүнбөйт. Алар бутактагы катар-катар тикенектерге окшошуп, курчаган чөйрөсүнөн айырмаланбай калгандын аркасында аман калышат. Коңуздардын ар бири тикенекке окшош болгондуктан, баары бир бутакка жыйылып алганда, өсүмдүк тикенектүү болуп көрүнөт. Бирок жакын барып карасаңар, «тикенек» эмей эле, майда коңуз экенин көрөсүңөр.

Ооба, курт-кумурскалардын кубулуу жөндөмдүүлүгүнүн ар түрдүүлүгү таң калтырбай койбойт. Алсак, Коста-Рикадагы бир малак канаттуунун кыгына окшош, ал эми шиш денени, атына заты жарашкандай, кээде чыбыктан айырмалай албайсың. Түштүк Африкадагы чегирткени көргөндө таш деп ойлошуңар мүмкүн. Израилде болсо өзү азыктанган гүлдүн бөлүктөрүнө опокшош болгон кантала бар.

Курт-кумурскалар кандай кубулуу жөндөмүнө ээ болбосун, ал жөндөмү аларды душмандарынан коргойт, ал эми бизди жаратылыштын укмуштуудай түрдүүлүгүнө суктандырып келет.

[14-беттеги сүрөт]

Шиш дене.

[15-беттеги сүрөт]

Каллима.

[Булак жөнүндө маалымат]

Zoo, Santillana del Mar, Cantabria, España

[15-беттеги сүрөт]

Чегиртке.

[15-беттеги сүрөт]

Бүкүр коңуздар.

[15-беттеги сүрөт]

Канаттуунун кыгына окшош малак.

[Булак жөнүндө маалымат]

© Gregory G. Dimijian/Photo Researchers