Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Астрология келечекти билүүгө жардам бере алабы?

Астрология келечекти билүүгө жардам бере алабы?

Ыйык Китептин көзкарашы

Астрология келечекти билүүгө жардам бере алабы?

КАНТКЕНДЕ жашооңду жакшыртып, көңүлүңө жаккан адамыңа жана байлыкка жете аласың? Көптөр бул суроого жооп издеп, астрологияга кайрылат. Күнүгө миллиондогон адамдар келечекте ийгиликке жетүүгө үмүттөнүп, гезиттеги кураларды (гороскопторду) окушат. Атүгүл дүйнө башчыларынын кээ бирлери чечимдерин «жылдыздардын жайгашуусуна» карап чыгарары маалым.

Астрологияга ишенүүгө болобу? Астрологдор алдын ала айтууларын эмнеге негиздешет? Кудайдын кызматчылары жашоолорун асман телолорунун жайгашуусуна жетектелип өткөрүшү керекпи?

Астрология деген эмне?

«Манас» энциклопедиясына ылайык, астрология «асман телолорунун жайгашуусу менен тарыхый окуялардын, адамдардын жана элдердин тагдырынын ортосунда байланыштар» бар дегенге окутат. Астрологдор адам төрөлгөн учурда планеталардын же зодиак белгилеринин белгилүү бир жайгашуусу анын жашоосуна таасирин тийгизет деп ырасташат *. Ал асман телолорунун өзгөчө жайгашуусу кура (гороскоп) деп аталат.

Адамдар астрологияга байыркы убактан бери эле ишенип келишкен. Чамасы, төрт миң жыл мурун эле вавилондуктар Күндүн, Айдын жана куралсыз көз менен караганда да дапдаана көрүнгөн беш планетанын жайгашуусун карап келечекте эмне болорун айтышчу. Алар бул асман телолору адамдын жүрүм-турумуна таасир этүүчү өзгөчө күчкө ээ деп эсептешкен. Кийинчерээк келечекте эмнелер болорун айтуу үчүн зодиак белгилерин колдонуп калышкан.

Алдын ала айтуулар так аткарылбай келген

Ыйык Китепте Бабыл (Вавилон) менен астрологиянын байланышы бар экени айкын көрсөтүлөт. Анда бабылдык астрологдор жөнүндө бир нече жолу айтылат (Даниел 4:4; 5:7, 11). Даниел пайгамбардын убагында Каздимде (Бабылда) астрология кеңири таралгандыктан, «каздимдер» деген сөз астрологдор дегенге барабар болуп калган.

Даниел астрологиянын Бабылга тийгизген таасирине гана эмес, андагы астрологдордун өздөрүнүн шаарынын кулай турганын алдын ала айта алышпаганына да күбө болгон (Даниел 2:27). Бул тууралуу эки кылым мурун Ышайа эмне деп пайгамбарлык кылганын байкасаңар. Ышайа аларды: «Асманды байкоочулар, жылдыз саноочулар, жаңырган ай боюнча алдын ала айтуучулар келип, сени башыңа түшө турган нерседен куткарышсын... Алар өздөрүнүн жанын... куткара алышкан жок»,— деп шылдыңдаган (Ышайа 47:13, 14).

Бабылдык астрологдор өздөрүнүн шаарынын кулашын жадагалса бир нече саат мурун да айта алышпаганы айкын. Ал эми Белшатсар падышанын сарайынын дубалына Кудайдын өкүмү жазылганда, астрологдор ал сырдуу жазууну чечип бере алышкан эмес (Даниел 5:7, 8).

Бүгүнкү астрологдор деле маанилүү окуяларды алдын ала айтуу жагынан алардан ашып түшпөйт. Белгилүү астрологиялык прогноздордун 3 000ден ашуунун изилдеп чыккан окумуштуулар Роберт Кулвер менен Филип Янна алардын 10 эле пайызы аткарылганын аныкташкан. Аларга караганда көп нерседен кабардар аналитиктердин айрымдары боло турган окуяларды тагыраак айта алышат.

Ыйык Китепте айтылгандарга карама-каршы келет

Ысрайыл элинин пайгамбарлары астрологияны келечекти так айтып бере албаганы үчүн эле четке кагышкан эмес. Кудай Мусага берген Мыйзамында ысрайылдыктарга төлгө ачуудан алыс болууну ачык-айкын эскерткен. Мыйзамда: «Сенин элиңде... көзү ачыктар, төлгөчүлөр... болбосун. Анткени муну кылгандар Теңирдин алдында жийиркеничтүү»,— деп айтылган (Мыйзам 18:10—12).

Бул аяттарда астрология аталбаганы менен, ага да тыюу салынары айкын көрүнүп турат. Жогоруда айтылган «Манас» энциклопедиясына ылайык, «астрология окуусу жарык чыгаруучу асман телолорунун, айрыкча планеталардын жайгашкан ордуна карап туруп, башталуучу иштин аягы эмне жыйынтык менен бүтөрүн, кишинин же бүтүндөй бир элдин келечек тагдырын алдын ала айтууга негизделет». Адамдар жылдыздарды карап алдын ала айтышабы же дагы башка нерселерди колдонуу мененби, кандай болбосун, бул Кудайдын принциптерине каршы келет. Эмне үчүн? Мунун олуттуу себеби бар.

Ыйык Китепте биздин жакшы же жаман окуяларга туш болорубуз жылдыздардын таасиринен деп айтылбайт. Анда: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деп ачык-айкын жазылган (Галатиялыктарга 6:7). Иш-аракеттерибиз үчүн Кудайдын алдында жооптуубуз, себеби бизге эрк боштондугу берилген (Мыйзам 30:19, 20; Римдиктерге 14:12). Окуялардын жүрүшүн башкаруу колубуздан келбегендиктен, кээде кырсыкка туш болушубуз же ооруп калышыбыз мүмкүн. Бирок буга кура эмес, Ыйык Китепте айтылгандай, «мезгил жана кокустук» себеп болот (Насаатчы 9:11, «ЖД»).

Ыйык Китеп бизди башкалар менен болгон мамилебизде боорукердик, аккөңүлдүк, момундук, жооштук, эбегейсиз чыдамдуулук жана сүйүү сыяктуу сапаттарды көрсөтүүгө үндөйт (Колосалыктарга 3:12—14). Мындай сапаттарды чагылдыруу узакка созулган достукту өрчүтүүгө жана бекем үй-бүлө курууга өбөлгө түзөт. «Астрологиялык белгилердин төп келишине» карап жар тандоо ишеничтүү болбойт. Психолог Бернард Сильверман баш кошконунан бир нече убакыт өткөндөн кийин 17 пайызы ажырашып кеткен 3 500 түгөйдүн кураларын анализдеп чыккан. Ал ажырашкандардын арасында кура боюнча жар тандап үйлөнгөндөрдүн саны курага карабай үйлөнгөндөрдүн санынан аз эмес экенин көргөн.

Ооба, астрология ишеничсиз жана адаштырат. Ага ишенгендер жашоодо жаңылыштык кетиргенде, айыбын мойнуна албай, жылдыздарга шылтоолоп коюуга жакын болушат. Эң негизгиси, астрология Кудайдын Сөзүндө түздөн-түз айыпталат.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Зодиак белгилери — бул астрологияда колдонулган 12 топ жылдыздын шарттуу белгилери.