Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баа жеткис кенч таптык

Баа жеткис кенч таптык

Баа жеткис кенч таптык

АЙТЫП БЕРГЕН — ФРАНСИС ДЕЛ РОСАРИО ДЕ ПАЭС

1988-жылы Нью-Йорктогу Мэдисон сквер гарденде миңдеген көрөрмандарга бир катар музыкалык топтордун катышуусу менен концерт берилди. Ага мен да агаларым менен катыштым. Биздин топтун чыгышы менин бийим менен коштолгондуктан, эл өзгөчө жактырды. Мындай ийгиликке биз атамдын жардамы менен жеттик.

АТАМ өзү музыкант болгондуктан, жети агамдын музыкага шыгы бар экенин байкап, үйүбүздү сатып, музыкалык топ түзүүгө керектүү аспап-шаймандарды сатып берген. Мен андан бир нече жыл мурун, 1966-жылы төрөлгөм. Ал кезде биз Доминикан Республикасындагы Игуэй деген шаарда турчубуз.

Агаларым алгачкы жолу сахнага 1978-жылы Игуэйдин шаар башкаруу мекемесинде чыгышкан. Кийинчерээк Санто-Доминго борбор шаарына көчүп барышканда, жаңы багыттагы меренгени ойноп, ырдап, эл оозуна алына башташты *. Алардын тобу «Лос Эрманос Росарио» («Росарио биртуугандары») деген ат менен таанылды.

Мен атактуу бийчи болгум келгендиктен, агаларымдын тобуна кошулууну көксөчүмүн. Топту жетектеп жүргөн Пепе байкем бир кечеде мага сахнага чыгууну сунуш кылып, келгендерге мындай деп кайрылды: «Франсис — карындаштарымдын кенжеси, жакшы бийлейт». Бийимди эл жактырды. Учурдан пайдаланып Пепе байкеме топко кошулуп, бийлегим келерин айттым. Ошентип, 16 жашыман «Лос Эрманос Росарио» тобунда бийлей баштадым.

Ийгиликке жетүү

Меренге ойногон топтордо кээде аял-кыздар ырдачу, бирок али эч кимиси жалаң эркектерден турган топтун алдына чыгып бийлей элек эле. Мен бийлеримди өзүм ойлоп чыгарып, меренгени аранжировкалоодо жаңы бий агымын киргиздим. Бийлеримдин бири «аля Франсис Росарио» деген ат менен белгилүү болуп кетти.

Биздин «Куманде» деген бир ырыбыздын сөздөрү мындай эле: «И ахора тодо эль мундо комо Франсис Росарио» (мааниси: эми баарыңар Франсис Росариодой бийлегиле). Ырдын сөздөрүн уккан эл менин кыймылдарымды туурап кире турган. Кээде алар бийлегенин токтотуп, жерге олтура калып, мени карап калышчу. Тобубуздун концерт берерин жарыялоонун да кереги жок болуп калды: сүрөтүмдү илип коюшса эле, баары «Лос Эрманос Росалио» келерин билишчү.

Агаларым менен сахнага чыга баштаганыман көп узабай, тобубузга башка музыканттар кошулду. Алардын ичинде үч биртууган, Паэстер, бар эле. Алардын кенжеси, Роберто, трубада ойночу; кийин экөөбүз баш коштук. Ал биртуугандардын кошулушу менен тобубуздун ийгилиги артты. «Лос Эрманос Росалио» Санто-Домингонун телекөрсөтүүлөрүнө жана башка өлкөлөргө концерт берүүгө көп чакырылып калды.

1988-жылы биз Кошмо Штаттар менен Канаданы кыдырып чыктык. Дал ошондо, жогоруда айтылгандай, Мэдисон сквер гарденде да концерт бердик. Ага атагы чыккан көп меренге топтору катышса да, бизди баарынан жакшы тосуп алышты. Андыктан уюштуруучулар тобубузду программанын аягына коюп калышты. Ошондон кийин бийиме өзгөчө көңүл бурулуп, тобубуздун күйөрмандары көбөйдү. Жаздырган ырларыбыз бат эле тарап кетип жатты.

Биз Колумбия, Эквадор, Панама, Пуэрто-Рико, Кюрасао, Испания, Германия жана башка өлкөлөрдү көп кыдырдык. Ошентип, аз убакыт ичинде Латын Америкасындагы атагы чыккан топтордун бирине айландык. Менин жашоомдо башкы орунду бий, сахна, кийим-кечек жана боёнуп-түзөнүү ээлеп калды.

Турмушка чыга элегимде мага бийлегенди жаман көргөн эркек көңүл бурса, бийчилигимди таштоодон мурун, аны таштап кетем дечү элем. Бирок кийин жашоого болгон көзкарашым өзгөрдү.

Рухийликке кызыгуу

1991-жылы Канария аралдарында гастролдо жүргөнүбүздө, Роберто экөөбүз жаңыдан баш кошкондон кийин, жашоом жаңыча багыт алды. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китеп изилдөөгө макул болгон Фредди кайнагам (ал да биздин топто эле) жанына дайыма ыйык китептик адабияттарды ала жүрчү.

Бир жолу анын бөлмөсүнөн «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» деген китепти көрүп калып, барактап чыктым. Мени өзгөчө «Тозок деген эмне?» деген бөлүм кызыктырды. Себеби апам: «Жамандык кылган адам тозокко түшөт»,— деп айтып калчу. Мен тозокко түшүүдөн коркчумун.

Бир нече жумадан кийин — ал кезде Канария аралдарынан кете элек болчубуз — боюман түшүп, ооруканага жеткирип барышканда, Робертодон кайнагамдыкынан көргөн баягы китепти сурап берүүнү өтүндүм: ооруканада жатканымда окуй берейин деп ойлодум. Китеп абдан жакты. Андан Ыйык Китепте айтылган тозок адамзаттын жалпы мүрзөсү экенин жана кимдир бирөөнү кыйноо Кудайдын оюна да келген эмес экенин жана башка маалыматтарды билдим (Жеремия 7:31). Ыйык Китепте өлгөндөрдүн эч нерсе сезбей-билбей турганы жөнүндө айтыларын билгенде да таң калдым (Насаатчы 9:5, 10).

Доминикан Республикасына кайтып келгенибизде, Фредди кайнагам бизге бир Жахабанын Күбөсүн жибериптир. Ал Ыйык Китептин негизинде келечекте жер бетиндеги бейиште жашоого үмүт бар экенин түшүндүрүп бергенде, жолдошум да кызыгып калды (Забур 36:29; Лука 23:43). Биз Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдук.

Максаттарыбыздын өзгөрүшү

Ыйык Китептен алган билимим тереңдеген сайын, жанымды берип иштеген жумушума башкача көзкарашта боло баштадым. Буга ой жүгүртүүмдүн ыйык китептик принциптер боюнча калыптанышы түрткү берди (Римдиктерге 12:2). «Баары мени карап турса кантип бийлейм? Антким келбейт»,— деп ойлонуп жүрдүм. Кудайдан жагдайды чечүүгө жардам берүүнү сурап тилене баштадым. Сезимдеримди жолдошума айтсам, ал да ошентип ойлонуп жүргөн экен. «Кичине чыдай тур, жаным,— деди ал.— Топтон биринчи болуп сен кетесиң, артыңан мен кетем».

Дагы кошбойлуу болуп калгандыктан, мурдагыдан азыраак бийлеп калдым. Ошондуктан Падышалык залындагы жыйналыштарга көбүрөөк барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жыйналыштан мен да, Роберто да (ал дагы барып жүргөн) рухий күч-кайрат ала баштадык. Бул бизге рухий жактан өсүш үчүн Кудайдын эли менен жолугушуп туруунун маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берди. Чындык жолунда бекем туруш үчүн жыйналыштан билим, күч-кубат алып туруу зарыл экенин билдик (Эврейлерге 10:24, 25). Ошон үчүн Роберто экөөбүз чет өлкөдө иштеген кездерде да Падышалык залын таап, жыйналышка барып турчубуз.

Төрөгөндөн кийин кайрадан сахнага чыктым, бирок жүрөгүм бийге мурдагыдай тартылбай калган эле. Мендеги өзгөрүү байкалуу болгондуктан, басылмаларга сын макалалар чыгып жатты. «Эмне үчүн мурдагыдай бийлебей калдыңыз?» — деп көп сурашчу болду. Жахабадан жагдайды тынч, агаларым менен чатакташпай чечүүгө жардам беришин сурап жүрдүм. Мен тобубуздун ээлеринин бири болгондуктан, ортодогу мамилебизди бузгум келген жок.

Дагы кошбойлуу болуп калганда, Пепе байкем каза болгондон кийин тобубузду жетектеп жүргөн Рафага балдарыма көбүрөөк убакыт бөлгүм келерин, сахнадан кетеримди айттым. Ал: «Өзүң туура көргөндөй чеч»,— деди. Агаларымдын бири да Ыйык Китепти изилдешиме каршы болгон жок. Аларга ошонусу үчүн абдан ыраазымын.

Жахабага кызмат кылып жаңы жашоо өткөрүү

Топто он жыл иштеген соң, 1993-жылы сахнадан кеттим. Жашоомду толугу менен Жахабага арнап, жакшы кабардын жарчысы болдум. 1994-жылы, Роберто топтон кеткенден кийин, экөөбүз тең чөмүлтүлдүк (Матай 24:14). Робертонун эки байкеси, Фредди менен Хулио, жана тобубуздун дагы бир мүчөсү Мануэл Перес да Күбө болушту. Алар азыр да Жахабага берилгендикте кызмат кылып жатышат.

Менин сахнадан кетишимди көптөр түшүнгөн жок; анын үстүнө, өзүм да бийлегенди жакшы көрчүмүн. Айрымдар, өлкөбүздөгү белгилүү бир телепродюсердей болуп, мени убактылуу эле кетти деп эсептешкен. Ал: «Башкалардай болуп эле бир аз эс алган соң, тобуна келет»,— деген. Бирок андай болгон жок: мен Жахабага мүмкүн болушунча көп кызмат кылам деп бек чечип алгам.

Азыр Катти, Роберто, Обед аттуу үч балабыз бар. Биз аларга жашоодо эң маанилүү нерсе байлык эмес, рухийлик экенин үйрөтүүгө умтулуп жатабыз. Аларга туура жетекчилик көрсөтүш үчүн, өз тажрыйбабыздан улам да дүйнөнүн канчалык ишенимсиз экенин түшүндүрүп бере алабыз. Жума сайын үй-бүлөлүк изилдөө өткөрөбүз. Бул бизге жакын адамдардын ортосундагы мамилелер уламдан улам сууп бараткан азыркы дүйнөдө ынтымактуу үй-бүлөлөрдөн болууга жардам берет.

Балдарыбызга Жахабанын кандай Кудай экенин жана ага кантип таяна алышарын үйрөтүүгө аракеттенип жатабыз (Накыл сөздөр 3:5, 6; Эврейлерге 11:27). Ошондой эле жыйналышка баруунун, ага катышуунун маанилүүлүгүн көрсөтүүдөбүз. Алардын чындык жолунда чоңоюп келатканын көрүү — биз үчүн баа жеткис белек. Мен эки жылдан бери көмөкчү пионермин; кабар айтуу кызматына 50 же андан көбүрөөк убакыт бөлгөн жарчыларды Жахабанын Күбөлөрү ошентип аташат. Жолдошум бир топ жылдан бери жыйналыштын аксакалы.

Мен меренгени али да көркөм бий деп эсептейм. Бирок, өкүнүчтүүсү, азыр аткарылып жүргөн меренгенин көп жактары мурункудан асман менен жердей айырмаланат. Ал кезде бул бий адептүү, таза бий болчу. Азыр болсо меренге музыкасын кылдат тандаш керек болуп калды.

Жахабага кызмат кылуу сыймыгы

Дүйнө көптү сунуш кылат, бирок биз анын баарынын артында эмне турганын көрө билүүгө тийишпиз. Музыка тармагында да ошо: бир караганда, ал абдан жагымдуу, зыянсыз көрүнүшү ыктымал, бирок, чын-чынында, андай эмес. Ал жакта баңгизат, адеп-ахлаксыздык көп. Концертке катышканда бир күн менен жашаган, абийир дегенди унуткан адамдар менен пикирлешүүгө туура келет (1 Корунттуктарга 15:33).

Биз жашоодо Жахабага кызмат кылуудан артык эч нерсе жок экенин түшүндүк. Бир жолу чоң концерттен кийин мейманканага келгенимде бир нерсе жетпей жаткандай, ичим ушундай бир коңулдаганы эсимде. Көрсө, биз эң негизги, рухий муктаждыгыбызды канааттандырчу эмес экенбиз. Ошону эми түшүнүп жатам (Матай 5:3).

Азыр биз Падышалык жөнүндө жакшы кабар таратууга өзгөчө көңүл буруп, Жаратканыбызга жагууга умтулабыз (Матай 24:14; Элчилер 20:35). Андан үй-бүлөбүз канааттануу, кубаныч алат. Кудайдын элинин арасында жүргөнүбүзгө, алардын ичинен чыныгы досторду тапканыбызга абдан бактылуубуз. Биз алар менен чогуу Кудайдын жаңы заманында түбөлүк жашоону каалайбыз (Марк 10:29, 30; 2 Петир 3:13; Аян 21:3, 4).

Учурунда көңүл ачуу тармагынан көп акча табар элек. Ал эми азыр Жахаба Кудайыбызды таанып, байлыктан алда канча баалуу рухий кенч таптык. Элин Өзүнө таянууга чакырган, бактылуу, ой-ниети бар Кудайга кызмат кылып жатканыбызга абдан сүйүнөбүз (Забур 36:3). Биз атак менен байлыктан да баалуу нерсе тапканыбызга эч шектенбейбиз. Ошондуктан Жахабадан үй-бүлөбүз менен бирге Анын эркин түбөлүк аткарууга жардам беришин тиленебиз.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Меренге — 2/4 бөлчөктүк бий музыкасы. Адегенде аны аккордеон, гуир (темир такта), тамбор (кичинекей барабан) менен чакан топ музыканттар аткарышчу. Кийин андай топтор чоңоюп, Доминикан Республикасында оркестрас деп аталып калды. Эмки меренге аткарган топтордун көбү клавишалуу, үйлөмө аспаптарды, конга барабанын жана башка музыкалык аспаптарды колдонуп жүрүшөт.

[29-беттеги сүрөт]

Жаңыдан бийлей баштаганда тобубуз менен.

Нью-Йорктогу концертте, болжол менен 1990-жыл.

[31-беттеги сүрөт]

Падышалык залынын алдында.

Кыстырмада: үй-бүлөлүк изилдөө учурунда.