Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Коркуу сезиминин арылуу мүмкүнбү?

Коркуу сезиминин арылуу мүмкүнбү?

Коркуу сезиминин арылуу мүмкүнбү?

АЗЫРКЫ кооптуу дүйнөдө коркпой жашоо мүмкүнбү? Кайдан. Кудайга ишенген адамдар да кооптуу жагдайларга кабылгандыктан, сестенбей, коркпой коюшпайт. Маселен, б.з. I кылымында жашаган элчи Пабылды алсак, ал өз катында көп жолу сапарга чыгып кеме кырсыгына учураганын, дарыяларда, шаарларда жана каракчылар тарабынан коркунучка дуушар болгонун баяндаган (2 Корунттуктарга 11:25—28). Бүгүн да көбүбүз кооптуу жагдайларга кабылабыз.

А бирок акылга сыярлык сактык чараларын көрүү менен кырсыкка кабылуу ыктымалдыгын азайтып, тынчсыздануу сезимин басаңдатсак болот. Ыйык Китепте: «Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 22:3). Мисалы, кандай чараларды көрө алабыз?

Сактык чаралары

Кызыктуусу, Ыйык Китеп эбак жазылса да, андагы принциптер учурда да колдонууга жарактуу жана азыркы замандын коркунучтарынан сактанууга көмөктөшөт. Мисалы, анда: «Акылмандын көзү өз башында, ал эми акылсыз караңгылыкта жүрөт»,— делген (Насаатчы 2:14). Ошондуктан айлана-тегерегибизде кимдер жүргөнүн байкай билүү, караңгы жерлерден баспоо акылмандыкка жатат. Балким, үйүңөргө узагыраак болсо да, жакшы жарыктандырылган жол менен жетүүгө болоттур. «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы... Эгерде кимдир бирөө жалгыз адамды жеңе ала турган болсо, анда экөө ага каршы тура алат»,— делген Ыйык Китепте (Насаатчы 4:9, 12). Кылмышкерлик көп аймакта жашасак, жалгыз баспоого кам көрсөк болобу?

Эгерде кимдир бирөө кол салса, акча-буюмдан өмүр кымбат экенин эстен чыгарбоо маанилүү (Матай 16:26). Андан сырткары, нааразылыгын билдириш үчүн чогулгандардын тобу кооптуу болорун жана андайда ортодон кандай «от» чыгып кетерин айтуу кыйын экенин унутпоо зарыл (Чыгуу 23:2).

Бирөө адеп-ахлаксыз сунуш жасап, уятсыз тамаша айтып же сылап-сыйпап, сүйөнүүгө аракеттенсе, чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтүү туура. Балким, бузуку аял асылганда кетип калган Жусуптай болуп, кетип калышыбыз керектир. Ал «сыртка качып чыккан» (Башталыш 39:12). Эгер кетип калууга мүмкүн болбосо, «токтот!», «тарт колуңду!» же «мындай сөзүңдү мага экинчи айтпагын» деп чечкиндүү айтсаңар болот. Колдон келсе, жыныстык жактан асылууга шарт түзүлүп калышы мүмкүн болгон жерлерде калбагыла.

Жолдошунан коркуу сезими менен күрөшүү

Чоң муштум күйөөңөрдөн корксоңорчу? Анын жүрүм-туруму өзүңөрдүн же балдарыңардын өмүрүнө коркунуч туудура баштаса, үйдөн кантип качып чыгууну ойлонуштуруп коюу орундуу *. Ыйык Китепте Жакып, агасы Эйсап кокус жаңжал чыгарса, кантип качып кетерин кылдат ойлонуштуруп алганы баяндалат. Бирок кийин качуунун зарылдыгы болгон эмес. Ошентсе да ал сактык чарасын көргөн (Башталыш 32:6—8). «Кантип качууну ойлонуштурууга», зарыл болуп калса, барар жериңер менен күн мурун макулдашып алуу кирет. Ан үчүн ал адамга андай учурда кандай жардамга муктаж болоруңарды айтып койсоңор болоттур. Андан сырткары, маанилүү документтерди жана башка керектүү аны-мунуларды белен кармоо туура болмок.

Күйөөңөрдүн зордук-зомбулугу тууралуу бийлик органдарына билдирип, коргоо издөө керекпи деп ойлонуп көрсөңөр да болот *. Ыйык Китепте ар бир адам кылган иши үчүн жооп берүүгө тийиш экени белгиленет (Галатиялыктарга 6:7). Бийлик органдары тууралуу Жазмада: «Башчы — Кудайдын кулу, ал сага жакшы болуш үчүн коюлган. Эгерде жаман иш кылып жатсаң, корк»,— деп айтылат (Римдиктерге 13:4). Үйдөн көрсөтүлгөн зордук-зомбулук — көчөдөн көрсөтүлгөн зомбулуктай эле олуттуу кылмыш. Кетип калган жарынын артынан сая түшүү да көптөгөн өлкөлөрдө кылмыш катары эсептелет.

Жогоруда айтылган сактык чараларын көрүү менен коркуу сезимин басаңдатууга болот. Ыйык Китепте, жакшы кеңештерден сырткары, Кудайдын азыр эмне кылып жатканын жана келечекте эмнелерди кыларын көрсөткөн ишенимдүү пайгамбарлыктар камтылган. Дайым коркуп жашоого аргасыз болгондорго Ыйык Китеп кандай үмүт берет?

Коркуу сезиминин күчөшүнүн себеби

Элчи Пабыл: «Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил. Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү... таш боор, элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн [болушат]»,— деп жазган (2 Тиметейге 3:1—3). Ал кандай гана коркунучтуу убакты сүрөттөгөн!

Дүйнөнүн акыры тууралуу айтып жатып Ыйса: «Бир эл бир элге, бир падышачылык бир падышачылыкка каршы көтөрүлөт. Жер-жерлерде катуу жер титирөөлөр, ачкачылык, жугуштуу оорулар, коркунучтуу көрүнүштөр жана асмандан чоң жышаандар болот»,— деген (Матай 24:3, 7, 8; Лука 21:10, 11). Ошондуктан коомдогу коркуу сезимин ырбаткан «коркунучтуу көрүнүштөр» бизди таң калтырбашы керек. Алардын көбөйүшүнүн себеби эмнеде?

Ыйса: «Ушулар болуп жатканын көргөнүңөрдө, Кудайдын Падышачылыгы жакын калганын билгиле»,— деген (Лука 21:31). Жакында Кудайдын Падышалыгы асмандан жалпы адамзаттын үстүнөн бийлик жүргүзө баштаарына үмүттөнсөк болот (Даниел 2:44). Ал кезде жашоо кандай болот?

Бейкут заман!

Ыйык Китеп согуштар токтоп, зулум адамдар жок болуп, жер жүзү Кудайды сүйгөн адамдарга толгон бейкут заман келерин убадалайт. Ыйсанын шакирти Петир «сот боло турган... кудайсыздар жок боло турган күн» тууралуу жазган. Ал кезде ырайымсыз адамдардан коркпойбуз, себеби жер үстүндө «адилеттик гана өкүм сүрөт» (2 Петир 3:7, 9, 13). Ошондо бири-бирин чындап сүйгөн адил адамдардын жашоосу кандай гана жеңилдээрин элестеткилечи! Мындай келечектин келерин билүү азыркы кооптуу шарттарга башкача көзкараш менен кароого жардам берет. Себеби алар түбөлүк өкүм сүрө бербейт (Забур 36:9—11).

Азап тартып жаткандарды сооротуш үчүн Жахаба пайгамбары аркылуу мындай дейт: «Коркокторго айткыла: „Бекем болгула, коркпогула. Мына, силердин Кудайыңар келет, Ал өч алыш үчүн келет, жазалоочу Кудай келип, силерди куткарат“» (Ышайа 35:4). Ошол себептүү чыныгы Кудайдын кызматчылары келечекке ишеним менен карай алышат (Филипиликтерге 4:6, 7). Коркунучта жашап жаткандарды, баарынан мурда, Жахабанын өзүнүн алгачкы ой-ниетин өзгөртпөгөнүн билүү жубатат. Кудай жер бетин Аны таанып-билген жана Анын эң сонун сапаттарын чагылдырган адамдарга толтурууну каалайт (Башталыш 1:26—28; Ышайа 11:9).

Кудайдын адамзатка болгон сүйүүсүн чагылдырган ой-ниетинин аткарылышына эч нерсе жолтоо боло албайт (Ышайа 55:10, 11; Римдиктерге 8:35—39). Муну түшүнсөк, Забур китебиндеги көптөргө белгилүү болгон сөздөр биз үчүн өзгөчө мааниге ээ болот. Ал жерде: «Теңир менин Кайтаруучум... Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат. Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң»,— деп айтылган (Забур 22:1—4). Азыркы коогалаңдуу мезгилде жагдай мындан да начарлап кетиши мүмкүн болгону менен, жакында коркунуч түп-тамыры менен жок боло турган заман сөзсүз келет.

[Шилтемелер]

^ 9-абз. Ыйык китептик принциптердин негизинде жарынан бөлөк жашоого жол берген жагдайлар 2002-жылдын 8-февралындагы «Ойгонгула!» журналынын 10-бетинде (ор.) талкууланган.

^ 10-абз. Үйүнөн зордук-зомбулук көргөндөр тууралуу «Ойгонгула!» журналынын төмөнкү сандарынан окууга болот: 2002-жыл, январь—март, 3—12-беттер жана 1993-жыл, 8-март, 3—14-беттер (ор.).

[9-беттеги сүрөт]

Жакында Кудайдын жаңы заманында эч нерседен коркпой жашайбыз.