Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Коркуу сезими менен жашоо

Коркуу сезими менен жашоо

Коркуу сезими менен жашоо

РОКСАНА * күйөөсүнө жарым күндүк жумушка болсо да киргиси келерин айткандан коркот. Бир жолу ал энесине барып келиш үчүн жолго акча сураганда, күйөөсү катуу уруп жибергендиктен, медициналык жардам алууга аргасыз болгон. Ошондуктан ал ар дайым коркунучта жашайт.

Роландонун аялы мурун үйүнө кечкисин коомдук унаа менен келчү. Азыр болсо Роландо аны машинеси менен алып келет. Алар жашаган жакта кылмыштуулук күчөп кеткендиктен, ал аялы үчүн коркчу болду.

Хейдинин иштеген жери башкалаанын так борборунда. Бир жолу ал үйүнө баратканда каршылык жүрүшүнө чогулуп, тартипсиздик чыгарган элдин ортосунда калган. Ошондон кийин митинг дегенди укканда тынчсыздана баштайт. «Өзүмдү коопсуз сезе албай койдум,— дейт Хейди.— Бул жакта иштегим келбейт — айла жок».

Роксана, Роландо жана Хейдилерде коркуу сезими кайсы бир чукул кырдаалда эле пайда болбойт; коркуу аларды мите курттай ар дайым ичтен «жеп» келет. Качан болсун коркунучта жашоого аргасыз болгондор дарманы кетип, маанайы чөгүшү, өзүлөрүн колу-буту тушалып, көздөгөн ишин аткара албачудай сезиши ыктымал. Кээде андай сезим адамдын акыл-оюн толук бийлеп алат.

Коркуу сезиминин кулу болуп жашоо абдан оор. Ал депрессияга чалдыктырып, денсоолукка зыян келтириши мүмкүн. «Стресс организмдин коргонуу касиетин төмөндөтөт жана бир катар оорулардын өрчүшүнө себеп болот,— деп айтылат бир медициналык журналда.— Денеде алсыроонун жана өтө чарчоонун белгилери пайда болот, бул айрым органдарга өзгөчө зыян тийгизет. Анын айынан кан басымынын жогорулашы, жүрөк, бөйрөк, тамак сиңирүү жолдорунун оорулары, ар кандай жара, баш оорулары, уйку качуу, депрессия жана тынчсыздануу сезими өрчүп кетиши ыктымал. Мындай абал көпкө созулса, адамдын шайы ооп, күчү кетет».

Учурда коркуу дегенди билбеген адам жок. Адамдардын баары эч нерседен коркпой, бейкуттукта жашай турган мезгил келеби?

[Шилтеме]

^ 2-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.