Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ойгонгула!» өмүрүбүздү сактап калды

«Ойгонгула!» өмүрүбүздү сактап калды

«Ойгонгула!» өмүрүбүздү сактап калды

«ОЙГОНГУЛА!» журналын үзбөй окуп жүргөндөр андагы макалаларды абдан баалашат. Өткөн жылдын декабрында Кхау Лакта (Таиланд) эс алып жүргөн германиялык түгөйлөр үчүн 2001-жылдын 8-февралындагы «Ойгонгула!» журналына чыккан «Жаналгыч толкундар тууралуу айыңдар жана чындыктар» деп аталган макала өзгөчө баалуу болду.

Бул тууралуу «Франкенпост» аттуу немис гезитинде мындай деп жазылган: «„Биз сууга түшүп жүргөнбүз“,— деп эскерет Росвита Геселл. Анан ал күйөөсү Рейнер менен кийимдерин алмаштырууга мейманканага кетишет. Кайра келгенде үрөй учурган көрүнүшкө туш болушканын айтып, Рейнер: „Он мүнөттөн кийин жээкке кайтып келсек, деңиз түп орду менен жок болуп кетиптир“,— дейт. Атүгүл жээктен жети километр ары жайгашкан риф да көрүнүп калган эле. „Ошол учурда толкун сууда жүргөндөрдүн баарын деңиздин терең жагына алып кеткен“. Геселлдердин үй-бүлөсү „Ойгонгула!“ журналынын аркасында аман калганын белгилешкен». Жаналгыч толкундар жөнүндөгү макалада суунун адаттан тыш тартылышы көп учурда цунамиден кабар берет деп түшүндүрүлгөн.

«Геселлдер алыста келаткан килейген толкунду көргөндө, бурулуп, качып жөнөшкөн. Рейнер Геселлдин айтымында, толкундун бийиктиги болжол менен 12—15 метрге жеткен. Баарынан да, башка туристтердин жээкте таң калган бойдон деңизди карап тура бергени зээнди кейитет. „Алар кыймылдабай тура беришти,— дейт Рейнер.— Мен аларды коопсуз жерге качууга чакырып кыйкырып жаттым, бирок мени бирөө да угуп койгон жок“. Алардын аман калганы, албетте, күмөн».

Гезитте Гесселдер жөнүндө дагы мындай деп айтылган: «Алар Жахабанын Күбөлөрү болгондуктан, эс алуу маалында Кхау Лактан 140 километр алыс жердеги жыйналышка барып турушкан. Кырсык жөнүндө кабар жеткенде, бүт жыйналыш Кхау Лакка аларды издеп келишкен».

Геселлдер Германияга аман-эсен кайтып келишкен. Алар «Ойгонгула!» журналындагы баалуу маалымат үчүн кандай гана ыраазы болушкан! Андан сырткары, аларга жардам берген тай элине, айрыкча, чыныгы сүйүү көрсөткөн рухий биртуугандарына чексиз ыраазы!