Ыйсанын аты менен кан төгүлгөн убак
Ыйсанын аты менен кан төгүлгөн убак
Мексикадагы кабарчыбыздан
«Месса маалында диний башчылар эл алдында: „Ата-бабабыздын ыйык динин коргойлу! Куралдангыла! Бийлик биздин чиркөөлөрдү тартып алгысы бар!“ — деп кыйкырып жатышты» (Педро Росалес Варгас, окуянын күбөсү).
ЭМНЕ себептен динчил адамдар өз динин коргоо үчүн колуна курал алышкан? Динди зордук-зомбулук жолу менен коргоо эмнеге алып келиши ыктымал? Мексикада кристерос (аталышы катышуучуларына байланыштуу) деген ат менен белгилүү болгон көтөрүлүш ушул олуттуу суроолорду тереңирээк карап чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
«Испан энциклопедиясында» мындай түшүндүрмө бар: «Кристерос — бул 1926-жылы президент Плутарко Элиас Кальестин чиркөөгө каршы жасаган иш-чараларына, мисалы, диний борборлор менен имараттардын жабылышына каршы чыккан мексикалык католиктерге коюлган ат» («Enciclopedia Hispánica»). Ал ат көтөрүлүш чыгаргандардын «Жашасын Христос падыша!» деген ураанынан улам бийлик тарабынан берилген. Кеп кылынган жаңжалдын тутанышына көптөн бери чечилбей келаткан келишпестик себеп болгон.
Жаңжалдын себеби
1850-жылдары кабыл алынган реформага байланыштуу мыйзамдар толугу менен 1917-жылы бекитилген. Алардын арасында «чиркөөнүн менчигин мамлекеттин карамагына өткөрүү» маселеси каралган («Historia de México»). Андай мыйзамдар аркылуу бийлик Католик чиркөөсүнө байлык топтоого жана жерге ээлик кылууга чек коймок. Бирок мыйзамдар кабыл алынары менен диний төбөлдөр кескин түрдө каршылык көрсөтө баштаган. Натыйжада бийлик диний жетекчилердин кээсин камакка алган.
Мексика революциясынын (1910—1920) максаттарынын бири кара таман элге жер бөлүштүрүп берүү эле. Ошол себептүү жаңы мыйзамдар аркылуу ири жер ээлеринин жерин тартып алып, жардылар арасында бөлүштүрүү, башкача айтканда, агрардык реформа жүргүзүү көздөлгөн. Жалпы жонунан, диний төбөлдөр андай мыйзамга макул болгусу келген эмес, анткени чоң жер аянттарына ээлик кылган таасирдүү диний жетекчилердин жеке кызыкчылыктары зыян тартмак. Чиркөө реформага каршы эмес экенин билдиргени менен, төбөлдөрү жер бөлүштүрүүнүн өзүлөрү ылайык көргөн планын сунуш кылган.
Айрымдар Чиркөөнү ири жер ээлеринин, алардын ичинде бай диний жетекчилердин гана кызыкчылыктарын коргоп жатат деп эсептешкен. Бирок жерди карапайым элге бөлүштүрүп берүүнү жактагандыктан «агрария» катары таанылган диний жетекчилер да болгон. Чиркөөдөгү андай ич ара карама-каршылыктар анын бийлик менен
болгон мамилесин ого бетер курчуткан.1925-жылдын башында жаңыдан президент болгон Кальес Плутарко Элиас жаңы конституциянын Чиркөөгө тийиштүү жобосун катуу кармоого өтөт. Мисалы, ал Мексикадан католик дининин көптөгөн четөлкөлүк жетекчилерин кетирген. Андан сырткары, Конституциянын антиклерикалдык, башкача айтканда, Чиркөөнүн таасирин солгундатууга багытталган жоболорунун жоюлушу үчүн диний төбөлдөр күрөшөрүн жарыялагандан кийин Мексиканын архиепископу камакка алынган. Чиркөөгө караштуу бир катар имараттар да конфискацияланган. Көптөрдүн ою боюнча, бул чаралар эбегейсиз көп суммадагы акчанын Мексикадан Римге агылышын токтотуу үчүн көрүлгөн.
1926-жылдын июлунда мексикалык епископтор өзүлөрү чиркөөлөрдөгү диний кызматтарды токтотууну буйрушкан. Ал эми бийлик бул кадамды эл менен бийликтин ортосуна жик түшүрүү үчүн иштелген саясий амал деп эсептеген. Кайсы себептен улам болбосун, диний кызматтардын токтотулушу кандуу кристерос көтөрүлүшүнүн тутанышына алып келген.
Жарандык согуш
Ошентип, диний жетекчилердин шыкагы менен миңдеген католиктер динин коргогону чыгышат. Алар Гваделупа Кызынын айкелин көтөрүп алышчу. Айрым кристеростор Чиркөөнүн жетекчилерин көтөрүлүшкө кошулат деп күтүшөт, бирок епископтордун жана диний жетекчилердин көбү, бийликтин куугунтугунан корккондуктан, колдоо көрсөткөн эмес. Эл кандуу диний жаңжалга батып бараткан кезде диний кызматчылар бай үй-бүлөлөрдөн коргоо издеп жүрүшкөн.
Бирок кагылышта тигил же бул тарапты жигердүү жактаган диний жетекчилер да болгон. «Христиада» деген китепте айтылгандай, жүз диний жетекчи куралдуу кристерос согушуна каршы болсо, кыркы толук жактаган. Андан сырткары, беш диний жетекчи согуштук аракеттерге өзүлөрү катышкан (1-том, «The War of the Cristeros»).
Көтөрүлүштүн кесепети оор болгон: өлкөнүн булуң-бурчунда катуу жакырчылык өкүм сүргөн. Кристеростор жаш эркектерди күч менен согушка алып кеткен учурлар көп болгон. Айрым
билдирүүлөр боюнча, кристеростор да, мамлекеттик аскерлер да улам бир үйгө кирип, тамак-аш берүүнү талап кыла беришчү. Жаңжалдашкан тараптар зордуктоого жана киши өлтүрүүгө да барышкан.Кристеростор да, мамлекеттик аскерлер да катышкан ошол кандуу согушта көптөгөн бейкүнөө адамдар курман болгон. Ал үч жылга созулуп, бери дегенде, 70 000 адамдын өмүрү кыйылган.
Согуштун басылышы
Католик чиркөөсү менен бийлик тынчтык келишимине кол койгондон кийин, 1929-жылдын июнунда согуш аракеттери басаңдап, августта толук токтотулган. Бирок ал сүйлөшүүлөргө кристеростор чакырылган эмес. Асман бийлигинин душмандары деп эсептелип келгендерге Чиркөөнүн баш ийип калышы кристеростордун көбүнө түшүнүксүз болгон. Ындыны өчкөн, бирок Чиркөө төбөлдөрүнүн көрсөтмөлөрүнө баш ийген кристеростор акыры багынып, үй-үйлөрүнө тараган. Ошондон кийин бийлик түшүнүү менен мамиле кылууну жана диний кызматтардын өткөрүлүшүнө кайрадан уруксат берүүнү убадалаган. А бирок диний эркиндикти чектеген мыйзамдар өзгөргөн эмес.
Кээде кристеростордун көтөрүлүшү Католик чиркөөсүнүн айрым мүчөлөрүнүн «Реформа жөнүндө мыйзамдар» кабыл алына элекке чейин ээ болгон бийлигин кайра кайтаруу аракетинде чыгарылган дешет. Бирок көтөрүлүш ал мыйзамдарды өзгөртө алган эмес. Мексикада диний бирикмелерге байланыштуу жаңы мыйзам 1992-жылы гана кабыл алынган. Өлкөдө бийликтин диний уюмдарга ишенбөөчүлүгү али да байкалат. Диний жетекчилерге жана кызматчыларга саясатка катышууга бүгүнкү күндө да тыюу салынган. Диний уюмдарга азыр кандайдыр бир менчикке ээ болууга жол берилгени менен, 1992-жылга чейин Чиркөөнүн ээлигинде болгон мүлк мамлекет тарапта калууда. Анткен менен диний жетекчилердин көбү саясий суроолорго кийлигишип келүүдө.
Кандай жыйынтык чыккан?
Кристеростордун динин коргош үчүн курал көтөрүп чыгышынын «акыбети» кайттыбы? Кан суудай төгүлгөн ошол маалды өз башынан өткөргөн Мария Валадес мындай дейт: «Менимче, бул согушта кан бөөдө төгүлдү. Барып турган акылсыздык болду». Макаланын башында сөздөрү келтирилген Педро Росалес Варгас да согуштун тийгизген залалын айтып мындай дейт: «Эл жакындарын, атүгүл ишенимдештерин өлтүрүүгө барды. Атамды да ошондо өлтүрүп кетишкендиктен, мен жетим калдым».
Бирок бул жаңжалдан адамдар эч нерсеге үйрөнүшкөн жок. Мунун айкын далили — Түндүк Ирландия менен мурдагы Югославиядагы диний жаңжалдар. Андай каргашалуу көрүнүштөр таза диндин жол-жоболору сакталганда гана жоюлат. Ыйса пайгамбар өзүнүн жолдоочуларын саясатка аралашпоого, «дүйнөдөн эмес» болууга чакырган (Жакан 17:16; 18:36). Петир Ыйсанын камакка алынышына күч колдонуп каршылык көрсөткүсү келгенде, Ыйса: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт»,— деген (Матай 26:52).
Кудайдын кызматчылары куугунтукка кандай карайт?
Демек, кимдир бирөө диний эркиндигине чектөө коюуга аракеттенгенде, Кудайдын чыныгы кызматчылары эч кандай чара көрбөөгө тийишпи? Жок. Кудайдын биринчи кылымдагы кызматчылары куугунтук учурунда мыйзамда жол берилген ыкмалар менен коргонушкан. Мисалы, сотторго кайрылышкан. Алар кээде камакка алынса да, өз ишениминен баш тартышкан эмес жана саясий бейтараптуулугун бекем сакташкан (Элчилер 5:27—42).
Ыйсанын алгачкы жолдоочулары, кандай жагдай болбосун, диний укугун курал менен коргошкон эмес. Кудайдын эли эч качан ишенимдештеринин да, башкалардын да өмүрүн кыюуга барбайт. Алар Ыйсанын: «Бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген парзын берилгендик менен аткарышат (Жакан 13:35).
[20-беттеги сүрөт]
Диний жетекчи менен эки кристерос.
[Булак]
© (Inventory image number: 422036) SINAFO-Fototeca Nacional
[13-беттеги сүрөт]
Президент Кальес Плутарко.
[Булак]
© (Inventory image number: 66027) SINAFO-Fototeca Nacional
[13-беттеги сүрөт]
Кристерос көтөрүлүшүнүн айрым жетекчилери.
[Булак]
© (Inventory image number: 451110) SINAFO-Fototeca Nacional