Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Экватордун көк жалтыр мөңгүсү

Экватордун көк жалтыр мөңгүсү

Экватордун көк жалтыр мөңгүсү

КЕНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ИОГАНН ЛЮДВИГ КРАПФ, 39 жаштагы немис миссионери, 1849-жылдын 3-декабрында экватордук Африкадан кар баскан тоонун чокусун элес-булас көрүп калганын айткан. Бирок аны Европанын географтары шылдыңга алышып, көргөнү акиташ болушу ыктымал деп ырасташкан. Ал эми тоону 140 километрден ашуун алыстыктан көргөн Крапф чокуну бир нече эле мүнөт карап турганын, андан соң булут каптап көрүнбөй калганын мойнуна алган.

Европанын окумуштууларынын андай мамилесине Крапф даяр эле. Себеби алар андан бир жыл мурун Африканын 300 километр ары түштүк тарабындагы эбегейсиз бийик чокунун барын шекке алышкан. Бирок көп өтпөй бийиктиги 5895 метрге жеткен Килиманжаро тоосунун чынында эле бары аныкталган. Ал эми Крапфтын ачылышы 34 жылдан кийин гана, анын көз жумганынан эки жыл өткөн соң далилденген.

1883-жылы шотландиялык саякатчы Жозеф Томсон Крапф көргөн мөңгүлүү тоонун чынында эле бар экенин далилдеген. Ал экватордун түштүгүрөөгүнөн орун алып, бийиктиги 5 199 метрге жеткен Кения тоосу эле. Кения — Африкадагы бийик тоолордун экинчиси. Азыр өчүп жаткан ошол жанар тоонун бийиктиги бир кездерде 6 000 метрден ашкан деп болжонот. Анан нечендеген жылдар бою топурагы менен күлү желип отуруп, аркайган үч чоку пайда болгон дешет. Экөөнүн бийиктиги — 5 100 метрден, үчүнчүсүнүкү 4985 метрден ашат.

Эл ыйык туткан жер

Африкага европалыктар «аттана» электе, Кениянын этегинде жашаган эл аны ыйык көрүшчү. Айрымдар анын асман тиреген чокусунда ааламдын Жаратканы жашайт, адамды ал ошол жакта жараткан деп ойлошкон жана түшүм мол болушу үчүн, түздүктөрдү сугарууга Жараткан жаан-чачын берип турарына ишенишкен. Ага жагынууну каалаган эл төрт түлүк малдан түлөө чала турган. Бул ырымды сактагандар азыр да бар.

Кениянын сур чокусун дайыма кар менен муз каптап тургандыктан, байыркы эл аны ала тоо же агала тоо деп аташчу экен. Үч эң бийик чокусу: Батиан, Нелион жана Ленана болсо жергиликтүү уруулардын жолбашчыларынын атынан аталган. Азуудай аркайган ал чокулардын курчоосундагы көк мөлтүр көлдөр деги бир көз тойгус сулуулук жаратат.

Бай жаратылышы

Бул жакты көргөн да, көрбөгөн да арманда. Жыл өткөн сайын мөңгүлөр эрип, бир кездерде күкүрт каптап кумсарып турган теребелди азыр көөдөн кычуусун кандыра түркүн-түрлүү өсүмдүк каптаган. Тоонун этек-жонун чычкан мурду жоргологус токойлор ээлейт; арасында арча, тисс, камфора дарагы өсөт. Аталган бактардын баасын эмерек жасагандар жакшы билет. Көз жеткен жердин баары — бамбук чер. Ал бийиктиги 6 метрге жеткен чөп жаш бак-дарактардын өсүшүнө бир топ жолтоо кылат.

Мында жан-жаныбар көп. Арстан, кабылан, жаныш, токой антилопасы, суутеке, пил жана каракериктер бар. Токоюнда майда жандыктар: көгүш мартышка, кооз маймыл, даракчыл даман жана кемирүүчүлөрдүн бир топ түрү кездешет.

Бир мындан, бир тигинден түрдүү канаттуу-куштар көрүнө калат. Жору, шумкар, сары сыяктуу куштардын азыгы — ар кыл кемирүүчүлөр менен сойлоочулар. Көк таажылуу турако, кара-көк жүндүү чыйырчык, күмүш канат кериккуш, көбүбүзгө белгилүү барпылар жана санга сыйгыс кооз шимикчилер барпая өскөн бак-дарактардын ичин түркүн түс менен жанданткансыйт.

3 000 метр бийиктикке жеткенде токой бадалдуу черге айланат. Ал эми таман астында калың чөп кийиз өңдүү төшөлгөн. Мында 20 жылда бир гүлдөгөн татаал гүлдүүлөр тукумундагы укмуштуу бир өсүмдүк өсөт. Сөңгөгүнүн уч жагында жайгашкан жазы жалбырактуу, бадал сымал татаал гүлдүүлөр тукумундагы дагы башка өсүмдүк, узундугу 6 метрден бийик лобелия жана алп верескалар тоо мейкиндигин өзүнчө укмуштантат.

Тоонун таштак, бийик жерлеринде саналуу гана жаныбарлар жашайт. Көбү ал жакта жылдын белгилүү бир мезгилинде эле кездешет. Ал эми дайымкы «тургуну» тоо даманы гана. Ал башка жаныбарларга караганда бийик жерлерде жашай бергендиктен, 4 300 метр бийиктиктен да жолугат. Организми ошондой шартта жашоого байырлашкандыктан, аты затына жараша коюлуптур. Чоңдугу коёнчолук келген болпогой бул сүт эмүүчүлөр көбүнчө чөп-чар менен азыктанат. Бирок кээде беймарал отурган, чарчаган жолоочулардын тамак-ашын да уурдап кетмейи бар.

Бараандуу чокулар

Тоонун кыр-жондорунан залкар чокулары кыйла айырмаланат. Булут арасында каалгый сүзүп бараткансыган сүрдүү жанар чокулар, Батиан (5199 метр) менен Нелион (андан 11 метр жапыз), аркайган эки мүйүз түспөл. Андан төмөнүрөөк жаткан 11 мөңгү буга чейин, бери дегенде, 7 мөңгүнү эриткен экватордун ачуу күнүн таймашка чакыргансыйт. Ал мөңгүлөрдүн эң чоңу учурда жүз жыл мурункудан эки эсе кичирейген. Айрым мөңгүлөр Кениянын 130 километр ары жайгашкан борбору Найробиден да көрүнүп турат.

Бул бийик тоо массивине дүйнө жүзүнөн альпинизмге кызыккандар көп келет. Батиан чокусун европалыктардан биринчи болуп 1899-жылдын 13-сентябрында Хальфорд Маккайндер багындырган. Ошондон 30 жыл өткөндөн кийин гана ал чокуга башка бирөө чыга алган. Ал эми даагандардын көбүн тоо катуу жазалаган: 1987-жылдан бери 60тан ашуун адам өмүрү менен кош айтышкан.

Тоо саякатчылары бийик тоо ооруларынын ар кандай түрүнө чалдыгышат. Дүйнөдө андай дарттын өпкө күпчөгү деген түрү менен ооругандардын жарымдайы ошол тоого чыгуудан улам жабыркаган. «Теңирдин тоосу Кениянын тарыхы» деген китепте мындай делет: «[Бийик тоо оорусуна] чалдыкпаган күндө да, ошончолук бийиктикке чыгуунун өзү эле алда канча кыйын экени күмөнсүз: барган сайын бутуң араң шилтенип, шайың кетип, заманаң куурулат. Алдыңда — бийиктигине көз жеткис типтик тоо. Бир жактан, башыңдын какшап ооруганы басылбайт. Ичиң аңтарылып, жүрөгүң айланат. Бутуңду ыйлаакчалар каптап, көзүңөн жаш тыйылбайт».

Топурагы жуулуп, мөңгүлөрү эрип жатса да, Кения тоосунун көркү, сүрдүүлүгү али кайта элек. Ал араанын тишиндей арсак-терсек болуп турса да, кайталангыс сулуулугу менен Жараткан Жахаба Кудайды даңктап келет (Забур 148:9, 13).

[16-беттеги карта]

Экватор

Кения тоосу

[16-беттеги сүрөт]

Тоодогу көлдөрдүн бири.

[18-беттеги сүрөт]

Кения тоосунун чокулары туристтерди кызыктырат.

[18-беттеги сүрөт]

Кызыл төш шимикчи өңдүү чымчыктар көп.

[18-беттеги сүрөт]

Тоо даманы 4 300 метрге чейинки бийиктиктен да кезигет.

[18-беттеги сүрөт]

Тоо этегиндеги токойлордо тисс өңдүү бактар өсөт.

[16-беттеги сүрөттүн булагы]

Page 16: Pictures Courtesy of Camerapix Ltd.

[17-беттеги сүрөттүн булагы]

Picture Courtesy of Camerapix Ltd.

[18-беттеги сүрөттүн булагы]

All inset photos except climber: Pictures Courtesy of Camerapix Ltd.; background: Duncan Willetts, Camerapix