Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн көптөр коркуп жашайт

Эмне үчүн көптөр коркуп жашайт

Эмне үчүн көптөр коркуп жашайт

АДАМЗАТ азыр коркуу сезиминин чеңгелинде. Көзгө көрүнбөгөнү менен, ал — дээрлик ар бир жанга таасир этүүчү сезим. Анын пайда болушуна эмне себеп болот? Эмнеден улам айрымдар көчөгө чыгуудан чочулашат? Эмне үчүн көптөр иштеген жеринде өзүн коопсуз сезишпейт? Ата-энелердин балдары үчүн тынчсызданышына эмне себеп болот? Эмнеге айрымдар өз үйүндө олтурганда да коркушат?

Албетте, адамдарда ар кандай себептерден улам коркуу сезими пайда болот. Биз алардын төртөөнө токтололу. Алар — шаардагы кылмыштуулук, жыныстык жактан асылуулар, зордуктоолор жана үй-бүлөдөгү зомбулуктар. Адегенде шаарлардагы кылмыштуулук көйгөйүн алалы. Бул азыр адамзаттын жарымдайы шаарларда отурукташкандыктан да өзгөчө орундуу.

Шаардагы кылмыштуулук

Алгач шаарлар коопсуздук максатында курулса керек. Ал эми азыр шаарда жашоо, тескерисинче, кооптуу болуп баратат. Эл быкылдаган шаарлардын борборлору талап-тоноочулардын «соодасы жүрүп турган» жерлерге айланган. Айрым шаарларда жакыр аймактардын көчөлөрү жакшы жарыктандырылбагандыктан жана тартип сактоо органдарынын кызматкерлеринин аздыгынан көчөгө чыгуу кооптуу.

Коркуу сезими кайсы бир окуяны жүрөккө жакын кабыл алып алуудан гана пайда болбойт. Мисалы, киши колдуу болуп өлгөн адамдардын санынын ушунчалык көптүгү кантип үрөй учурбай койсун. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, дүйнө жүзү боюнча жылына 1,6 миллион адам киши колдуу болуп өлөт. Африкада жыл сайын 100 миң адам набыт болот. Алардын 60,9 бөлүгү — зордук-зомбулуктан каза тапкандар.

Бир кездерде тынч деп эсептелген элдер, коопсуз көрүнгөн жерлер менен уюмдар да азыр кооптондуруп калды. Алсак, оюн аянттары, мектептер, дүкөндөр кылмышкерликтин уюгуна айланган. Жадагалса, коомдун коопсуздугун камсыз кылууга тийиш адамдар да: диний кызматкерлер, социалдык көйгөйлөрдү чечүү тармагында иштегендер жана мугалимдер ишенимден кетүүдө. Алардын ичинен кээ бирлери балдарга катаал мамиле жасаган учурлар болот. Ошондуктан ата-энелер балдарын бирөө-жарымдын кароосуна калтыруудан коркуп калышкан. Тартип сактоо органдарынан элди коргоо күтүлгөнү менен, айрым шаарларда андай чөйрөдө коррупция, кызмат абалын кыянат пайдалануу катардагы ишке айланган. Кайсы бир өлкөлөрдө «коопсуздук» органдары тууралуу кеп козголгондо, жарандык согуш маалында аскерлер алып кетип, жиксиз жок болгон жакындарын эстегендер аз эмес. Ошондуктан дүйнөнүн көп бөлүгүндө тартип сактоо органдары жана аскер кызматчылары элдин өзүн коопсуз сезишине өбөлгө түзмөк турсун, коркуп жашашына «салым» кошот.

Латын Америкасындагы кылмыштуулук жөнүндөгү бир китепте мындай делген: «Латын Америкасынын борбор шаарларынын тургундары дайым коркунучта, жер жүзүндөгү дээрлик эң коркунучтуу шарттарда жашашат. Бул ири аймакта жылына 140 миңге жакын адам киши колдуу болуп өлөт. Үч адамдын бири зордук-зомбулуктан түздөн-түз же кыйыр түрдө жапа тартат» («Citizens of Fear—Urban Violence in Latin America»). Башка өлкөлөрдүн башкалааларында да саясий козголоңдор чыгып турат. Андай жагдай зомбулук менен коштолуп кетсе, көптөр учурдан пайдаланып, дүкөндөрдү талап-тоноого өтөт. Бул эл ичиндеги башаламандыкты ого бетер күчөтөт. Ал жерде иштегендердин эмгеги болсо заматта жаалдуу топтун тепсендисинде калышы ыктымал.

Көптөгөн өлкөлөрдө байлар менен кедейлердин жашоо шарттарынын ажырымы чоңоюп, нааразылыктар көбөйүүдө. Күндөлүк муктаждыгын канааттандыруунун аргасында байлар турган аймактарды талап-тоноп жүргөндөрдүн саны өсүп баратат. Албетте, бул өңдүү көрүнүштөр айрым шаарларда жок. Ошентсе да ал жактагы жагдай да тийсең жарылчудай чыңалып турат.

Кылмышкерлик, саясий тартипсиздик тууралуу угуунун өзү эле сестентет, бирок алар тынчсыздандырган жагдайлардын чети гана.

Жыныстык жактан асылуулар

Ышкырып, адепсиз кыймыл-аракеттерди жасап тийишүү, кумардуу көзкараш менен кароо миллиондогон аялдардын күнүгө жүрөк үшүн алып келет. «Сурамжылоодон аныкталгандай, Жапонияда ар бир төрт аялдын бири коомдук жайларда, алардын 90 пайызы коомдук унааларда тийишүү-асылууга кабылат... Алардын 2 пайызы гана каршылык көрсөтөт. Көбү, негизинен, тийишкен адамдан коркконунан унчукпайт»,— деп маалымдалат «Эйша уик» басылмасында.

Жыныстык жактан асылуу Индияда болуп көрбөгөндөй көбөйдү. «Аял үйүнөн качан чыкпасын, оюнун баары — эч ким тийишпесе экен,— дейт жергиликтүү журналист.— Ал кадам сайын басынткан келекелерди, адепсиз „тамашаларды“ угат». Көчөлөрүндө кылмышкерлик дээрлик жок деп сыймыктанган Индиянын бир шаары тууралуу мындай билдирүү берилген: «[Бул шаардын] көйгөйү көчөлөрүндө эмес, ишканаларында... Сурамжылоого катышкан аялдардын 35 пайызы иштеген жеринен жыныстык жактан асылууларга дуушар болгонун билдиришкен... Алардын 52 пайызы андай жайда иштегенден көрө, маянасы аз болсо да, аялдар [гана] иштеген жерге орношкусу келерин айтышкан».

Зордуктоолор

Аялдардын тийишүүлөрдөн, асылуулардан сестенишкен себеби, ал өзүн өзү сыйлоо сезимине доо кетириши мүмкүн. Бирок андан да кооптуу жери, асылуулардын арты кээде зордуктоо менен бүтөт. Ал эми бул аялдардын көбү үчүн киши колдуу болуп өлүүдөн да коркунучтуу. Аял күтүүсүздөн кайсы бир жерде жалгыз болуп калганда, зордуктоо ыктымалдыгы пайда болушу мүмкүн. Көзүнө бейтааныш же шектүү көрүнгөн эркек учураса, аял, жүрөгү лакылдап, эмне болуп кетиши мүмкүн экенин элестетип жиберет: «Эмне кылат болду экен? Каякка качсам? Кыйкырсамбы?» Ушул өңдүү окуялар кайталана берсе, анын денсоолугуна зыян келет. Мындай коркунучтардан улам көптөр шаарда жашагысы, ал тургай, ал жакка баргысы да келбейт.

«Коркуу, тынчсыздануу, бушайман болуу — шаарда жашаган аялдардын көбүндө күн сайын пайда болуучу сезимдер,— деп белгиленет бир китепте.— Зордукталуудан корккон аял ар дайым сак, даяр турууга аргасыз болот. Кимдир бирөө артынан келатканын байкаса, өзгөчө, караңгыда, чочулап, санаасы санга бөлүнө баштайт. Ал сезимден... аялдар эч качан толугу менен арыла албайт» («The Female Fear»).

Зордук-зомбулуктан улам жүрөгүнүн сары суусу алынган аялдар аз эмес. Ал эми зордукталып калуудан аялдардын дээрлик баары коркот. «Дүйнө жүзү боюнча, эң аз дегенде, үч аялдын бири көбүнесе өзү тааныган адам тарабынан сабалган, жыныстык катнашка барууга мажбурланган же дагы башка жолдор менен зомбулук көргөн»,— деп белгиленет Бириккен Улуттар Уюму тарабынан чыгарылган басылмада («The State of World Population 2000»). Адамдар коркуп жашаган башка да чөйрөлөр бар. Азыр өз үйүндө коркуп жашагандар көп.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктар

Азыркы кезде көмүскө бир зомбулук — күйөөлөрдүн аялдарын баш ийдириш үчүн уруп-сабашы — да кеңири таралган; бир катар өлкөлөрдө мындай иш эми гана кылмыш катары саналып калды. Индиядагы бир билдирүү боюнча, өлкөдөгү «аялдардын, бери дегенде, 45 пайызын күйөөлөрү уруп-сабайт, тепкилейт». Жолдошунун кызыл камчылыгы дүйнө жүзүндөгү аялдардын денсоолугуна олуттуу коркунуч туудурган себептердин бири болуп келет. Федералдык тергөө бюросунун билдирүүсүндө белгиленгендей, Кошмо Штаттардагы 15—44 жаштын ортосундагы аялдардын үй-бүлөсүндө зордук-зомбулук көргөндөрүнүн саны жол кырсыгынан, тоноодон жана зордуктоодон жапа тарткандардын жалпы санынан ашып түшөт. Үйдөгү зомбулук чатакташып кетип, жарын бир-эки жолу чаап жиберүүдөн кыйла олуттуу. Көптөгөн аялдар өз үйүндө жүрүп майып же набыт болуп калуудан чочулашат. Канадада жүргүзүлгөн мамлекеттик сурамжылоодон аныкталгандай, үйүнөн зомбулук көргөн аялдардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн жанынан түңүлгөн учурлары болгон. Кошмо Штаттарда эки изилдөөчү мындай тыянакка келген: «Үй — көптөгөн аялдар үчүн барып турган кооптуу жай, анткени ал жерден алар кордукка, ырайымсыз мамилеге көп дуушар болушат».

Эмне үчүн алар андай жаман мамиленин уланышына жол берип коюшат? «Эмнеге жардам издешпейт? Эмне үчүн кетип калышпайт?» — деп таң калгандар бардыр. Ага көбүнесе коркуу себеп болот. Коркуу — үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун дээрлик ажыратылгыс бөлүгү. Кара өзгөй күйөө, адатта, аялын уруп-сабап баш ийдирет да, «өлтүрөм» менен коркутуп, оозун басат. Аял жардам суроого дааган күндө да, башкалар аны дайыма эле түшүнө бербейт. Зордук-зомбулуктун башка түрлөрүн жаман көргөнү менен, күйөөсүнүн аялын уруп-сабаганын кадимки нерсе катары көргөн, ага кайдыгер караган, ал түгүл актаган адамдар коомдо аз эмес. Анын үстүнө, үйүнөн чоң муштум күйөө сырттан өзүн маданияттуу кишидей алып жүрүшү мүмкүн. Көпчүлүк учурда достору анын аялына кол көтөрөрүнө да ишенишпейт. Ишенбестикке кабылган, барар жери жок аялдардын көбү коркуп жашай берүүгө аргасыз болот.

Ал эми кетип калган аялдар кээде башка кыйынчылыкка кабылышат — күйөөсүнөн куугунтук көрүшөт. Жакында эле Түндүк Америкадагы Луизиана штатында миңден ашуун аялдын катышуусу менен жүргүзүлгөн изилдөөдөн аныкталгандай, кетип калган аялдардын 15 пайызынын күйөөлөрү өч алыш үчүн артынан сая түшкөн. Андай аялдын коркконун элестеткилечи. Кайда барбасын — жүрөгүнүн үшүн алган адам алдынан чыгат. Телефон чалат, артынан аңдыйт же бир жерде күтүп турган болот. Анын үйдөгү жакшы көргөн жаныбарын өлтүрүп кетиши да мүмкүн. Чынында эле, аялдын оор жагдайга туш болору күмөнсүз.

Балким, мындай кыйынчылыктар силердин башыңардан өткөн эместир. Ошентсе да коркуу сезими күнүмдүк жашооңорго таасир тийгизеби?

Коркуу жашооңорго таасир этеби?

Тынчы кеткен дүйнөдө жашап жатып, коркуу сезиминин чечимдерибиздин көбүнө таасир этерин байкабайт да чыгарбыз. Кылган иштериңерге коркуу сезими канчалык таасир этет?

Силер кечинде үйгө жалгыз келүүдөн чочулайсыңарбы? Коомдук унаа менен жүрүүдөн коркосуңарбы? Барып-келүүдөн, болочок кызматташтарыңардан же кардарлардан корккондуктан, кайсы бир жумушка орношпой койгон эмессиңерби? Кимдер менен пикирлешип, убактыңарды кайда өткөрөрүңөр да коркуудан көзкаранды болобу? Өзүн башкара албаган мастарга же жаалдуу топко жолугуудан корккондуктан, кандайдыр бир спорттук мелдештерге же концертке баргыңар келбейби? Эгер окуп жүрсөң, коркуу сезими мектептеги жүрүм-турумуңа таасир этеби? Ата-энелер болсо балдарынын жаман жолго түшүп кетишинен коркушат. Ошондуктан аларды кайсы бир мектепке беришпейт. Андан сырткары, балдары мектептен өз алдынча же коомдук унаа менен келе алышса да, тосуп келишет.

Ооба, адамдар азыр коркуу сезиминин таасири астында жашоодо. Бирок ал алмустактан бери келаткан сезим эмеспи. Анда качандыр бир кезде коркуу деген эмне экенин билбей жашай турган убак келеби? Же буга үмүттөнүү куру кыялбы? Андай замандын келерине ишенүүгө орчундуу негиз барбы?