Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аялзат сулуулугун жашырып жүрүшү керекпи?

Аялзат сулуулугун жашырып жүрүшү керекпи?

Ыйык Китептин көзкарашы

Аялзат сулуулугун жашырып жүрүшү керекпи?

«АЯЛЗАТЫ моданы жакшы көрөт»,— деген Жорж Саймонтон, тажрыйбалуу модельер жана Нью-Йорк мода технологиясы институтунун профессору. «Алар өзгөчөлүгүн, чырайлуулугун баса көрсөткүсү, сүйкүмдүү көрүнгүсү келет... Менимче, бул өзүңдү да, өзгөнү да сыйлоого жатат»,— деп түшүндүрөт ал. Ооба, жасанып-түзөнүү алмустактан бери аялзатынын аял экенин айгинелеп, ажарын ачып, өзүн сыйлоо сезимин арттырып келет.

Бирок айрымдар, диндин талабы деп, аялдардын жасанып-түзөнүүсүнө терс көзкарашта болушкан. Биздин замандын үчүнчү кылымында Тертуллиан: «Ыйык аялдар... табиятынан сулуу... болсо... сулууланбоого тийиш, кайра, анысын жашырууга аракеттениши керек»,— деп жазган. Ал эми косметикалык каражаттарды колдонууга байланыштуу мындай деген: «Бетин бетмай менен майлаган, эндик койгон же кашын боёгон аялдар Кудайдын алдында күнөөгө батышат». Алтын менен күмүштөн жасалган «зергер буюмдарды» болсо «азгыруу куралдары» деп эсептеген.

Аялдардын жасанып-түзөнүүсүнө бүгүнкү күндө да кескин түрдө каршы чыккандар аз эмес. Мисалы, айрым диний агымдарда зергер жасалгаларды тагынууга, боёнууга, ачык түстүү кийим кийүүгө тыюу салынат. Чынында эле, Кудайга ишенген аял сулуулугун жашырышы керекпи? Же боёнуп, зергер буюмдарды тагынып жасанып-түзөнсө болобу?

Кудайдын көзкарашы

Ыйык Китепте зергер жасалгаларды тагынууга жана косметикалык каражаттарды колдонууга байланыштуу азын-оолак гана айтылган. Бирок анда Кудайдын жасануунун тигил же бул түрүнө каршы эместигин көрсөткөн жетиштүү далилдер бар.

Айталы, Кудай Иерусалим шаарына кандайча батасын бергенин сүрөттөгөндө, аны аялга салыштырып: «Сени жасалгалар менен жасалгаладым... ашкан сулуу элең»,— деген (Жезекиел 16:11—13). Бул аяттарда, каймана мааниде болсо да, билерик, мончок жана сөйкөлөр тууралуу айтылат. Ошондой эле «акылдуу ашкерелөөчү» көңүл коюп уккан адамдын кулагы үчүн алтын жасалгага салыштырылат (Накыл сөздөр 25:1, 12). Мындай аяттар аялдардын жарашыктуу жасанып-түзөнүүсүнө Кудай каршы эмес деген тыянакка келүүгө негиз берет.

Кудайга ишенген аялзатынын жасалгасы

Ыйык Китепте жасанып-түзөнүү тууралуу түздөн-түз айтылган жерлер да бар. Мисалы, элчи Пабыл: «Аялдар да өздөрүн... жөнөкөй кийим менен... жасалгалашсын»,— деп жазган. «Уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен» жасалгаланган аялзаты Кудайды урматтаарын билдирет (1 Тиметейге 2:9, 10). Бул жактан эстүүлүк көрсөтсө, ал башкалардын жыйналыш жана Кудайдын окуусу тууралуу оң көзкарашта болушуна салым кошору күмөнсүз.

Бирок ошол эле аятта «өргөн чачы, алтын, бермет, кымбат баалуу кийим менен эмес, жөнөкөй кийим менен... өздөрүн такыбаа жашоого арнаган аялдарга таандык болгон жакшы иштер менен жасалгалашы» керектиги айтылган дегендер да бар. Анда аялзат чачын жасалгалабоого, зергер жасалгаларды тагынбоого тийишпи?

Жок, андай эмес. Ыйык Китепте жасанып-түзөнүү терс иш-аракет катары каралбайт. Белгилей кетерлик нерсе, Пабыл Кудайга ишенген аялдарга сырткы келбетине кам көрүүгө тыюу салган эмес, болгону, биринчи кезекте жакшы сапаттар жана иштер менен жасалгаланууга үндөгөн.

Ниеттин маанилүүлүгү

Элчи Пабыл: «Бири-бирибизди соттобойлу, андан көрө бир тууганыбыздын жыгылуусуна же азгырылуусуна түрткү болбоо жөнүндө ойлонолу»,— деп жазган (Римдиктерге 14:13). Айтылгандардын сырткы келбетибизге кам көрүүбүз менен кандай байланышы бар?

Биринчиден, Пабыл «бири-бирибизди соттобошубуз» керектигин белгилейт. Ошону менен бирге, «бир тууганыбыздын жыгылуусуна же азгырылуусуна түрткү болуудан» сактанууга чакырат. Кайсы бир өлкө же маданиятта орундуу көрүлгөн нерселер башка өлкөдө орунсуз эсептелиши мүмкүн. Анын үстүнө, мода учурга жана жергиликтүү талаптарга жараша өзгөрүп турат. Жергиликтүү эл жасалганын, кийимдин кайсы бир түрүн жактырбаарын билсек, башкаларга кедерги болуудан, аларды кыжырлантуудан сактанабыз. Кудайга ишенген кыз-келиндер минтип ойлонуп көрүшү абзел: «Муну тагынсам же кийсем, айланадагылар кандай көзкарашта болот? Жыйналыштагылар мени көргөндө айран-таң калбайбы, ыңгайсызданбайбы, уялбайбы?» Кудайга ишенген кыз-келиндер өзүлөрүнө жаккандай кийинүүгө же чач жасалгалоого укуктуу болушса да, башкаларга кедерги болгусу келбейт (1 Корунттуктарга 10:23, 24).

Бирок сырткы келбетибизге ашыкча көңүл бура берсек, теңсалмактуу көзкараш сактоо кыйын болуп калышы ыктымал. Азыр дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өзүнө ашыкча көңүл бурдуруу максатында адепсиз жасанып-түзөнгөн аялдар аз эмес. Ал эми Кудайга ишенген аялдар андай ниет менен жасануудан качышат. Алар «Кудай сөзүнө тил тийгизбөө» үчүн, ой-ниетин таза сактоого, жекече тандоосунда адептүү болууга умтулушат (Титке 2:4, 5).

Алар косметикалык каражаттарды жана зергер жасалгаларды колдонууга тыюу салынбаганын билишсе да, «Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, туруктуу, момун жана жоош рух» адамды чындап сулуу кыларын түшүнүшөт (1 Петир 3:3, 4). Кийим-кече, косметика жана жасалгаларды акылмандык менен тандаган кыз-келиндер айланадагылардын урматтоосуна ээ болушат жана Жаратканга даңк алып келишет.