Жашоомду өзгөрткөн согуш
Жашоомду өзгөрткөн согуш
Айтып берген — Майкл Молина
«Вьетнам республикасы кенже офицер Молинаны Баатырдык крести менен сыйлаган,— деп айтылган АКШнын Мэриленд штатында чыккан „Тестер“ аттуу аскер гезитинде.— Кийинчерээк ал айыгышкан салгылашта көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн экинчи ирет сыйлык — алтын жылдыз — алган. Ал эми маанилүү коргонуу пунктун вьетконгчулардан коргогондугу үчүн 1968-жылдын 6-июнунда Молина экинчи алтын жылдызына татыды».
МЕН бардыгы биригип 284 салгылашка катышып, 29 сыйлык алгам. Бирок азыр Кудайдын кызматчысымын. Ошондуктан согуштун башка түрүнө катышып жатам. Ыйык Китепте айтылгандай, азыркы «күрөшө турган куралым адамдык куралдар эмес» (2 Корунттуктарга 10:4). Эмесе, жашоомду эмнеден улам мынчалык өзгөрткөнүмдү айтып берейин.
АКШнын түндүгүндөгү Иллинойс деген штаттан орун алган Чикаго шаарында Мичиган көлүнөн качан болсо шамал ырылдап согуп турат. Мен төрөлгөн 1947-жылдын 1-февралы шамалдуу гана эмес, ызгаардуу да күн экен. Ал кезде Экинчи дүйнөлүк согуш жаңыдан аяктаган. Атам согушка катышкандыктан, менин жарык дүйнөгө келишиме эки аскер дабагери жардам бериптир. Ал эми онго чыгып калганымда, үй-бүлөбүз Лос-Анжелеске (Калифорния штаты) көчүп барды. Ата-энем байкемди, эжемди жана мени ошол жактагы католик мектебине киргизди.
Бала кезде бирде — көчөдө, бирде оюн аянтчаларында бейсбол, футбол ойноп калчубуз. Кээде жыгачтан жасап алган тапанча-мылтык менен «согуш» ойночубуз. 1960-жылдары, мен мектепте окуп жүргөн кезде, адамдардын көзкарашы, ой жүгүртүүсү кыйла өзгөрдү. Ал күндөрү Американын желегин өрттөө, каршылык жүрүштөрү, зомбулуктуу демонстрациялар кадимки көрүнүшкө айланган. Коомдук ишкерлерди, саясатчыларды өлтүрүп кетүү жана 1963-жылы Кошмо Штаттардын президентинин атып өлтүрүлүшү сыяктуу терс көрүнүштөр да болуп өттү. Ошондуктан, классташтарым сыяктуу, мен да эртеңкимди ойлоп тынчсызданып жүрдүм: алдыда аскер кызматын өтөө милдети күтүп турган эле.
Мектепти аяктагандан көп убакыт өтө электе, 1966-жылы, медициналык текшерүүдөн өтүүгө чакырык алып, аскер кызматына жарактуу болуп табылдым. Бирок аскерге чакырылар кезегимди күтүп отурбай, өз ыктыярым менен аскер-деңиз флотуна (АДФ) жөнөй бердим. Вертолётко аябай кызыкчумун, ошон үчүн АДФтин жаңы эскадрильясында кызмат өтөмөк болдум. Алгачкы даярдоодон өткөндөн кийин, мени 1967-жылдын ноябрында
Вьетнамдын башкалаасы Сайгонго жөнөтүштү.Согушка алгачкы катышуум
Арадан көп өтпөй төрт «Хьюи» вертолёту конуп турган чакан аэродромго которушту. Аскер бөлүкчөбүздө отуз адам бар экен. Алардын айрымдары аэродромдун аймагында уктап жаткан, башкаларыбыз андан он алты километрдей аралыктагы эки кабаттуу имаратта болчубуз. Биринчи эле түнү тытырата атылган октун имаратка келип тийгенин угуп, чочуп ойгонуп кеттим. Керебетимен атып турдум да, жерге былк этпей жатып калдым. Үстүдөн ок чуулдап учуп жатты. Анан боорум менен жылып тепкичке жеттим да, чатырга жүткүндүм. Кимдир бирөө мылтык кармата койду. Түнү бою атышып чыктык. Бутубуз — жылаңайлак, үстүбүздө — болгону, ич кийим.
Үч күндүк тынымсыз салгылаштан кийин азык-суубуз жана негизги ок-дарыларыбыз түгөндү. Өзүбүз душмандардын курчоосунда калдык, биздикилер менен байланыш үзүлгөн. Командирибиз: «Таң атары менен, аэродромго чуркагыла!» — деп буйрук берди. Өрт баскан шаарчаны аралай чуркап баратканыбызда, туш тараптан тынбай атылган октун үнү угулуп жатты. Кай жерди караба — өлгөндөрдүн жансыз денелери жатыптыр.
Акыры, аэродромго жеттик. Ал жактагы жагдай да курчуп жаткан экен. Аэродромду тегерете бир адамдык окопторду казып, душмандын чабуулуна каршы турууга аракеттендик. Вьетконгчулар бир нече жолу коргонуубузду бузуп, аэродромду басып киришти. Көптөр, алардын ичинде командирибиз да окко учту. Мен бир нече жума кийимимди которбогон, жуунбаган бойдон окобумда жаттым. Анан вертолёт менен башка жакка жеткирилдик.
Ошондон кийин вертолёт аткычы болууну чечтим. Бир нече күн даярдоодон өтүп, вертолёт экипажынын мүчөсү болдум. Аба салгылашы дайыма жүргүзүлчү, кээде күнүнө үч-төрт жолу тапшырма аткарууга учуп чыкчубуз.
Согуштун таасири
Согуштан ушунчалык көп өлүм көргөнүм жүрөгүмдө терең из калтырып жатты. Ошондуктан мурун мен үйдө жүргөндө согушка каршы жүргүзүлгөн жүрүштөр тууралуу көп ойлончу болдум. Биз ошондо эркиндик үчүн күрөшчү эмес белек? Башкалар жакшы жашаса экен деп, өз каныбызды көөкөрдөдүк эле го? Бирок бул согушта акыйкаттык кайсы тарапта экенин түшүнүү мен үчүн кыйын болуп жатты. Бу согуш кимге керек? Вьетнамдыктаргабы? Алар көп жылдардан бери, биз келе электе эле согушуп жатышпады беле. Эми минтип өлүм менен муң-кайгы ого бетер көбөйдү.
Ал кезде мен жаш элем, андыктан согуштун саясий жагын көп аңдачу эмесмин. Ал тууралуу ойлонуп олтурууга убактым да жок болчу. Бир билгеним, айтканды айткандай, үйрөткөндү үйрөткөндөй аткаруу эле. АДФтеги балдар: «Биз ойлонууга эмес, согушууга даярдалганбыз»,— деп коюшчу. Бирок мен, эгерде аман калсам, биздин эмнеге ушул жакта жүргөнүбүздүн аныгына жетем деп өзүмө убада бердим.
Вьетнамдагы согушта күтүлбөгөн дагы бир нерсеге кабылдым. Ал баңгизат эле. Мурун тамеки тартып, демалыштарда кечелерге барып,
пиво жана виски ичкен учурларым болгон. Бирок баңгизат колдонуп көргөн эмес элем. Вьетнамдан бардыгы өзгөрдү. Жанымдагылардын бири: «Эмне үчүн жок дейсиң, Майк? Бүгүнү кайсы, эртеңи кайсы: баары бир башыңан ажырайсың»,— деди. Анын айтканын туура көрдүм.Голлюцинация чакыруучу баңгизаттарды колдонуп алып салгылашка жөнөө, чынында, акылсыздык. Ошон үчүн тапшырмага баратканда эч качан баңгизат колдонбойм деп өзүмө убада бердим. Тилекке каршы, аны таштай алган жокмун, андыктан үйгө келгенде, баңгизат дүйнөсүнө баш-отум менен кирип кеттим.
Үйгө кайтып келишим
1970-жылдын октябрында Вьетнамдан үйүмө, Калифорнияга, келдим. Жашоого болгон көзкарашым өзгөргөн. Согушка эркиндик орнотуу максатында барсам да, өзүмдү бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн колдонулуп калгандай сездим. Үйгө ызаланып, бардыгын жек көрүп кайттым. Өзүмдү жат адамдай көрүп, баягы атуулдук сезимим өчтү.
Ата-энемдин гаражында мотоциклымды чукулап, марихуана тартып же дагы башка баңгизаттарды колдонуп күн өткөрө бердим. Жашоомду ойлосом, Вьетнамда болгондорду эстесем, көөнүм ого бетер карарат. Абийирим да кыйнап, ан сайын Вьетнамдагы согуштун себебин билгим келет.
Бийлик тарабынан Вьетнам согушунун ардагерлерине билим алууга көмөк көрсөтүлгөнүнөн, мен — шаар колежине, андан соң Лос-Анжелестеги Калифорния университетине өттүм. Ал жактан Вьетнамдагы согушка каршы уюшулган жүрүштөргө жана ошол согуштун өзүнө катышкандар менен достошуп кеттим. Алар менен согуш, дүйнөдөгү жагдай-шарттар тууралуу узакка сүйлөшүп олтурган учурларыбыз көп болчу. Бирок бирибиз да суроолорубузга канааттандырарлык жооп таппаптырбыз, баарыбыз сокур күчүктөй экенбиз.
Жардам берүүгө жана жардам алууга аракеттенишим
Арабыздан көбүбүз эмоциялык жана психикалык жактан жараат алганбыз. Алардын абалын жеңилдетүүгө жардам бергим келчү. Ошон үчүн университеттен психопатолог адистигин тандадым. Анын үстүнө, ушундай жол менен согушка катышып, киши өлтүргөнүм үчүн кыйнап жүргөн абийиримди тынчтандырууга далалаттандым. Психикалык бузулууларга чалдыккандар дарыланган ооруканага жумушка киргенимдин себеби да ошол болду.
Университетте баскан жериңдин баары эле баңгизат болчу. Анын айынан көптөр олуттуу көйгөйлөргө кабылганын өз көзүм менен көрдүм. Ошондуктан баңгизат аттууну таштап, психикалык бузулуудан жапа тарткандарга жардам бериш үчүн билимимди тереңдетип, болгон убактымды, күчүмдү жумуш менен окууга жумшадым. Бирок психотерапевт катары дарылаган адамдарымда чектелүү гана жылыштар болгонун көрчүмүн.
Жашоодон көңүлүм калып, абийиримдин кыйноосунан чарчап, жаныма жай таба албай жүргөндүктөн, Кудайга жалынып, чиркөөгө бара баштадым. Католиктердин чиркөөсүндөгү Мессадан көптү биле алган жокмун. Ошондуктан чиркөөгө кечкисин барып калдым. Кирип шам тутантам, сөлөкөттөрдүн алдында туруп тиленем. Алардын ичинде айкаш жыгачка кадалган Ыйса, жүрөгүнө канжар малынган Мариям жана башка «ыйыктар» бар.
Анан: «Чиркөө адамды кайра бук кылып, көңүлүн чөктүргөн жай турбайбы,— деген ой келе баштады. — Ушул жерде чын эле Кудайдын руху барбы?» Мен турмуштун ачуусун көп ууртап калгандыктан, сооронучка, суроолорума жооп алууга муктаж элем. Ошондуктан бир күнү кечинде чиркөөдөн чыгып кеттим да, сейилбакка бардым. Төбөдөгү жылдыздарга карап туруп, өмүрүмдө биринчи жолу бейм, бүт дитим менен Жаратканыма кайрылып тилендим.
Ыйык Китептеги чындыкты билишим
Ооруканадагы иштен чарчап, бир аз эс алайын деп, демалыш күндөрү Гари деген эски досумдукуна барып калчумун. Бир жолу аныкынан жаңылыктарды көрүп отурсак, президент Никсонго каршы импичмент колдонуу аракеттери жөнүндө айтылып калды. Биз жашоонун бардык тармактарында коррупция тамыр жайып алганы тууралуу сүйлөшө кетип, мен Вьетнамдагы согуштан кийин өзүмдү алданып калгандай сезеримди айттым.
Досумдун аялы Альва сүйлөшкөндөрүбүздү угуп, ашканадан жаныбызга келди. Ал биз кеп кылган окуялар менен Ыйык Китептеги пайгамбарлык аткарылып жатканын айтты. Даниел 2:44; Аян 21:3, 4). Биз Кудайдын Падышалыгы келишин, Кудайдын эркинин асмандагыдай эле жерде да аткарылышын сурап айтып жүрүүчү Ыйсанын тиленүүсүнүн маанисин да түшүндүрдү (Матай 6:9, 10).
«Президент менен болгон чыр-чатактын Ыйык Китептеги пайгамбарлык менен кандай байланышы бар?» — дедим мен. Альва болсо Кудайдын Ыйса Машайак башкарган Падышалыгы коррупцияга баткан бийликтин баарын жакында жок кыларын жана адамдар бейишке айланган жерде түбөлүккө тынчтыкта жашаарын айтып бере баштады (Мен бийлик мыкты болушу үчүн, чыныгы тынчтыкка жетишибиз үчүн, чынында эле, Кудайдын жетекчилигине муктаж экенибизди билдим (Насаатчы 8:9; Жеремия 10:23). Ал эми түбөлүк жашоо мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшүп жатканыбызда, денебизди түзгөн атомдор салыштырмалуу аз убакыт ичинде жаңырып турат дегенди окуганым эсиме түштү. Альванын айткандарынын айрымдары чындыкка сыйбас сезилсе да, кызыгып калдым. Мен кан төгүүгө катышкандыктан, күнөөлөрүмдү жуугум, башкалардын кайгысын азайткым келчү. Альва дагы көбүрөөк маалымат аларымды айтып, Падышалык залына чакырды.
Билл Акина мен барган жыйналышта толук убакыттуу кызматчы экен. Ал Экинчи дүйнөлүк согушта аскер-деңиз флотунда кызмат өтөптүр, ошондуктан мени жакшы түшүнчү. Эң маанилүүсү, Билл Ыйык Китепти жакшы билчү. Ошондуктан аялы экөө көптөгөн суроолорума Ыйык Китептин негизинде жооп берди. Билл менен Ыйык Китепти изилдеген сайын ооругандарга, канчалык чын ниеттен умтулбайын, убактылуу гана жардам бере аларымды түшүнө баштадым. Ал эми Ыйык Китептен так билим алууга көмөк көрсөтүүнүн пайдасы алда канча зор экен: ал билимге жараша жашап, ишеним өрчүткөндөр түбөлүк өмүр алышат (Жакан 17:3).
Билл менен Ыйык Китепти «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» (англ.) деген китептин жардамы менен изилдедим. Анан 1974-жылы Кудайга арналганымды көрсөтүп чөмүлтүлдүм. Жарым жылдан кийин, жакшы кабар айтуу кызматына убактымды толук арнап, пионер болдум. Ал кезде университеттен да, ооруканадан да кетип, өзүмдү камсыз кылыш үчүн түнкүсүн банктарды жыйнап иштеп жүрдүм (1 Тесалоникалыктарга 4:11). Жолдошторум менен туугандарым мени акылынан айнып калган адамдай көрүштү.
Бир жылга жакын Калифорнияда пионер болуп кызмат кылгандан кийин, Жахабага дагы көбүрөөк кызмат кылууну ойлонуп, миссионер болууну максат кылып койдум. Анан бир нече жыл пионер болгондон кийин, Бруклиндеги (Нью-Йорк) Күзөт Мунарасынын ыйык китептик Гилат мектебине чакырылып, анын 66-классында окудум. Бүтүрүүчүлөр аземи болсо 1979-жылдын 11-мартында Лонг-Айланд-Ситиде (Нью-Йорк) өткөрүлдү.
Жаңы дайындоо алышым
Мектептен кийин Борбордук Америкадагы Гватемала шаарына дайындалып, бир жылча миссионер болуп кызмат кылдым. Анан Жахабанын Күбөлөрүнүн Гватемаладагы филиалынын чакан басмаканасында иштөөгө чакырып калышты. 1981-жылы жергиликтүү жыйналыштардын биринде пионер болуп кызмат кылган Лупитага үйлөндүм. Ал да филиалга чакырылды. Кийин, 1996-жылы, Гватемаладагы басмаканабыз жабылып, бардык адабиятты Мексиканын филиалынан алып калдык.
1984-жылы Стефани аттуу кыздуу болдук, бирок филиалдагы кызматымды токтоткон жокмун. 1987-жылы уулубуз Митчелл төрөлгөндө да, кызматымды уланта бердим. Филиалдан 10 километр алыс жашап, жумушка күнүгө барып-келип туруу, албетте, оңой эмес, бирок бул дайындоо — мен үчүн чоң сыймык. Үй-бүлөм болсо мени бардык жактан колдойт.
Учурда Лупита менен Стефани — пионер, Митчелл — чөмүлтүлгөн жарчы. Уулум быйыл кесиптик окуу жайын бүтөт, толук убакыттуу кызматчы болсом деген максаты бар.
Биз мындай сыймыкка өзүбүз жөндөмдүү болгондуктан эмес, Жахабанын ырайымдуулугунан улам ээ болуп олтурабыз. Жахаба — мээримдүү Кудай. Ал ага даярдуулук менен кызмат кылган, анын жетекчилигин издеген ар бир адамды колдонот.Кээде үй-бүлөбүздүн кызматка ушунчалык көп убакыт арнап, ошол эле маалда материалдык муктаждыктарын кантип камсыз кылып жүргөнүн сурашат. Биз өргүү маалында иштеп акча табабыз. Андан сырткары, дайыма материалдык нерселерге карата «көзүбүздү таза» сактоого аракеттенебиз, Жахабага, анын жардамына таянабыз жана ар качан анын жетекчилигин издейбиз (Матай 6:25—34; Накыл сөздөр 3:5).
Колуна курал алып көргөн адам бийликтин даамын татып калат экен. Ошондуктан мен момундук сапатын өрчүтүүнүн үстүнөн дайыма иштешим керек экенин түшүнөм. Шайтандын дүйнөсү мени айланадагыларга ишенбестик менен кароого, жек көрүүгө, өлтүрүүгө, кол салууга жана коргонууга даяр турууга үйрөткөн. Ал эми Жахаба мага кайрымдуулугун, мээримдүү боорукердигин көрсөттү. Мен үчүн бул абдан баалуу. Ошондуктан мындан ары да согушууга эмес, башкаларга боорукердик, сүйүү көрсөтүүгө үйрөнүүгө умтулсам дейм (Матай 5:43—45; Ышайа 2:4).
Чынын айтсам, мага өзүмдү да, жашоомду да өзгөртүү оңойго турган жок. Ошентсе да башкалар менен тынчтыкта жашоого үйрөндүм. Согуштун кесепетинен түнүчүндө көп жаман түш көрчүмүн. Кудайдын жардамы менен андан да арылдым. Азыр согуш, араздашуу дегендер биротоло жок боло турган убакытты чыдамсыздык менен күтүп жатам (Забур 45:10). Ал убак келгенче, өмүр куткаруучу кызматка катышып, башкаларга Өмүрдүн Булагы Жахаба Кудай жөнүндө билим алууга жардам берип жүрөм. Бул үчүн мен Кудайга миң мертебе ыраазымын.
[28-беттеги сүрөт]
Согушта вертолёт аткычы болгом.
[30-беттеги сүрөт]
Билл Акина жана аялы Элоиз менен 1978-жылы.
[31-беттеги сүрөт]
Гватемаладагы филиалдын басмаканасында иштеп жаткан кезим, 1982-жыл.
Лупита, Митчелл жана Стефани менен азыркы кезде.
Аялым менен кабар айтып жатканыбыз.