Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоонун түрүнө толгон Дунай дельтасы

Жашоонун түрүнө толгон Дунай дельтасы

Жашоонун түрүнө толгон Дунай дельтасы

Румыниядагы кабарчыбыздан

Дунай дарыясы Германиядагы Шварцвальд тоосунан башталып, Австрияны аралай чыгышты көздөй шар агым менен өтүп, андан ары Словакиянын чегарасы менен агат. Албууттанган ал дарыя түштүккө бурулуп, Венгрияны жарып өтөт да, «сапарын» Хорватия, Сербия жана Черногория өлкөлөрүнүн чегаралары менен улайт. Андан соң Румыниядан түндүккө бурулганга чейин нугу кеңейип, Болгариянын чегарасы менен ийри-буйру болуп жай агат. Акырында ал Украинанын чегарасы аркылуу бир нече чакырым аралыкты «басып өтөт».

300гө жакын куймасы агызып келген тонналаган шилендилер Кара деңиздин жээгине келип топтолот да, Дунай дарыясы кооз дельтаны пайда кылат. Румыниянын түштүк-чыгышында жайгашкан Тулча шаарынын жанынан Дунай Килия, Сулина жана Георгий аттуу үч салаага бөлүнүп, «сапарынын аягында» Кара деңизге куят.

Дунайдын бул үч салаасы көптөгөн майда айрыктарга бөлүнүп, алардын суулары бир канча саздар менен көлдөрдү толтурат. Ал эми дарыя агызып келген чөгүндүлөр деңизден келген кум менен аралашып, килейген дөңсөөлөрдү жана аралдарды жаратат. Айрым кумдуу дөңсөөлөрдүн (дюналар), мисалы, Караормандагы дөңсөөлөрдүн бийиктиги 6 метрге чейин жетет, ошондуктан ал жер чөлгө окшошуп кетет.

Бирок Дунай дельтасы жалаң эле кум менен шилендилерден турбайт. Аянты 4 300 квадрат километрди түзгөн бул дельта Европадагы ар кандай жан-жаныбарлар мекендеген эң чоң нымдуу аймак болуп саналат. Андан сырткары, аянтынын 1 700 километрге жакын бөлүгүн камыш ээлегендиктен, ал, сыягы, дүйнөдөгү эң камыштуу жерлердин бири.

Кумдуу дөңсөөлөрүндө карагач, эмен жана кайың сыяктуу бадалдар өскөн жыш токойлор бар. Ошондой эле бул жерде жапайы жүзүм, кыжымы гүл, лиана жана башка ушу сыяктуу чырмоок өсүмдүктөр дарактарга оролуп, жарык үчүн дайым күрөшүп келет. Дунай дельтасы Европадагы эң чоң суу тазалагыч — зор органикалык чыпка — сыяктуу кызмат кылат.

Жан-жаныбарлар «бейиши»

Куштардын бул «бейишине» миллиондогон канаттуулардын 300дөн ашуун түрү учуп келет. Дүйнөдөгү ак биргазандардын жарымдайы жана кидик кара каздардын 60 пайызынан көбү ушул жерден балапан басат. Ошондой эле тукум курут болуу коркунучу алдында турган кызыл төш каздардын дээрлик баары ушул жакта кыштайт. Март айында биргазандар обочо жайгашкан камыштуу «аралдарга» уя салып, жумуртка тууйт. Ал эми күз келгенде, алар Нил дельтасына, Грецияга, атүгүл Азиянын Индия сыяктуу алыскы өлкөлөрүнө чейин учуп кетишет.

Дунай дельтасы канаттууларды эң сонун жай болгону менен эле эмес, балыгынын молдугу менен да өзүнө тартып турат. Анын өзөндөрүндө балыктын 90дон ашык түрү бар. Айта кетсек, Румынияга тузсуз сууда жашоочу балыктардын жарымы Дунай дельтасынан алынып келет. Дельтадагы эң эле көп кездешкен балыктардын бири — осётр. Көбөйүү маалында ал Дунай дарыясын өрдөп барып, икрасын таштайт. Анын икрасы кымбат деликатес болуп эсептелет.

Дельтанын аймагынын он үч гана пайызын кургактык түзөт. Ал жерди карышкыр, түлкү, коён жана ондатралар байырлайт. Ошондой эле тукум курут болуу коркунучу алдында турган жаныбарларды, мисалы, тузсуз сууда жашоочу кундузду жана териси бир кездерде айымдардын модалуу кийимдерин кооздоо үчүн колдонулган Европа суу суусарын да учуратууга болот. Андан тышкары, бул «бейиште» ызылдаган чымын-чиркейлердин, сойлогон курт-кумурскалардын 1 800дөн ашык түрү кездешет.

Биосферасы коргоого татыйт

1991-жылы Дунай дельтасы Дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине киргизилген, ал эми кийинки жылы дүйнө жүзү боюнча биосфера коругу катары кабыл алынган. Бул коруктун башкаруу борбору Тулча шаарында жайгашкан. Балык уулоо расмий түрдө көзөмөлгө алынса да, бүлгүнчүлөр дагы деле коркунуч туудурууда.

Деңизге куйганга чейин 2 850 километр «жол жүргөн» Дунай дарыясынын жээктеринде көптөгөн шаарлар жана өнөр жайлар жайгашкан. Алардан агып келген кир суулар дельтага бир топ зыян келтирүүдө. Көп жылдар бою нымдуу шалбаалар дельтага агып келген ылдыйкы Дунайдын суусун «чыпка» сыяктуу тазалап турган. Тилекке каршы, азыр андай шалбаалардын 80 пайыздайы жок.

Дельтанын аянты жылына 30 метрдей чоңойгондуктан, анын Кара деңизге жакын жайгашкан жери барган сайын кеңейүүдө. Дунай дарыясы жашоонун ар кандай түрүнө толгон бул дельтаны мурункудай эле кеңейтип, жаңыртып жана көркүнө чыгарып турат.

[16-беттеги карта]

УКРАИНА

МОЛДОВА

РУМЫНИЯ

Бухарест

Дунай дельтасы

Дунай дарыясы

БОЛГАРИЯ

Кара деңиз

All photos: Silviu Matei

Дельтанын камыштуу жерлерин канаттуулар менен жаныбарлардын ар кыл түрү мекендейт.

Ондатра.

[17-беттеги сүрөт]

Дүйнөдөгү ак биргазандардын

жарымдайы ушул жерден балапан басат.

All photos: Silviu Matei

All photos: Silviu Matei

[18-беттеги сүрөт]

Бул «бейишти» канаттуулардын 300дөн ашуун түрү байырлайт.

Дунай дельтасында курт-кумурскалардын 1 800дөн ашык түрү кездешет.