Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жылмаюу көркүн тиш ачат

Жылмаюу көркүн тиш ачат

Жылмаюу көркүн тиш ачат

КАНАДАДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

КҮЗГҮГӨ каранганда эмнеге көңүл бурасыңар? Балким, чачыңарга жана сырткы көрүнүшүңөрдүн башка жактарынадыр. Жылмаюуңаргачы? Кантип жылмаярыңар тишиңердин абалынан көзкаранды болорун байкадыңар беле? Ооба, жылмаюуңардын жагымдуураак болушун кааласаңар, тишиңерди жакшы күтүүгө аракет жасайсыңар. Туруктуу тиштер өмүр бою кызмат кылат. Ошондуктан аларга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Тамакты чайноого жана так, түшүнүктүү сүйлөөгө жардам бергенден сырткары, алар эриндериңер менен жаактарыңарды кармап турат да, жылмаюуңарга көрк кошот. Ооба, тиш — дененин баалуу мүчөсү.

Жакшы абалда сактоо үчүн эмне кылуу керек?

Тиштин жакшы сакталышы адамдын жеген тамагынан түздөн-түз көзкаранды. Кальций жана A, C, D витаминдери менен байытылган мүнөз тамак тишибиздин түйүлдүк кезибизден баштап чоң адам болгонубузга чейин жакшы өрчүшүнө өбөлгө түзөт *. Туура тамактануу тиштин жакшы сакталышын шарттайт. Эскерте кетчү нерсе, кант көп кошулган тамак-аштан алыс болуу зарыл. Анткени ал тиште тешиктердин пайда болуу ыктымалдыгын жогорулатат. Кайра-кайра берилген эскертүүлөргө карабастан, бир билдирүүгө ылайык, Түндүк Америкадагы кантты орто колдонот деп эсептелген адамдар жылына 50—60 киллограмм кант жейт. Эмне себептен ал зыяндуу?

Тишти ооздогу бактериялар бузат. Алардын ичинен «мутант стрептококк» жана «лактобацилла» негизги ролду ойнойт. Алар бактериялардан, илээшкек жука былжырдан жана тиште калган тамактын калдыктарынан турган кебердин (налёт) курамына кирет. Кебердеги бактериялар кант менен азыктанып, аны зыяндуу кычкылдыкка айлантат. Канттын айрым түрү кычкылдыкка тезирээк айланат же жабышчаак болот. Андайда кебер тиште көпкө калат да, анын бузулушуна алып келет *. Жумшак кеберди жок кылып турбаса, ал тиштин бүйлө менен тийишип турган жеринде катуу ташка айланышы ыктымал.

Кариес жайылып кетпеши үчүн, кеберди, өзгөчө мутацияланган стрептококк бактериясын жок кылып туруу зарыл. Ошондуктан жылмаюуңардын мындан ары да жагымдуу болушун кааласаңар, күн сайын гигиена чараларын көрүп турууңар талап. Тиш жана ооз көңдөйүнүн хирургиясы изилденген бир университеттин (Колумбия) билдирүүсүндө: «Тишти шоткадан сырткары, жип менен тазалоо — анын жанындагы бүйлө-байламталарды жана сөөктөрдү жакшы абалда күтүүнүн эң маанилүү жолу»,— деп айтылат. Мындай тазалоонун натыйжалуу ыкмалары ушу жана кийинки бетте көрсөтүлгөн. Силер кайрылып жүргөн догдуруңар тишти тазалоонун башка куралдары менен жолдорун сунуш кылып, жылмаюуңардын жагымдуураак болушуна өбөлгө түзүшү ыктымал.

Кычкылдык кайра-кайра таасир эте берсе, минерал заттар азайышы же тиштин эмалы жумшарып кетиши мүмкүн. Бирок, бактыга жараша, зарыл болгон минералдар күн сайын калыбына келтирилип турат. Кандайча? Фтордун минерал заттардын көлөмүн калыбына келтирүү процессинин жүрүшүн камсыз кылып, тишти бузулуудан сактаары аныкталган. Ошондуктан айрым каражаттардын, мисалы, фтордун жардамы менен кариести токтотуу мүмкүн. Ооба, тиштер өзүн өзү «дарылай алат».

Тиш догдурга кайрылуудан коркпогула

Бир сурамжылоодо адамдарга эмнелерден коркушарын санап берүү сунуш кылынган. Натыйжада көптөрдүн биринчи кезекте эл алдында чыгып сүйлөөдөн, андан кийин тиш догдурга баруудан коркору аныкталган. Тиш догдурдан ошончолук коркууга негиз барбы? Бай өлкөлөрдө жогорку ылдамдыктагы бормашиналар, жалпы жана жергиликтүү наркоз жасоого мүмкүндүк берген дары-дармектер бар болгондуктан, тиш догдурлар процедуралардын көбүн оорутпай жасай алышат. Дарылоонун кандайча жүргүзүлөрүн алдын ала билип алуу коркуу сезимин басаңдата алат.

Догдурга көрүнгөнү барганыңарда, ал жерден тишти кандайча күтүү керектигин жакшы билген адис тишиңерди тазалап бериши мүмкүн. Ошол учурда шотка же жип жетпеген жерлерден таш жана кебер алынып салынат. Андан соң кебер топтолбошу үчүн, тиш атайы зат менен жылмакайлатылып, жылмаюуңардын көркүн бузган тактар жок кылынат.

Минералдык фтор тишти бузулуудан сактай турганы аныкталгандыктан, ал көп учурда балдардын тишин дарылоодо гел, суюктук же лак түрүндө колдонулат. Көптөгөн жерлерде фтор жалпы эл колдонгон сууда кездешет, андан сырткары, ал көп учурда тишти бузулуудан сактаган кошумча каражат катары тиш пасталарынын курамына кошулат.

Тиш догдур кандай жардам көрсөтө алат?

Тиш догдурлар минерал заттардын азайышынан улам пайда болгон залаканы төмөндөтүү үчүн алдын ала чара көрүүгө үйрөтүлөт. Кариести анча жайыла элегинде дарылоо анын күчөп кетишине бөгөт коёт. Ошондуктан аны баштапкы баскычында аныктоого жана дарылоого аракет кылса, тиш догдурга кайрылуу анчалык жагымсыз болбойт.

Бирок кебер пайда кылган кычкылдык тиштен алынып салынбаса, кариес өрчүйт, башкача айтканда, тиш чирийт. Тийиштүү чара көрүлбөсө, көңдөй, чуңкур пайда болот. Мындайда тишти дарылоо зарыл. Кариес пульпага — тиштин жумшак ткандан жана нервдерден турган ич көңдөйүнө — жете элек болсо, тишти пломбалап сактоого болот.

Догдур бормашина менен чуңкурду тазалап, пломбалоого даярдайт. Андан соң чуңкурга пломбалоочу материал толтурулат. Пломбалоодо колдонулуучу амальгама бат катыйт да, тиштин формасын калыбына келтирет, ал эми курама пластмасса атайы айнек аркылуу өткөрүлгөн көк нурдун жардамы менен катырылат. Эгерде кариести дарылабаса, ал пульпага жетет, анда тамыр каналдарын дарылоого же ал турсун, тишти жулууга туура келиши мүмкүн. Тамыр каналдарын убагында дарыласа, тишти жулуунун зарылдыгы жоюлат, себеби мындайда жабыркаган тиштин ичи пломбаланып бекитилет. Дарылоого мүмкүн болбой калгандарына тиш кептер кийгизилет, ал эми кээде алар таяныч тишке бекитилүүчү же кийме протездер менен алмаштырылат *.

Тишти жакшы күтүү эмне үчүн арзырлык иш?

Балким, дагы эле догдурга кайрылуудан коркуп жаткандырсыңар. Анда өзүңөр кайрылып жүргөн догдур менен сүйлөшүп көргүлө. Дарылоо учурунда өзүңөрдү жаман сезе баштасаңар кандай белги берериңерди (мисалы, колуңарды көтөрөттүрсүңөр) алдын ала макулдашып алгыла. Дарылоонун ар бир баскычында эмнелер жасаларын айтып берүүсүн сурагыла. Балдарыңарга тишти дарылоо жөнүндө жакшы маанайда айтып берсеңер жана «тиш догдурга алып барам» деп коркутпасаңар, тиштеринин жакшы абалда болушуна өбөлгө түзөсүңөр.

Монреалдагы университетте (ооз көңдөйүн жакшы күтүү боюнча бөлүмдө) иштеген профессор Даниэл Канделман: «Тишибизди жакшы абалда сактап, жылмаюубузду өмүр бою жагымдуу кылуу — бүгүнкү күндө ар бирибиз жете ала турган жана арзырлык максат». Чынында эле, бул — арзырлык максат!

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Толук калыптанып бүткөн тиштердин абалы кошбойлуу аялдын жана эмчектеги баланын (ал кезде тиштери бүйлөнүн астында өрчүп жаткан болот) кандай тамактанганынан кабар берип турат. Тиштин өсүүсү өспүрүм курак өтөйүн деп калганда же жыйырма жаштарда токтойт.

^ 6-абз. Тиш боюнча адистер ксилит деген зат, табигый кант, кариестин пайда болушуна себеп болуучу кеберди жоготуп турууга жардам берерин аныкташты. Ксилит сагыздын айрым түрлөрүнүн курамына кирет.

^ 16-абз. Жасалма тиш тууралуу көбүрөөк маалымат алууну кааласаңар, 1993-жылдын 22-февралындагы «Ойгонгула!» (англ.) журналынын 18—20-беттерине чыккан «Протез жасатуу керекпи?» деген макаланы карагыла.

[14-беттеги кутуча]

Тишти шотка менен тазалоо

Тишти тазалоонун бир нече ыкмасы бар. Бирок эскерте кетчү бир нерсе, тиш пастаны аз өлчөмдө колдонгула. Себеби ал абразивдүү материалдардын (абразив — кыруу, жышуу касиетине ээ өтө катуу зат) катарына киргендиктен «тиштин структурасынан жүздөгөн эсе катуураак болушу мүмкүн».

1 Шотканы бүйлөгө карата 45° бурчта кармап, тиштин ичи-тышын түбүнөн учун көздөй акырын тазалагыла.

2 Тиштин чайноочу бетин кыска, шыпыргандагыдай кыймыл менен тазалагыла.

3 Маңдай тиштердин ич жагын тазалоо үчүн шотканы дээрлик тике кармап, тиштин түбүнөн учун көздөй жылдыргыла.

4 Тилиңерди учун гана эмес, түбүнөн бери шыпыргандагыдай кыймыл менен тазалагыла.

Тишти атайы жип менен тазалоо

Догдурлар тишти күн сайын жип менен жана тамактанган соң дайым шотка менен тазалоону сунуш кылышат.

1 Белгилүү узундуктагы жипти алып, эки учунан эки ортон бармагыңарга ороп алгыла; ортосунда бир аз калгыдай болсун.

2 Жипти эки колуңардын баш бармагы жана сөөмөйү менен катуу тарткыла. Анан аны ары-бери жылдырып, тишиңердин ортосуна киргизгиле.

3 Жиптин учтарын бир жакты көздөй каратып, ар бир тиштин капталдарын тазалоо үчүн, аны бүйлөгө тийгизбей өйдө-ылдый жана ары-бери этият жылдыргыла.

Булактар: The Columbia University School of Dental and Oral Surgery’s Guide to Family Dental Care

Steps 1-4: Courtesy www.OralB.com

Steps 1-3: Courtesy www.OralB.com