Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ичимдикти кыянат пайдалануу жана денсоолук

Ичимдикти кыянат пайдалануу жана денсоолук

Ичимдикти кыянат пайдалануу жана денсоолук

«Чук сук квэ!», «Салюте!», «За ваше здоровье!», «Санте!». Вьетнамда, Италияда, Орусияда жана Францияда адамдар көпчүлүк учурда «денсоолук үчүн» деп ичишет. Бирок, өкүнүчтүүсү, ичкилик денсоолукту чыңдабай эле, кайра миллиондогон адамдардын өлүмүнө себеп болууда.

ИЧКИЛИКТИ кыянат пайдалануунун төмөнкүдөй түрлөрү болот: зыян алып келиши ыктымал болгон, азыр зыян алып келип жаткан же өнөкөткө айланып кеткен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, ичкиликти кыянат пайдалануунун зыян алып келиши ыктымал болгон түрү адамга келечекте денелик, психикалык жактан зыян алып келиши же аны коомдогу ээлеген абалынан ажыратышы мүмкүн; буга медицина же мыйзам тарабынан уруксат берилген өлчөмдөн ашык ичүү кирет. Зыян алып келип жаткан түрү — бир канча убакыттан бери денелик же психикалык жактан зыян тарттырып келаткан, бирок өнөкөт көзкарандылыкка өтүп кете элек түрү. Өнөкөткө айланган учурда адамдын ичимдиктен баш тартууга кудурети жетпей калат. Андай адам натыйжасы залакалуу болоруна карабай ичет, ичпей калса — кыйналат.

Ичимдик адамдын аял-эркек, жаш-кары экенине, улутуна карабай залакасын тийгизет. Ал организмге кандай таасир этет? Ченемсиз ичүүнүн эмнеси кооптуу? Ченеми менен ичүү деген эмне?

Мээге зыян

Этанол — көпчүлүк ичимдиктердин курамына кирген зат — нерв системасына зыян келтирүүчү же аны бузуучу уу болуп саналат. Мас адам, чынында, уунун таасири алдында болот. Көп өлчөмдөгү этанол комага жана өлүмгө алып барышы ыктымал. Маселен, жапон студенттеринин арасындагы иккиномиден же чоң өлчөмдөгү ичимдикти бир дем менен тартып жиберүү каадасынан жылына бир нече студент жарык дүйнө менен кош айтышат. Организм этанолду зыянсыз затка айландыра алса да, ан үчүн убакыт талап кылынат. Эгер организм келип түшкөн ичимдикти зыянсыз затка айландырып үлгүрө электе ичимдик дагы ичиле берсе, организмде этанол чогулуп отуруп, мээнин иштешине бир топ таасир тийгизет. Кандайча?

Сүйлөө, көрүү, ойлонуу жөндөмдөрү, кыймыл-аракет жана жүрүм-турум мээнин нейрондорундагы химиялык реакциялардын татаал ырааттуулугу менен байланышта. Этанол нейротрансмиттердин — нейрондон нейронго сигнал жеткирүүчү заттардын — ишин басаңдатып же күчөтүп, жогорудагы татаал реакцияларга таасир тийгизет. Натыйжада мээнин маалымат жеткирүүсү начарлап, кадимки иши бузулат. Ошондуктан көп ичкен адамдын тили булдуруктайт, көзү тунарып, алдынан жер көчөт, кыймылы жайлайт, ал жүрүм-турумун баамдай да, өзүн өзү кармай да албай калат — булардын бардыгы уулануунун белгилери.

Эгер адам ичимдикти узак убакыт бою ичсе, организм этанолдун ууландыруучу таасирин азайтууга жана нерв системасынын кадимки ишин калыбына келтирүүгө аракеттене бергендиктен, мээнин биохимиялык процесстери өзгөрөт. Ошентип отуруп адам ичкиликке кынык алып алат. Натыйжада ичкиликти көтөрүмдүүлүк жогорулайт. Мээ ичимдикке көнүп калгандыктан, ансыз иштей албай калат да, адам аракеч болуп кетет. Организм, химиялык теңсалмактуулукту сактоо үчүн, ичкилик талап кылып калат. Ичкиликсиз мээнин химиялык процесстери толугу менен бузулуп, ичкиликти таштоодо сезилүүчү оору белгилери, мисалы, тынчсыздануу, калчылдоо, талма пайда болот.

Ичимдикти кыянат пайдалануу нейрохимиялык процесстерге таасир тийгизгенден сырткары, клеткалардын зыян тартышына жана өлүшүнө себеп болушу ыктымал. Ушундан улам мээнин түзүлүшү өзгөрөт. Ичкиликтен толук баш тартуу менен нейрондорду бир кыйла калыбына келтирүүгө мүмкүн болсо да, айрым өзгөрүүлөр, мисалы, эстутумдун начарлашы жана мээнин дагы башка функцияларынын бузулушу калыбына келбейт. Изилдөөлөр ичимдикти узак эмес, кыска эле убакыт ичинде кыянат пайдалануу да мээге зыяндуу болорун көрсөттү.

Боор оорулары жана рак

Боор зат алмашуу процессинде, инфекциялар менен күрөшүүдө, кан айланууда, организмди зыяндуу заттардан, анын ичинде ичимдиктен да тазалоодо чоң роль ойнойт. Ичкиликти узак мезгил бою ичкен адамдын бооруна үч баскычтуу зыян келет. Биринчи баскычта этанол зыянсыздандырылып жатканда майды сиңирүү начарлайт да, боорго май чогула баштайт. Бул гепатоз же боорду май басуу деп аталат. Убакыттын өтүшү менен боордун өнөкөт сезгениши — гепатит — өрчүйт. Ичимдик гепатиттин өрчүшүнө түздөн-түз себеп болгондон сырткары, организмдин гепатиттин В жана С вирустарына каршы туруу жөндөмүн төмөндөтөт *. Боордун сезгенишин дарылабаса, клеткалардын бузулушуна жана өлүшүнө алып барат. Мындан сырткары, ичимдик клеткалардын өлүшүнүн табигый программасын иштете баштайт көрүнөт; бул процесс апоптоз деп аталат.

Акыркы баскыч — боордун циррозу же катышы. Боордун сезгенишинин узакка созулушу жана клеткаларынын өлүшү андагы олуттуу өзгөрүүлөргө себеп болот. Натыйжада боордун борпоңдугу жоголуп, анда туташтырма ткань жайылып өсүп чыгат. Ал ткандар кандын жакшы айланышына тоскоолдук кылгандыктан, боор иштебей калат да, адам өлүмгө дуушар болот.

Ичимдик боорго дагы башка жагынан терс таасир тийгизет — боор ракка алып баруучу заттардан организмди натыйжалуу түрдө коргой албай калат. Ичимдик боордун эле эмес, ооз көңдөйүнүн, таңдайдын, кекиртектин жана кызыл өңгөчтүн рак оорусуна чалдыгуу ыктымалдыгын жогорулатат. Мындан сырткары, ооз көңдөйүнүн былжырлуу кабыгынын коргонуу касиетин алсыратат. Андыктан, тамекидеги рак оорусун пайда кылуучу заттар ооз көңдөйү аркылуу тезирээк сиңгендиктен, тамеки тарткан адамдардын рак оорусуна чалдыгуу ыктымалдыгы жогорулайт. Күнүгө ичкен аялдар эмчек рагына чалдыгышы толук ыктымал. Бир изилдөөгө ылайык, күнүгө стандарттуу өлчөмдөн үчтү же андан көптү ичкен аялдардын эмчек рагына чалдыгуу ыктымалдыгы ичпегендерге караганда 69 пайызга жогору.

Балага тийгизген зыяны

Ичкилик ичүү төрөлө элек балага өзгөчө зыян. «Ичимдик түйүлдүккө бардык баңгизаттардан күчтүү зыян тийгизет»,— деп айтылат «Интернэшнл геральд трибюн» гезитинде. Кошбойлуу аял ичимдик ичкенде, жатындагы бала кошо «ичет». Ичимдиктин уулуу таасири өрчүп келаткан түйүлдүк үчүн өзгөчө кооптуу. Ал баланын борбордук нерв системасына калыбына келгис, олуттуу зыян келтирет. Анын нейрондору тийиштүү түрдө өрчүбөйт. Клеткалардын айрымдары өлсө, башкалары туура эмес жерде өсүп-өрчүйт.

Бала түйүлдүк кезинде ичимдиктин таасирине кабылса, төрөлгөндө акыл жөндөмү кеч жетилиши ыктымал. Ошондой эле ал кемакылдыкка чалдыгышы, жакшы сүйлөй албашы, кеч өсүп-жетилиши, начар көрүшү, начар угушу, жай өсүшү мүмкүн. Же болбосо, жүрүм-туруму нормадан четтейт, гиперактивдүү болот. Төрөлө электе ичимдиктин таасирине кабылган балдардын көпчүлүгү бет түзүлүшүндөгү ар кандай кемтиктер менен төрөлөт.

Кошбойлуу кезинде энелери ичимдикти ченеми менен ичкен балдар да эмгекке жараксыз болушу, окуп-билим алуу жагынан кыйналышы жана алардын жүрүм-туруму кыйынчылык туудурушу ыктымал. Вашингтон университетинин ичимдиктин жана баңгизаттардын түйүлдүккө тийгизүүчү таасирин изилдөөчү топтун профессору Энн Стрейссгут: «Балаңар зыян тартышы үчүн аракеч болуунун зарылдыгы жок, кошбойлуу кезиңерде эле анча-мынча ичип коюу жетиштүү»,— дейт. Франция саламаттык сактоо жана медициналык изилдөөлөр боюнча улуттук институтунун отчётунда мындай делген: «Кошбойлуулуктун кайсы маалында болбосун, ичимдик ичүү кооптуу жана анын түйүлдүккө зыян алып келбеген өлчөмү жок». Андыктан кошбойлуу же балалуу болууну пландаштырып жүргөн аялдын ичкиликти таптакыр оозго албаганы туура *.

Ченеми менен ичүү

Ичкиликтин зыяны жогоруда айтылгандар менен эле чектелбейт. 2004-жылы «Nature» журналында «кичинекей өлчөмдөгү ичимдик да жаракат алуу жана 60ка жакын оорунун пайда болуу ыктымалдыгын жогорулатары» айтылган. Анда канча өлчөмдө ичүүнү коопсуз деп айтууга болот? Бүгүн дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар денсоолукту сактоодо эң негизгиси ченеми менен ичүү экенин эстен чыгарбай, ичимдикти мезгил-мезгили менен гана колдонуп келишет. Бирок ченеми менен ичүү деген эмне? Көптөгөн адамдар мас болгуча ичпесе же аракеч болбосо эле ченеми менен ичип жатам жана кооптонууга эч кандай негиз жок деген ойдо. Ошондой болсо да, Европадагы ар бир төртүнчү эркекти ичимдикти зыян алып келиши ыктымал болгон өлчөмдө пайдалангандардын катарына кошууга болот.

Бир катар булактарда белгиленгендей, ченеми менен ичүү эркектерге — 20 грамм алкоголь же стандарттуу эки өлчөм, ал эми аялдарга 10 грамм алкоголь же стандарттуу бир өлчөм ичүүнү билдирет. Франциянын жана Британиянын саламаттык сактоо уюмдары эркектерге стандарттуу өлчөмдөн үчтү, аялдарга экини ичүүнү «акылга сыярлык өлчөм» деп сунуш кылышкан. Ичимдикти кыянат пайдалануу жана аракечтик боюнча Америка улуттук институту «65тен жогорку жаштагы адамдарга күнүнө стандарттуу өлчөмдөн бирди эле ичүү менен чектелүүнү сунуш кылат» *. Бирок ичимдик ар бирибизге ар кандай таасир этет. Айрым учурларда кичинекей эле өлчөмдөгү ичимдик көп болуп калышы ыктымал. Маселен, «АКШнын конгрессине берилген Ичимдикти пайдалануу жана денсоолук тууралуу онунчу атайын отчётто» «эмоциялык жактан жабыркаган жана ар кандай психикалык бузулууларга чалдыккан адамдарга ичимдиктин акылга сыярлык өлчөмү да зыяндуу болушу мүмкүн» экени белгиленген. Мындан сырткары, адамдын курагын, мурдагы ооруларын жана учурдагы денсоолугун да эске алуу зарыл. («Коркунучту азайтуу» деген кутучаны карагыла.)

Ичимдикти кыянат пайдалангандар кандай жардам ала алышат? Бул суроого эмки макаладан жооп алууга болот.

[Шилтемелер]

^ 11-абз. Францияда гепатиттин С вирусун жуктуруп алган бейтаптарга изилдөө жүргүзүлгөн. Натыйжада ичимдикти ченеми менен ичкендерге караганда аны кыянат пайдалангандар боор циррозу менен эки эсе көп оорууру аныкталган. Гепатиттин С вирусун жуктуруп алгандарга ичимдикти оозго албоо же абдан аз ичүү сунуш кылынат.

^ 17-абз. Бала эмизген аялдар ичкилик ичсе, алкоголь эмчек сүтүнүн курамына өтөрүн эстен чыгарбашы зарыл. Негизинен, эмчек сүтүндө алкоголь аралашкан суу көп болгондуктан, алкоголь сүттө кандагыга караганда көбүрөөк болот.

^ 20-абз. Ар өлкөдө ар башкача «стандарттуу өлчөм» кабыл алынгандыктан, ичимдиктин өлчөмү жергиликтүү салттан көзкаранды жана аны эске алуу зарыл.

[5-беттеги кутуча⁄сүрөттөр]

УЗАТАР АЯК

Ичип алып айдоого машине пайда болгондон тартып эле тыюу салынган. Мындай мыйзам биринчи жолу 1903-жылы Данияда кабыл алынган.

Эгер ичимдикти ачкарын ичсе, анын канга сиңирилген көлөмү жарым сааттан кийин эң жогорку деңгээлге жетет. Көптөр кофе ичүү, таза абада сейилдөө жана денетарбия көнүгүүлөрүн жасоо соолугууга жардам берет деген ойдо. Бирок бул — жаңылыш көзкараш. Ичимдиктин таасирин басаңдатуунун бир гана жолу — убакыттын өтүшүн күтүү. Ичимдик кандай аталбасын, ал баары бир ичимдик бойдон каларын да эстен чыгарбоо зарыл. Андыктан эмне ичпегиле: стандарттуу өлчөмдөгү шараппы, сырабы же күчтүүрөөк ичимдикпи, алардын курамындагы алкоголдун өлчөмү дээрлик бирдей болот *.

Аз өлчөмдөгү ичимдик да машине айдоо жөндөмдүүлүгүнө таасир тийгизе алат. Ошондой эле көрүү жөндөмүн начарлатат. Жол белгилери кичине болуп көрүнө баштайт. Четки көрүү, аралыкты аныктоо жана алыстагы нерселерди айырмалоо жөндөмдөрү төмөндөйт. Маалымат иштетүү жөндөмү жайлайт, рефлекстер начарлайт жана кыймыл-аракеттин шайкештиги бузулат.

Мас абалында жол кырсыгына кабылгандар, адатта, кыйла оорураак жараат алышат. Андан сырткары, эгер андай адамга шашылыш түрдө операция жасоо керек болсо, ичимдик жүрөк менен кандын айлануусуна таасир тийгизе тургандыктан, анын аман калары арсар. Француз саламаттык сактоо жана медициналык изилдөөлөр улуттук институтунун отчётунда: «Жагдай көптөр ойлогондой эмес: көпчүлүк учурда ичимдикти кыянат пайдаланган айдоочу каза болот»,— деп айтылат. Аталган отчётто коопсуздук үчүн мындай кеңештер берилет:

▪ ичип алып машине айдабагыла;

▪ айдоочусу ичип алган машинеге түшпөгүлө;

▪ ичип алган досторуңар менен туугандарыңарга машине айдоого жол бербегиле.

[Шилтеме]

^ 29-абз. Организм саатына орто эсеп менен жети грамм алкоголь бөлүп чыгарат. Ар кайсы өлкөдө ар башка стандарттуу өлчөм кабыл алынган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, 10 грамм таза алкоголь стандарттуу өлчөм катары эсептелет. Бул болжол менен 250 миллилитр сырага, 100 миллилитр шарапка же 30 миллилитр күчтүү ичимдикке барабар болот.

[Сүрөттөр]

Бул ичимдиктердеги алкоголдун өлчөмү дээрлик бирдей

1 бөтөлкө сыра (330 мл, 5% алкоголь)

1 стакан күчтүү спирт ичимдиги (виски, жин, арак) (40 мл, 40% алкоголь)

1 бокал шарап (140 мл, 12% алкоголь)

1 рюмка ликёр (70 мл, 25% алкоголь)

[6-беттеги кутуча]

АРАКЕЧТИК. ТУКУМ КУУЙБУ?

Окумуштуулар аракечтикти дарылоонун ыкмасын табуу үчүн анын пайда болушунда жана өрчүшүндө гендер кандай роль ойноорун түшүнүүгө аракет кылууда. Алар адамдын ичкиликке берилишине таасир этиши мүмкүн болгон бир нече генди байкаган. Бирок аракечтикке гендер эле себепкер болбойт. Адам ичкиликке генетикалык жактан ийкемдүү болсо да, бул анын аракеч болорун билдирбейт. Ал адаттын өрчүшүндө чөйрөнүн да таасири зор. Аракечтикке алып баруучу шарттардын айрымдары төмөнкүлөр: ата-эненин тарбиясынын жетишсиздиги, үйдөгүлөрүнүн же досторунун ичимдикти кыянат пайдаланышы, чыр-чатактар, эмоциялык бузулуулар, депрессия, ачууга тез алдыруу, күчтүү сезимдерди козгоону жактыруу, ичимдикти көтөрүмдүүлүк жана баңгизаттарга кынык алуу.

[6-беттеги кутуча⁄сүрөт]

ФРАНЦИЯ:

Беш миллион адам ичимдикти кыянат пайдаланарын, алардын эки-үч миллиону аракеч экенин изилдөөлөр көрсөттү.

НИГЕРИЯ:

Лагосто чыгуучу «Дейли чампион» деген гезиттин билдирүүсүнө ылайык, «нигериялыктардын 15 миллиондон ашууну — аракеч». Бул сан калктын 12 пайызын түзөт.

ПОРТУГАЛИЯ:

Бул өлкө ичимдик абдан көп пайдаланылган өлкөлөрдүн катарына кирет. Лиссабондо чыккан «Публико» гезитинде калктын он пайызы «ичкиликке байланыштуу олуттуу оорулардан» жапа чегери айтылат.

КОШМО ШТАТТАР:

АКШнын конгрессине берилген Ичимдикти пайдалануу жана денсоолук тууралуу онунчу атайын отчётто: «Болжол менен 14 миллион америкалык, башкача айтканда, калктын 7,4 пайызы ичимдикти кыянат пайдаланат же аракеч».

[8-беттеги кутуча]

КОРКУНУЧТУ АЗАЙТУУ

Коркунучту азайтуунун төмөнкү ыкмалары Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна караштуу психиатрия жана баңгизаттарга берилгендерди дарылоо министрлиги тарабынан жарыяланган. Бирок коркунучту азайтуу анын такыр жок болорун билдирбейт. Ичимдик ар кимге ар кандай таасир этет.

▪ Бир күндө стандарттуу өлчөмдөн экиден ашык ичпегиле *.

▪ Бир жумада ичкиликти, жок дегенде, эки күн оозуңарга албагыла.

Стандарттуу өлчөмдүн экөө, атүгүл бирөө төмөнкү жагдайларда коркунучтуу болушу мүмкүн:

▪ машине айдаганда же механизмдер менен иштегенде,

▪ кошбойлуу кезде же бала эмизип жүргөн маалда,

▪ дарыланып жүргөндө,

▪ ооруп жатканда,

▪ канча ичкениңерди көзөмөлгө ала албаганда.

[Шилтеме]

^ 58-абз. Стандарттуу өлчөм 10 грамм таза алкоголго барабар.

[Булак жөнүндө маалымат]

Булагы: Brief Intervention for Hazardous and Harmful Drinking

[9-беттеги кутуча⁄сүрөт]

ИЧИМДИК ЖҮРӨККӨ ПАЙДАЛУУБУ?

Окумуштуулардын айтымында, кызыл шараптын курамындагы полифенолдор кан тамырлардын тарышына себеп болуучу заттарга каршы таасир этет.

Мындан сырткары, ичимдик пайдалуу холестерин деп аталган заттын көбөйүшүн шарттайт жана кандын уюшуна себеп болуучу заттарды азайтат деп эсептелет.

Бирок ичимдик бир отурганда көп ичилгенде эмес, бир жума ичинде бир аз ичилгенде гана пайдалуу болот. Бир күндө стандарттуу өлчөмдөн экиден ашык ичүү артериялык кан басымынын жогорулашына себеп болот. Ичкиликти ченемсиз ичүү мээге кан куюлуу ыктымалдыгын жогорулатат, ошондой эле жүрөктүн камераларынын кеңейишине жана жүрөктүн кагуу ыргагынын бузулушуна алып барышы ыктымал. Ченемсиз ичүүнүн денсоолукка алып келген зыяны анын жүрөк-кан тамыр системасына тийгизген пайдасынан алда канча көп. Андыктан бардыгы ченем-чеги менен болгону жакшы.

[7-беттеги схема⁄сүрөт]

ИЧКИЛИКТИН ЗЫЯНЫ

Мээ

клеткаларынын өлүшү, эстутумдун начарлашы, депрессия, ачууга бат алдыруу

Көрүү жана сүйлөө жөндөмүнүн, кыймыл-аракеттин бузулушу

Кекиртектин, ооздун, эмчектин жана боордун рагы

Жүрөк

булчуңунун начарлашы, жүрөк пристубу кармоо ыктымалдыгынын жогорулашы

Боордун

чоңоюшу, май басышы, туташтырма ткань басышы (цирроз)

Башка зыяндары:

Иммунитеттин начарлашы, карын жарасы, уйку безинин сезгениши

Кошбойлуу аялдын

баласынын майып же кемакыл болуп төрөлүү ыктымалдыгы

[8-беттеги сүрөт]

«Ичимдик түйүлдүккө бардык баңгизаттардан күчтүү зыян тийгизет».