Ичимдикти кыянат пайдалануу коомдун көйгөйү
Ичимдикти кыянат пайдалануу коомдун көйгөйү
ИЧИМДИКТИН эки таасири бар: оң жана терс. Ыйык Китепте айтылгандай, спирт ичимдиктерин ченеми менен ичүү «жүрөктү кубандырат» (Забур 103:15). Ошол эле учурда ал китепте спирт ичимдигин кыянат пайдалануу зыян келтириши, атүгүл, уулуу жылан чаккандай, өлүмгө дуушар кылышы мүмкүн экени эскертилет (Накыл 23:31, 32). Келгиле анда, ичимдикти кыянат пайдалануунун натыйжасы кандай болорун карап көрөлү.
«Монд» гезитинде: «Ишембиде бир мас айдоочу 25 жаштагы аялды эки жашар баласы менен кошо кагып кетти... Аялдын алты айлык боюнда бар экен. Ал эртеси күнү каза болду. Баласы башынан катуу жаракат алып, оор абалда жатат»,— деп маалымдалган. Канчалык кайгылуу болбосун, бүгүн мындай окуялар аз эмес. Балким, силердин тааныштарыңардын арасында да мас айдоочунун кесепетинен каргашага кабылгандар бардыр. Жол кырсыктарынан жыл сайын миңдеген адамдар майып же каза болушат.
Олуттуу залакасы
Ичимдикти кыянат пайдалануу адамзат үчүн абдан кымбатка турууда. Францияда адамдарды өлүмгө кириптер кылган рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийинки эле орунду ичимдикти ченемсиз ичүү ээлейт. Франция саламаттык сактоо министрлигинин отчётунда билдирилгендей, өлкөдө жылына ичкиликтин түз же кыйыр таасиринен улам 50 000дей адам каза болот. Бул сан «жумасына эл ташуучу эки-үч лайнер кулаганда өлгөн адамдардын санына барабар».
Ичимдик көбүнчө жаштардын өлүмүнө себеп болот. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2001-жылдагы отчётуна ылайык, Европадагы 15—29 жаштагы эркектердин өлүмүнүн негизги себеби — ичкилик. Эсептер боюнча, келечекте Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрүндө жаш курактагы ар бир үчүнчү эркек ичимдиктин айынан жарык дүйнө менен кош айтышат.
Зомбулук жана кордук
Ичимдик көпчүлүк учурда зордук-зомбулукка алып барат. Мас абалда жүрүм-турум начар жакка өзгөрөт, адеп-ахлак нормалары сакталбайт. Ал эми көптөр башкалардын иш-аракетин туура эмес түшүнүп алгандыктан, зордук-зомбулукка барышат.
Үй-бүлөдөгү жыныстык жактан кордоонун жана зордук-зомбулуктун көпчүлүгү ичимдиктин таасири астында болот. Францияда камактагылар арасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, зордуктоо жана жыныстык жактан мазактоо кылмыштарынын үчөөнүн экөө мас абалда жасалат . Польшада жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, «Саясат» журналында күйөөлөрү аракеч аялдардын 75 пайызы зордук-зомбулукка дуушар болот. Америка медицина ассоциациясы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө караганда, «жашы канчада болбосун, ичимдик ичип жүргөн адам киши колдуу болуп өлүү коркунучуна болжол менен эки эсе көбүрөөк кабылат. Ошондой эле андай адам менен жашагандар арасында да киши колдуу болуу мүмкүндүгү жогору».
Коомго зыян
Кимдир бирөө жабыркоо алганда, ооруга чалдыкканда же мезгилсиз каза болгондо төлөөнүүчү камсыздандырууну, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн эсепке алганда, ичимдиктин коомго тийгизген зыяны канчалык чоң экени айкын болот. Ирландия, калкы төрт миллионго жеткен өлкө, ичимдикти кыянат пайдалануунун кесепетинен жыл сайын, бери дегенде, бир миллиард долларга чыгым болот. «Айриш таймс» гезитинде: «Бул акча жыл сайын жаңы оорукана же стадион курууга, ошондой эле ар бир министрге бирден самолёт сатып алууга жетмек»,— деп маалымдалган. 1998-жылы «Майнити дейли ньюс» гезитинде аракечтик Жапониянын экономикасына жылына 6 триллион иен [55 миллиард доллар] зыян келтирери айтылган. АКШнын конгрессине берилген отчётто: «Ичимдикти кыянат пайдалануунун коомго келтирген зыяны 1998-жылы эле 184,6 миллиард долларды түзгөн, башкача айтканда, ошол жылы Кошмо Штаттарда жашаган ар бир эркекке, аялга жана балага орто эсеп менен 638 доллардан туура келген»,— деп билдирилген. Үй-бүлөнүн урашы, жакындардан айрылуу, билим алуунун деңгээлинин төмөндөшү жана жумуштагы кыйынчылыктардын көбөйүшү сыяктуу психологиялык зыяндарды эсепке сыйдыруу мүмкүнбү?
Чынында, ичкиликтин коомго кандай таасир тийгизип жатканын түшүнүү кыйын эмес. Бирок силер ичимдикти канча өлчөмдө ичесиңер? Ал өзүңөрдүн жана башкалардын денсоолугуна зыян келтириши мүмкүнбү? Бул суроолор эмки макалада талкууланат.